8 Nisan 2013 Pazartesi

КИРИШҮҮ

Аллах мындан 14 кылым мурда адамдарга жол көрсөтүүчү бир китеп болгон Куран-и Керимди түшүргөн жана бүт адамзатты Куранды ээрчип, кутулууга жетүүгө чакырган. Аятта да билдирилгендей, Куран «ааламдарга бир зикир (насаат, эскертүү, өкүм жана жогорку бир сыймык)тан башка нерсе эмес.» (Калем Сүрөсү, 52) Куран – бул түшүрүлгөн күндөн кыямат күнүнө чейин адамзаттын жалгыз жол көрсөтүүчүсү болгон Кудайдан келген акыркы китеп.
Куран түшүрүлгөн күндөн бери ар кандай доордо жашаган ар бир адамзат коому түшүнө ала турган, оңой жана түшүнүктүү бир тилге ээ. Аллах Курандын мындай услубун «Ант болсун, Биз Куранды зикир (сабак алып ойлонуу) үчүн жеңил кылдык...» (Камер Сүрөсү, 22) аяты аркылуу кабар берет. Ошол эле учурда Курандын адабий тилинин кемчиликсиздиги, теңдешсиз услуп өзгөчөлүктөрү жана улуу хикматы да анын Аллахтын сөзү экендигинин даана далилдеринен.
Курандын мындай өзгөчөлүктөрүнөн тышкары, анын Аллахтын сөзү экенин далилдеген көптөгөн кереметтүү өзгөчөлүктөрү бар. Бул өзгөчөлүктөрдүн бири – бул 20- жана 21-кылымдын технологиясы менен гана араң жетишилген илимий чындыктардын 1400 жыл мурун Куранда билдирилген болушу.
Албетте, Куран – бир илимий китеп эмес. Бирок көп аяттарында абдан маңыздуу жана хикматтуу бир баян менен билдирилген кээ бир илимий чындыктар 20-кылымдын технологиясы менен гана ачыкка чыкты. Куран түшүрүлгөн доордо илим менен аныктоого эч мүмкүн болбогон мындай маалыматтар адамдарга Курандын Аллахтын сөзү экенин дагы бир жолу далилдөөдө.
Курандын илимий кереметтерин түшүнүү үчүн алгач бул Аллахтын китеби түшүрүлгөн доордогу илимдин деңгээлине бир көз жүгүртүү керек.
Куран түшүрүлгөн 7-кылымда Арап коому илимий темалар жөнүндө сансыз ойдон чыгарылган жана далилсиз ишенимдерге ээ эле. Ааламды жана табиятты изилдей турган технологияга ээ болбогон Араптар урпактан урпакка айтылып келген уламыштарга ишенишчү. Мисалы, асман тоолордун жардамы менен төбөдө турат деп айтылчу. Бул ишеним боюнча жер түз эле жана эки учтагы тоолор бир тирөөч сыяктуу асманды көтөрүп турган эле.
Бирок Арап коомунун бардык мындай негизсиз ишенимдери Курандын келиши менен жок болду. Мисалы, «Аллах – Ошол (Зат), асмандарды эч тирөөчсүз көтөрдү...» (Рад Сүрөсү, 2) аяты асман тоолордун жардамы менен турат деген ишенимди жокко чыгарды. Ушул сыяктуу дагы көп темада ал доордо эч бир адам билбеген маанилүү маалыматтар Куранда берилди. Адамдар астрономия, физика же биология жөнүндө абдан аз билген бир доордо түшүрүлгөн Куран ааламдын жаратылуусунан адамдын пайда болушуна, атмосферанын түзүлүшүнөн жер бетиндеги тең салмактуулуктарга чейинки көптөгөн темада ачкыч маалыматтарды камтыган эле.
Эми Куранда орун алган мындай илимий кереметтердин бир бөлүгүн бирге карайлы.