20 Kasım 2012 Salı

КУРАНДЫН ИЛИМИЙ КЕРЕМЕТТЕРИ 3-БӨЛҮК


ТЕМИРДЕГИ СЫР

 

Темир – Куранда көңүл бурулган элементтердин бири. Курандын «Хадид», б.а. «Темир» аттуу сүрөсүндө мындайча буюрулат:

 

... Жана анда күчтүү бир катуулук жана адамдар үчүн (ар түрдүү) пайдалар бар темирди да түшүрдүк... (Хадид Сүрөсү, 25)

 

Темир жердеги үчүнчү эң көп тараган элемент жана жердин үстүңкү катмарынын беш пайызын түзөт. Темир элементи жерде мынчалык көп санда болгонуна карабастан, темирдин пайда болушу жерде ишке ашкан эмес. Заманбап астрономиялык ачылыштар жердеги темир металлынын космостогу башка ири жылдыздардан келгенин аныктады.

Хадид Сүрөсүнүн 25-аятында темир үчүн колдонулган «энзелна», б.а. «түшүрүү» сөзүн кыйыр мааниде адамдардын кызматына берилүү маанисинде деп ойлоого да болот. Бирок сөздүн жамгыр жана күн нурлары үчүн колдонулган «асмандан физикалык мааниде түшүрүү» деген чыныгы мааниси алынганда, аяттын жогоруда айтылган бул маанилүү илимий чындыкка ишарат кылганын көрөбүз.

Бир гана жердеги эмес, бүт күн системасындагы темир тышкы космостон келген. Себеби күндүн ысыктыгы темир элементинин пайда болушу үчүн жетиштүү эмес. Күндүн үстүңкү бет температурасы 6000 0C, ядросунун ысыктыгы болсо 20 миллион 0C. Темир күндөн бир топ чоң жылдыздарда, бир канча жүз миллион даражага жеткен ысык температураларда гана пайда боло алат. Нова (жаңы жылдыз) же Супернова (өтө жаңы жылдыз) деп аталган бул жылдыздардагы темирдин саны белгилүү бир деңгээлден өткөндө, жылдыз аны көтөрүп жүрө албай калат жана жарылат. Темирдин космоско таркалышы мына ушул жарылуулар натыйжасында мүмкүн болот.

Илимий бир булакта бул жөнүндө мындай маалыматтар орун алган:

Көбүрөөк жыл болгон Супернова кубулуштарын көрсөткөн далилдер да бар: деңиз түбүндө чогулган темир-60 болжол менен 5 миллион жыл мурда күндөн 90 жарык жылы алыста болгон бир Супернова жарылуусунун далили деп жоромолдонгон. Супернова жарылуусунда пайда болгон темир-60 1,5 миллион жыл бөлүнүү өмүрү болгон радиоактивдүү бир изотоп. Жердин астыңкы катмарларындагы темир-60 изотобу жакынкы космостогу элементтердин нуклеосинтезден өтүп, алгач жер атмосферасына, ал жерден болсо жердин астыңкы катмарларына өтүшү натыйжасында пайда болгон.

Байкалгандай, темир заты жерде пайда болгон эмес, суперновалардан чыгып, дал аятта билдирилгендей «түшүрүлгөн». Бул маалыматтын Куран түшүрүлгөн 7-кылымда илимий тараптан аныкталышынын мүмкүн эмес экени болсо анык. Бирок бул чындык бүт нерсени чексиз илими менен курчаган Аллахтын сөзү болгон Куранда орун алган.

Учурдагы астрономия илими бизге башка элементтердин да жерден башка жерде пайда болгонун көрсөтүүдө. Аяттагы «темирди да түшүрдүк» сүйлөмүндөгү «да» сөзү ушул чындыкка ишарат кылып жатышы мүмкүн. Бирок аятта темирге өзгөчө көңүл бурулушу болсо, 20-кылымдын аягында алынган маалыматтар эске алынганда, абдан ойлонтот. Атактуу микробиолог Майкл Дентон (Micheal Denton) Nature's Destiny (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде темирдин маанисине төмөнкү сөздөрү менен басым жасаган:

Бардык металлдар арасында темирден да маанилүүсү жок. Бир жылдыздын ядросунда темирдин чогулушу супернованын жарылышына түрткү болот жана натыйжада жашоо үчүн керектүү болгон атомдордун бүт ааламга жайылышына шарт түзөт. Темир атомдору жердин алгачкы баскычтарында ядродо пайда кылган тартылуу күчүнөн чыккан жылуулук жердин башындагы химиялык айырмачылыктарына себеп болуп, атмосферанын жана аягында гидросферанын пайда болушун камсыз кылган. Жердин ядросундагы ээриген темир чоң бир магнит кызматын аткарат жана жердин магниттик талаасын пайда кылат. Бул талаа урматында жердин бетин жогорку энергиялуу кыйратуучу космостук радиациядан коргогон Ван Аллен радиация катмарлары пайда болот жана абдан маанилүү болгон озон катмарын космостук нурдун кыйратуусунан коргойт.

Темирдин атому болбосо, ааламда көмүртекке байланыштуу жашоо мүмкүн болмок эмес; суперновалар болмок эмес, жердин алгачкы баскычтарындагы жылынышы ишке ашмак эмес, атмосфера же гидросфера болмок эмес. Коргоочу магниттик талаа болмок эмес, Ван Аллен радиация катмарлары пайда болмок эмес, озон катмары болмок эмес, (адамдын канында) гемоглобинди пайда кыла турган эч бир металл болмок эмес, кычкылтектин реактивдүүлүгүн басаңдата турган металл пайда болмок эмес жана кычкылданууга таянган бир метаболизма пайда болмок эмес.

Жашоо жана темир менен кандын кызыл түсү менен алыстагы бир жылдыздын өлүмү арасындагы мындай сырдуу жана жакын байланыш металлдардын биология жагынан маанилүү экенин көрсөтүү менен эле тим болбостон, ааламдын биологиялык тараптан маанисине да басым жасайт.

Темир атомунун мааниси бул баяндардан апачык көрүнүүдө. Куранда атайын темирге көңүл бурулушу да бул заттын маанисине басым жасоодо. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда темир колдонулчу жана ар кандай курал-шаймандар жасалчу эле; бирок темирдин адамдын жашоосундагы мааниси жөнүндөгү маалыматтар абдан аз эле. Жердин ядросунда темирдин бар экени, адамдын канында темир бар экени жана темирдин жандуулар үчүн абдан чоң мааниге ээ экендиги 20-кылымга чейин билинбеген чындыктар эле.

Куранда темирдин маанисине көңүл бурган дагы бир сыр бар. Ичинде темир жөнүндө айтылган Хадид Сүрөсүнүн 25-аяты эки математикалык сырды камтыйт: «Аль-Хадид» - Курандын 57-сүрөсү. «Аль-Хадид» сөзүнүн Арап тилиндеги сандык мааниси, т.а. эбжеди эсептелгенде да ушул эле сан чыгат: «57». (Эбжед эсеби жөнүндө «Куранда эбжед эсеби» бөлүмүн караңыз)

Бир гана «хадид» сөзүнүн сандык мааниси 26. 26 саны болсо – бул темирдин атом номери.


Мындан тышкары, 2003-жылдан бери MagForce Nanoterapi деп аталган бир ракты дарылоо ыкмасында темир кычкыл бөлүкчөлөрү колдонулууда. Германиядагы дүйнөгө таанымал Charite ооруканасынан Др. Андреас Жордан (Dr. Andreas Jordan) иштеп чыккан бул ыкма (жогорку температуралуу магниттик суюктук) рак клеткаларын таза клеткаларга зыян бербестен жок кылууда. Мындай дарылоо ыкмасы кыскача төмөнкүдөй:

1- Ичинде темир кычкыл бөлүкчөлөрү бар суюктук атайын бир шприц менен шишиктин ичине жөнөтүлөт. Бул бөлүкчөлөр шишик клеткаларына жайылат. Бул суюктуктун 1 см кубунда темир кычкылдан турган жана эритроциттерден 1000 эсе кичине, миллиондогон бөлүкчөлөр бар жана булар кан-тамырларда оңой гана айлана алышат.

2- Оорулуу андан соң күчтүү магниттик таасири бар бир аппараттын астына жаткырылат.

3- Сырттан жиберилген мындай магниттик агым шишиктин ичиндеги темир бөлүкчөлөрүн кыймылдатып баштайт. Бул процессте темир кычкыл бөлүкчөлөрүн камтыган шишиктеги температура 45 0C'ге чейин көтөрүлөт.

4- Ысыктан өзүн коргой албаган рак клеткалары бир канча мүнөт ичинде алсыздайт же жок болот. Андан соң жасалган химиотерапия аркылуу шишик толугу менен жоголушу мүмкүн.

Бул ыкманын кеңири колдонулушу өлүмгө себеп болушу мүмкүн болгон мындай оорунун айыктырылышында абдан маанилүү бир алдыга жылуу болмокчу. Рак сыяктуу кеңири тараган бир ооруну дарылоодо Куранда айтылгандай «адамдар үчүн (ар кандай) пайдалары бар темирдин» колдонулушу абдан көңүл бурат (Хадид Сүрөсү, 25). Куранда бул аят менен темирдин адамдын ден-соолугуна болгон пайдаларына да ишарат кылынып жаткан болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)

 

 

 

МУНАЙЗАТТЫН ПАЙДА БОЛУШУ

 

Раббиңдин Улуу ысымын тасбих кыл, Ал жаратты, «бир система ичинде калып берди», тагдыр кылды, ушундайча жол көрсөттү, «жапжашыл чөптү» чыгарды. Андан соң аны куураган, кара бир абалга салды. (Аъла Сүрөсү, 1-5)

 

Белгилүү болгондой, мунайзат өсүмдүк жана жаныбарлардын чириген калдыктарынан пайда болот. Бул калдыктар сууда миллиондогон жыл бою чириген соң ал жерде бир гана майлуу заттар калат. Ылай жана ири жер катмарларынын астында калган майлуу заттар мунайзат жана газга айланат. Жердин үстүңкү катмарындагы кыймылдар кээде деңиздердин кургактыктарга айланышына жана мунайзаты бар породалардын миңдеген метр тереңдикке көмүлүшүнө жол ачат. Пайда болгон мунайзат болсо кээде порода катмарларындагы оюктардан сызылып километрлеген тереңдиктен жердин бетине чыгат жана ал жерде бууланып (газ абалына келип), артта болсо смола жыйындысы калат.

Аъла Сүрөсүнүн алгачкы төрт аятында көңүл бурган үч нерсе мунайзаттын пайда болуу баскычтарына абдан дал келет. Эң биринчиден көк чөп, кыр, чайыр маанилерине келген «элмеръа» сөзү менен мунайзаттын пайда болушундагы органикалык заттарга ишарат кылынышы толук ыктымал. Аятта экинчи көңүл бурган сөз болсо – бул кара чалыш жашыл, жашыл чалыш кара, кара сымал, кара, ыстуу түстөрдү сүрөттөө үчүн колдонулган «ахва» сөзү. Бул сөздү жер астында чогулган өсүмдүк калдыктарынын убакыттын өтүшү менен карага айланышы деп түшүнүүгө болот. Себеби бул сөздөр үчүнчү бир сөз менен –«гусаен» менен- бышыкталууда. Кээде котормолордо ыпыр-сыпыр, калдык деп которулган «гусаен» сөзү сел суусу чөптөрдү, акыр-чикирлерди бири-бирине аралаштырып, айдап келген жана дарыялардын айланасына чыгарып таштаган чөп, акыр-чикир, жалбырак жана көбүк сыяктуу аралашма маанисине да келет. Бул сөз «кусуу» маанисинен улам кээ бир булактарда «сел кусундусу» деп которулууда жана топурактын мунайзатты кусушу деп айтылууда. Мунайзаттын пайда болушу, көбүктүү көрүнүшү, түсү эске алынганда, чындап эле аяттарда колдонулган сөздөрдүн канчалык терең маанилүү экени жакшыраак көрүнүүдө.

Байкалгандай, аяттагы өсүмдүктүн кара жана агуучу бир суюктукка айланышы мунайзаттын пайда болушуна абдан окшошот. Мунайзаттын пайда болушу жөнүндө маалымат жок болгон бир доордо ушунчалык көп убакытты талап кылган бир процесстин сүрөттөлүшү – албетте, Курандын Аллахтын вахийи экендигинин дагы бир далили.

 

 

УБАКЫТТЫН САЛЫШТЫРМАЛУУЛУГУ

 

Убакыттын салыштырмалуулугу учурда далилденген бир чындыкка айланды. Бирок бул чындык өткөн кылымдын баштарында Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы менен ортого коюлган. Ал доорго чейин адамдар убакыттын салыштырмалуу бир түшүнүк экенин, чөйрөгө жараша өзгөрүшү мүмкүн экенин билишчү эмес. Бирок атактуу илимпоз Альберт Эйнштейн салыштырмалуулук теориясы менен бул чындыкты апачык далилдеди. Убакыттын масса жана ылдамдыктан көз-каранды бир түшүнүк экенин ортого койду. Андан мурда эч ким бул жагдай жөнүндө ачык сөз кылган эмес эле.

Жалгыз бир жерде, т.а. Куранда убакыттын салыштырмалуу экенин көрсөткөн маалыматтар берилген эле. Бул жөнүндөгү кээ бир аяттар төмөнкүдөй:

 

... Чынында, сенин Раббиңдин Кабатында бир күн силер санап жаткандан миң жыл сыяктуу. (Хаж Сүрөсү, 47)

 

Асмандан жерге чейин бардык ишти Ал курчап жөнгө салат. Анан (иштер) силер санап жаткан миң жылдай узун бир күндө Ага көтөрүлөт. (Сажда Сүрөсү, 5)

 

Периштелер жана Рух (Жебрейил) Ага узундугу элүү миң жыл болгон бир күндө чыга алышууда. (Меариж Сүрөсү, 4)

 

610-жылы түшүрүлүп баштаган Куранда убакыттын салыштырмалуулугунун мынчалык апачык айтылышы – анын Аллахтан келген бир китеп экендигинин дагы бир далили.

 

 

АЛТЫ КҮНДӨ ЖАРАТЫЛУУ

 

Чынында силердин Раббиңер алты күндө асмандарды жана жерди жараткан, анан аршка истива кылган Аллах... (Араф Сүрөсү, 54)

 

Куран менен заманбап илимдин арасындагы төп келүүчүлүктүн бир мисалы – бул ааламдын жашы: космос изилдөөчүлөрү ааламдын жашын 16-17 миллиард жыл деп эсептешти. Куранда болсо бүт ааламдын 6 күндө жаратылганы айтылууда. Бир караганда ар башкадай көрүнгөн бул убакыт тилкелери арасында чынында абдан таң калыштуу бир дал келүүчүлүк бар. Чынында ааламдын жашы менен байланыштуу колубуздагы бул эки сандын экөөсү тең туура. Т.а. аалам Куранда билдирилгендей 6 күндө жаратылган жана бул убакыт периоду биздин убакытты кабылдообуз боюнча 16-17 миллиард жылга туура келүүдө.

1915-жылы Эйнштейн убакыттын салыштырмалуу экенин, чөйрөгө, саякат кылган адамдын ылдамдыгына жана ошол учурдагы гравитациялык күчкө жараша убакыттын өтүү коэффициентинин да өзгөрөөрүн айткан. Убакыттын өтүү коэффициентиндеги мындай айырмачылыктар эске алынганда, Курандын жети аятында билдирилген ааламдын жаратылуу мөөнөтүнүн илимпоздордун божомолдоруна абдан жакын экенин көрөбүз. Куранда билдирилген 6 күндүк убакытты 6 доор (период) деп кабыл алсак да болот. Себеби убакыттын салыштырмалуулугу эске алынганда, «күн» учурдагы шарттарда гана жердеги 24 сааттык бир убакыт периодун түшүндүрүүдө. Бирок ааламдын башка бир жеринде, башка бир убакта жана шартта «күн» бир топ узун убакытты камтыган бир период болот. Бул аяттардагы (Сажда Сүрөсү, 4; Йунус Сүрөсү, 3; Худ Сүрөсү, 7; Фуркан Сүрөсү, 59; Хадид Сүрөсү, 4; Каф Сүрөсү, 38; Араф Сүрөсү, 54) 6 күн (ситтети эййамин) сөзүндөгү «эййамин» сөзү «күндөр» маанисинен тышкары, «доор, период, көз ирмем, мөөнөт» маанилерине да келет.

Ааламдын алгачкы убактарында убакыт учурда биз көнгөн өтүү ылдамдыгынан бир топ эсе ылдам өткөн. Мунун себеби мындай: Биг Бенг учурунда аалам абдан кичинекей бир чекитке батырылган эле. Бул чоң жарылуу учурунан бүгүнкү күнгө чейин ааламдын кеңейиши жана ааламдын көлөмүнүн керилиши ааламдын чектерин миллиарддаган жарык жылы алыстарга жылдырды. Натыйжада Биг Бенгден бүгүнкү күнгө чейин космостун кеңейип жатышы ааламдын саатында абдан маанилүү натыйжаларга себеп болду.

Биг Бенг учурундагы энергия ааламдык сааттын убакыттын өтүү ылдамдыгын миллион жолу миллион (1012) эсе жайлаткан. Аалам жаратылганда, ааламдык убакыттын өтүү коэффициенти, бүгүнкү эсеп менен, миллион жолу миллион эсе чоң эле, т.а. убакыт бат өтүп жаткан эле. Ошондуктан биз жерде миллион жолу миллион мүнөт жашаган убакытта ааламдык саат үчүн болгону бир мүнөт өткөн болот.

6 күндүк убакыт периоду убакыттын салыштырмалуулугу эске алынып эсептелгенде, 6 миллион жолу миллион (триллион) күнгө туура келет. Себеби ааламдык саат жердеги сааттын өтүү ылдамдыгынан миллион жолу миллион эсе ылдам өтүүдө. 6 триллион күн болсо 16,427 миллиард жылга туура келет. Бул сан учурда ааламдын болжолдуу жаш интервалына туура келет.

6 000 000 000 000 күн / 365,25 = 16 427 104 723 жыл

 Башка тараптан карасак, жаратылуунун 6 күнүнүн ар бири, биздин убакыт кабылдообуз боюнча, бири-биринен айырмалуу убакыттарга туура келет. Мунун себеби – бул убакыттын өтүү коэффициентинин ааламдын кеңейишине жараша барган сайын азайышы. Биг Бенгден бери ааламдын чоңдугу эки эсеге чоңойгон сайын убакыттын өтүү коэффициенти эки эсеге төмөндөп отурган. Аалам чоңойгон сайын ааламдын эки эселенүү ылдамдыгы да барган сайын жайлаган. Мындай кеңейүү чоңдугу Физикалык космологиянын негиздери аттуу окуу китептеринде түшүндүрүлгөн, дүйнөнүн бүт тарабында белгилүү болгон бир чындык. Жаратылуунун ар бир күнүн дүйнөдөгү убакыт менен эсептегенибизде төмөнкүдөй абалды көрөбүз:

* Убакыт башталган учурдан баштап каралганда, жаратылуунун 1-күнү (1-доор) 24 саат болгон. Бирок бул убакыт биздин жердеги убакыт кабылдообуз боюнча 8 миллиард жылга барабар.

* Жаратылуунун 2-күнү (2-доор) 24 саат болгон. Бирок бул биздин кабылдоолорубуз боюнча мурунку күндүк жарымына барабар, т.а. 4 миллиард жыл.

* 3-күн (3-доор) болсо мурдакы күндөн, т.а. 2-күндүн жарымындай болгон. Т.а. 2 миллиард жыл.

* 4-күн (4-доор) 1 миллиард жыл.

* 5-күн (5-доор) 500 миллион жыл.

* жана 6-күн (6-доор) 250 миллион жыл болгон.

* Натыйжада: Жаратылуунун 6 күнү, б.а. 6 доору жердеги убакыт менен эсептелип, кошулганда жалпысы 15 миллиард 750 миллион жыл болот. Бул сан ааламдын жашы боюнча жасалган учурдагы болжолдуу эсептерге абдан жакын.

Бул жыйынтык 21-кылымдын илими аныктаган чындыктар. Илим 1400 жыл мурда Куранда кабар берилген бир чындыкты дагы бир жолу тастыктоодо. Куран менен илим арасындагы мындай төп келүүчүлүк Курандын бүт нерсени билген жана жараткан Аллахтын вахийи экендигинин кереметтүү далилдеринин бири.





ТАГДЫР ЧЫНДЫГЫ



Аллах кааламайынча, силер каалай албайсыңар. Чынында Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Инсан Сүрөсү, 30)

 

Калифорния университетинин нейрофизиологу Проф. Бенжамин Либет (Benjamin Libet) 1973-жылы жасаган эксперименттеринин жыйынтыгында биздин тандоолорубуздун алдын-ала аныкталаарын, аң-сезимдин болсо бүт нерсе болуп бүткөн соң жарым секундадан кийин кабылдаарын аныктаган. Бул абал башка нейрофизиологдор тарабынан да «өтмүштө жашап жатабыз жана аң-сезим бүт нерсе болуп бүткөндөн жарым секундадан кийин көрсөткөн бир «монитор» сыяктуу» деп жоромолдонууда.

Ошондуктан биз кабылдаган жашоо, көз-ирмемдерибиздин эч бири чыныгы, өз убактысында эмес, чыныгы окуялардан жарым секундадай кеч калууда. Бенжамин Либет изилдөөлөрүн мээ операцияларынын наркоз берилбестен, т.а. оорулуунун аң-сезими толугу менен ордунда кезинде жасала алышынан пайдаланып ишке ашырган. Либет эксперимент жасалып жаткандардын мээлерине төмөн электрдик заряддар менен сигнал жиберип, колдоруна тийүү сезимин пайда кылганда, эксперимент жасалып жаткандар бул «тийүүнү» болжол менен жарым секунда мурда сезгенин айтышкан. Бенжамин Либет мындай өлчөөлөрү натыйжасында төмөнкүдөй жыйынтыкка келген: демейде бардык кабылдоолор мээге жөнөтүлүүдө. Бул жерде аң-сезимдин түпкүрүндө (подсознание) бааланып, жоромолдонуп жатканда, адам (аң-сезим) эч нерседен кабары болбойт. Аң-сезимибизде болгон, т.а. биз байкаган маалыматтар болсо бир топ кечигүүдөн соң кортекске (аң-сезим жайгашкан аймакка) жөнөтүлүүдө.

Бул жыйынтык кыскача мындай мааниге келет: бир булчуңду кыймылдатуу чечими бул чечимди аңдап-байкоодон мурда ишке ашат. Дайыма нейрологиялык же кабылдоо процесси менен биздин ал процессти көрсөткөн ой-пикир, сезим, кабылдоо же кыймыл-аракетти аңдап-кабылдашыбыз арасында бир кечигүү бар. Б.а. биз бир чечим алынган соң гана ал чечимди байкап, кабылдайбыз.

Проф. Бенжамин Либеттин эксперименттеринде мындай кечигүү 350-500 миллисекунда арасында болгон, бирок эң маанилүүсү бул сандардагы айырма эмес. Себеби Либеттин ою боюнча, мындай кечигүү болгон эле болсо, бул чоң же кичинекей болсун, бир саат же бир микросекунда болсун айырмасы жок, биздин заттык дүйнө деп кабылдаган ушул көз ирмемдеги жашообуз дайыма өтмүштө болууда. Бул ар бир ойдун, сезимдин, кабылдоонун же кыймылдын биз али биле электе ишке ашканын көрсөтөт, бул болсо келечектин толугу менен биздин колубузда эмес экенин далилдейт.

Проф. Бенжамин Либет башка кээ бир эксперименттеринде манжаларын каалаганда кыймылдатуу тандоосун эксперимент жасалып жаткандарга калтырган. Манжаларын кыймылдатуу учуру мээлеринен байкоо жасалган адамдардын бул чечимди кабыл алуудан мурда тиешелүү мээ клеткаларынын кыймылга келгени байкалган. Башкача айтканда, адамга «кыл» буйругу келүүдө, кыймылды жасоо үчүн мээ даярданууда; адам болсо 0,5 секундадан кийин гана муну аңдап-байкоодо. Бир кыймылды жасоо чечимин алып, анан жасап жаткан жок, ал үчүн мурдатан аныкталган кыймылдарды жасоодо. Бирок мээ убакытты жөнгө салып, адамдын чынында ушул көз ирмемди өтмүштө башымдан өткөрдүм деген сезимин жок кылууда. Демек, ушул учур дегенде чынында өтмүштө аныкталган бир окуяны жашап жатабыз. Байкалгандай, бул изилдөөлөр Инсан Сүрөсүнүн 30-аятында билдирилгендей, бүт нерсенин Аллахтын каалоосу менен ишке ашаарын тастыктап жатат. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Harun Yahya, Zamansızlık ve Kader Gerçeği (Убакыттын жоктугу жана тагдыр), Araştırma Yayıncılık)

 

 

ЖАРАТЫЛЫШТАГЫ ЖУПТАР

 

Жерден өсүп жаткандардан, алардын напсилеринен (алардын өзүнөн) жана али билбеген канчалаган нерселерден бардык жуптарды жараткан (Аллах абдан) Улуу. (Йасин Сүрөсү, 36)

 

Эркектик-ургаачылык «жуп» түшүнүгүн түшүндүрөт, бирок аяттагы «билбеген канча нерселерден» сүйлөмүнүн мааниси терең. Бүгүнкү күндө аят ишарат кылган маанилердин бирин көрүүдөбүз. Заттын жуптар абалында жаратылганын аныктаган англиялык илимпоз Поль Дирак (Paul Dirac) 1933-жылы Физика боюнча Нобель сыйлыгын алган. «Parité» деп аталган бул ачылыш заттын анти-зат деп аталган бир жубунун бар экенин аныктаган. Анти-зат затка тескери өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, затка тескери болгон анти-заттын электрондору плюс, протондору болсо минус заряддуу. Бул чындык илимий бир булакта мындайча орун алган:

... Ар бир бөлүкчөнүн тескери заряддуу бир анти-бөлүкчөсү бар. Кайдыгерлик (тең салмактуулук) байланышы бизге бул жуптардын бар болушу жана жок болушунун бүт жерде жана дайыма бир убакта ишке ашканын көрсөтүүдө.

Жаратылыштагы жуптардын дагы бир мисалы – бул өсүмдүктөр. Ботаниктер өсүмдүктөрдө жыныстык айырма бар экенин 100 жыл мурун гана аныктай алышты. Бирок Куранда өсүмдүктөрдүн жуптар абалында жаратылганы 1400 жыл мурда төмөнкү аяттар менен апачык билдирилген:

 

Ал асмандарды түркүксүз жараткан, муну көрүп турасыңар. Жерде болсо силерди чайпалтпасын деп чайпалбас тоолорду кылды жана ал жерде ар бир жандыкты көбөйтүп жайды. Биз асмандан суу түшүрдүк, муну менен жерде ар бир сонун жуптан бир өсүмдүк өстүрдүк. (Локман Сүрөсү, 10)

 

«(Раббим) жер бетин силер үчүн бир бешик кылды, анда силер үчүн жолдор төшөдү жана асмандан суу түшүрдү; муну менен ар түрдүү өсүмдүктөн жуптарды чыгардык.» (Таха Сүрөсү, 53)
 

 

Ошол сыяктуу мөмөлөр да ургаачы жана эркек болуп эки башка түзүлүшкө ээ. Куранда бул маалымат Рад Сүрөсүнүн 3-аятында айтылууда:

 

Ал жерди жайды, ал жерде туруктуу тоолор жана дарыяларды жаратты, ал жерде ар түрдүү мөмөдөн эки жуп (эркек-ургаачы) жаратты. Түндү күндүздүн үстүнө оройт. Албетте, мында ой жүгүрткөн бир коом үчүн аяттар бар. (Рад Сүрөсү, 3)

 

Аятта «жуп» деп которулган «зевжейни» сөзү Арап тилинде «түгөй» маанисинде колдонулган «зевж» сөзүнөн келип чыгат. Белгилүү болгондой, жетилген өсүмдүктөрдүн түшүмдөрүнүн акыркы абалы – бул мөмөлөрү. Мөмөдөн мурунку баскыч болсо – бул гүл. Гүлдөрдүн болсо эркектик жана ургаачылык органдары бар. Гүлгө чаңча ташылып, төлдөтүү ишке ашканда (эркек менен ургаачы көбөйүү клеткалары кошулганда), мөмө байлап баштайт. Убакыттын өтүшү менен мөмө жетилет жана урук төгүп баштайт. Бул чындык, т.а. мөмөлөрдө ар башка жыныстарга тиешелүү өзгөчөлүктөр бар экени, Куранда ишарат кылынган дагы бир илимий чындык.

 

 

АТОМДОН МАЙДА БӨЛҮКЧӨЛӨР

 

Грек философу Демокрит атактуу атом теориясын сунуштагандан бери адамдар зат атом деп аталган абдан кичинекей, эч бөлүүгө жана жок кылууга мүмкүн болбогон бөлүкчөлөрдөн турат деп ишенип келишкен эле. Бирок илим жана технологиядагы өнүгүүлөр атомдор жөнүндөгү мындай маалыматтарды кыйратты. Бүгүнкү күндө болсо заманбап илим заттын эң кичинекей бирдиги деп эсептелген атомдун да бөлүкчөлөргө бөлүнүшү мүмкүн экенин аныктады. Өткөн кылымда гана аныкталган бул чындык Куранда мындан 1400 жыл мурда адамдарга билдирилген:

 

... Асмандарда жана жерде кыпындай (зерре, атомдой) оордуктагы эч нерсе Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, баары сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).» (Себе Сүрөсү, 3)

 

... Жерде жана асманда кыпындай (зерре, атом салмагында) болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)

 

Көңүл бурулган болсо бул аяттарда «зерре» жана мындан да кичинекей бөлүкчөлөр жөнүндө сөз болууда. Арап тилинде колдонулган «зерре» сөзү «адамдар билген эң кичинекей бөлүкчө, чаң, атом» деген маанилерге келет.

Мындан 20 жыл мурдага чейин «атомдорду түзгөн эң кичинекей бөлүкчөлөр – бул протондор жана нейтрондор» деп кабыл алынып келген эле. Бирок жакында гана атомдун ичинде бул бөлүкчөлөрдү түзгөн абдан кичинекей бөлүкчөлөрдүн бар экени аныкталды. Атомдун ичиндеги «кичинекей бөлүкчөлөрдү» жана алардын өзгөчө кыймылдарын изилдөө үчүн «Элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасы» аттуу бир физика тармагы пайда болду. Элементардык бөлүкчөлөр физикасы жүргүзгөн изилдөөлөр төмөнкү чындыкты ачыкка чыгарды: атомду түзгөн протон жана нейтрондор да чынында «кварк» деп аталган андан да төмөнкү бөлүкчөлөрдөн турат. Адамдын акылы аңдап-түшүнө албагандай кичинекей болгон протонду түзгөн кварктардын чоңдугу болсо абдан таң калыштуу: 10-18 (0,000000000000000001) метр.53

Бул жерде дагы бир көңүл бурчу жагдай бар: зерре жөнүндөгү аяттарда өзгөчө салмакка көңүл бурулган. Аяттагы «мискале зерретин» (зерре салмагындагы) сүйлөмүндөгү «мискал» сөзү «салмак» маанисинде. Чынында эле атомду бөлүнө ала турган абалга алып келген протон, нейтрон жана электрон сыяктуу бөлүкчөлөрдүн ошол эле учурда атомдун салмагын түзгөн компоненттер экени аныкталган. Бул тараптан караганда, «зерренин» көлөмүнө же башка бир өзгөчөлүгүнө эмес, салмагына көңүл бурулушу – Курандын дагы бир илимий керемети. (Терең маалымат үчүн караңыз: Harun Yahya, Atom Mucizesi (Атом керемети), Araştırma Yayıncılık)

 

 

 
КАРА ТЕШИКТЕР

 

20-кылымда ааламдагы асман телолору жөнүндө көптөгөн жаңы ачылыштар жасалды. Бүгүнкү күндө жаңы гана аныкталган мындай телолордун бири – бул кара тешиктер. Кара тешиктер энергиясы түгөнгөн бир жылдыздын өзүнүн ичин көздөй кысылышы жана эң аягында жылдыздын ордуна чексиз тыгыздык жана нөл көлөмгө ээ абдан чоң бир тартылуу талаасынын пайда болушу натыйжасында пайда болууда. Кара тешикти үстүңкү беттик тартылуу күчү абдан күчтүү болгондуктан жана жарык анын ичинен кача албагандыктан, эң ири телескоптор менен да көрө албайбыз. Бирок өз ичине чөккөн жылдыз турган ордунун айланасына болгон таасири менен гана билинет. Аллах Вакыа Сүрөсүндө жылдыздардын ордуларына ант ичүү менен бул темага мындайча көңүл бурган:

 

Жок, жылдыздардын орундарына ант ичем. Шексиз, бул эгер билсеңер, чынында улуу бир ант. (Вакыа Сүрөсү, 75-76)

 

«Кара тешик» түшүнүгү алгачкы жолу 1767-жылы англиялык илимпоз Жон Митчелл (John Michell) тарабынан айтылып, «кара тешик» термини алгачкы жолу америкалык физик Жон Арчибальд Уилер (John Archibald Wheeler) тарабынан 1969-жылы колдонулган. Мурдалары бардык жылдыздарды көрө алабыз деп гипотеза жасалса, акыркы жылдары космосто биз нурларын көрө албаган жылдыздардын да бар экени аныкталган. Себеби энергиясын түгөткөн жылдыздардын нурлары да жоголууда.

Кара тешик – бул бир массанын жарык чыга албай тургандай кичинекей бир жерде чогулушу. Күчтүү тартылуу күчү фотондорду жана эң ыкчам бөлүкчөлөрдү да бул аймакта кармап калат. Күндөн 3 эсе чоң массага ээ болгон кадимки бир жылдыздын күйүшү жана жарылышы натыйжасында пайда болгон кара тешиктин көлөмү болгону 20 км болот. Кара тешиктер «кара», т.а. түздөн-түз көрүүгө болбойт. Өздөрүн кыйыр түрдө, башка асман телолорун өзүнө тарткан тартылуу күчү аркылуу таанытышат. Төмөнкү аятта да кыямат күнү тасвири менен бирге, бир тараптан кара тешиктер жөнүндөгү мындай илимий ачылышка да ишарат болушу мүмкүн:

 

Жылдыздар «жабылып (нурлары) өчүрүлгөндө», (Мүрселат Сүрөсү, 8)

 

Мындан тышкары, чоң массага ээ жылдыздар космосто бүгүлүүгө себеп болушат. Бирок кара тешиктер космосто бүгүлүүгө гана себеп болушпайт, ошол эле учурда астрофизиктер айткандай, космосту тешип өтүшөт. Бул өчкөн жылдыздардын кара тешиктер деп аталышынын себеби да ушул. Тарык Сүрөсүнүн үчүнчү аятында болсо «тешүүчү жылдыз» жөнүндө сөз болот:

 

Асманга жана Тарыкка ант болсун, Тарыктын эмне экенин сага эмне кабар берет? (Караңгыны) Тешкен жылдыз. (Тарык Сүрөсү, 1-3)

 

Аяттын Арапчасында «тешик» маанисине келген «сакб» уңгусунан «тешик ачуучу, тешүүчү жана тешип өтүүчү» маанилерине келген «эссакибу» сөзү колдонулууда. Кара тешиктерди сүрөттөгөн илимий эмгектерде болсо «тешик ачуу, тешүү» маанилерине келген англисче «puncture» сөзү колдонулууда. Кара тешиктердин өзгөчөлүгүн сүрөттөө үчүн Куранда колдонулган бул сөз абдан терең маанилүү. Аятта жылдыздар жөнүндөгү бул маалыматка да көңүл бурулган болушу – Курандын Аллахтын сөзү экенин далилдеген дагы бир маанилүү маалымат.

 

 

 

КАГУУЧУ ЖЫЛДЫЗДАР: ПУЛЬСАРЛАР

 

Асманга жана Тарыкка ант болсун, Тарыктын эмне экенин сага эмне кабар берет? (Караңгыны) Тешкен жылдыз. (Тарык Сүрөсү, 1-3)

 

Курандын 86-сүрөсү болгон «Тарык» - «тарк» уңгусунан чыккан бир сөз. Сөздүн чыныгы мааниси бир добуш чыга тургандай кылып катуу уруу, сүзүү маанилерине келет. Сөздүн эң түпкү мааниси болгон «сокку», «катуу уруучу» маанилери эске алынганда, бул сүрөдө абдан маанилүү бир илимий чындыкка ишарат кылынганы аныкталат. Алгач аятта бул жылдыздарды сүрөттөгөн башка сөздөрдү карайлы:

Жогорудагы аяттагы «эттарики» сөзү түндү тешүүчү, караңгыны жаруучу жылдыз, түнкүсүн чыгуучу, тешип өтүүчү, уруучу, кагуучу, кескин жылдыз маанилерине келет. Мындан тышкары аяттагы «вав» сөзү менен ант ичилип, ант ичилген нерселердин, т.а. асмандын жана Тарыктын, маанисине көңүл бурулууда.

Жоселин Белл Бурнелл (Jocelyn Bell Burnell) 1967-жылы Англия Кембридж университетинде жасаган изилдөөлөрү учурунда бир калыптуу бир радио сигналын кармаган эле. Бирок ал доорго чейин жүрөктүн согушу сыяктуу бир калыптагы соккулардын булагы болушу мүмкүн болгон бир асман телосу билинчү эмес. Бирок 1967-жылы астрономдор өз огунда айланган ядродогу заттын тыгыздыгы өскөн сайын жылдыздын магниттик талаасынын да тыгыздыгынын өскөнүн жана натыйжада жылдыздын уюлдарында жердин магниттик талаасынан 1 триллион эсе көп күч пайда болоорун аныкташты. Мынчалык ыкчам айланган жана мынчалык күчтүү магниттик талаага ээ болгон бир заттын жылдыз ар бир айланган сайын конус сыяктуу болгон абдан күчтүү радио толкундары түзгөн бир нурду таркатаарын байкашты. Кийинчерээк бул сигналдардын булагынын нитрон жылдыздарынын абдан чоң бир ылдамдыкта айланышы экени аныкталган. Бул нитрон жылдыздар «пульсарлар» деп аталат. Супернова жарылуулары менен өлүп «пульсар» абалына келген бул жылдыздар ааламдын эң оор массалуу, эң жаркыраган жана эң кыймылдуу телолору. Кээ бир улгайган пульсарлар өз айланаларында секундасына 600 жолу айланышат.

Пульсар сөзү англис тилиндеги «pulse» этишинен келип чыккан. American Heritage сөздүгү боюнча бул этиш «бир калыптуу жана ритмдүү согуу» маанисине келет. Webster сөздүгү болсо бул сөзгө «ылдам уруу, жүрөк сыяктуу согуу» маанилерин берет. American Heritage сөздүгү боюнча ушуга окшош уңгуга ээ болгон башка бир этиш «pulsate» болсо «ритмикалык кеңейүү жана кысылуу, согуу» маанилерине ээ.

Мына ушул ачылыштан соң Куранда «тарык» б.а. «согуу» сөзү менен айтылгандын пульсар деп аталган нитрон жылдыздарга абдан окшош экени байкалган. Супернова ири жылдыздардын ядролору ичине чөгүп, нитрон жылдыздарын пайда кылат, бул кичинекей жана жогорку тыгыздыктагы, ыкчам айланган айлана абалындагы зат жылдыздын салмагынын жана магниттик талаасынын көп бөлүгүн камап калат жана кысат. Бат айланган бул нитрон жылдызы пайда кылган күчтүү магниттик талаанын жерден аныктоого мүмкүн болгон күчтүү радио толкундардын жайылышына себеп болоору аныкталган.

Тарык Сүрөсүнүн үчүнчү аятында болсо тешүүчү, жарып өтүүчү, тешик ачуучу, жаркыратуучу маанилерине келген «эннежму эссакибу» сөзү менен Тарыктын караңгыны тешип өтүүчү жаркыраган жылдыз экени баса белгиленген. Тарык Сүрөсүнүн экинчи аятында болсо «Тарыктын эмне экенин сага эмне кабар берет?» суроосундагы «эдраке» сөзү аңдап, түшүнүү маанисин берет. Күндүн бир канча эсеси болгон жылдыздардын кысылып кичирейиши натыйжасында пайда болгон пульсарлар аңдап түшүнүү кыйын болгон асман телолору арасында. Аяттагы суроо аркылуу бул согуучу жылдызды түшүнүү кыйын экенине басым жасалууда. (Эң туурасын Аллах билет.)

Байкалгандай, Куранда Тарык деп сүрөттөлгөн жылдыздар 20-кылымдын аягында ачылган пульсарларга абдан окшош жана бизге Курандын дагы бир илимий кереметин көрсөтүүдө.

 

 

СИРИУС ЖЫЛДЫЗЫ

 

Курандагы кээ бир сөздөр 21-кылымдын илимий маалыматтары менен изилденгенде бизге бир Куран керемети катары чыгууда. Булардын бири Нажм Сүрөсүнүн 49-аятындагы Сириус жылдызы:

 

Чынында, «Шиъра (жылдызы)нын» Раббиси – Ал. (Нежм Сүрөсү, 49)

 




Арап тилинде «Шиъра» деп аталган Сириус жылдызынын бир гана «жылдыз» маанисине келген Нажм Сүрөсүнүн 49-аятында жайгашышы абдан маанилүү жагдай. Себеби илимпоздор түндөлөрү асмандын эң жаркыраган жылдызы болгон Сириус жылдызынын кыймылдарынын бир калыптуу болбошуна карап, анын бир жуп жылдыз экенин аныкташты. Ошондуктан Сириус – Сириус А жана Сириус В деп аталган эки жылдыздан турган бир топ жылдыз. Булардын чоңураагы болгон Сириус А Сириус Вга караганда жерге жакыныраак, жана өзгөчөлүгү – куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болгон эң жаркыраган жылдыз болушу. Сириус В жылдызынын өзгөчөлүгү болсо – бул телескопсуз көрүүгө мүмкүн болбошу.

Сириус топ жылдызы бири-бирин көздөй жаа абалында бир ок чийишет жана ар бир 49,9 жылда бир бири-бирине жакындап, асманда созулушат. Бул илимий маалымат учурда Гарвард, Оттава жана Leicester университеттеринин астрономия бөлүмдөрү бир добуштан кабыл алган илимий бир чындык. Кээ бир булактарда бул маалыматтар мындайча баяндалат:

Эң жаркыраган жылдыз Сириус – чынында бир жуп жылдыз... Айлануу периоду 49,9 жыл.

Белгилүү болгондой, Сириус-А жана Сириус-В жылдыздары бири-биринин айланасында ар бир 49,9 жылда бир жуп жаа сызыгы сызышып, айланышат.

Бул жерде көңүл бура турган жагдай – бул эки жылдыздын бир-биринин айланасында айланып жатканда жаага окшош эки орбита сызышы.

Бирок 20-кылымдын аягына жакын аныкталган бул илимий чындыкка кереметтүү абалда мындан 14 кылым мурда Куранда ишарат кылынган. Нажм Сүрөсүнүн 49- жана 9-аяттары чогуу окулганда, бул кереметти көрөбүз:

 

Чынында, «Шиъра (жылдызы)нын» Раббиси – Ал. (Нежм Сүрөсү, 49)

 

(Экөөсү арасындагы аралык) эки жаадай (болду) же андан да жакындашты. (Нежм Сүрөсү, 9)

 

Нажм Сүрөсүнүн 9-аятынан түшүнүлгөн «экөөсү арасындагы аралык» сөзү бизге бул эки жылдыз сызган орбитада бири-бирине жакындаарын билдирүүдө. (Эң туурасын Аллах билет.) Куран вахий кылынган доордо билүү эч мүмкүн болбогон бул илимий чындык бизге Курандын Улуу Раббибиздин бир сөзү экенин дагы бир жолу далилдөөдө.

 

 

НУР ЖАНА КАРАҢГЫЛЫКТАР

 

Мактоолор (хамд) асмандарды жана жерди жараткан, караңгылыктарды жана жарыкты (нурду) жасаган Аллахка тиешелүү... (Энъам Сүрөсү, 1)

 

Белгилүү болгондой, айланада жарык булагы болбосо, бир адамдын айланасындагыларды куралсыз көз менен көрүшү мүмкүн болбойт. Бирок биз көрө алган нур – нур таркатуучу энергиянын абдан кичинекей бир бөлүгү гана. Адам көрө албаган, бирок нур чыгарган башка энергия түрлөрү да бар: инфра-кызыл, ультра-кырмызы, Х нурлары жана радио толкундар сыяктуу. Жана адам нурдун бул толкун узундуктары алдында сокур абалында.

Куранда «караңгылык» сөзүнүн дайыма «караңгылыктар» деп айтылышы да бул тараптан маанилүү. Арап тилинде «зулумат» деп айтылган «караңгылыктар» сөзү Куранда 23 аятта көптүк түрдө колдонулган. Жекелик түрдө болсо эч колдонулган эмес. Куранда караңгылык сөзүнүн мындай колдонулушу биз көрө алган жарык толкуну узундуктарынан башка дагы нур түрлөрүнүн болушу мүмкүн экенине көңүл бурууда.

Бул жердеги көптүк түрдө айтылышынын себебин илимпоздор жакында гана аныкташты. Толкун узундуктары – бул электромагниттик радиация катары таанылган энергиянын ар кандай түрлөрү. Электромагниттик радиациянын бардык ар кандай түрлөрү космосто энергия толкундары абалында кыймылдашат. Муну бир көлгө ыргытылган таштар пайда кылган толкундарга окшоштурууга болот. Жана бул көлдөгү толкундар ар башка чоңдуктарда болгон сыяктуу эле, электромагниттик радиациянын да ар түрдүү толкун чоңдуктары (узундуктары) бар.

Ааламдагы жылдыздын жана башка нур булуктарынын баары бир түрдүү нур чыгарышпайт. Мындай ар башка нурлар толкун узундуктарына карап класстарга бөлүнөт. Ар башка толкун узундуктары түзгөн кеңдик болсо абдан чоң. Эң кичинекей толкун узундугуна ээ болгон гамма нурлары менен эң чоң толкун узундугуна ээ болгон радио толкундар арасында 1025'тик (миллиард жолу миллиард жолу миллиарддык) бир айырма бар. Күн өзүнөн чыгарган нурлардын баарына жакыны бул 1025'тик кеңдиктин жалгыз бир бирдигине батырылган.

Бул сандын чоңдугун жакшыраак түшүнүү үчүн мындай бир салыштыруу жасоого болот. Эгер 1025 санын санагыбыз келгенде, күнү-түнү эч токтобостон санап, бул жумушту жердин жашынан 100 миллион эсе узун бир убакыт бою улантышыбыз керек болмок. Ааламдагы ар түрдүү толкун узундуктары мына ушунчалык кеңири бир кеңдикте таркаган. Күндөн чыккан толкун узундуктарынын болсо 70%ы 0,3 микрон менен 1,5 микрон арасындагы кеңдиктин ичинде. Бул интервалда үч түрдүү нур бар: көзгө көрүнгөн нур, жакын инфра-кызыл нурлар жана жакын ульра-кырмызы нурлар. «Көзгө көрүнүүчү нур» деп аталган бул нурлар электромагниттик кеңдиктин 1025'тен бирден да аз бир аралыкта болгонуна карабастан, жалпы күн нурларынын 41%ын түзөт.
Байкалгандай, көздөрүбүз көрө алган электромагниттик толкундар жарык спектринин абдан кичинекей бир бөлүгүн гана түзөт. Калган бөлүгү болсо адам үчүн кеңири масштабдуу караңгылык дегенди билдирет жана бул интервалдан (аралыктан) тышкаркы толкун узундуктары болсо адам сокур болгон (эч нерсе көрбөгөн) аймактар.

36.          http://science.nasa.gov/newhome/headlines/ast08dec98_1.htm
37.          http://science.nasa.gov/newhome/headlines/ast08dec98_1.htm
38.          Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 115.
39.          http://www.planetwaves.net/polar_NYT.html; New York Times, 19 Ağustos 2000.
40.          http://nssdc.gsfc.nasa.gov/planetary/factsheet/earthfact.html
41.          http://tea.rice.edu/schauer/6.23.2000.html; http://www.eri.u-tokyo.ac.jp/seno/sealevel_abst.html; http://theory.uwinnipeg.ca/mod_tech/node195.html; http://www.nekkah.com/Main/EngPage/Scientific_Signs_in_the_Quran.htm
42.          Dr. Mazhar, U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, 1997, ss. 110-111; http://www.wamy.co.uk/announcements3.html; Prof. Zighloul Raghib El-Naggar'ın konuşmasından.
43.          Dr. Mazhar, U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, 1997, ss. 110-111; http://www.wamy.co.uk/announcements3.html
44.          http://www.istanbul.edu.tr/fen/astronomy/populer/cevre/cevresi.htm; Yard. Doç. Dr. Yüksel Karataş, İstanbul Üniversitesi Fen Fakültesi Astronomi ve Uzay Bilimleri Bölümü, Popüler Bilim (Popular Science Magazine), no. 92, 2001, ss. 38-43, [American Scientist, c. 88, s. 1].
45.          Michael J. Denton, Nature's Destiny, The Free Press, 1998, s. 198.
46.          http://www.inm-gmbh.de/cgibin/frame/frameloader.pl?sprache=en&url=http://www.inm-gmbh.de/htdocs/technologien/highlights/highlights_en.htm
47.          "Nanotechnology successfully helps cancer therapies", IIC Fast Track, Nanotech News from Eastern Germany, Industrial Investment Council, Ekim 2003;www.iic.de/uploads/media/NANO_FT_Nov2003_01.pdf
48.          Benjamin Libet, "Unconscious cerebral initiative and the role of conscious will in voluntary action", The Behavioral and Brain Sciences, 1985, ss. 529-566.
49.          http://www.genetikbilimi.com/genbilim/bilincbeyninkuklasi.htm
50.          http://faculty.virginia.edu/consciousness/new_page_8.htm#5.10.%20Free%20will%20as%20the%20possibility%20of%20alternative%20action
51.          http://www.2think.org/nothingness.shtml; Nothingness: The Science of Empty Space, Henning Genz, s. 205.
52.          http://www.therevival.co.uk/Revival_issue/vol5_iss2_quran_miracle.htm
53.          http://i115srv.vu-wien.ac.at/physik/ws95/ w9560dir/w9561d10.htm
 

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder