20 Kasım 2012 Salı

КУРАНДЫН ИЛИМИЙ КЕРЕМЕТТЕРИ 2-БӨЛҮК


ТАРТЫЛУУ КҮЧҮ ЖАНА ОРБИТАЛЫК КЫЙМЫЛДАР

 

Жок; сиңип айлануучу (планета)ларга ант ичем, бир агым ичинде ордуна баруучуларга; (Теквир Сүрөсү, 15-16)

 


Теквир Сүрөсүнүн 15-аятындагы «хуннес» сөзү бырышып сиңүүчү, артка кетүүчү, артка кайтуучу сыяктуу маанилерге келет. 16-аятта «ордун ээлөөчүлөргө» деп которулган Арапча сөзү болсо «куннес». «Канис» сөзүнүн көптүк түрү болгон «куннес» сөзү белгилүү трасса, уяга кирүү, кыймылдагы нерсенин уясы, уясына кирип сактануучулар маанилерине келет. 16-аяттагы «агым» сөзү болсо «жарайан» сөзүнөн чыккан жана агып баруучу маанисине келген «жарийа» сөзүнүн көптүк түрү болгон «жавар». Бул сөздөрдүн маанилерине көңүл бурулганда, планеталардын тартылуу күчтөрү жана орбита айланасындагы кыймылдарына ишарат кылынып жатат деп айтууга болот.

Жогорудагы аяттарда колдонулган бул сөздөр тартылуу күчтөрүнөн келип чыккан орбиталык кыймылдарды толук сүрөттөйт. Булардан «хуннес» сөзү менен планеталардын өз борборлорун көздөй жана күн системасынын борбору болгон күндү көздөй тартылууларына көңүл бурулууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Тартылуу күчү ааламда ансыз деле бар болгон бир күч, бирок бул тартылуу күчүнүн математикалык формулалар менен аныкталышы 17-18-кылымдарда жашаган Исаак Ньютон тарабынан мүмкүн болгон. Кийинки аяттагы «альжавари» сөзү болсо бул тартылуу күчүнө карама-каршы күч болгон борбордон качуу күчүнөн келип чыккан орбиталык кыймылдарга басым жасоодо. Албетте, агып (сүзүп) жүрүүчүлөр маанисине келген «альжавари» сөзүнүн «хуннес» (борборду көздөй тартылуу, кысылуу, сиңүү) жана «куннес» (трасса, уяга кирүү, кыймыл абалындагы нерсенин уясы) сөздөрү менен колдонулушу 1400 жыл мурда билиниши мүмкүн болбогон маанилүү бир илимий чындыкка көңүл бурууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Мындан тышкары, Куранда ант ичилген нерселердин бири болгон бул аяттар бул жагдайдын маанисине көңүл бурган дагы бир аят.

 

 

ЖЕРДИН ТОГОЛОК ФОРМАСЫ

 

Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты. Түндү күндүзгө ороп-чулгайт, күндүздү болсо түнгө ороп-чулгайт... (Зүмер Сүрөсү, 5)

 

Курандын ааламды тааныткан аяттарында колдонулган сөздөр абдан кызыктуу. Жогорудагы аятта «ороп-чулгайт» деп которулган Арапча сөз «йукаввиру». Бул сөздүн мааниси «тоголок бир нерсенин үстүнө бир нерсени ороо». (Мисалы, Арапча сөздүктөрдө «башка чалма ороо» сыяктуу тоголок нерселерди камтыган этиштер үчүн ушул сөз колдонулат.) Аятта түндүн жана күндүздүн бири-биринин үстүн ороп-чулгашы (таквир кылышы) жөнүндө берилген маалымат ошол эле учурда жердин формасы жөнүндө таптак бир маалыматты камтыйт. Жер тоголок болгондо гана бул аятта айтылган этиш ишке аша алат. Т.а. 7-кылымда түшүрүлгөн Куранда жердин тоголок экенине ишарат кылынган.

Ал доордогу астрономия түшүнүгүндө жердин башкача кабылданганын унутпоо керек. Ал доордо жер түз бир тегиздик деп кабыл алынчу жана бардык илимий эсеп жана түшүндүрмөлөр да ушуга жараша жасалчу. Бирок Куран Аллахтын сөзү болгондуктан, ааламды сүрөттөп жатканда, мүмкүн болгон эң так сүрөттөөчү сөздөр колдонулган. Куран аяттарында болсо биз жакынкы кылымда араң биле алган бул маалыматтар 1400 жыл мурдатан кабар берилүүдө.

 

 

ЖЕРДИН АЙЛАНУУ БАГЫТЫ

 

Тоолорду карап, (аларды) кыймылдабай турат деп ойлойсуң; чынында болсо алар булуттар айдалгандай айдалышат. Бул – бүт нерсени «бекем жана орду-орду менен кылган» Аллахтын чеберчилиги. Шексиз Ал кылганыңардан кабардар. (Немл Сүрөсү, 88)

 

Намл Сүрөсүндөгү аятта жердин бир гана айланышы эмес, айлануу багытына да басым жасалууда. 3500-4000 метр бийиктиктеги негизги булут массаларынын кыймыл багыты дайыма батыштан чыгышты көздөй болот. Аба ырайы божомолдору үчүн көбүнчө батыштагы абалга каралышынын себеби да ушул.

Булут массаларынын батыштан чыгышты көздөй кыймылдашынын негизги себеби – бул жердин айлануу багыты. Учурда белгилүү болгондой, жер батыштан чыгышты көздөй айланууда. Илим жакында гана аныктаган бул илимий чындык Куранда кылымдар мурда -жер бир тегиздик, бир өгүздүн үстүндө кыймылдабай турат деп кабыл алынган 14-кылымда- кабар берилген.

 

 

ЖЕРДИН ГЕОИД АБАЛЫ

 

Андан соң жер бетин жайып төшөдү. (Назиат Сүрөсү, 30)

 

Бул аятта «жайып төшөдү» деп которулган «даха» сөзү жайуу маанисине келген «дахв» сөзүнөн келип чыгат. Дахв сөзү төшөө, оңдоо маанилерине келсе да, мааниси жагынан жөнөкөй бир «төшөө» этиши эмес. Себеби бул сөз да тоголок кылып оңдоо, төшөө этиштерин сүрөттөө үчүн колдонулууда.

Дахв сөзүнөн келип чыккан башка сөздөрдө да тоголок мааниси бар. Мисалы, балдардын топту жердеги бир чуңкурга түшүрүшү, таш ыргытып түшүрүү жарыштары, жаңгак менен ойнолгон оюн, булардын баары дахв сөзү менен айтылат. Төө куштун уя жасашына, жата турган жердеги таштарды тазалашына, жумурткалаган жерге жана жумурткасына да ушул сөздөн келип чыккан сөздөр колдонулат.

Жердин формасы да бир жумуртканы элестеткен формада тоголок. Жердин уюлдардан басылган эллипс формасы геоид деп аталат. Бир тараптан аятта «даха» сөзүнүн колдонулушу Аллах жер жөнүндө берген маанилүү бир маалыматты камтууда. Адамдардан жүздөгөн жылдар бою жердин формасын тегиздик деп кабыл алышы жана чыныгы формасынын технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен гана аныкталышы Курандын Аллахтан келген вахий экендигинин маанилүү далилдеринин бири.

 

 

ЖЕРДИН ЖАНА КОСМОСТУН КӨЛӨМДӨРҮ

 

Эй жин жана инсан коомдору, эгер асмандардын жана жердин учтарынан ашып-өтүүгө күчүңөр жетсе, ылдам ашкыла; бирок «улуу бир күч (султан)» болбостон аша албайсыңар. (Рахман Сүрөсү, 33)

 

Бул аятта учтары деп которулган сөздүн Арапчасы «актар». «Актар» Арапчада көлөм (диаметр) маанисине келген «кутур» сөзүнүн көптүк түрү, жана асмандардын жана жердин көптөгөн көлөмдөрү (диаметрлери) бар экенин билдирүүдө. Арапчада сөздүн колдонушуна жараша жекелик түрдө же көптүк түрдө (экиден көппү) же жуптук формада колдонулганын түшүнүүгө болот. Ошондуктан сөздүн бул жердеги колдонуу формасы аркылуу –экиден көп экенин билдирген көптүк форма аркылуу- дагы бир кереметтүү маалымат билдирилүүдө.

Белгилүү болгондой, үч өлчөмдүү нерсе бир калыптуу тоголок формага ээ болсо гана бир көлөм (диаметр) жөнүндө сөз кылууга болот. Көлөмдөр сөзү болсо бир калыптуу болбогон бир тоголок формага гана тиешелүү болушу мүмкүн. Аятта тандалган бул сөз –көлөмдөр- жердин геоид формасына ишарат кылышы жагынан маанилүү. Аятта дагы бир көңүл бурула турган нерсе – бул көлөмдөр жөнүндө сөз болуп жатканда жер бети жана асмандардан өз-өзүнчө сөз кылынышы.

Албетте, Эйнштейндин Жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча аалам кеңейүүдө; бирок бул галактикалар жана башка космос телолору космосто айланага таркап жатат деген мааниге келбейт. Бул космос кеңейип жатат жана бул учурда галактикалар арасындагы аралык алыстап баратат дегенди билдирет.

Рахман Сүрөсүнүн 33-аятындагы «асмандардын көлөмдөрү» сөзү да космостун айлана сымал формасына ишарат кылууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Космостун ар кайсы жерлеринен космостун көлөмдөрү ар түрдүү чыгат, ошондой эле тынымсыз кеңейген космостун көлөмдөрү да тынымсыз өзгөрүп турат. Бул жагынан караганда аятта «көлөм» сөзүнүн көптүк түрдө колдонулушу абдан терең маанилүү жана Курандын бүт нерсенин илимине ээ болгон Раббибиздин вахийи экендигинин көрсөткүчтөрүнүн бири.

 

 

АТМОСФЕРАНЫН КАБАТТАРЫ

 

Куран аяттарында аалам жөнүндө берилген маалыматтардын бири – бул асмандын жети кабат болуп жаратылганы:
 

Силер үчүн жердегилердин баарын Ал жаратты. Анан асманды максат кылып аларды жети асман кылып Ал жасады. Жана Ал баарын билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 29)

 

Анан түтүн абалындагы асманга кайрылды... (Фуссилет Сүрөсү, 11)

 

Ушундайча аларды эки күн ичинде жети асман кылып толуктады жана ар бир асманга буйругун вахий кылды... (Фуссилет сүрөсү, 12)

 

Куранда көп аятта колдонулган асман сөзү бүт ааламды айтуу үчүн колдонулган сыяктуу, жердин асманын айтуу үчүн да колдонулат. Сөздүн бул мааниси эске алынганда, жердин асманынын, б.а. атмосферанын 7 кабаттан тураары айтылууда.

Учурда жердин атмосферасынын үстү-үстүнө тизилген ар башка катмарлардан тураары белгилүү болду.20 Химиялык курамы же аба температурасы өлчөө катары кабыл алынып жасалган аныктамаларда жердин атмосферасы 7 катмар деп белгиленген.21 Учурда дагы эле 48 сааттык аба ырайы божомолдорунда колдонулган жана «Limited Fine Mesh Model» (LFMII) деп аталган атмосфера модели боюнча да атмосфера 7 кабат. Заманбап геологиялык аныктамалар боюнча атмосферанын 7 катмары төмөнкүчө саналат:

1- Тропосфера

2- Стратосфера

3- Мезосфера

4- Термосфера

5- Экзосфера

6- Ионосфера

7- Магнитосфера

Бул жөнүндөгү дагы бир керемет болсо Фуссилет Сүрөсүнүн 12-аятындагы «Ар бир асманга буйругун вахий кылды» сүйлөмүндө орун алган. Т.а. аятта Аллахтын ар бир катмарды белгилүү бир кызмат менен милдеттендиргени билдирилүүдө. Кийинки бөлүмдөрдө тереңирээк карала тургандай, жогоруда саналган катмарлардын ар биринин адамдардын жана жер бетиндеги бардык жаныбарлардын пайдасына абдан маанилүү кызматтары бар. Жамгырлардын пайда болушунан зыяндуу нурлардын тосулушуна, радио толкундардын чагылтылышынан метеориттердин зыянсыз абалга келтирилишине чейин ар бир катмардын өзүнө тиешелүү бир функциясы бар.

Төмөнкү аяттар болсо бизге атмосферанын 7 катмарынын көрүнүшү жөнүндө маалымат берүүдө:

 

«Аллахтын жети асманды бири-бири менен бир төп келүүчүлүк ичинде жаратканын көрбөй жатасыңарбы?» (Нух сүрөсү, 15)

 

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан... (Мүлк Сүрөсү, 3)

 

Бул аяттарда «төп келүүчүлүк» деп которулган Арапча «тибакан» сөзү ошол эле учурда «катмар, бир нерсенин ылайыктуу капкагы жана жапкычы» маанилерине да келет, жана жогорку катмардын ылдыйкы катмарга туура келишине басым жасайт. Сөз көптүк мааниде колдонулганда болсо «кабат кабат» маанисине келет. Аятта сүрөттөлгөн кабат кабат абалындагы асман, албетте, атмосфераны толук сүрөттөгөн бир түшүндүрмө.

20-кылымдын технологиясы болмоюнча, эч аныктоого мүмкүн болбогон мындай маалыматтардын 1400 жыл мурда түшүрүлгөн Курани Керимде апачык билдирилиши болсо албетте абдан улуу бир керемет.

 

 

КОРГОЛГОН ЧАТЫР

 

Куранда Аллах асмандын абдан маанилүү бир өзгөчөлүгүнө мындайча көңүл бурат:

 

Асманды корголгон бир чатыр кылдык; алар болсо мунун аяттарынан жүз бурушууда. (Анбия Сүрөсү, 32)

 

Аятта айтылган асмандын мындай өзгөчөлүгү 20-кылымдагы илимий изилдөөлөр менен далилденди.

Жерди толук курчаган атмосфера жандуулардын өмүр сүрүшү үчүн абдан маанилүү функцияларды аткарат. Жерге жакындаган чоң-кичине көптөгөн метеоритти майдалап жок кылат жана алардын жерге түшүп жандууларга чоң зыян беришине тоскоол болот.

Атмосфера, мындан тышкары, космостон келген жана жандуулар үчүн зыяндуу болгон нурларды фильтрден өткөрөт. Атмосферанын мындай өзгөчөлүгүнүн абдан өзгөчө тарабы – бул атмосферанын бир гана зыянсыз деңгээлдеги нурларды, т.а. көзгө көрүнгөн нур, инфра-кызыл нурлар жана радио толкундарды өткөрүшү. Булардын баары жашоо үчүн керектүү нурлар. Мисалы, атмосфера тарабынан белгилүү санда өтүшүнө уруксат берилген ультра-кырмызы нурлар өсүмдүктөрдүн фотосинтез жасашы жана натыйжада бардык жандыктардын жашоосун улантышы үчүн зор мааниге ээ. Күн тарабынан чыгарылган күчтүү ультра-кырмызы нурлардын көпчүлүгү атмосферанын озон катмарында сүзгүчтөн өтөт жана жер бетине жашоо үчүн керектүү болгон аз бөлүгү гана жетет.

Атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү булар менен эле чектелбейт. Жер космостун орточо -270 даражалык тоңдуруучу суугунан да атмосфера урматында сактанат.

Жерди зыяндуу таасирлерден коргогон бир гана атмосфера эмес. Атмосферадан тышкары «Ван Аллен тилкемдери» деп аталган жана жердин магниттик талаасынан келип чыккан бир катмар да планетабызга келген зыяндуу нурларга карата бир калкан кызматын аткарат. Күндөн жана башка жылдыздардан тынымсыз таркаган бул нурлар адамдар үчүн өлтүрүүчү таасирге ээ. Өзгөчө күндө бат бат болуп турган жана «жаркыроо» деп аталган энергия жарылуулары Ван Аллен тилкемдери болбосо, жердеги бүт жашоону жок кыла ала турган күчкө ээ.

Ван Аллен тилкемдеринин жашообуз үчүн маанисин Др. Хью Росс (Dr. Hugh Ross) мындайча баяндайт:

Жер күн системасындагы планеталар арасынан эң жогорку тыгыздыкка ээ. Бул көп сандагы никель-темир борбору чоң бир магникттик талаага жооп берет. Бул магниттик талаа Ван Аллен радиациядан коргоочу катмарын пайда кылат. Бул катмар жер бетин радиация бомбалоосунан коргойт. Эгер бул коргоочу катмар болбогондо, жерде жашоо болмок эмес. Магниттик талаасы бар жана аскалуу аймактардан турган дагы бир планета – бул Меркурий. Бирок бул магниттик талаанын күчү жердикинен 100 эсе аз. Ван Аллен радиациядан коргоочу катмары жерге гана тиешелүү.

Өткөн жылдарда аныкталган бир жаркыроодо ачыкка чыккан энергиянын Хиросимага ташталганга окшогондон 100 миллиард атом бомбасына тең келээри эсептелген. Жаркыроодон 58 сааттан соң компастын көрсөткүчтөрүндө ашыкча кыймылдар байкалган. Жер атмосферасынын 250 км үстүндө температура абдан өзгөрүп, 2500 0C'ге жогорулаган.

Кыскача айтканда, жердин бетинде аны ороп-курчаган жана тышкы факторлордон коргогон кемчиликсиз бир система иштейт. Мына ушул жерди курчаган асмандын коргоочу калкан өзгөчөлүгүн Аллах бизге көптөгөн кылым мурда Куранда билдирген.

 


 

АСМАНДЫН ТАМ КЫЛЫНЫШЫ

 

Ал силер үчүн жер бетин бир төшөк, асманды бир там кылды. Жана асмандан жамгыр жаадырып, аны менен силер үчүн (ар түрдүү) түшүмдөрдөн ырыскы чыгарды. Демек (булардын баарын) билип туруп Аллахка шериктер кошпогула. (Бакара Сүрөсү, 22)

 

Бул аятта асман сүрөттөлүп жатканда Арапча «ессемае бинаен» сөзү колдонулууда. Бул сөз купол, чатыр маанилери менен бирге Арап көчмөндөрү тарабынан колдонулган чатырга окшош бир жапкычты да сүрөттөйт.23 Жана бул чатырга окшош түзүлүш менен басым жасалган жагдай – бул сырткы факторлордон бир коргоонун коюлгандыгы.

Биз көбүнчө байкабасак да, башка планеталардагы сыяктуу жерге да көп санда метеорит түшүп турат. Башка планеталарга түшкөндө, ири кратерлер (оюктар) ачкан бул метеориттердин жерге зыян бербешинин себеби – бул жерди курчаган атмосферанын түшүп келе жаткан метеориттерге карата абдан каршы турушу. Метеорит бул туруштукка көп чыдай албайт жана сүрүлүүдөн улам күйүп массасынын көп бөлүгүн жоготот. Ошентип ири кырсыктарга жол ачышы мүмкүн болгон коркунуч атмосфера урматында тосулган болот. Аллах жогоруда айтылган атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү жөнүндөгү аяттардан тышкары, төмөнкү аятта да бул өзгөчө жаратылууга көңүл бурууда:

 

Аллахтын жердегилерди жана деңизде Анын буйругу менен сүзүп жүрүүчү кемелерди силердин пайдаланууңарга бергенин көргөн жоксуңбу. Жана (Өз) уруксаты болмоюнча, асманды жердин үстүнө түшүүдөн сактайт. Шексиз, Аллах адамдарга карата боорукер, абдан мээримдүү. (Хаж Сүрөсү, 65)

 

Мурдакы бөлүмдө да айтылган атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү жерди космостон, т.а. сырткы факторлордон коргоодо. Жогорудагы аяттарда асман үчүн колдонулган там сөзү менен да толугу менен асмандын Пайгамбарыбыз (сав) доорунда билиниши мүмкүн болбогон ушул тарабына көңүл бурулууда. Бул маалыматтардын алдыңкы технология менен жабдылган космос унаалары, ири телескоптор жок кезде, 1400 жыл мурда Курани Керимде билдирилген болушу Курандын чексиз илим ээси Раббибиздин вахийи экенин көрсөтөт.

 

 

АРТКА КАЙТАРУУЧУ АСМАН

 

Курани Керимде Тарык Сүрөсүнүн 11-аятында асмандын «артка кайтаруучу» өзгөчөлүгү жөнүндө мындайча айтылат:

 

Кайтуучу асманга ант болсун. (Тарык Сүрөсү, 11)

 

Куран котормолорунда «кайтуучу» деп которулган «режъи» сөзү «артка кайтаруучу» маанисине келет.

Белгилүү болгондой, жерди курчаган атмосфера көптөгөн катмардан турат. Ар бир катмардын жандуулуктун пайдасын көздөгөн маанилүү кызматы бар. Изилденгенде ар бир катмардын ага жеткен затты же нурларды космоско же жер бетине кайра кайтаруу өзгөчөлүктөрүнүн бар экени аныкталган. Бул жерде атмосфера катмарларынын артка кайтаруучу өзгөчөлүгүн бир канча мисал менен карайлы.

Мисалы, 13-15 км бийиктиктеги тропосфера катмары жер жүзүнөн көтөрүлгөн суу буусунун топтошуп, оордошуп жаан-чачын абалында жерге кайра кайтышын камсыздайт. 25 км бийиктиктеги стратосферанын астыңкы катмары болгон озоносфера космостон келген радиация жана зыяндуу ультра-кырмызы нурларды чагылтып, жер бетине жете албастан космоско кайра кайтышын камсыздайт. Ионосфера катмары болсо жер бетинен чыккан радио толкундарды бир спутник сыяктуу жер бетинин ар кайсы аймактарына кайра чагылтып, уюлдук байланыштын, радио жана телевизор берүүлөрүнүн алыс аралыктарга жетишин камсыз кылат. Магнитосфера катмары болсо күндөн жана башка жылдыздардан чыккан зыяндуу радиоактивдүү бөлүкчөлөрдү жер бетине жеткирбей артка кайтарат.

Асман катмарларынын жакынкы жылдарда эле аныкталган мындай өзгөчөлүгүнүн кылымдар мурда Куранда билдирилиши Курандын Аллахтын сөзү экенин дагы бир жолу тастыктоодо.

 

 
 
 
 
ЖЕРДИН КАБАТТАРЫ

 

Куранда жер бети жөнүндө берилген маалыматтардын бири – бул жер жүзүнүн жети кабат асманга окшоштугу:

 

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

 


Бул аятта көңүл бурулган бул маалымат илимий булактарда да кездешет жана жердин жети кабаттан тураары айтылат. Илимпоздор катарга койгон бул катмарлар төмөнкүдөй:

1-кабат: литосфера (суу)

2-кабат: литосфера (кургактык)

3-кабат: астеносфера

4-кабат: үстүңкү мантия

5-кабат: астыңкы мантия

6-кабат: сырткы ядро

7-кабат: ички ядро

Литосфера грек тилинде таш маанисине келген литос (lithos) сөзүнөн келип чыгат жана жердин эң үстүңкү катмарын түзгөн катуу таш-топурак катмары. Башка катмарларга салыштырмалуу абдан ичке. Литосфера океандардын астында жана вулкандык активдүү аймактарда андан да ичке. Жер бетинде бул катмардын орточо калыңдыгы 80 км. Башка катмарларга салыштырмалуу муздагыраак жана катуураак; бул жагынан жер бетинде кабык милдетин аткарат.

Литосферанын астында грекче «алсыз» деген сөз астенестен (Asthenes) келген астеносфера катмары жайгашкан. Бул катмар литосферага салыштырмалуу ичкерээк жана кыймылдуу бир катмар. Бул катмар убакыттын өтүшү менен геологиялык жогорку температура жана басымга кабылганда, жумшарып ээриши мүмкүн болгон, ысык, жарым-катуу заттардан турат. Катуу литосфера катмары акырын кыймылдаган астеносфера катмарынын үстүндө сүзүп же кыймылдап жүрөт деп айтылат.24 Бул катмарлардын астында жогорку температурада, жарым-катуу таштардан турган болжол менен 2900 км калыңдыктагы мантия деп аталган бир катмар бар. Үстүңкү катмардан көбүрөөк өлчөмдө темир, магний жана кальций камтыган мантия ысыгыраак жана тыгыздыгы жогорураак, себеби жердин ичиндеги температура менен басым тереңдеген сайын жогорулайт.

Жердин борборунда болсо дээрлик мантиядан эки эсе тыгыз болгон ядро орун алган. Мындай тыгыздыктын себеби курамында таштардан көбүрөөк металлдардын (темир-никель) болушу. Жердин ядросу болсо эки бөлүктөн турат: бири 2200 км калыңдыктагы суюк ядро, экинчиси болсо 1250 км калыңдыктагы катуу бир ички ядро. Жер айланган сайын суюк тышкы ядро жердин магниттик талаасын пайда кылат.

Бирок 20-кылымдын технологиясы менен гана аныктала алган жер катмарларынын асманга болгон мындай окшоштугунун Куранда билдирилген болушу – албетте, Курандын көптөгөн илимий кереметтеринин бири.

 

 

ЖЕРДИН ЖҮГҮН СЫРТКА ЧЫГАРЫШЫ

 

Жер ошол күчтүү чайпалуу менен чайпалганда, жер оордуктарын сырткы чыгарганда жана адам: «Буга эмне болуп жатат?» дегенде; ошол күнү (жер) кабарларын айтып берет. (Зилзала Сүрөсү, 1-4)

 


Арап тилинде «зилзал» сөзү жер титирөө; «эскалеха» сөзү болсо «оордуктарын, оор жүктөрүн» деген маанилерге келет. Жогорудагы аятта биринчи маанилери каралганда, жер титирөө жөнүндө маанилүү бир илимий чындыкка көңүл бурулганы байкалат.

Зилзала Сүрөсүнүн 2-аятында жер титирөө жөнүндө жердин оордуктарын чыгарышы айтылууда. Акыркы кылымдарда жасалган изилдөөлөр натыйжасында жердин борборунда оор металлдар бар экени жана алардын жердеги кыймылдар натыйжасында пайда болгону аныкталган. Геологдордун байкоолорунда, жер муздаган сайын оор жана тыгыз болгон заттар жердин ядросун көздөй чөгүп, жеңилирээктери жогорку, сырт тарапты көздөй көтөрүлгөн. Ошондуктан, жердин үстүңкү катмары эң жеңил заттардан (базальт жана гранит таштардан) турса, ядродо оор металлдар (никель жана темир) жайгашкан. Натыйжада ээриген металлдардан турган жердин асты жердин бетинен бир топ оор жана тыгыз бир заттан турат.

Жер титирөө учурларында болсо жердин астындагы заттар жердин бетине чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат; натыйжада аяттарда сүрөттөлгөндөй, жер жүзү оордуктарын сыртка чыгарган болот. Мындан тышкары, металл резервдери көп жайгашкан жерлер – бул жер титирөө жана вулкан кыймылдары көп болчу аймактар. Кеңири масштабдуу изилдөөлөр натыйжасында жакынкы өтмүштө аныкталган мындай илимий ачылыштар – Аллах Куранда ишарат кылган илимий чындыктардын бирөөсү гана.

 

 

ТООЛОРДУН КЫЗМАТЫ

 

Куранда тоолордун маанилүү бир геологиялык кызматына көңүл бурулган:

 

Жер бетинде, аларды чайпалтпасын деп, кыймылсыз тоолорду жараттык... (Анбия Сүрөсү, 31)

 

Көңүл бурсак, аятта тоолордун жер жүзүндөгү жер титирөөлөрдүн алдын алуучу өзгөчөлүгү бар экени айтылууда. Куран түшүрүлгөн доордо эч бир адам билбеген бул чындык учурда заманбап геологиянын ачылыштары аркылуу аныкталды.

Илгери тоолор жер бетинен жогору көтөрүлгөн нерселер деп кабыл алынчу. Бирок илимпоздор тоолордун бир гана үстүңкү тарабы эмес, «тоонун тамыры» деп аталган бөлүктөрүнүн да бар экенин жана тамырынын кээде өз боюнан 10-15 эсе узун тереңге кирип тураарын аныкташкан. Мындай өзгөчөлүктөрү менен тоолор бир мык же казыктын чатырды жерге жабыштырып, кармап турушуна окшош кызмат аткарат. Мисалы, чокусу жерден болжол менен 9 км бийикте болгон Эверест тоосунун 125 километрден узун тамыры бар.

Мындан тышкары, тоолор жердин үстүңкү катмарын түзгөн абдан чоң катмарлардын кыймылы жана сүзүшүүлөрү натыйжасында пайда болот. Эки катмар кагылышканда, чыдамкайыраагы беркисинин астына кирет. Үстүндөгү катмар акырындап бийиктейт жана тоолорду пайда кылат. Астыңкы катмар болсо жердин астында тереңдеп тамырды пайда кылат. Ошондуктан, жогоруда да айтылгандай, жер бетинде биз көргөн массалардай чоң жердин астына тереңдеп сүңгүгөн тамырлар да бар. Илимий бир булакта тоолордун мындай түзүлүшү төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Материктер калыңыраак болгон тоолуу аймактарда жердин үстүңкү катмары мантияга терең сүңгүйт.

Дүйнөгө таанымал суу асты геологдордун бири профессор Сиаведа (Siaveda) болсо тоолордун жерге тамырлардай сүңгүгөнү жөнүндө мындай жоромол жасаган:

Материктердеги тоолор менен океандардагы тоолор арасындагы негизги айырма материалында... Бирок экөөсүндө тең тоолорду кармап турган тамырлар бар. Материктердеги тоолордо жеңил жана тыгыздыгы аз зат жердин ичин көздөй тамыр болуп сүңгүйт. Океандардагы тоолордо болсо тоону тамыр катары кармап турган жеңил зат бар... Тамырлардын кызматы Архимеддин мыйзамы боюнча тоолорду кармап туруу үчүн.

Мындан тышкары, Америка илимдер академиясынын мурдакы башчысы Франк Пресстин (Frank Press) дүйнө жүзүндө көптөгөн университетте окуу китеби катары окутулган Earth (Жер) аттуу китебинде тоолордун казык сыяктуу экени жана жерге терең көмүлүп сүңгүгөнү айтылат.

Курандын аяттарында болсо тоолордун мындай кызматына «казыкка» окшоштуруу аркылуу төмөнкүдөй ишарат кылынган:

 

Биз жер жүзүн бир төшөк кылбадыкпы? Тоолорду болсо бир казык? (Небе Сүрөсү, 6-7)

 

Дагы бир аятта Аллах «Тоолорун тигип-отургузду» (Назиат Сүрөсү, 32) деп кабар берет. Бул аяттагы «эрсайха» сөзү «тамырдуу кылды, туруктуу кылды, бекемдеди, жерге какты» маанилерине келет. Мындай өзгөчөлүктөрү урматында тоолор жер катмарлары бириккен чекиттерде жердин бетин жана жердин астын көздөй созулуп, бул катмарларды бири-бирине бекитет (кагат). Ушундайча жердин үстүңкү катмарын бекемдеп, магма катмарынын үстүндө же өз катмарлары арасында жылып кетишине тоскоол болот. Кыскача айтканда, тоолорду тактайларды кыймылдатпай кармап турган мыктарга окшотууга болот. Тоолордун бекемдөө таасири илимий булактарда изостазия деп аталат. Изостазия – бул мантия катмары жогору көздөй түрткөн күч менен жер катмары төмөн көздөй түрткөн күч арасындагы тең салмактуулук. Тоолор эрозия, жердин жылышы же айсбергдердин ээриши сыяктуу себептер менен массасын жоготуп, айсбергдердин пайда болушу, вулкан атылуулары же топурактын пайда болушу себебинен массасы өсүшү мүмкүн. Ошондуктан, тоолор жеңилдегенде суюктуктар таасир эткен көтөрүү күчү менен төмөндөн жогору көздөй түртүлөт; же оордогондо жердин тартылуу күчү себебинен мантиянын ичине матырылышат. Жердин үстүңкү катмарындагы бул эки күчтүн арасындагы тең салмактуулук изостазия урматында камсыздалат. Тоолордун мындай тең салмактуулукту камсыздоочу өзгөчөлүгү илимий бир булакта мындайча айтылат:

Ж. Б. Аири (G. B. Airy) 1855-жылы жердин үстүңкү катмарын суу үстүндө сүзгөн, тактайдан жасалган кайыкка окшотууга болот деген. Калың тактай бөлүктөрү ичке бөлүктөргө салыштырмалуу суунун өйдөрөөгүндө сүзүшөт. Ошол сыяктуу, жердин үстүңкү катмарынын калың тараптары да бир суюктук же калыңыраак болгон астыңкы катмарлардын үстүндө сүзөт. Аири тоолор түздүктөрдө болбогон азыраак тыгыздыктагы таштардан турган терең тамырларга ээ деп жактайт. Аири эмгектерин жарыкка чыгаргандан 4 жылдан кийин Пратт (J. H. Pratt) альтернативдүү бир гипотеза сунуштады... Бул гипотеза боюнча, тоолордун астындагы аскалуу тамырлар түздүктөрдүн астындагы аскалуу тамырлардан узун болгондуктан, азыраак тыгыздыкта болушу керек эле. Аири жана Праттын гипотезаларынын экөөсү тең жер бетиндеги тең салмаксыздыктардын жердин үстүңкү катмарындагы белгилүү бөлүктөрдөгү (тоолор жана түздүктөр) таштардын тыгыздыктарындагы айырма эсебинен тең салмактуулукка келээрин айтышкан. Мындай тең салмактуулук абалы «изостазия» деп айтылат.

Бүгүнкү күндө жер бетинин таштуу болгон үстүңкү катмары терең бузулуулар менен бузулган жана ээриген магманын үстүндө сүзүп жүргөн доскалар абалында майдаланган. Жердин өз огунун айланасында айлануу ылдамдыгы абдан жогору болгондуктан, сүзүп жүргөн доскалар эгер тоолордун жылдырбай туруучу таасири болбогондо, кыймылдуу абалда болмок. Мындай учурда жер бетинде топурак чогулбай, топуракта эч суу жыйылбай, эч бир өсүмдүк өнбөй, эч бир жол, үй курула албай калышы мүмкүн эле; кыскача айтканда, жердин бетинде жашоо мүмкүн болбой калышы мүмкүн эле. Бирок Аллахтын мээрими менен тоолор мыктар сыяктуу кызмат кылып, жер бетиндеги кыймылдуулукка бир топ тоскоол болушат.

Байкалгандай, заманбап геологиялык жана сейсмикалык изилдөөлөр натыйжасында аныкталган тоолордун абдан маанилүү бир кызматы кылымдар мурда түшүрүлгөн Курани Керимде Аллахтын жаратуусундагы терең илимге бир мисал катары берилген. Бир аятта мындай буюрулат:

 

... Жерде болсо силерди чайпалтпасын деп чайпалбас тоолорду жаратты... (Локман Сүрөсү, 10)

 

 

ТООЛОРДУН КЫЙМЫЛДАШЫ

 

Бир аятта тоолордун сырттан көрүнгөндөй кыймылсыз эмес, тынымсыз кыймылда экени мындайча билдирилүүдө:

 

Тоолорду карап, (аларды) кыймылдабай турат деп ойлойсуң; чынында болсо алар булуттар айдалгандай айдалышат... (Немл Сүрөсү, 88)

 


Тоолордун мындай кыймылы алар турган жердин үстүңкү бетинин кыймылынан келип чыгат. Жердин үстүңкү бети андан тыгызыраак болгон мантия катмарынын үстүндө сүзүп жүргөн сыяктуу кыймылдап турат. Алгач жолу 20-кылымдын баштарында Альфред Вегенер (Alfred Wegener) аттуу бир илимпоз жер бетиндеги материктердин жердин алгачкы убактарында бириккен абалда болушканын, кийинчерээк ар тарапка айдалышып, бири-биринен бөлүнүп, алысташканын айткан эле.

Бирок геологдор Вегенердин туура айтканын ал өлгөндөн 50 жылдан кийин, т.а. 1980-жылдары түшүнүшкөн. Вегенер 1915-жылы жарык көргөн бир макаласында айткандай, жер бетиндеги кургактык бөлүктөрү болжол менен 500 миллион жыл мурда бири-бирине бириккен абалда эле жана Пангея (Pangaea) деп аталган бул чоң кургактык Түштүк уюлда жайгашкан эле. Болжол менен 180 миллион жыл мурда Пангея экиге бөлүнгөн. Ар кайсы тарапка айдалган бул эки ири материктин бири Африка, Австралия, Антарктика жана Индияны камтыган Гондвана эле. Экинчиси болсо, Европа, Түндүк Америка жана Индиясыз Азиядан турган Лавразия эле. Мындай бөлүнүүдөн кийинки болжолдуу 150 миллион жылдын ичиндеги ар кайсы убактарда Гондвана жана Лавразия андан да кичинекей бөлүктөргө бөлүнүшкөн.

Пангеянын бөлүнүшү натыйжасында пайда болгон бул материктер тынымсыз кургактык жана деңиз арасындагы бөлүнүшүн өзгөртүп, жыл сайын бир канча сантиметрлик ылдамдык менен жер бетинде кыймылдашууда.

20-кылымдын баштарында жасалган геологиялык изилдөөлөр натыйжасында аныкталган жердин үстүңкү кабатынын мындай кыймылы илимий булактарда төмөнкүдөй түшүндүрүлөт:

Жердин үстүңкү катмары жана үстүңкү мантиядан турган 100 км калыңдыктагы жердин үстү «катмар» деп аталган бөлүктөрдөн турат. Жердин бетин түзгөн алты чоң катмар жана сансыз кичинекей катмарлар бар. «Катмар тектоникасы» деп аталган теория боюнча, бул катмарлар материктерди жана океандын түбүн да алып жүрүп, жердин бетинде кыймылдашат... Материктик кыймылдын жылына болжолдуу 1-5 см экени аныкталган. Катмарлар ушинтип кыймылдаган сайын жердин географиясында өзгөрүүлөр болуп турат. Мисалы, Атлантика океаны жыл сайын бир азга кеңейүүдө.

Бул жерде дагы бир маанилүү жагдай бар: Аллах тоолордун кыймылын аятта «айдалуу» деп билдирген. Учурда илимпоздор бул кыймыл үчүн колдонгон англисче термин да «continental drift», б.а. «материктик айдалуу».

Материктердин кыймылы Куран түшүрүлгөн доордо байкоого мүмкүн болбогон бир маалымат эле жана Аллах аяттагы «тоолорду көрүп, кыймылсыз турат деп ойлойсуң» сүйлөмү аркылуу адамдардын бул жөнүндө кандай ойлонушаарын алдын-ала билдирүүдө. Бирок андан соң бул чындыкты түшүндүрүп, тоолордун булуттар айдалган сыяктуу айдалганын кабар берген. Байкалгандай, аятта тоолор жайгашкан катмардын кыймылына апачык көңүл бурулган.

Илим жакында гана аныктаган бул илимий чындыктын аалам жана табият жөнүндөгү көз-караштар уламыш, негизсиз ишеним жана жомокторго таянган 7-кылымда Куранда билдирилиши – албетте, улуу бир керемет. Жана Курандын Аллахтын сөзү экендигинин абдан маанилүү бир далили.

 

 

КҮНДҮН ЧЫГУУ ЖАНА БАТУУ ЧЕКИТТЕРИНИН АЙЫРМАСЫ

 

Чыгыштардын жана батыштардын Раббисине ант ичем; Биз чынында кудуреттүүбүз; (Меариж Сүрөсү, 40)

 

Асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, чыгыштардын да Раббиси. (Саффат Сүрөсү, 5)

 

Ал эки чыгыштын да Раббиси, эки батыштын да Раббиси. (Рахман Сүрөсү, 17)

 

Жогорудагы аяттарда байкалгандай, чыгыш менен батыш сөздөрү көптүк түрдө колдонулган. Мисалы, биринчи аятта колдонулган «мешарик» сөзү чыгыштын, «мегариб» сөзү болсо батыштын экиден көп экенин билдирген көптүк түрлөрү. Акыркы аятта болсо «мешрикейн» эки чыгыш, «маарибейн» эки батыш маанисинде колдонулган. Аяттарда колдонулган «мешарик» жана «меариб» сөздөрү «күн чыккан жана баткан жер» маанилерине да келет. Ошондуктан, жогорудагы аяттарда күн чыгыштын жана күн батыштын ар кандай чекиттери жөнүндө сөз болууда. Мындан тышкары, алгачкы аятта чыгыштардын жана батыштардын Рабби деп ант ичилиши да көңүл бурат.

Белгилүү болгондой, жердин өз огунда айлануу огу (эклиптикалык огу) 230 27'лик бир кыйшайууга ээ. Мындай кыйшайуу жана жердин тоголок абалы себебинен күндүн нурлары жердин бетине дайыма бирдей бурч менен түшпөйт. Ошондуктан күн чыгыш тарапта ар башка жерлерден чыгып, батышта да ар башка жерлерден батат.

Жогорудагы аяттарда айтылган чыгыш жана батыш менен байланыштуу сүйлөмдөр да күндүн башка башка чекиттерден чыгып, башка башка чекиттерден батаарына ишарат кылышы жагынан абдан маанилүү. (Эң туурасын Аллах билет.)

 


 

КУРГАКТЫКТАРДЫН АЙЛАНАСЫНАН АЗАЙЫШЫ

 

Алар көрбөй жатышабы, чынында Биз жерге келип, аны айланасынан кемитип жатабыз... (Рад Сүрөсү, 41)

 

... Бирок, эми, Биздин чынында жерге келип аны айланасынан кемитип жатканыбызды көрүшкөн жокпу?... (Анбия Сүрөсү, 44)

 

Жер күндөн келген протон, электрон жана альфа бөлүкчөлөрүнүн агымы тарабынан бомбалоого кабылат. Мындай күн шамалдары атмосфераны жерден бөлө ала тургандай күчкө ээ. Бирок атмосферанын түгөнүшү жердин учурдагы зат жоготуу көлөмү менен (секундасына эң көп 3 кг) күндүн жалпы өмүрүнөн 5 эсе узун убакыт алат.35 Себеби жер атмосферадагы магнитосфера катмары түзгөн күчтүү магниттик талаа урматында мындай күчтүү эрозиялардан белгилүү деңгээлде корголгон болот. Жердин ионосфера катмарынын үстүнөн космостун тереңдиктерин көздөй таркаган ион (кычкылтек, гелий жана суутек) жоготуусу жерди курчаган учу-кыйырсыз аба катмарына салыштырганда абдан кичинекей көлөмдө болуп калат. Бирок ошондо деле космоско чыгарылган көлөм маанилүү санда болууда.

Окумуштуулар күндөгү энергия жарылууларынын жердин атмесферасынын тышкы кабатынан кычкылтек жана башка газдардын космоско чыгып, таркашына себеп болоорунун алгачкы так далилдерин NASAнын (Улуттук аба жана космос башкармалыгынын) космостук унаалары урматында ала алышты. Ушундайча илимпоздор жердин тышкы катмарларынан зат жоготуусуна кабылып тураарын алгачкы жолу 1998-жылдын 24-25-сентябрларында көрүшкөн.

Жогорудагы аяттар бир тараптан жер бетиндеги кургактыктардын азайышын да айтып жаткан болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө уюлдардагы айсберг катмарлары ээрип жатат жана океандардын суусу көтөрүлүүдө. Суунун көбөйүшү кургактыкты басып, каптап жатат. Океандын жээктери суунун астында калган сайын жер бетинин жалпы аянты же кургактык да азайууда. Жогорудагы аяттарда айтылган «аны айланасынан азайтуудабыз» жана «(Биз) айланасынан азайтып жаткан» сүйлөмдөрү океан жээктеринин суунун астында калып жатышына ишарат кылып жаткан болушу мүмкүн.

New York Times гезитинде бул жөнүндөгү бир кабар төмөнкүдөй:

Өткөн кылымда жер бетинин орточо температурасы 1 Фаренгейт шкаласына жогорулады, температуранын көтөрүлүү темпи да акыркы чейрек кылымда өстү. Бул маанилүү чоңдук... Мурдакы спутниктик изилдөөлөр жана суу асты байкоолордо Түндүк уюл аймагынын температурасынын көтөрүлүү тенденциясында болгону, айсберг массаларынын ээрүү ыктымалынын да өскөнү аныкталган... Манхеттенде бир NASA изилдөө борбору болгон Goddard космос илимдери институтунун илимпоздору 1950- жана 1960-жылдардын суу асты маалыматтарын 1990-жылдардын байкоолору менен салыштырышты жана Түндүк уюл бассейниндеги айсберг катмарынын 45%га ичкергенин далилдешти. Космостон алган сүрөттөр аймакты каптаган айсбергдердин көлөмүнүн өткөн жылдары маанилүү көлөмдө азайганын көрсөтүүдө.

20-кылымдын аягында алынган жыйынтыктар Анбия Сүрөсүнүн 44- жана Рад Сүрөсүнүн 41-аяттарындагы сырларды түшүнүшүбүзгө жардам берген.

Аллах аятта билдирген жер бетинин айланасынан азайышы Куранда билдирилген дагы бир илимий чындыкка ишарат деп жоромолдоого болот. Өз огунун айланасында айланган жердин айланышынан келип чыккан эллипс формага ээ экени акыркы кылымдарда аныкталган бир чындык.

Изилдөөлөрдө айлануудан келип чыккан күч менен жердин экватор чөйрөсүнүн кеңейип, учтагы чекиттерден, т.а. уюлдардан басылганы аныкталган. Мындан тышкары, жердин айлануу кыймылы уланып туруучу бир процесс болгондуктан, бул өзгөрүү дагы эле уланууда. Рад Сүрөсүнүн 41-аятында «кемитип жатабыз» деп которулган «ненкусу» сөзү кемитүү этишинин дагы эле уланып жатканын да көрсөтүүдө.

Жердин тартылуу күчү жер сыяктуу асман планеталарын тоголок абалдардагы формага салган. Бирок мындай форма топтоголок эмес, уюлдардан бираз түздөлгөн жана экватордон биразга сыртка чыккан бир форма. NASA'нын маалыматтары боюнча, жердин экватор радиусу 6378,1 км болсо, уюлдардан эсептелген радиусу 6356,8 км.40 Бул айырма болжол менен 0,3%дык бир айырманы түзөт.

Жердин формасы жөнүндөгү бул модел алгач 1687-жылы Исаак Ньютон тарабынан айтылган. Аяттарда болжол менен 1400 жыл мурда ишарат кылынган мындай абал Курандын дагы бир илимий керемети.

 

 

ЖАРЫЛГАН ЖЕР БЕТИ


 

Кайтуучу асманга ант болсун. Жарылган жерге да. (Тарык Сүрөсү, 11-12)

 

Бул аяттагы Арапча «садъа» сөзүнүн «жарылуу, айрылуу» деген маанилери бар. Аллахтын жердин жарылышына ант ичиши Курандын башка илимий кереметтери сыяктуу бул жерде да көңүл буруучу бир жагдайга ишарат кылууда.

1945-46-жылдары илимпоздор минералдык булактарды изилдөө үчүн алгачкы жолу деңиз жана океандардын түбүнө түшүштү. Изилдөөлөрдө көңүл бурган эң маанилүү жагдайлардын бири – бул жердин сынган түзүлүшү болгон. Жердин үстүңкү катмарындагы таштуу катмар түндүк-түштүк жана чыгыш-батыш багыттуу болуп, он миңдеген километр узундуктагы көп сандагы ири жарылуулар менен жарылган эле. Мындан тышкары, илимпоздор 100-150 км тереңдикте деңиздердин жана океандардын астында ээриген магманын бар экенин байкашкан.
 

Мына ушундай сынуулар жана жарылуулар себебинен деңиздердин ортосунда жайгашкан тоолордон сыртка лавалар агат. Жер бетинин мындай сынган түзүлүшү урматында маанилүү көлөмдө ысык температура сыртка чыгарылат жана ээриген таштардын көпчүлүгү океандардагы чокуларды түзөт. Эгер жер бетинин үстүңкү катмарынан көп көлөмдө ысыктыктын сыртка чыгышына шарт түзгөн мындай түзүлүшү болбогондо, жер бетинде жашоо мүмкүн болбой калмак.
Албетте, аны аныктоо ушунчалык алдыңкы технологияны талап кылган бир маалыматтын 1400 жыл мурда билдирилген болушу – Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринин бири.

17.          World Book Encyclopedia, 2003; Boston Üniversitesi'nde Astronomi ve Fizik Professörü Kenneth Brecher'in katkılarıyla.
18.          Bilim ve Teknik, Temmuz 1983.
19.          http://www.woodrow.org/teachers/esi/1998/p/weather/Corriolis.HTM
20.          http://royal.okanagan.bc.ca/mpidwirn/atmosphereandclimate/atmslayers.html; Michael Pidwirny, Atmospheric Layers, 1996.
21.         http://www.tpub.com/weather3/4-27.htm
22.          http://www.godandscience.org/apologetics/designss. html
23.          http://webhome.idirect.com/~alila/Writings/Physics.htm
24.          http://pubs.usgs.gov/publications/text/inside.html
25.          http://www.wamy.co.uk/announcements3.html; Prof. Zighloul Raghib El-Naggar'ın konuşmasından.
26.          Frank Press, Raymond Siever, Earth, 3. baskı, W. H. Freeman & Company, San Francisco, 1982, s. 413.
27.          André Cailleux, Anatomy of the Earth, World University Library, London, s. 220.
28.          Edward J. Tarbuck, Frederick K. Lutgens, Earth Science, 3. baskı, Charles E. Merrill Publishing Company, Columbus, 1982, s. 158.
29.          Carolyn Sheets, Robert Gardner, Samuel F. Howe, General Science, Allyn & Bacon Inc. Newton, Massachusetts, 1985, s. 305.
30.          http://www.beconvinced.com/science/QURANMOUNTAIN.htm
31.          Frank Press, Raymond Siever, Earth, 3. baskı, W. H. Freeman & Company, San Francisco, 1982.
32.          M. J. Selby, Earth's Changing Surface, Clarendon Press, Oxford, 1985, s. 32.
33.          Carolyn Sheets, Robert Gardner, Samuel F. Howe, General Science, Allyn & Bacon Inc. Newton, Massachusetts, 1985, s. 305.
34.          Powers of Nature, National Geographic Society, Washington D. C., 1978, ss. 12-13.
35.          http://www.irf.se/press/press_010309eng.html

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder