20 Kasım 2012 Salı

КУРАНДЫН ИЛИМИЙ КЕРЕМЕТТЕРИ 6-БӨЛҮК


ГЕНДЕРДЕГИ ПРОГРАММА

 

(Аллах) Аны эмнеден жаратты? Бир тамчы суудан жаратып, аны «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салды.» Кийин ага жолду жеңилдештирди. (Абаса Сүрөсү, 18-20)

 

Бул аятта «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салды» деп которулган «каддере» сөзү Арап тилинде «кадере» этиш уңгусунан чыгууда жана «жөнгө салуу, ченеп бычуу, пландоо, программалоо, келечекти көрүү, Аллахтын бир нерсени (тагдырда) жазышы» маанилерине келүүдө.

Белгилүү болгондой, атанын сперма клеткасы эненин жумуртка клеткасын уруктаганда төрөлө турган наристенин бардык генетикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн атанын жана эненин гендери биригет. Бул миңдеген гендин ар биринин өзүнчө бир функциясы бар. Чач жана көздүн өңүн, боюнун узундугун, бетинин формасын, скелет түзүлүшүн; ички органдардагы, мээ, нервдер жана булчуңдардагы сансыз детальдарды гендер аныктайт. Бардык физикалык өзгөчөлүктөрдөн тышкары, клеткаларда жана денеде ишке ашкан миңдеген ар кандай окуя жана системанын башкарылышы да гендерде жазылган. Мисалы, адамдын кан басымынын төмөн, жогору же нормада болушу да гендердеги маалыматтардан көз-каранды.

Сперма менен жумуртка кошулганда, пайда болгон алгачкы клетка менен бирге адамдын жашоосунун аягына чейин ар бир клеткасында кодун алып жүрө турган ДНК молекуласынын да алгачкы копиясы пайда болгон болот. ДНК – бул клетканын ядросунда абдан аяр корголгон абдан чоң бир молекула жана бул молекула жогоруда айтылган гендерди өзүнө камтыган, адам денесинин бир маалымат базасы. Урукталган жумуртка деп атаган алгачкы клеткабыз мындан соң ДНКдагы жазылуу программага жараша көбөйөт жана бир адамга айлануу үчүн денедеги кыртыштарды, органдарды түзүп баштайт. Мына ушул комплекстүү түзүлүштүн координациясы ДНК молекуласы –көмүртек, фосфор, азот, суутек жана кычкылтек сыяктуу атомдордон турган бир молекула- тарабынан камсыздалат.

ДНКдагы жазылуу маалыматтын көлөмү болсо илимпоздорду абдан таң калтырган көлөмгө ээ. Адамдын жалгыз бир ДНК молекуласында толук бир миллион энциклопедия барагын же болбосо болжол менен 1000 китепти толтура турган көлөмдөгү маалымат бар. Башкача айтканда, ар бир клетканын ядросунда адамдын денесинин функцияларын башкарууга жарай турган бир миллион беттик бир энциклопедияга бата турган көлөмдөгү маалымат коддолгон. Бир салыштыруу жасасак, дүйнөнүн эң ири энциклопедияларынын бири болгон 23 томдук Encyclopedia Britannica'нын да жалпы 25 миң бети гана бар. Микроскопиялык клетканын ичиндеги андан бир топ кичинекей бир ядродогу бир молекулада миллиондогон маалымат камтыган дүйнөнүн эң чоң энциклопедиясынан 40 эсе чоң бир маалымат кампасы сакталуу турат. Бул болсо болжол менен 1000 томдук, дүйнөдө башка теңдеши жок, абдан чоң бир энциклопедия дегенди билдирет.

ДНКнын түзүлүшүнүн 1953-жылы Фрэнсис Крик (Francis Crick) тарабынан ачылганын эске алсак, эмбриологдор 19-кылымдын аягына чейин талаша албаган «генетикалык пландоо» түшүнүгүнө Куранда 1400 жыл мурдатан ишарат кылынышы – албетте, Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринен. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, DNA'daki Yaratılış Mucizesi (ДНКдагы жаратылуу керемети), Araştırma Yayıncılık)

 

 

МЕНСТРУАЦИЯ УБАГЫ

 

Менструация убагы – бул уруктанбаган жумуртка денеден чыгарылган период. Уруктануу ишке ашпагандыктан, мурда даярданган жатын кабы керилип, капиллярлардын үзүлүшү натыйжасында жумуртка сыртка чыгарылат. Бул периоддон соң дене бардык бул процесстерди кайрадан жасоо үчүн даярданып баштайт.

Бул баскычтардын баары белгилүү бир период бою бардык аялдарда тынымсыз кайталанат. Ай сайын жаңы жумуртка клеткалары пайда болот. Бир эле гормондор бирдей периоддордо кайра кайра чыгарылат, аялдын денеси уруктануу болчудай болуп даярданат. Бирок акыркы баскычта сперманын болушуна же болбошуна жараша денедеги даярдыктардын багыты өзгөрөт.

Бул периоддо аялдын жатын боштугунда кандай өзгөрүүлөр болоорун аныктоо болсо бир анатомист же гинеколог жасаган изилдөөлөр менен гана мүмкүн болот. Илимпоздор жакында гана ачкан мындай өзгөрүүлөргө кереметтүү абалда Рад Сүрөсүнүн 8-аятында көңүл бурулган:

 

Аллах ар бир ургаачынын эмнеге кош бойлуу экенин жана жатындарынын эмнени кемитип, эмнени кошконун билет. Анын Кабатында бүт нерсе бир өлчөө-эсеп менен. (Рад Сүрөсү, 8)

 

Менструация убагынын башталышында жатын кабындагы эндометрия катмары 0,5 мм калыңдыкта. Энелик клеткалар тарабынан чыгарылган гормондордун таасири менен бул катмар чоңойот жана 5-6 мм калыңдыкка жетет. Уруктануу болбогондо болсо катмар талкаланат. Жогорудагы аятта көрүлгөндөй, жатын кабында ай сайын кайталануучу мындай көбөйүү жана азайууларга да Куранда көңүл бурулган.

 

 

КОШ БОЙЛУУЛУК ЖАНА ТӨРӨТ

 

Кыйрап калгыр адам, канчалык нашүгүр. (Аллах) Аны эмнеден жаратты? Бир тамчы суудан жаратып, аны «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салды.» Кийин ага жолду жеңилдештирди. (Абаса Сүрөсү, 17-20)

 

Эне курсагындагы баланын «түйүлдүк» абалы алтынчы айдын аягында толук калыптанат. Андан соң жатын инкубация периодуна кирет. Наристенин бардык дене органдары жана системалары ушул мөөнөт ичинде өнүккөн болот жана жатын түйүлдүктүн чоңойушу үчүн азык берип, бул чоңойууну ылдамдатат. Бул процесс түйүлдүк эненин жатынынан чыккан төрөт кезине чейин уланат.

Кадимки учурда төрөт каналы абдан тар жана түйүлдүктүн ал жерден өтүшү абдан оор. Бирок төрөт учурунда эненин денесинде ар кандай физиологиялык өзгөрүүлөр болот. Мындай өзгөрүүлөр түйүлдүктүн төрөт каналында оңой кыймылдашын камсыздайт. Мындай өзгөрүүлөрдүн кээ бирлери төмөнкүлөр: жамбаш сөөктөрдөгү байламталардын төрөт каналын кеңейтүү үчүн чоюлушу, каналдын андан да кеңейиши үчүн булчуңдардын жумшарышы, түйүлдүктүн айланасындагы амниотикалык суюктуктун каналды майлашы.99 Илимий бир булакта төрөттөн мурдакы мындай өзгөрүү мындайча сүрөттөлөт:

Жаңы бир дүйнөгө кадам таштай турган түйүлдүк үчүн бардык даярдыктар бүткөндө, амниотикалык суюктук да төрөт үчүн жаңы аракеттерди баштайт. Жатындын оозун кеңейте турган суу чөйчөкчөлөрү түзгөн амниотикалык суюктук мунун урматында жатынды наристе өтө турган чоңдукка жеткирет. Бул чөйчөкчөлөр ошол эле учурда түйүлдүктүн төрөт учурунда жатында кысылып калышына да тоскоол болот. Мындан тышкары, төрөт башталганда чөйчөкчөлөр тешилип, ичинде суюктуктар акканда болсо түйүлдүк жүрө турган жол тайгалак болуп калат жана тазаланат (стерилизацияланат). Натыйжада төрөт бир тараптан бейпил, оңой, экинчи тараптан болсо микроптордон табигый жол менен тазаланган абалда ишке ашат.

Байкалгандай, Куранда бул процесске «Кийин ага жолду жеңилдештирди» (Абаса Сүрөсү, 20) аяты аркылуу апачык ишарат кылынууда. 1400 жыл мурда Аллах билдирген мындай физиологиялык өзгөрүүлөрдү аныктоо болсо учурда көптөгөн технологиялык аппараттар урматында гана мүмкүн болду.

 

 

АДАМ ОРГАНДАРЫНЫН ӨНҮГҮҮ КЕЗЕГИ

 

Ал силер үчүн кулактарды, көздөрдү жана көңүлдөрдү жараткан; канчалык аз шүгүр кыласыңар. (Мүминун Сүрөсү, 78)

 

Аллах силерди энелериңердин курсагынан эчтеке билбеген абалда чыгарды жана шүгүр кылаарсыңар деп угуу, көрүү (сезүү органдарын) жана көңүлдөр берди. (Нахл Сүрөсү, 78)

 

Айткын: «Ойлонуп көрдүңөрбү, эгер Аллах силердин угууңарды жана көрүүңөрдү (кулак жана көзүңөрдү) алып койсо жана жүрөктөрүңөрдү мөөрлөсө, аларды силерге Аллахтан башка бере ала турган кудай барбы?... (Энъам Сүрөсү, 46)

 

Шексиз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). (Инсан Сүрөсү, 2)

 

Бул аяттарда Аллах адамдарга тартуулаган бир катар сезүү органдары жөнүндө сөз болууда. Көңүл бурулган болсо, Куранда бул сезүү органдары жөнүндө дайыма белгилүү бир катарда сөз болууда: угуу, көрүү, сезүү жана түшүнүү.

Эмбриолог Др. Кейт Мур (Keith Moore) Journal of Islamic Medical Association'да жарыкка чыккан бир макаласында эмбриондун өрчүү баскычында ички кулактардын алгачкы абалы аныкталган соң көздүн пайда болуп баштаганын айткан. Сезүү жана түшүнүү борбору болгон мээнин болсо кулак жана көздөн соң өрчүп баштаганын айтууда.

Эне курсагындагы бала түйүлдүк учурунда, кош бойлуулуктун жыйырма экинчи күнү сыяктуу эрте бир учурда кулактар өрчүйт жана кош бойлуулуктун төртүнчү айында кулак толук иштей турган абалга келет. Түйүлдүк мындан соң эненин курсагындагы үндөрдү уга алат. Ошондуктан жаңы төрөлгөн бир бала үчүн угуу сезими башка жашоо функцияларынан мурда пайда болот. Куран аяттарындагы сезүү органдарынын катары бул жагынан терең мааниге ээ.

 

 

СҮТТҮН ПАЙДА БОЛУШУ

 

Силер үчүн жаныбарларда да албетте насааттар бар, силерге алардын курсактарындагы ферс (жарым сиңген азыктар) менен кандын арасынан, ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз. (Нахл сүрөсү, 66)

 

Дененин азыктанышын камсыздаган негизги заттар тамак сиңирүү системасындагы химиялык айлануулар натыйжасында пайда болот. Сиңирилген мындай азык заттар кийинчерээк ичеги аркылуу кан айлануу системасына өтүшөт. Кан айлануу урматында тиешелүү органдарга жеткирилишет.

Сүт бездери да башка дене кыртыштары сыяктуу кан аркылуу аларга алып келинген сиңирилген азыктар менен азыктанышат. Ошондуктан кан тамактардан келген азыктардын топтолуп жеткирилишинде абдан маанилүү ролго ээ. Сүт болсо бардык мындай баскычтардан соң сүт бездери тарабынан чыгарылат жана сиңирилген азыктын кан аркылуу алып келиниши натыйжасында пайда болгон үчүн азыктык баалуулугу болушунча жогору. Адамдар жаныбардын курсагындагы жарым сиңирилген азыкты да, жаныбардын канын да түздөн-түз жей алышпайт. Буларды түздөн-түз жеп-ичүү олуттуу ууланууга, ал тургай өлүмгө да себеп болушу мүмкүн. Бирок Аллах Өзү жараткан абдан комплекстүү биологиялык системалар урматында бул суюктуктардын ичинен таза жана пайдалуу бир азыкты адамдарга тартуулоодо. Натыйжада адамдар түздөн-түз азыктана албаган кан жана жарым сиңирилген азыктан ичүүгө мүмкүн болгон, азыктандыруучу сүт өндүрүлгөн болот.

Байкалгандай, Нахл Сүрөсүнүн 66-аятында сүттүн биологиялык пайда болушунун сүрөттөлүшү учурда илим ортого койгон маалыматтарга абдан дал келет. Сүт эмүүчүлөрдүн тамак сиңирүү системасына байланыштуу адистикти талап кылган мындай бир маалыматтын Куран түшүрүлгөн доордо адамдар тарабынан билинишинин мүмкүн эмес экени болсо апачык.

 

 

КЕРЕМЕТТҮҮ АРАЛАШМА: ЭНЕ СҮТҮ

 

Биз адамга эне жана атасын (аларга жакшы мамиле кылууну) насаат кылдык. Энеси аны абдан кыйынчылык менен (курсагында) көтөрүп жүргөн. Анын (сүттөн) чыгышы эки жыл ичинде (болот). «Мага да, эне жана атаңа да шүгүр кыл, Мага гана кайтасыңар.» (Локман Сүрөсү, 14)

 

Эненин сүтү – бул наристенин азык муктаждыктарын кемчиликсиз камсыздоо жана наристени ыктымалдуу инфекциялардан коргоо үчүн Аллах жараткан теңдешсиз бир аралашма. Эне сүтүндөгү азыктык заттардын тең салмактуулугу эң идеалдуу өлчөмдөрдө жана наристенин али жетиле элек дене системалары үчүн эң сонун формада. Ал камтыган азыктардын наристе үчүн идеалдуу өлчөмдөрдө болушу себебинен «кереметтүү аралашма» деп атоого боло турган эне сүтү наристенин мээ клеткаларынын чоңойушун камсыз кылуучу жана нерв системасынын өрчүшүн ылдамдатуучу азыктарга абдан бай. Учурдун эң акыркы технологиясы менен даярдалган жасалма наристе азыктары да бул кереметтүү азыкка жете албай келүүдө.

Изилдөөлөр жыйынтыгында эне сүтүнүн наристеге болгон пайдаларына күн сайын жаңылары кошулууда. Мисалы, эне сүтү менен эмизилген наристелердин өзгөчө дем алуу жана тамак сиңирүү каналынын инфекциялардан корголоору аныкталган. Себеби эне сүтүндөгү антителолор инфекциядан түздөн-түз калканыч болушат. Эне сүтүнүн башка инфекцияга каршы өзгөчөлүктөрү болсо – бул «нормалдуу флора» деп аталган «жакшы» бактерияларга достой «мамиле кылып», зыяндуу бактериялар, вирустар же паразиттердин жашашына болсо тоскоол болушу. Мындан тышкары, эне сүтүндө жугуштуу ооруларга карата иммундук системаны жөнгө салган жана жакшы иштешин камсыздаган факторлор да аныкталган.

Эне сүтү наристе эң оңой сиңире ала турган азык. Азыктарга абдан бай болгонуна карабастан, наристелердин назик системаларына ылайыктуу болуп сиңиши оңой. Натыйжада наристе азыктарды сиңирүүгө азыраак энергия короткондуктан, энергиясын дененин башка кыймыл-аракеттерине, чоңойууга жана органдарынын өнүгүшүнө каржаган болот.

Эрте төрөгөн энелердин сүтүндө кереметтүү абалда наристенин муктаждыгына ылайык көбүрөөк май, протеин, натрий, хлорид жана темир болот. Өз энелеринин сүтү менен азыктанган эрте төрөлгөн (недоношенный) наристелерде көз функцияларынын жакшыраак өнүгүшү, мээ тесттеринде ийгиликтүүрөөк болуу сыяктуу көптөгөн артыкчылыктар аныкталган.

Эне сүтүнүн жаңы төрөлгөн наристелердин өнүгүшүндөгү маанилеринин бири – бул омега-3 май кислоталарын камтышы. Омега-3 май кислоталары адамдын мээси жана көз торчосунун маанилүү бир компоненти болгондуктан, өзгөчө жаңы төрөлгөн наристелер үчүн мааниси чоң. Омега-3 өзгөчө кош бойлуулук периоду боюнча жана наристелик периоддун баштарында мээ жана нервдердин жетиштүү өрчүшү үчүн да абдан маанилүү. Эне сүтү болсо табигый жана кемчиликсиз бир омега-3 кампасы болгондуктан, илимпоздор эне сүтүнүн маанисине өзгөчө басым жасашууда.

Мындан тышкары, Бристол (Bristol) университетинин илимпоздору жасаган изилдөөлөрдө эне сүтү менен тамактануунун узун мөөнөттүү пайдалары арасында кан басымына оң таасири бар экени жана натыйжада жүрөк кризиси рисктеринин азайаары аныкталган. Изилдөөнү жасаган топ эне сүтүнүн коргоочу өзгөчөлүгү анын курамы менен байланыштуу дешет. Circulation аттуу медицина журналында жарык көргөн изилдөө жыйынтыктары боюнча, эне сүтү менен азыктанган наристелердин жүрөк ооруларына чалдыгуу риски төмөнүрөөк. Эне сүтүндө кан-тамырдын катуулугуна тоскоол болуучу май кислоталарынын болушу себебинен эне сүтү менен азыктанган наристелер азыраак натрий алышкандыктан жана ашыкча салмак топтошпогондуктан, эне сүтүнүн жүрөк ооруларынын рискин азайтаары аныкталган.

Мындан тышкары, АКШдагы Цинциннати (Cincinnati) университетине караштуу балдар ооруканасынын кызматкери Лиза Мартин (Lisa Martin) башчылык кылган топ эне сүтүндө көп санда «адипонектина» аттуу протеин гормонун табышты. Канда көп санда адипонектинанын болушу жүрөк кризиси рискинин төмөндөшү менен байланыштуу деп айтылат. Толук (ашыкча салмактуу) жана жүрөк кризиси жогору болгон адамдарда болсо кандагы адипонектинанын саны аз. Ошондуктан эне сүтү менен азыктанган наристелердин келечекте толук (ашыкча салмактуу) болуу рискинин ушул гормондун негизинде азайаары аныкталды. Мындан тышкары, эне сүтүндө лептина деп аталган жана май метаболизмасында абдан маанилүү бир рол ойногон дагы бир гормондун бар экени аныкталган. Илимпоздордун ою боюнча, лептина денедеги май жөнүндө мээге жөнөтүлгөн бир сигнал. Ошондуктан Др. Мартиндин түшүндүрмөлөрү боюнча наристе кезинде эне сүтү аркылуу алынган бул гормондор келечекте ашыкча салмактуулук (семирүү), 2-тип шекер оорусу, инсулинге резустуулук жана жүрөк оорусу сыяктуу оорулардын рискин төмөндөтүүдө.

 

«Эң жаңы азык» жөнүндөгү чындыктар

Эне сүтү жөнүндөгү чындыктар булар менен эле чектелбейт. Эне сүтүнүн балага пайдалары наристенин чоңойушуна жараша өзгөрөт жана наристенин кайсы жашта кандай азыкка муктаждыгы болсо, сүттүн ичиндеги компоненттери да жашына жараша өзгөрүп турат. Идеалдуу температурада дайыма даяр турган эне сүтү ичиндеги шекер жана май менен мээнин өрчүшүндө да маанилүү бир рол ойнойт. Ошондой эле, сүттүн ичиндеги кальций сыяктуу элементтер наристенин сөөктөрүнүн өрчүшүндө чоң мааниге ээ.

Бул кереметтүү аралашма сүт деп аталса да, негизи эне сүтүнүн 90%ы суудан турат. Бул дагы абдан маанилүү бир өзгөчөлүк. Себеби наристелер азык менен бирге суюктук катары сууга да муктаж болушат. Эне сүтүнөн тышкары ичиле турган суу же башка суюктуктар толугу менен гигиеналык таза болбошу мүмкүн. Ал эми 90%ы суу болгон эне сүтү аркылуу наристенин суу муктаждыгы да эң гигиеналык негизде камсыздалууда.

 

Эне сүтү жана мээ

Илимий изилдөөлөр эне сүтүн эмген наристелердин мээсинин өрчүшүнүн эне сүтүн эмбеген наристелерге салыштырмалуу жакшыраак экенин көрсөтүүдө. Кентукки (Kentucky) университетинин адистеринен Жейм Андерсондун (Jame Anderson) эне сүтү менен азыктанган балдар менен бутылка менен азыктангандар арасында салыштыруу жасаган изилдөөсү натыйжасында «эне сүтү менен тамактанган балдардын IQ'ларынын бутылка менен тамактанган балдардыкына салыштырмалуу 5 баллга жогору экени» аныкталган. Бул изилдөө жыйынтыгында наристенин мээсинин эне сүтү менен өнүгүшүнүн 6 айга чейин болушу мүмкүн экени, 8 жумадан аз эне сүтүн эмген балдарда болсо эне сүтүнүн мээге пайда бербеши да аныкталган.

 

Эне сүтү ракка дарыбы?

Жүргүзүлгөн изилдөөлөр натыйжасында ал жөнүндө жүздөгөн макала жазылган эне сүтүнүн эң аягында наристелерди рактан коргоору далилденген, бирок мунун механизми али толук түшүнүлө элек. Изилдөөчүлөр лабораторияда чоңойтулган рак клеткаларын эне сүтүнүн өлтүрөөрүнүн далилдениши менен чоң бир потенциалдын аныкталганын айтышкан. Швецияда Лунд (Lund) университетинде доктор жана иммунолог катары эмгектенген Катарина Свенборг (Catharina Svanborg) эне сүтүндөгү мындай кереметтүү сырларды ачкан топто бар эле. Лунд университетиндеги бул топ кадимки эне сүтүнүн рактын ар кандай түрүнөн бир калканыч экенине кереметтүү бир ачылыш деп баа берген.

Алгач жаңы төрөлгөн наристелерден алган ичеги-ыйлаакча кабыкчасы клеткаларын эне сүтү менен чайкаган изилдөөчүлөр натыйжада Pnemococcus бактериясы тарабынан пайда кылынган жана пневмония деп аталган ооруну эне сүтүнүн абдан жакшы токтотконун көрүшкөн. Мындан тышкары, эне сүтү менен азыктанган наристелер бутылка менен азыктангандарга караганда угуу проблемасына да азыраак кабылышкан жана дем алуу системасы инфекцияларына аз чалдыгышкан эле. Көпкө уланган изилдөөлөр натыйжасында эне сүтүнүн рактан да бир калканыч экенин көрүштү. (Балалык кезде кездешүүчү лимфа рагы рискинин бутылка менен тамактанган балдарда тогуз эсе көп экенин көрсөткөн соң, ушундай эле жыйынтыктын башка рак түрлөрүнө да тиешелүү экенин байкашкан). Алынган жыйынтык боюнча, эне сүтү рагы бар клеткалардын ордун толук аныктап, андан соң аларды өлтүрөт. Рагы бар клеткалардын ордун аныктап өлтүргөн нерсе болсо – бул эне сүтүндө көп санда кездешүүчү альфа-лак (alphalactalbumin) деп аталган зат. Альфа-лак сүттүн ичиндеги лактоза шекеринин өндүрүлүшүнө жардам берген бир протеин тарабынан жасалууда.

 

Бул теңдешсиз немат Улуу Аллахтын бир тартуусу...

Эне сүтү менен байланыштуу дагы бир кереметтүү өзгөчөлүк болсо – бул наристенин эне сүтү менен 2 жыл бою азыктанышынын абдан пайдалуу экендиги. Илим жаңы гана аныктаган бул маанилүү маалыматты Аллах бизге Куранда «Толук эмизүүнү каалаган энелер балдарын толук эки жыл эмизишет...» (Бакара Сүрөсү, 233) аяты менен 14 кылым мурда билдирген.

Коргоого, тамактанууга муктаж болуп төрөлгөн наристе үчүн эне ага эң идеалдуу азык болгон эне сүтүн, денесинде өзү чечим кабыл алып чыгарбаган сыяктуу эле, сүттүн өзгөрүп туруучу азык баалуулуктарын да, албетте эне өзү аныктабайт. Ар бир жандыктын муктаждыгын билген жана аларга ырыскы тартуулаган Улуу Аллах эне сүтүн эненин денесинде наристе үчүн жаратууда.

 

 

МАНЖА ИЗИНДЕГИ ЖЕКЕ МААЛЫМАТ

 

Куранда адамдарды өлүмдөн кийин тирилтүүнүн Аллах үчүн абдан оңой экени айтылып жатканда, адамдардын өзгөчө манжа учтарына көңүл бурулат:

 


Ооба, анын манжа учтарын да жыйнап (кайрадан) жасоого кудуреттүүбүз. (Кыямат Сүрөсү, 4)

 

Аятта манжа учтарына басым жасалышынын мааниси абдан терең. Себеби манжанын изиндеги сызыктар жана детальдар ар бир адамда ар башка. Азыр жер бетинде жашаган жана тарых бою жашап өткөн бардык адамдардын манжа издери бири-бирине дал келбейт. Ал тургай, бирдей ДНК тизмегине ээ болгон бир жумуртка эгиздери да ар башка манжа изине ээ болушат.

Манжа изи төрөлөөрдөн мурда түйүлдүк кезде акыркы формага ээ болот жана калып калган бир жаракат эле болбосо өмүр бою эч өзгөрбөстөн калат. Мына ушул себептен манжа издери бүт адамдардын өзүнө гана тиешелүү бир «өздүк күбөлүгү» катары кабыл алынууда жана манжа изи илими болсо адамдар тарабынан жаңылбас таануу ыкмасы катары колдонулууда.

Бирок эң маанилүүсү – бул манжа изинин өзгөчөлүгүнүн 19-кылымдын аягына жакын гана аныкталган болушу. Андан мурда адамдар манжа изин эч кандай өзгөчөлүгү жана мааниси жок сызыктар катары кабыл алышкан. Бирок Куранда ал доордо эч кимдин көңүлүн да бурбаган манжа издерине басым жасалууда жана бул издердин учурда эми гана аныкталган маанисине көңүл бурулууда.

 

 

УРГААЧЫ БАЛ ААРЫ

 

Раббиң бал аарысына вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Шек жок, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)

 

Бүт аарылар көптөгөн милдеттерди аркалаган аары колонияларында эркек аарылар өзгөчө болуп саналат. Эркек аарылар уянын корголушуна да, тазалыгына да, азык топтоого да, уюк же бал жасоого да эч көмөкчү болушпайт. Эркек аарылардын уюктагы жалгыз кызматы – бул ханыша аарыны уруктандыруу.4 Жупташуу органдарынан тышкары башка аарылардагы өзгөчөлүктөрдүн дээрлик эч бирине ээ болушпагандыктан, эркек аарылардын ханыша аарыны уруктандыруудан башка бир жумуш аткарышы да мүмкүн эмес.

Колониянын бардык жүгү мойнуна жүктөлгөн жумушчу аарылардын болсо, ханыша аарылар сыяктуу ургаачы болгонуна карабастан, жумурткалыктары өнүккөн эмес, б.а. алар кысыр (туубас). Уюктун тазалыгы, аары личинкаларын жана балдарын кароо, ханыша аары жана эркек аарыларды азыктандыруу, бал жасоо, уюктарды куруу жана оңдоо иштери, уюкту желдетүү, уюктун коопсуздугу, нектар (бал маңызы), чаңча (гүл чаңчасы), суу, смола сыяктуу материалдарды топтоо жана аларды уюкта кампалоо сыяктуу кызматтары бар.

Арап тилинде этиш эки түрдө колдонулат жана этиштердин колдонулушуна жараша сүйлөмдүн ээсинин (зат атоочтун) эркек же ургаачы экенин түшүнүүгө болот. Жогорудагы аяттарда аары үчүн колдонулган этиштер (асты сызылган сөздөр) этиштин ургаачы үчүн колдонулчу формасында колдонулган. Ушундайча Куранда бал жасоодо иштеген аарылардын ургаачы экенине ишарат кылынууда.5

Аарылар жөнүндөгү бул чындыктын мындан 1400 жыл мурда билинишинин мүмкүн эмес экенин унутпаш керек. Бирок Аллах бул чындыкка көңүл буруу менен Курандын дагы бир кереметин бизге көрсөткөн.

 

БАЛДАГЫ ШЫПАА

 

Раббиң бал аарысына вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Шек жок, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)

 

Бал, бул аяттарда айтылгандай, «адамдарга шыпаа» болуу өзгөчөлүгүнө ээ. Илимде алдыңкы катарларда турган өлкөлөрдө балдын адамдын ден-соолугундагы маанисинен улам аары багуу жана аары продукттары эми өз башынча бир изилдөө тармагына айланды. Балдын пайдалары жалпысынан төмөнкүлөр:

Оңой сиңирилет: ичиндеги шекерлердин башка бир түрдөгү шекерге (фруктозанын глюкозага) айлануу өзгөчөлүгүнөн улам бал, көп санда кислотага ээ болгонуна карабастан, эң назик ашказандар тарабынан да оңой сиңирилет. Ошондой эле, ичегилердин жана бөйрөктөрдүн жакшыраак иштешине жардам берет.

Канга бат аралашат, ыкчам энергия булагы: бал жылуу суу менен аралаштырылганда 7 мүнөт ичинде канга аралашат. Ичиндеги эркин шекерлерден улам мээнин иштеши жеңилдейт. Бал фруктоза жана глюкоза сыяктуу жөнөкөй шекерлердин табигый бир аралашмасы. Акыркы изилдөөлөр боюнча, шекерлердин мындай өзүнө тиешелүү аралашмасы чарчоонун жазылышында эң натыйжалуу ыкма жана атлетикалык кубатты жогорулатат.

Кандын жасалышына көмөкчү болот: бал кан жасоо үчүн дене муктаж болгон энергиянын маанилүү бир бөлүгүн камсыз кылат. Мындан тышкары, кандын тазаланышына да көмөкчү болот. Кандын айланышын жөнгө салуучу жана жеңилдетүүчү багытта таасири бар. Артериосклероздон коргойт.

Микропко каршы: микропко каршы факторлор белгилүү бактериялардын, ачыткычтын жана көктүн чоңойушуна тоскоол болот. Балдын бактериянын жашашына мүмкүнчүлүк бербеген өзгөчөлүгү «коргоочу таасири» деп аталат. Балдын микроптон коргоо өзгөчөлүгүн камсыздаган көп себептер бар. Булардын арасында микроорганизмдер чоңойуу үчүн муктаж болгон суу көлөмүн чектөөчү көп шекерди камтышы, кислотанын жогору болушу (pH төмөн), бактерияларды чоңойуу үчүн муктаж болгон азоттон тосуучу компонентин саноого болот. Балдагы суутек перекиси (перекись водорода) жана балдын ичиндеги антиоксиданттар болсо бактериянын көбөйүшүнө тоскоол болот.

Антиоксидант: ден-соолукта жашагысы келгендердин баары өзгөчө антиоксидант керектеши керек. Антиоксиданттар – бул клеткаларда нормалдуу метаболизманын калдыктарын тазалоочу кошулмалар. Булар азыктардын бузулушуна жол ачуучу жана көптөгөн айыкпас (хроникалык) ооруларга себеп болуучу кыйратуучу химиялык реакцияларды жайлатуучу элементтер. Адистер антиоксидантка бай азыктар жүрөк ооруларынын жана рак сыяктуу оорулардын алдын ала алат дешет. Балдын ичинде да күчтүү антиоксиданттар бар: рinocembrin, pinobaxin, chrisin жана galagin. Булардын арасынан pinocembrin бир гана балда кездешүүчү бир антиоксидант.7

Витамин жана минерал кампасы: бал фруктоза жана глюкоза сыяктуу шекерлер менен бирге магний, калий, кальций, натрий хлор, күкүрт, темир жана фосфор сыяктуу минералдарга ээ. Нектар жана чаңча булактарынын сыпатына жараша өзгөрүү менен бирге балда B1, B2, C, B6, B5 жана B3 витаминдери бар. Мындан тышкары, жез, иод, темир жана цинк да аз санда бар.

Жараларды дарылоодо колдонулат:

- жараларды дарылоодо колдонулганда, балдын абадан ным тартуу өзгөчөлүгү айыгууну ылдамдатып, жара изинин калышынын алдын алат. Себеби бал жаранын бетин каптаган жаңы терини түзгөн эпителий клеткалардын чоңойушун ылдамдатат. Ошондуктан чоң жараларда да бал колдонулганда, кыртыш жамоо муктаждыгы жоголот.

- бал айыгуу процессине тиешелүү кыртыштарды кайрадан чоңойушу үчүн стимулдайт. Жаңы капиллярлардын калыптанышын ылдамдатып, теринин тереңирээктеги байланыш кыртышынын ордун ээлеген фибробласттардын чоңойушун стимулдайт жана айыгуунун күчүн жогорулатуучу коллаген жипчелеринин өндүрүшүн ылдамдатат.

- балдын жаранын айланасындагы шишикти азайтуучу «урунууга (воспаление) каршы» бир таасири бар. Бул кан айланууну жогорулатат; натыйжада айыгуу процесси ылдамдайт жана оору сезүү азайат.

- бал жаранын астындагы кыртыштарга жабышпайт; ошондуктан жаңы пайда болгон кыртыштар айрылбайт жана оорубайт.

- радиациялык дарылоо жасалган рак оорулууларынын денелеринде пайда болгон жара жана язваларды дарылоодо ийгиликтүү колдонулууда.

- мындан тышкары, балдын, мурда да айтылгандай, антимикроптук таасиринен улам, бал инфекциянын пайда болушунун алдын алуучу бир коргоо пайда кылат. Бар болгон инфекцияларды да жаралардан ылдам тазалайт. Бактериялардын антибиотикке каршы чыдамдуулук өзгөчөлүктөрүнө да таасирдүү. Антисептиктер жана антибиотиктерге окшоп жарадагы кыртыштарга тескери таасир бербейт.9

Бул маалыматтардан да байкалгандай, бал – бул «шыпаа» тарабы абдан күчтүү бир азык. Албетте, бул да чексиз күч-кудурет ээси Аллах түшүргөн Курандын кереметтеринин бири. Төмөнкү таблицада балдын азыктык баалуулугу көрсөтүлгөн.

 

 

КУРАНДА КӨҢҮЛ БУРУЛГАН КУРМА ЖАНА
АНЫН ПАЙДАЛАРЫ

 

Курма – бул Куранда көп аяттарда айтылган бейиш нематтары арасында «теңдешсиз-курма» (Рахман Сүрөсү, 68) сүйлөмү менен сыпатталган бир мөмө. Аллах Куранда билдирген бул мөмө анализ кылынганда, көптөгөн маанилүү өзгөчөлүгү ортого чыгууда. Белгилүү болгон эң байыркы өсүмдүк түрлөрүнөн болгон курма учурда сонун даамынан тышкары азыктык өзгөчөлүгү себебинен да бир азык катары көңүлдөргө жагууда. Күн сайын аныкталып жаткан пайдалары курманы азык катары да, дары катары да колдонулган бир азык абалына алып келди. Курманын мындай өзгөчөлүктөрүнө Мерйем Сүрөсүндө көңүл бурулган.

 

Анан толгоо аны бир курма дарагына алып келди. «Кана эми мындан мурда өлгөнүмдө, (жана) унутулуп калганымда» деди. Ылдый жактан (бир үн) ага: «Кайгырба, Раббиң сенин ылдый (тараб)ыңда бир суу агызып койду.» деп кайрылды. Курма бутагын өзүңдү көздөй силксең, жаңы жетилген курма түшөт.» Эми жеп-ичип, кубан... (Марйам Сүрөсү, 23-26)

 

Аллахтын Аз. Марйамга «курма жешин» билдиришинин көптөгөн терең сырлары бар. Аллах Аз. Марйамдын төрөтүн жеңилдетүү үчүн сунган нематтардын бири болгон курманын өзгөчө кош бойлуу жана төрөгөн аялдар үчүн мааниси жана пайдалары учурда илимде белгилүү. Курма 60-65% менен эң көп шекерге ээ мөмөлөрдүн бири. Докторлор кош бойлуу аялдарга төрөгөн күнү шекери бар тамактар берилиши керек деп айтышат. Мунун максаты эненин алсыз болуп калган денесине энергия жана жандуулук берүү, ошондой эле жаңы төрөлгөн наристеге керектүү болгон сүттүн пайда болушу үчүн сүт гормондорун стимулдоо жана эне сүтүн көбөйтүү.

Мындан тышкары, төрөт учурундагы кан жоготуу дененин шекеринин төмөндөшүнө себеп болот. Курма денеге кайрадан шекердин киришин камсыздайт жана кан басымынын төмөндөшүнө тоскоол болот. Калория баалуулугу абдан жогору болгондуктан, оорудан алсыздаган же чарчаган адамдар үчүн өзгөчө абдан пайдалуу.

Бул маалыматтар Аллахтын Аз. Марйамга бир тараптан ага энергия жана күч-кубат бере турган, экинчи тараптан наристенин жалгыз азыгы болгон сүттүн пайда болушун камсыздай турган «курмадан» жешин билдиришиндеги терең сырларды ортого койууда. Мисалы, курма адам денесинин ден-соолукта жана күчтүү болушу үчүн абдан маанилүү болгон 10дон ашуун элементти камтыйт. Ушул себептен учурда илимпоздор адамдын бир гана курма жана суу менен көп жылдар бою жашай алаарын айтышууда.11 Бул темада таанылган адистердин бири болгон Доусон (V. H. W. Dowson) болсо бир курма жана бир чыны сүттүн бир адамдын күнүмдүк азык муктаждыгын камсыздоого жетээрин айтууда.

Курмадагы окситоцин заты да заманбап медицинада төрөттү жеңилдетүүчү бир дары катары колдонулууда. Окситоцин төрөттү жеңилдетүүчү таасири себебинен көп булакта «rapid birth», башкача айтканда, «ыкчам төрөт» деп аталууда. Төрөттөн соң болсо эне сүтүн көбөйтүүчү таасирге ээ. Окситоцин негизи мээде чыгарылган, төрөт ишараттарын баштоочу бир гормон. Төрөт алдындагы дененин бардык даярдыктары ушул гормон урматында башталат. Гормондун таасири эне жатынын түзгөн булчуңдарга жана эне сүтүнүн чыгарылышын камсыздаган булчуң түзүлүшүндөгү клеткаларга тийет. Төрөт учурунда эне жатынынын жакшы кысылышы төрөттүн ишке ашышы үчүн абдан маанилүү. Окситоцин жатынды түзгөн булчуңдардын абдан күчтүү кысылышын камсыздайт. Мындан тышкары, окситоцин жаңы төрөлгөн наристенин азыктанышы үчүн эне сүтүнүн чыгарылышын баштатат. Курманын ушул эле өзгөчөлүгү –окситоцинге ээ болушу- да Курандын Аллахтын вахийи экендигинин маанилүү бир далили. Курманын медициналык жактан пайдаларынын аныкталышы жакында гана мүмкүн болду. Ал эми Куранда болсо болжол менен 1400 жыл мурда Аллахтын Аз. Марйамга кош бойлуулук учурунда курма менен азыктанышын вахий кылганы билдирилүүдө.

Ошондой эле, курмада адамдын денесине көп санда кыймыл жана жылуулук энергиясын берүүчү, денеде майдаланып колдонулушу оңой болгон бир шекер түрү да бар. Болгондо да бул шекер кандын шекерин ыкчам жогорулатуучу глюкоза эмес, мөмө шекери фруктоза. Өзгөчө шекер оорулууларында кан шекеринин ыкчам жогорулашы көп органдарга терс таасир берет, өзгөчө эң көп көз, бөйрөк, жүрөк-тамыр системасы жана нерв системалары жабыр тартат. Көздүн көрбөй калышына чейин алпарчу оорулар, жүрөк кризиси, бөйрөк жетишпестиги сыяктуу көптөгөн олуттуу оорулардын эң маанилүү себептеринин бири – бул кан шекеринин жогору болушу.

Курма көптөгөн ар түрдүү витамин жана минералдарга ээ. Жипче, май жана протеиндер жагынан да абдан бай. Курмада натрий, калий, кальций, магний, темир, күкүрт, фосфор жана хлор да бар. Курма, мындан тышкары, А витамини, бетакаротен, B1, B2, B3 жана B6 витаминдерине да ээ. Курмадагы витамин жана минералдардын кадимки адам денесине болгон жана кош бойлуулук учурундагы пайдаларынын кээ бирлерин мындайча санасак болот:

*Курманын азыктык күчү анын ичиндеги минерал тең салмактуулугуна байланыштуу. Курмада кош бойлуулук учурунда аялдар алышы керек болгон бир В витамини- фолик кислотасы (фолиевая кислота) да бар. Фолик кислотасы (B9) – бул денеде жаңы кан клеткаларын жасоодо, дененин курулуш материалы болгон амино-кислоталарды жасоодо жана клеткаларды жаңылоодо маанилүү кызматтарды аткаруучу бир витамин. Ошондуктан, кош бойлуулук учурунда Фолик кислотасы муктаждыгы бир топко жогорулайт жана күнүмдүк муктаждык эки эсеге көтөрүлөт. Фолик кислотасынын деңгээли жетишсиз болгондо түзүлүшү жагынан кадимкиден чоң, бирок функциялары төмөн эритроцит клеткалары пайда болот жана кандын азайуу белгилери жаралат. Өзгөчө клетканын бөлүнүшүндө жана клетканын генетикалык түзүлүшүнүн калыптанышында маанилүү рол ойногон фолик кислотасы кош бойлуулук учурунда зарылдыгы эки эсе өсүүчү бир зат. Курма болсо фолик кислотасына абдан бай азык.

*Ошондой эле кош бойлуулукта болуучу узун мөөнөттүү жүрөк айлануу жана физикалык реакциялар себебинен калий жетишсиздиги да пайда болот жана калийди бышыктоо керек болот. Курмада көп санда бар болгон калий ушул тараптан абдан маанилүү болгон сыяктуу, денедеги суу тең салмактуулугунун сакталышында да абдан маанилүү. Ошондой эле, калий мээге кычкылтектин барышына да көмөкчү болуп, жакшы ойлонууну камсыздайт. Мындан тышкары, дене суюктуктары үчүн ылайыктуу щелочтук өзгөчөлүктү камсыз кылат. Уулуу дене калдыктарын сыртка чыгарышы үчүн бөйрөктөрдү стимулдайт. Кан басымынын жогорулугун төмөндөтүүгө жардам берет жана теринин жакшы калыптанышын камсыз кылат.

*Курманын ичиндеги темир кызыл-кан клеткаларындагы гемоглобин синтезин контрольдойт жана бул болсо кош бойлуулук учурунда кандын аздыгына тоскоол болот жана наристенин өрчүшү үчүн абдан маанилүү болгон кандагы эритроциттердин тең салмактуулунун ылайыктуу абалга алып келет. Белгилүү болгондой, эритроциттер канда кычкылтек жана көмүр кычкыл газын ташып, клеткалардын жандуулугун улантышында кызмат кылышат. Көп санда темирге ээ болгондуктан, бир адам күнүнө 15 даана курма жеп, денесинин темир муктаждыгын камсыздай алат жана темир жетишсиздигинен келип чыгуучу оорулардан сактанган болот.

*Курмадагы кальций жана фосфат болсо скелет түзүлүшү жана дененин сөөк түзүлүшүнүн тең салмактуулугу үчүн абдан маанилүү элементтер. Курма курамындагы көп сандагы фосфор жана кальций менен денени сөөктүн алсыздыгынан коргойт жана бул оорулардын азайышына көмөкчү болот.

*Илимпоздор курманын стресс жана маанайсыздыкты жоюучу таасирине да көңүл бурушууда. Беркли университетинин адистери жасаган изилдөөлөр нервдерди бекемдөөчү В6 витамининин жана булчуңдардын иштешинде маанилүү ролго ээ магний минералынын курмада көп санда бар экенин аныкташкан. Курма, ошондой эле, ичиндеги магний менен бөйрөктөр үчүн да абдан маанилүү. Бир адам күнүнө 2-3 даана курма жеп денесинин магний муктаждыгын камсыздай алат.

*Ичиндеги В1 витамини менен нерв системасынын чың болушун жеңилдетет. Денедеги углеводдордун энергияга айлантылышына, протеин жана майлардын дененин башка муктаждыктарына колдонулушуна көмөкчү болот. В2 витамини менен болсо дененин энергия чыгарышы жана клеткалардын жаңыланышы үчүн протеин, углевод жана майлардын ээритилишине жардамчы болот.

*Кош бойлуулук учурунда А витаминине да муктаждык өсөт. Курма ичиндеги А витамини урматында көрүү күчү жана иммунитетти жогорулатат, сөөк жана тиштерди бекемдейт. Курма бетакаротенге да абдан бай.16 Бетакаротендин клеткаларга кол салган молекулаларды башкарып, рактын алдын алуучу өзгөчөлүгү бар.

*Мындан тышкары, башка мөмөлөр адатта протеин жагынан жетишсиз, ал эми курма болсо протеинге да ээ.17 Мындай өзгөчөлүгү урматында дененин оору жана инфекциялардан корголушун камсыздайт, клеткаларды жаңылайт жана дене суюктугун тең салмакка салат. Мисалы, эт да пайдалуу бир азык, бирок өзгөчө мындай учурда жаңы бир мөмө болгон курмадай пайда бере албашы мүмкүн. Ал тургай, мындай учурда этти көп жеш дененин ууланышына себеп болушу мүмкүн. Сиңиши оңой болгон, жеңил жашылча-жемиш, мөмө түрүндөгү тамактарды тандоо туура болот.

Курма жөнүндөгү бул маалыматтардын баары Аллахтын чексиз илимин жана адамдарга болгон мээримин көрсөтүүдө. Байкалгандай, заманбап медицина биздин доордо гана аныктай алган курманын, өзгөчө кош бойлуулук учурундагы, пайдаларына Куранда 14 кылым мурда ишарат кылынган.

 

 

СОНУН БИР МӨМӨ: ИНЖИР

 

«Инжирге жана зайтунга ант болсун» (Тин Сүрөсү, 1)

 

Тин Сүрөсүнүн биринчи аятында Аллахтын инжирге «ант болсун» деп айтышы бул мөмөнүн пайдалары жагынан абдан терең мааниге ээ.

 

Инжирдин адамдын ден-соолугуна пайдалары:

Инжир ар кандай мөмө же жашылчага караганда эң көп жипчеге ээ. 1 даана эле кургак инжир 2 грамм жипче берет, бул болсо сунушталган күнүмдүк муктаждыктын 20%ын түзөт. Акыркы 10-15 жылда жасалган изилдөөлөр өсүмдүк азыктарындагы жипчелердин тамак сиңирүү системасынын жакшы иштеши үчүн абдан маанилүү экенин аныктады. Азык катары алынган жипченин тамак сиңирүүгө көмөкчү болоору жана кээ бир рак түрлөрүнүн рискин төмөндөтүүдө маанилүү экени белгилүү. Тамактануу адистери жипче алууну жогорулатуунун идеалдуу жолу катары жипчеге бай болгон инжирди жешти сунушташууда.

Жипчелүү азыктар ээрүүчү жана ээрибес болуп экиге бөлүнүшөт. Ээрибес жипчеге бай азыктар денеден чыгарыла турган заттарга суу берип ичегилерден өтүшүн жеңилдетет. Натыйжада тамак сиңирүү системасын ылдамдатып, жакшы иштешин камсыздайт. Ошондой эле, ээрибес жипчелүү азыктардын жоон ичеги рагынан коргоору да аныкталган. Ээрүүчү жипчеге бай азыктардын болсо кандагы холестерол деңгээлин 20%дан ашыкка төмөндөтөөрү аныкталган. Ошондуктан жүрөк ооруларынын рискин төмөндөтүү үчүн абдан маанилүү. Эгер канда көп санда холестерол бар болсо, бул кан-тамырларда чогулат жана кан-тамырлардын катуулашына, тарайышына жол ачат. Холестерол кайсы органдын тамырында чогулса, ошол органга тиешелүү оорулар пайда болот. Мисалы, жүрөктү азыктандырган артерияларда холестерол чогулса, көкүрөк оорусу, жүрөк кризиси сыяктуу көйгөйлөр пайда болот. Бөйрөк тамырларында холестерол чогулушу болсо кан басымынын жогорулашы жана бөйрөк жетишсиздигине себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле, ээрүүчү жипчелерди керектөө ашказанды бошотуп, кан шекерин жөнгө салышы жагынан да маанилүү, себеби кан шекериндеги кокус өзгөрүүлөр өмүрдү коркунучка салчу ооруларга себеп болушу мүмкүн. Чынында эле жипчеге бай азыктанган коомдордун рак жана жүрөк оорулары сыяктуу ооруларга аз чалдыгаары аныкталган.

Ээрүүчү жана ээрибес жипчелердин экөөсүнүн тең бирге болушу болсо ден-соолук жагынан бир артыкчылык: эки жипче түрүнүн тең бирге болушунун рактын алдын алууда жалгыз болгонго караганда натыйжалуураак экени аныкталган. Инжирде эки жипче түрүнүн –ээрүүчү жана ээрибес жипчелердин- бирге болушу аны абдан маанилүү бир азык кылууда.

Жорж Вашингтон университетинин медицина борборунда оорулардан коргонуу институтунун башчысы Др. Оливер Алабастер (Oliver Alabaster) инжир жөнүндө мындай дейт:

... бул жерде чыныгы мааниде пайдалуу жана көп жипчеге ээ бир азыкты кошуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Инжирлерди жана башка көп жипчеге ээ азыктарды көп керектөө... өмүр бою ден-соолукта болушуңуз үчүн маанилүү.

Калифорния инжир кеңешинин (California Fig Advisory Board) ою боюнча, мөмөлөрдө жана жашылчалардагы антиоксиданттардын адамдарды бир топ оорулардан коргоору айтылат. Антиоксиданттар денебиздеги химиялык реакциялардын натыйжасында пайда болгон же сырттан алынган зыяндуу заттарды (эркин радикалдарды) таасирсиз кылышат жана клетканын бузулушуна тоскоол болушат.

Скрентон (Scranton) университети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө кургак инжирдин антиоксидантка бай фенол кошулмасына башка мөмөлөргө караганда көбүрөөк ээ экени айтылган. Фенол микроорганизмдерди өлтүрүүчү –антисептик- бир зат катары колдонулууда. Скрентон университетиндеги анализдер боюнча, инжирдеги фенол көлөмү башка мөмөлөргө салыштырмалуу бир топ жогору.

Нью-Жерсидеги Рутгерс университети тарабынан жасалган изилдөөдө болсо кургак инжирдеги омега-3, омега-6 май кислоталары (EFA: Essential fatty acids: дене үчүн зарыл майлар) менен фитостерол (өсүмдүктөрдөгү май сымал зат) урматында холестеролду төмөндөтүүчү таасири жагынан да маанилүү экени аныкталган.

Белгилүү болгондой, омега-3 жана омега-6 май кислоталары денеде өндүрүлбөйт жана тамак-аш аркылуу алуу керек болот. Ошондой эле, бул майлар өзгөчө жүрөк, мээ жана нерв системасынын жакшы иштеши үчүн абдан чоң мааниге ээ. Фитостерол болсо жаныбар азыктарындагы жүрөк жана кан-тамырдын чың болушу жагынан кооптуу болгон холестеролдун жолун тосуп, канга аралашпастан денеден чыгышын камсыз кылат.

Калифорния инжир кеңеши тарабынан «дээрлик табияттын эң кемчиликсиз мөмөсү» деп сөз кылынган инжир адамзат билген эң байыркы мөмөлөрдүн бири болгонуна карабастан, тамак-аш өндүрүүчүлөр тарабынан кайрадан ачылууда. Себеби азыктык баалуулугунун жогору болушу, ден-соолукка пайдалары бул мөмөнү өзгөчө маанилүү кылууда.

Инжир дээрлик ар бир диетанын бир бөлүгү боло алат: инжир табиятынан май, натрий жана холестеролу жок жана жипче саны көп болгондуктан, салмагын азайтууга аракет кылган адамдар үчүн да ылайыктуу бир азык. Ошондой эле, инжир белгилүү болгон бардык мөмөлөргө караганда эң көп минералга ээ. 40 грамм инжир 244 мг калий (күнүмдүк муктаждыктын 7%ы), 53 мг кальций (күнүмдүк муктаждыктын 6%ы) жана 1,2 мг темирге (күнүмдүк муктаждыктын 6%ы) ээ.24 Инжирде кальций деңгээли абдан жогору; мөмөлөр арасынан кальцийге бай болуу жагынан апельсинден соң экинчи орунда турат. Бир чыны кургак инжир бир чыны сүт менен бирдей санда кальций берет.

Инжирди көпкө уланган оорулардан соң бат айыгууга көмөкчү болуучу, күч-кубат берүүчү бир дары катары кабыл алууга болот. Физикалык жана мээнин кыйналышын жок кылат жана денеге энергия жана күч берет. Инжирдин эң маанилүү азыктык элементи – бул бүт мөмөнүн 51-74%ын түзгөн шекер, жана бүт мөмөлөр арасында эң көп шекерге ээ. Ошондой эле, инжир астма, жөтөл жана суук тийүү сыяктуу учурларда да дары катары сунушталууда.

Бул жерде бираз гана бөлүгүнө токтолгон инжирдин пайдалары Аллахтын адамдарга болгон мээриминин бир көрсөткүчү. Раббибиз ырахат менен желчү бул мөмөнүн ичинде адамдын муктаждыгы болгон заттарды, анын ден-соолугуна ыңгайлуу бир тең салмактуулук менен, атайын пакеттелгендей абалда пайдаланууга берүүдө. Аллахтын бул өзгөчө нематты Куранда зикир кылышы да инжирдин адамдар үчүн маанисине ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) Инжирдин азыктык баалуулугунун, адамдын ден-соолугуна болгон маанисинин алдыңкы медицина жана технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен гана аныктала алышы – албетте, Курандын бүт нерсени билүүчү Аллахтын сөзү экендигинин көрсөткүчтөрүнүн бири.

 


 

БААЛУУ БИР АЗЫК: БАЛЫК

 

Деңиз аңчылыгы жана аны жеш силерге жана (жер бетинде) жашагандарга бир пайда катары адал кылынды... (Маида Сүрөсү, 96)

 

Жүрөк ооруларына чалдыккан жана ушул себептен өлүмгө кабылган адамдардын орточо жашынын күн өткөн сайын төмөндөшү жүрөктүн чың болушуна маани берүүнү жогорулатты. Медицинада жүрөк ооруларын дарылоо боюнча көптөгөн жаңы өнүгүүлөр болсо да, адистердин негизги сунушу – бул ооруга чалдыгуудан мурун алдын алуучу чаралардын жакшылап көрүлүшү болууда. Адистер жүрөктүн чың иштешинде жана оорулардын алдын алууда маанилүү бир азыкты сунушташууда: балык.

Балыктын маанилүү бир азык болушунун себеби – бул анын бир тараптан адамдын денеси үчүн керектүү заттарды камсыздашы, экинчи тараптан болсо денени ар кандай оору рисктеринен мүмкүн болушунча алыс кармай турган курамга ээ болушу. Мисалы, курамындагы омега-3 кислотасы менен ден-соолук үчүн бир калкандай кызмат аткарган балык дайыма керектелип турса, жүрөк оорулары рискинин азайаары жана иммундук системанын күчтөнөөрү аныкталган.

Илим тарабынан пайдалары жаңы гана далилденген балыктын баалуу бир азык экендиги мындан болжол менен 1400 жыл мурда түшүрүлгөн Куранда да билдирилүүдө. Улуу Аллах Куранда деңиз продукттарын «Деңизди да силердин буйругуңарга Ал берген, андан жаңы эт жейсиңер... (Нахл Сүрөсү, 14), Деңиз аңчылыгы жана аны жеш силерге жана (жер бетинде) жашагандарга бир пайда катары адал кылынды... (Маида Сүрөсү, 96) аяттары менен кабар берүүдө. Ошондой эле, Кехф Сүрөсүндө да балыкка атайын көңүл бурулган. Бул сүрөдө Аз. Муса жана жаш жардамчысынын узак бир сапарга чыкканы жана жанына азык катары балык алганы айтылган:

 

Ошентип экөө эки (деңиз) кошулган жерге жеткенде балыктарын унутуп коюшту; (балык) деңизде бир агымды көздөй өз жолуна түштү. (Жетиши керек болгон жерге келип) Өтүшкөндө (Муса) жаш жардамчысына: «Тамагыбызды бизге алып кел, ант болсун, бул сапарыбыздан чынында чарчадык.» деди. (Жаш жардамчысы:) «Көрдүңбү, аскага киргенибизде мен балыкты унуттум...» (Кехф Сүрөсү, 61-63)

 

Кехф Сүрөсүндө алыс бир сапар учурунда чарчаган соң азык катары атайын балыктын тандалган болушу абдан терең маанилүү. Ошондуктан бул окуядагы терең сырлардын бири катары балыктын пайдаларына, азыктык жагына ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)

Чынында эле балыктын азыктык өзгөчөлүктөрүн изилдегенибизде кызыктуу маалыматтарды көрөбүз. Раббибиздин бизге чоң бир нематы болгон балыктар өзгөчө протеин, D витамини жана чыгарма элементтер (денеде абдан аз санда кездешүүчү, бирок дене үчүн абдан маанилүү кээ бир элементтер) жагынан кемчиликсиз бир азык. Курамындагы фосфор, сульфиддик кошулма, ванадий сыяктуу минералдар урматында болсо чоңойууну жана кыртыштардын жакшырышын камсыздашат. Тиш мүлктөрү жана тиш түзүлүшүнүн чың болушуна жардам берет, теринин өңүн сулуу кылат, чачтардын чың болушун камсыздайт, бактериялык инфекциялар менен күрөшүүдө көмөкчү болот. Ошондой эле, кандагы холестеролду жөнгө салуучу таасирлери менен жүрөк кризисинин алдын алууда маанилүү ролго ээ. Крахмал жана майлардын майдаланып денеде колдонулушуна жардам беришет. Натыйжада күч-кубаттуураак болууну камсыздайт. Ошондой эле, мээнин жакшы иштешине таасир берет. Курамындагы D витамини жана башка минералдар жетиштүү деңгээлде денеге алынбаганда болсо, рахит (сөөк алсыздыгы), тиш мүлкү оорулары, зоб, гипертиреоз сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, учурда медицина балыктын курамындагы омега-3 май кислоталарынын ден-соолукка болгон абдан маанилүү ролун аныкташты. Ал тургай, бул майлар зарыл май кислоталары (EFA: essential fatty acid) деп кабыл алынган.

 

Балык майындагы омега-3түн пайдалары

Балык майында ден-соолугубуз үчүн өзгөчө абдан маанилүү болгон 2 башка «тойбогон» май кислотасы бар: EPA (eicosapentaenoic acid) жана DHA (docosahexaenoic acid). EPA жана DHA көптүк тойбогон майлар катары белгилүү жана маанилүү омега-3 май кислоталарына ээ. Адамдын денеси омега-3 жана омега-6 май кислоталарын өндүрө албайт, ошондуктан сырттан азыктар менен алышы керек.

Балык майынын –омега-3 май кислоталарын камтыгандыктан- адамдын ден-соолугуна пайдалары жөнүндө көптөгөн далилдер бар. Омега-3 май кислоталары өсүмдүк майларында бар болгонуна карабастан, адамдын ден-соолугун коргоодо абдан аз натыйжалуу. Ал эми деңиз планктондору омега-3 май кислотасын EPA жана DHA'га айлантууда абдан натыйжалуу. Балыктар бул планктондорду жегенде, EPA жана DHA'га бай болуп калышат. Ошондуктан балык дене үчүн абдан маанилүү болгон бул май кислоталарына эң бай азыктардын бири.

 

Балыктагы май кислоталарынын өмүргө пайдалары

Балыктагы май кислоталарынын негизги өзгөчөлүгү болсо – бул энергия өндүрүүгө салым кошушу. Бул май кислоталары денеде кычкылтекке кошулуп, электрондун которулушун ишке ашырат жана денедеги бир катар химиялык процесстер үчүн энергия беришет. Ошондуктан балык майына бай тамактануунун чарчоону жоготооруна, мээнин иштешин жана кыймыл жөндөмүн жакшыртаарына далилдер бар. Омега-3 адамдын энергия деңгээлин жана концентрация жөндөмүн да артырууда. Балыктын «мээ азыгы» деп аталышынын илимий негизи бар, себеби мээдеги майдын негизги компоненти – бул омега-3 май кислоталарындагы DHA.

 

Жүрөк жана кан-тамырдын чың болушунда балыктын мааниси

Балыктагы омега-3 май кислотасы кандагы холестеролду, триглисеридди жана кан басымын төмөндөтүп, жүрөктүн ден-соолугун коргоочу таасири менен белгилүү.28 Триглисерид бир май түрү жана курамындагы көп сандагы май жана аз протеин жагынан LDL'ге (жаман холестеролго) окшош. Триглисериддин жогору болушу өзгөчө холестерол жогору болгондо, жүрөк оорусу рискин артырат. Ошондой эле, балык майлары бир жүрөк кризисинен кийинки анормалдуу жүрөк ритмдеринин жашоого кооп туудурган рисктерин да азайтууда.

Америка медицина биримдиги тарабынан жасалган бир изилдөөдө жумасына 5 порция балык жеген аялдарда жүрөк кризисине чалдыгуу деңгээлинин 1/3ге азайганы аныкталган. Мунун себеби балык майындагы омега-3 май кислоталарынын кандын азыраак коюлушуна себеп болушунда деп кабыл алышууда. Кандын тамырлардагы кадимки ылдамдыгы саатына 60 км жана кандын жетиштүү деңгээлде суюк болушу, тыгыздыгынын, көлөмүнүн, ылдамдыгынын нормалдуу деңгээлде болушу абдан маанилүү. Каныбыз үчүн эң чоң коркунуч –каноо сыяктуу керектүү учурлардан тышкары учурларда- бул кандын коюлуп агуусунун начарлашы. Балык майлары кандагы тромбоциттердин (денеде каноо болгондо канды коюлаткан кан бөлүкчөлөрү) бири-бирине жабышышына тоскоол болуп, кандын коюлушун азайтууда мааниси чоң. Антпесе кандын коюлушу тамырлардын тарайышына себеп болот. Бул болсо эң башта жүрөк, мээ, көз жана бөйрөктөрдүн жана башка денедеги көптөгөн органдардын кан менен жетиштүү азыктана албашына, жай иштешине жана акырындап функцияларын жоготушуна себеп болот. Мисалы, артериялар коюлуу себебинен толугу менен тосулуп калганда, тамыр турган жерге жараша жүрөк кризиси, мунжулук же башка оорулар пайда болушу мүмкүн.

Омега-3 май кислоталары эритроциттердин ичиндеги кычкылтек ташуучу гемоглобин молекуласынын өндүрүшүндө жана клетка кабыкчасынан өтүүчү азыктарды текшерүүдө да маанилүү рол ойнойт жана денеге зыяндуу майлардын зыянына тоскоол болот. Изилдөөлөр балыктагы омега-3 май кислоталарынын жүрөк кризиси рискин азайтаарын аныктады.

 

Жаңы төрөлгөн наристелердин чоңойушундагы мааниси

Омега-3 май кислоталары адамдын мээси жана торчосунун маанилүү бир компоненти болгондуктан, өзгөчө жаңы төрөлгөн наристерлердин муктаждыгына байланыштуу, өткөн он жылда маанилүү изилдөөлөргө тема болду. Омега-3түн наристенин эне курсагындагы өрчүшү жана жаңы төрөлгөн наристенин чоңойушундагы маанилүүлүгүн тастыктаган көптөгөн далилдер бар. Омега-3 өзгөчө кош бойлуулук периоду боюнча жана наристелик кездин баштарында мээ жана нервдердин нормалдуу өрчүшү үчүн абдан маанилүү. Эне сүтү болсо табигый жана кемчиликсиз бир омега-3 кампасы болгондуктан, илимпоздор эне сүтүнүн маанисине өзгөчө басым жасашууда.

 

Тарамышка пайдасы:

Ревматизмдик артрит оорусунда (ревматизмге байланыштуу тарамыш инфекциясы) эң маанилүү риск – бул тарамыштарда пайда болгон бузулуунун калыптандырууга болбой турган бир зыянга жол ачышы. Омега-3 май кислотасына бай тамактануунун артриттин пайда болушуна тоскоол болоору, шишиген жана назик тарамыштардагы ооруларды да жеңилдетээри далилденген.31

 

Мээ жана нерв системасынын нормалдуу иштешине болгон пайдалары

Омега-3 май кислотасынын мээ жана нерв системасынын жакшы иштешине таасир берээри көптөгөн изилдөөдө аныкталган. Мындан тышкары, балык майынын депрессия жана шизофрения белгилерин жеңилдете алаары, алзеймер (аlzheimer) оорусунун (эс-тутум жоготушуна себеп болуучу, күнүмдүк кыймылдарга тоскоол болуучу бир мээ оорусу) алдын алаары көрсөтүлгөн. Мисалы, депрессияга кабылган жана 12 жума бою 1 грамм омега-3 май кислотасы керектеген адамдарда тынчсыздануу, капалануу жана уйку көйгөйлөрү сыяктуу белгилердин азайганы далилденген.32

 

Инфекциялык ооруларга пайдасы, иммундук системаны күчтөндүрүшү

Омега-3 май кислоталары ошол эле учурда инфекциянын алдын алуучу кызмат аткарышат.33 Ошондуктан;

*Ревматизмдик артрит (ревматизмге байланыштуу байламта инфекциясы),

*Остеоартрит (акырындап байламталардын функциясын бузуучу бир оору),

*Язвалык колит (ичеги инфекциясына байланыштуу жаралар) жана

*Lupus (териде жара пайда болушуна себеп болуучу тери оорусу) ооруларынын баарында колдонууга болот.

Мындан тышкары, миелинди (нерв клеткаларын курчаган кабыкчаны) коргоочу өзгөчөлүгү бар. Ушул себептен;

*Глаукома (көздүн ичиндеги кан басымынын жогорулашы натыйжасында сокурдукка себеп болчу оору),

*Көп жактуу склероз (мээ жана жүлүндө кыртыштын катуулашы натыйжасында пайда болгон өлүмгө себеп болчу оору),

*Остеопороз (сөөк кыртышында структуралык алсыздоого себеп болуучу оору) жана

*Шекер ооруларын дарылоодо колдонулат.

Ошондой эле;

*Мигрен ооруларында,

*Анорексияда (өлүмгө себеп болчу тамактануу бузуктугу),

*Күйүктү дарылоодо

*Тери менен байланыштуу ооруларды дарылоодо да жардамчы болоору айтылууда.

Көп санда омега-3 май кислотасына ээ болгон балык менен азыктанган Гренландия эскимолору жана япондор сыяктуу элдер жүрөк, кан-тамыр ооруларына, астма жана псориаз сыяктуу ооруларга азыраак чалдыгаарын көрсөткөн абдан көп маалыматтар бар. Балык, ушул себептен, дарылоочу бир азык катары да сунушталат. Омега-3 май кислоталары жүрөктүн чың болушу үчүн далилденген пайдалары менен учурда тамактануу адистери кеңеш кылган негизги заттардын бири.
Бул жерде жалпысынан айтылып өткөн балыктын пайдаларына күн сайын жаңылары кошулууда. Болгондо да балыктын пайдаларын аныктоо көптөгөн илимпоздун, алдыңкы технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен жабдылган изилдөө борборлорунун колдонулушу менен гана мүмкүн болду. Мынчалык баалуу бир азык булагына Куранда ишарат кылынышы жана Кехф Сүрөсүндө өзгөчө чарчоону басуучу бир азык катары билдирилиши да албетте абдан терең мааниге ээ. Балыктан алынган бардык пайдалар Раббибиз бизге берген чоң бир немат-жакшылык. Бүт азыктардагы сыяктуу балыктардагы кемчиликсиз түзүлүштү да биз үчүн жараткан – бул ааламдардын Рабби болгон Аллах.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder