20 Kasım 2012 Salı

КУРАНДЫН КЕЛЕЧЕК МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ КАБАРЛАРЫ


КИРИШҮҮ

 

Курандын кереметтүү тараптарынын бири болсо – бул Анын аяттарында келечекте ишке аша турган кээ бир окуялардын алдын ала билдирилиши. Келечек жөнүндө билдирилген бул окуялардын убакыттын өтүшү менен ишке ашышы – Курандын улуу илим ээси болгон Аллахтын сөзү экенин тастыктаган далилдерден.

Бул бөлүмдө Куранда келечек жөнүндө берилген кабарлардан ишке ашкандарынын кээ бирлери терең каралмакчы.

 

 

ВИЗАНТИЯНЫН ЖЕҢИШИ

 


Куранда келечек жөнүндө берилген кабарлардын бири Рум Сүрөсүнүн башындагы аяттарда орун алат. Бул аяттарда Византия императорлугунун бир жеңилүүгө кабылганы, бирок абдан кыска убакыт ичинде кайра жеңээри билдирилген:

 

Алиф. Лам. Мим. Рум (аскерлери) жеңилүүгө дуушар болду. «Дүйнөнүн эң төмөнкү жеринде». Бирок алар жеңилген соң жеңишет. Үч менен тогуз жыл ичинде. Мындан мурун да, кийин да буйрук Аллахтын колунда. Жана ал күнү момундар сүйүнүшөт. (Рум Сүрөсү, 1-4)

 

Бул аяттар христиан византиялыктардын 613-614-жылдары путпарас (путка сыйынган) бир коом болгон перстерден абдан оор бир жеңилүүгө кабылышынан болжол менен 7 жылдан кийин б.з. 620-жылдары түшкөн эле. Аяттарда Византиянын абдан жакында жеңээри билдирилген эле. Чынында болсо ал кезде Византия ушунчалык чоң жоготууларга кабылгандыктан, кайра жеңиши мындай турсун, өзүн сактап калышы да мүмкүн эместей болуп турган эле. Перстер византиялыктарды 613-жылы Антакияда жеңишип, жеңишин Сирия, Киликия, Тарсус, Армения жана Иерусалимди каратуу менен улантышкан. Өзгөчө 614-жылы Иерусалимдин колдон чыгышы, Ыйык мазар чиркөөсүнүн кыйратылышы жана Христиан дининин символу «чыныгы кресттин» перстер тарабынан колго алынышы византиялыктар үчүн оор бир сокку болгон эле.

Ал доордо бир гана перстер эмес, аварлар, славяндар жана ломбарддар да Византия мамлекетине чоң бир кооптуулук болуп турган. Аварлар Стамбулдун алдына чейин келишкен эле. Византия ханы Ираклий аскердик күчтүн чыгымдарын камсыздоо үчүн чиркөөлөрдөгү алтын жана күмүш кооздук буюмдарынын ээритилип, акчага айлантылышын буйрук кылган. Ал тургай, булар да жетпеген соң коло айкелдер да акча жасоо үчүн ээритилип башталган. Көптөгөн аким Ираклий ханга баш көтөрүшүп, императорлук бөлүнүү чегине келген эле. Мурда Византия жерлери болгон Месопотамия, Киликия, Сирия, Палестина, Египет жана Армения путпарас перстердин карамагына өткөн.

Кыскача айтканда, бүт баары Византиянын жок болушун күтүп жаткан эле. Бирок дал ушул учурда Рум Сүрөсүнүн алгачкы аяттары вахий кылынды жана Византиянын тогуз жыл өтпөстөн, кайрадан жеңээри билдирилди. Бул жеңиш ушунчалык мүмкүн эместей көрүнгөндүктөн, Арап мушриктери Куранда кабар берилген бул жеңиш эч ишке ашпайт деп ойлошкон эле.

Бирок Курандын бардык кабарлары сыяктуу бул да, албетте, чындык эле. 622-жылы Ираклий Арменияны басып алып, перстерди жеңип, бир топ жеңиштерге жетишти. 627-жылдын декабрь айында Византия жана Перс императорлуктары арасында Багдадга жакын жерде Дижле дарыясынын 50 км чыгыш тарабында жайгашкан Нинова калдыктарына жакын жерде дагы бир чоң согуш болду. Византия аскердик күчү перстерди бул жерде да жеңди. Бир канча айдан соң болсо перстер басып алган жерлерин Византияга кайра берген бир келишимге кол коюуга мажбур болду.

Византиянын жеңиши 630-жылы император Ираклийдин Перс өкүмдары Khosrow II'ни жеңип, Иерусалимди кайра алышы жана Христиан дининин символу «чыныгы крестти» Ыйык мазар чиркөөсүнө кайтарышы менен толукталды.

Ушундайча Аллах Куранда билдирген «Византиянын жеңиши» аяттагы «үч менен тогуз жыл ичинде» деп айтылган убакыт ичинде, кереметтүү абалда ишке ашты.

Бул аяттардагы башка бир керемет болсо – бул ал доордо эч ким аныктай албаган географиялык бир чындыктын билдирилиши. Рум Сүрөсүнүн 3-аятында византиялыктардын «дүйнөнүн эң төмөнкү жеринде» жеңилгени айтылат. Арапчасы «эдна эль ард» болгон бул сөз кээ бир Куран маанилеринин котормолорунда «жакын бир жер» деп да которулат. Бирок мындай котормо чыныгы маанини толук чагылтпайт, болжолдуу бир жоромолу гана. «Эдна» сөзү Арап тилинде «төмөн» дегенди билдирген «дени» сөзүнөн келип чыккан жана «эң төмөн» маанисине келет. «Ард» болсо жер жүзү дегенди билдирет. Ошондуктан, «эдна эль ард» сөзү «жер жүзүнүн эң төмөнкү жери» маанисине келет.

Кээ бир тафсирчилер бул аймактын Араптарга жакындыгын эске алышып, сөздүн «эң жакын» маанисин тандашууда. Бирок сөздүн чыныгы мааниси Куран түшүрүлгөн доордо эч ким билиши мүмкүн болбогон абдан маанилүү бир геологиялык чындыкка ишарат кылууда. Себеби дүйнөнүн эң төмөнкү жерин изилдегенибизде, бул жердин византиялыктар 613-614-жылдары жеңилүүгө кабылган жерлердин бири болгон Лут көлү (Dead Sea) бассейни экенин көрөбүз.

Мындай жеңилүүнүн эң оор соккусу, мурдараак да айтылгандай, Лут көлүнө жакын жердеги Иерусалимдеги жеңилүү менен бирге Христиан дининин символу «чыныгы кресттин» колдон чыгышы болгон.

Византия императорлугу менен перстер арасындагы согуш ишке ашкан бул аймак Сирия, Палестина жана азыркы Иордания аймактары кесишкен аймакта орун алган Лут көлү бассейни. Лут көлүнүн айланасы болсо деңиз деңгээлинен 417 метр төмөндө жайгашкан, жер бетинин «эң төмөн» аймагы.

Бул жерде көңүл бурула турган жагдай – бул Лут көлүнүн бийиктигинин заманбап өлчөөлөр менен гана аныкталган болушу. Андан мурда эч кимдин Лут көлүнүн дүйнөнүн эң төмөнкү аймагы экенин билиши мүмкүн эмес эле. Бирок бул аймак Куранда «жер жүзүнүн эң төмөнкү жери» деп сүрөттөлгөн. Бул маалымат Курандын Аллахтын сөзү экендигинин дагы бир далили.

 

 

ФАРАОНДУН ДЕНЕСИНИН САКТАЛЫШЫ

 

Фараон өзүн кудай деп кабыл алган жана Аз. Мусанын Аллахка ыйман келтириши үчүн жасаган чакырыктарына жалган жалаа жана коркутуу менен жооп берген, буларга эмки бөлүмдөрдө тереңирээк токтолмокчубуз. Фараон мындай текебердүү мамилесин өлүм коркунучуна кабылып, суулардын астында калаарын түшүнгөнгө чейин уланткан эле. Куранда Фараондун Аллахтын азабына кабылганда, ошол замат ыйманга багытталганы төмөнкү аяттарда кабар берилген:

 

Биз Исраил урпактарын деңизден өткөрдүк; Фараон жана аскерлери көөп, душмандык менен (алардын) артынан кубалады. Суулар аны чөктүрө турган деңгээлге жеткенде, (Фараон): «Исраил урпактары ишенген (ыйман келтирген) Кудайдан башка кудай жок экенине ишендим жана мен да Мусулмандарданмын» деди. (Йунус Сүрөсү, 90)

 

Бирок Аллах Фараондун мындай кезде ыйман келтиришин кабыл кылган эмес. Аллах Фараондун мындай чын ыклассыз мамилесин Куранда төмөнкү аяттар аркылуу билдирет:

 

Эмиби? Мурдалары болсо сен баш көтөргөн элең жана бузукулук чыгаргандардан элең. Бүгүн болсо сенден кийинкилерге бир аят (тарыхый бир далил, насаат) болушуң үчүн сени бир гана денең менен куткарабыз (бүт адамдарга өлгөн денеңди көрсөтөбүз). Чынында адамдардын көпчүлүгү Биздин аяттарыбыздан кабарсыз. (Йунус Сүрөсү, 91-92)

 

Бул аяттарда Фараонго тиешелүү дененин келечек урпактарга сабак болоорунун билдирилиши дененин «бузулбашына» бир ишарат деп кабыл алууга болот. Куранда 1400 жыл алдын ала кабар берилгендей, учурда тарыхый бир маалымат катары турган бир дене Каирдеги Египет музейинин Хандык мумиялары бөлмөсүндө көргөзмөдө турат. Чоң бир ыктымалдуулук менен, суулардын астында калып, чөгүп өлгөн соң Фараондун денеси жээкке чыгып калган жана египеттиктер тарабынан табылып мурдатан даярдалган мазарына алып барылган.

 

 

МЕККЕНИН КАРАТЫЛЫШЫ

 

Ант болсун, элчиси көргөн түштүн акыйкат экенин Аллах чындыкка чыгарды. Эгер Аллах кааласа, силер сөзсүз Харам Мечитине коопсуздук ичинде (тынч гана), чачтарыңарды алдырып, (кээ бирлериңер) кыскартып, (жана) коркпостон киресиңер. Бирок Аллах силер билбегенди билет, ошентип мындан мурда силерге жакын бир жеңиш (насип) кылды. (Фетих Сүрөсү, 27)

 

Пайгамбар Мырзабыз Мединада жашап жүргөн кезде көргөн бир түшүндө момундардын коопсуздук ичинде Меккедеги Месжиди Харамга киргенин жана Каабаны тооп кылышканын көргөн жана момундарды бул кабар менен сүйүнчүлөгөн эле. Себеби Меккеден Мединага хижрат кылган момундар ошол кезден бери Меккеге бара албай келишкен.

Аллах Пайгамбарыбызга (сав) Өз Кабатынан бир жардам жана кубат катары Фетих Сүрөсүнүн 27-аятын вахий кылган жана түшүнүн туура экенин, эгер Аллах кааласа, момундардын Меккеге кире алаарын билдирген. Чындап эле, белгилүү мөөнөттөн соң алгач Худайбия тынчтыгы жана андан соң Меккенин каратылышы менен Мусулмандар дал аятта билдирилгендей, коопсуздук ичинде Месжиди Харамга киришкен. Ушундайча Аллах Пайгамбар Мырзабыз алдын ала билдирген сүйүнүчтүү кабардын чындык экенин көрсөткөн.

Бирок бул жерде көңүл буруу керек болгон маанилүү бир жагдай бар. Фетих Сүрөсүнүн 27-аятына көңүл бурулган болсо, Меккенин каратылышынан мурда ишке аша турган башка бир жеңиш жөнүндө да сөз болгону байкалат. Чынында эле аятта билдирилгендей, Мусулмандар алгач иудейлердин карамагындагы Хайбар мунарасын каратышкан, андан соң болсо Меккеге киришкен.91

Меккенин каратылышын сүйүнчүлөгөн башка аяттардын кээ бирлери болсо төмөнкүлөр:

 

Алардын үстүнөн силерге жеңиш берген соң, Меккенин ортосунда колдорун силерден жана силердин колдоруңарды алардан Ал (артка) тартты. Аллах кылгандарыңарды толук көрүүчү. (Фетих Сүрөсү, 24)

 

Шексиз, Биз сага апачык бир фетих (жеңиш) бердик. Ошентип Аллах сенин өткөн жана келечектеги (бүт) күнөөңдү кечирсин, сага болгон немат-жакшылыгын толуктасын жана сени туптуура бир жолго багыттасын. Жана Аллах сага «улуу жана даңктуу» бир жеңиш менен жардам берсин. (Фетих Сүрөсү, 1-3)

 

Исра Сүрөсүнүн 76-аятында болсо каапырлардын да Меккеде тура албашы мындайча билдирилген:

 

Дээрлик сени (бул) жерден (мекениңден) чыгаруу үчүн тынчыңды алышмак эле, андай болсо алар да сенден соң (бул жерде) көпкө жашай алышпайт. (Исра Сүрөсү, 76)

 

Пайгамбарыбыз (сав) хижраттын 8-жылы Меккеге кирип, бул шаарды караткан. Эки жылдан соң болсо Аллах Куранда билдиргендей, каапырлар Меккеден чыгышкан. Бул жердеги башка бир маанилүү жагдай болсо мындай: Пайгамбар Мырзабыз момундарга бул сүйүнүчтүү кабарларды айткан кезде, абал эч буга окшошпойт эле. Ал тургай, шарттар толук тескери көрүнүп, мушриктер ыймандууларды эч Меккеге киргизбейбиз деген чечкиндүү маанайда эле. Бул болсо жүрөгүндө «оору» барлардын Пайгамбар Мырзабыздын айткандарына шектенүү менен карашына себеп болгон. Бирок Пайгамбарыбыз (сав) Аллахка ишенип, адамдардын сөзүнө эч маани бербестен, Аллахтын ага билдиргенине ыйман келтирген жана муну адамдарга билдирген. Анын айткандарынын жакынкы бир келечекте ишке ашканы да Курандын маанилүү бир керемети.

 

 

ИСРАИЛ УРПАКТАРЫНЫН ТЕКЕБЕРДҮҮ ЖОГОРУЛАШЫ

 

Китепте Исраил урпактарына мындай өкүм бердик: «Силер жер (жүзүн)дө сөзсүз эки жолу бузукулук чыгарасыңар жана сөзсүз абдан текеберленип-көтөрүлөсүңөр. Ал экөөнөн алгачкы убада келгенде, абдан азаптуу пенделерибизди силерге жөнөттүк, (силерди) үйлөрдүн араларына чейин кирип издешти. Бул аткарылчу бир сөз эле. Кийин аларга каршы силерге кайрадан «күч жана кубат бердик», силерге мал-мүлк жана урпактар менен жардам бердик жана коом катары силердин саныңарды көбөйттүк. (Исра Сүрөсү, 4-6)

 

Исра Сүрөсүндөгү бул аяттарда билдиригендей, Исраил урпактары жер бетинде эки жолу бузукулук чыгарышат. Булардын алгачкы «бузукулук жана текебердүү жогорулашынан» соң Аллах аларга күчтүү бир аскердик ордо жөнөткөнүн билдирүүдө. Чынында эле Исраил урпактары Аз. Яхьяны өлтүргөн жана Аз. Исаны өлтүрүү үчүн тузак курган доордон, т.а. текебердүү жогорулап, бузукулук чыгаргандан бир аздан соң б.з. 70-жылы римдиктер тарабынан Иерусалимден чыгарылып, бүт дүйнөгө жайылышкан.

Пайгамбар Мырзабызга бул аят вахий кылынган учурда болсо еврейлер ар кайсы өлкөлөрдө чачыранды абалда жашап жатышкан эле жана эч мамлекеттери жок болчу. Аллах болсо аяттарда Исраил урпактарына кайрадан күч берээрин билдирген.

Бирок ал доордо бул кабардын ишке ашышы абдан алыс жана ыктымалдыгы абдан аз көрүнгөн эле. Аллах аяттарда кабар берген бул окуя кылымдардан соң толугу менен ишке ашты. Еврейлер Палестинага кайра кайтышты жана 1948-жылы Израил мамлекетин курушту. Андан соң Исраил мамлекетинде жашаган, улутчул (фашист) көз-караштарга ээ бир катар сионисттердин мамилеси Ортоңку Чыгышта ызы-чуу, согуштарга себеп болду.

Мына ушул абал Исраил урпактары чыгарган экинчи «бузукулукка» ишарат кылууда. Бирок мындай бузукулуктун бардык еврей калкына тиешелүү эмес экенин да айта кетүү керек. Еврей калкы арасында да мындай бузуку мамиле токтошу керек деген көз-карашты жактаган абийирдүү, акылдуу адамдар бар. Бузукулукту күчөткөн бир катар фашист, радикалдуу сионисттер болсо Куранда Раббибиз кеңеш кылгандай «кечирим (же жеңилдик) жолун танда»шы (Араф Сүрөсү, 199) зарыл. Ушундай кылышса, Фуссилет Сүрөсүндө билдирилгендей, тынчтык, бир туугандык чөйрөсү Аллахтын каалоосу менен кайрадан курулат:

 

Жакшылык менен жамандык тең эмес. Сен эң сонун бир жол менен (жамандыкты) алыстат; ошондо, сени менен анын арасында душмандык болгон адамдын ысык бир досуң болуп калганын (көрөсүң). (Фуссилет Сүрөсү, 34)

 

Исраил урпактары жөнүндөгү Исра Сүрөсүнүн аяттарындагы маанилүү нерселердин бири – бул ал доордо эч мүмкүн эместей көрүнгөн жана ал багытта эч кандай бир жылыш же белги болбогон окуялардын келечекте ишке ашаарынын билдирилгени. Албетте, булардын баары Курандын бир керемети.

 

 

КОСМОСТУН АЧЫЛЫШЫ

 

Адамдардын космосту изилдеши жана ачышы 1957-жылы 4-октябрда советтик «Спутник» аттуу спутниктин космоско чыгарылышынан соң ылдамдады. НАСА (Улуттук аба жана космос башкармалыгы) Спутниктин космоско жөнөтүлүшүн «Космос доорунун» башталышы деп кабыл алат. Жердин орбитасынан чыккан алгачкы адам болсо – бул Восток 1 аттуу рокета менен 1961-жылы космоско чыккан советтик космонавт Юрий Гагарин. Адамдардын айга барышы болсо 1969-жылы 20-июльда америкалыктардын Аполло 11 сапары менен ишке ашкан.

Куранда болсо 1400 жыл мурда адамдардын бул тармактагы болочок жетишкендиктерине жана космоско чыгуунун мүмкүн болооруна ишарат кылынууда. Аллах бул темага Куранда төмөнкү аят менен көңүл бурууда:

 

Эй жин жана инсан коомдору, эгер асмандардын жана жердин учтарынан ашып-өтүүгө күчүңөр жетсе, ылдам ашкыла; бирок «улуу бир күч (султан)» болбостон аша албайсыңар. (Рахман Сүрөсү, 33)

 

Аятта «жогорку бир күч» деп которулган Арапча «султан» сөзү «далил, күч, кубат, өкүм, мыйзам, жол, авторитет, уруксат, уруксат берүү, жол берүү» сыяктуу маанилерге келет.

Көңүл бурулган болсо, жогорудагы аятта адамдардын асмандардын жана жердин тереңдиктерине эч өтө албашы эмес, жогорку бир күч менен өтө алаарына басым жасалууда. Жана мындай жогорку бир күч менен 20-кылымда колдонулган жогорку технологияга ишарат кылынып жаткан болушу ыктымал. 20-кылымдагы жогорку технология жардамы менен Аллах Куранда билдиргендей бул нерсе ишке ашкан.

 


 

АЙГА БАРУУ

 

Он төртүнө киргенде Айга; силер чынында кабаттан кабатка минип өтөсүңөр. Бирок аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат? (Иншикак Сүрөсү, 18-20)

 

Бул аяттарда айга көңүл бурулган соң кабаттан кабатка минип өтүлөөрү айтылган. «Теркебу» сөзү (унаага) түшүү, бир жол үстүндө басуу, изинен жүрүү, изине түшүү, киришүү, катышуу, ээ болуу маанилерине келген «ракибе» этишинен келип чыккан. Бул маанилер эске алынганда, «кабаттан кабатка минип өтөсүңөр» сүйлөмүндө миниле (түшүлө) турган бир унаага ишарат кылынып жаткан болушу мүмкүн.

Чынында эле айга баруу үчүн колдонулган космос унаалары атмосфера катмарларын бир-бирден өткөн соң космос мейкиндигине жана ал жерден болсо айдын тартылуу аймагына киришет. Ушундайча бири-биринен айырмалуу бир канча катмардын биринин артынан экинчисин өткөн соң айга барууга мүмкүн. Ошондой эле, Иншикак Сүрөсүнүн 18-аятында айга ант ичилиши да бул басымды дагы да күчөтүүдө. Ошондуктан жогорудагы аят менен айга баруунун ишке ашаарына ишарат кылынып жаткан болушу ыктымал. (Эң туурасын Аллах билет.)

 

 

ЗАМАНБАП УНААЛАР

 

Ал силердин минишиңер үчүн жана кооздук-сулуулук аттарды, качырларды жана эшектерди (жаратты). Жана силер билбеген нерселерди да жаратууда. (Нахл Сүрөсү, 8)

 

Бул аятта унаа катары саналган жаныбарлардан тышкары адамдар билдеген унаалардын да болооруна көңүл бурулууда. Төмөнкү аятта болсо кеме сыяктуу массалык ташуу унааларынын болооруна ишарат кылынууда:

 

Алардын урпактарын (киши) толо кемелерде ташышыбыз да алар үчүн бир аят-далил. Жана алар үчүн (алар) минип жаткан ушуга окшогон (канчалаган) нерселерди жаратышыбыз да. (Йасин Сүрөсү, 41-42)

 

 

УЧАК ТЕХНОЛОГИЯСЫ

 

Сулайманга бороон сыяктуу соккон шамалды (моюн сундурдук), Анын буйругу менен ичинде берекелер болгон жерге сызып барчу. Биз бүт нерсени билүүчүбүз. (Анбия Сүрөсү, 81)

 

Бул аяттан байкалгандай, Аллах шамалды Аз. Сулаймандын буйругуна берген жана ар түрдүү иштеринде бир каражат катары колдонушуна мүмкүнчүлүк сунган. Бул аят менен Аз. Сулайман доорундагы сыяктуу, келечекте да шамал энергиясынын технологияда колдонулаарына ишарат кылынып жаткан болушу ыктымал.

 

Сулайманга болсо эрте мененки жүрүшү бир ай, шамда кайтышы бир ай (аралык) болгон шамалды (моюн сундурдук)... (Себе Сүрөсү, 12)

 

Жогорудагы аятта орун алган «... эрте мененки жүрүшү бир ай, шамда кайтышы бир ай (аралык) болгон шамалды (моюн сундурдук)...»  сүйлөмү менен болсо Аз. Сулаймандын ар кайсы аймактар арасында ылдам жол басканына көңүл бурулуп жаткан болушу мүмкүн. Аз. Сулайман өз доорунда учурдагы учак технологиясына окшош бир технологияны колдонуп, шамал менен кыймылдаган унаалар жасаган жана булар менен бири-биринен алыс жерлерге кыска убакытта жеткен болушу ыктымал. Албетте, эң туурасын Аллах билет.

Ошондуктан, жогорудагы аяттарда учурдагы учак технологиясына көңүл бурулуп жаткан болушу мүмкүн.

 


 

СҮРӨТТӨЛҮШТҮН БЕРИЛИШИ

 

Анын жанындагы китептен илими бар бирөө: «Мен (көз ачып жумганча) аны сага алып келе алам» деди. Анан (Сулайман) анын өз жанында турганын көргөндө (мындай деди): «Бул Раббимдин берешендигинен, «Мага шүгүр кылабы, же нашүгүрдүк кылабы» деп мени сынап жатканы үчүн (бул кереметтүү окуя ишке ашты)... (Немл Сүрөсү, 40)

 

Аятта «анын жанындагы китептен илими бар бирөө» деп айтылган адам Аз. Сулайманга Саба ханышасынын тактысын «көз ачып жумганча», б.а. абдан кыска убакыт ичинде алып келе алаарын айтууда. Саба ханышасынын тактысынын алып келиниши учурда колдонулган сүрөттөлүштү берүүнүн жогорку технологиясына ишарат кылышы мүмкүн. Бул жөнүндөгү дагы бир аят болсо төмөнкүдөй:

 

Жиндерден ифрит: «Сен ордуңдан тура электе, мен аны сага алып келе алам, мен чынында буга (муну кылууга) ишенимдүү бир күчкө ээмин.» деди. (Немл Сүрөсү, 39)

 

Учурда текст, сүрөт, тасма сыяктуу ар кандай маалыматтын интернет технологиясы менен бир канча мүнөт, ал тургай бир канча секунда ичинде абдан алыс аралыктарды басып өтүшү мүмкүн болууда. Мисалы, Саба ханышасынын тактысын абдан бат бир жерге жөнөтүлүшүнүн баяны аркылуу мындай бир процесстин (мисалы, бир тактыга тиешелүү үч өлчөмдүү сүрөттөлүштүн же сүрөттүн жөнөтүлүшүнүн) интернет аркылуу көз ачып жумганча мүмкүн болооруна да көңүл бурулуп жаткан болушу мүмкүн.

Учурда илимпоздордун ою боюнча, атом жана молекулаларды, ал тургай чоңураак нерселерди жиберүү жакынкы болочокто мүмкүн болмокчу. «Телепортация» деп аталган бул ыкма менен бир жердеги бир буюмдун (нерсенин) материалдык өзгөчөлүктөрү жок кылынып, бул буюмга тиешелүү бардык детальдар жана атомдук түзүлүшү башка бир жерге жөнөтүлүүдө. Кыскача айтканда, буюмдун бардык материалдык өзгөчөлүктөрү кайрадан куралууда. Бул эмгектер убакыт жана мейкиндик жолоочулукка тоскоол болбойт жана буюмдар (нерселер) кандайдыр бир жерге бир көз ирмемде, чындыгында физикалык бир аралыкты басып өтпөстөн жеткириле алат деген мааниге келет.

1998-жылы Калифорния технология институтунун (Caltech) борборундагы физиктер эки европалык топ менен бирге бир фотонду жөнөтө алышкан. Илимпоздор фотондун атомдук түзүлүшүн окуп, бул маалыматты 1 метрге жеткирип, фотондун бир копиясын пайда кылышкан. Андан мурдараак ишке ашырылган башка бир телепортация экспериментинде болсо Улуттук Австралия университетинен (ANU) Пинг Кой Лам (Ping Koy Lam) жана башка изилдөөчүлөр бир лазер нурун кыска бир аралыкка жөнөтө алышкан.

2002-жылы 17-июльда CNN кабар каналындагы бир кабарда Canberra'дагы Улуттук Австралия университетинин физиктеринен турган бир топтун бир лазердик нурду бөлүктөргө бөлүп, бир канча метр башка жерге «иондоштурганы» айтылды. Топтун башчысы Пинг Кой Ламдын болсо «али затты иондоштура албадык, бирок бул мүмкүн жана атом абалындагы заттарды иондоштуруу келечекте мүмкүн болот» деп айтканы кабарланды.

Данияда Aarhus университетинен Юджин Ползик (Eugene Polzik) жана кесиптештеринин Nature журналында жарык көргөн изилдөө отчеттору боюнча, лазер нурун колдонуп, көп сандагы атомго кванттык физикадан пайдаланып, ийгиликтүү эксперименттерди жасашкан.

Scientific American журналында эмгегин жарыялаган австралиялык физик Антон Цайлингер (Anton Zeilinger) болсо телепортация потенциалы жөнүндөгү анализдеринде бир топ татаал системаларды физика мыйзамдарын тебелебестен ташууга (бир жерге жеткирүүгө) болоорун айткан.

Куранда «Биз аларга анын акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп койобуз...» (Фуссилет Сүрөсү, 53) аяты менен билдирилгендей, бул илимий жетишкендиктер да Куранда ишарат кылынган жана Курандын кереметтүү тараптарын ортого койгон технологиялардын бир бөлүгү болушу мүмкүн.

 


 

ЖЫТТЫН БЕРИЛИШИ

 

Айтты: «Бүгүн силерге карата сурак, айыптоо жок. Силерди Аллах кечирсин. Ал мээримдүүлөрдүн (эң) мээримдүүсү. Бул көйнөгүм менен баргыла да, атамдын жүзүнө сүрткүлө. Көзү (кайра) көрүп калат. Бүт үй-бүлөңөрдү да мага алып келгиле.» Кербен (Египеттен) чыгып баштаганда, аталары: «Эгер мени акылдан азган дебесеңер, ишенгиле, Йусуфтун жытын (мурдумда) алып жатам» деди. (Йусуф Сүрөсү, 92-94)

 

Учурда илимпоздор фотондор сыяктуу атомдорду жана жыт молекулаларын да жакынкы болочокто бир жерден бир жерге жөнөтүүгө мүмкүн болот дешүүдө. Йусуф Сүрөсүнүн 94-аятында Аз. Йусуфтун атасы уулунун жытын сезгенин айтууда. Илимпоздор жакынкы келечекте үч өлчөмдүү сүрөттөлүштү же сүрөттү жөнөткөн сыяктуу жытты жөнөтүү да технологиялык жактан мүмкүн болот дешүүдө. Ошондуктан бул аят учурда аракет кылынып жаткан жытты жиберүүчү алдыңкы технологияга ишарат кылышы ыктымал.

Себеби жыт сезүү –башка сезүү органдарыбыз сыяктуу эле- мээбизде пайда болот. Бир лимондун кабыгынан чыккан химиялык молекулалар мурундагы жыт кабылдагычтарды стимулдайт. Бул жерден электрдик импульс жоромолдонушу үчүн мээге жөнөтүлөт. Ошондуктан бул жытка тиешелүү импульс башка жол менен пайда кылынганда да ошондой эле жытты сезүүгө болот. «Электрдик мурун» деп аталган технология да мунун мүмкүн экенин көрсөткөн эмгектердин бири.

Адамдагы жыт сезүү системасы он миңден ашуун жытты оңой гана айырмалай алууга мүмкүндүк берет. Белгилүү бир химия билимин алган адистер бир атырдагы жүзгө жакын жыттын булагын аныктай алышат. Адамдын мурдундагы мындай улуу жаратылуу көптөгөн илимпозду ушуга окшогон жабдыктарды долбоорлоого стимулдоодо. Дүйнөнүн ар кандай изилдөө-өнүктүрүү борборлорунда адамдагы мындай жыт алуу системасынын копияларын өндүрүүгө аракет жасалууда. Мурун өрнөк алынуу менен иштеп чыгылган бул моделдерге «электрондук мурун» деген ат ыйгарылууда.

Адамдын мурдундагы протеиндерден турган рецепторлордун ордуна электрондук копияларда бир катар химиялык кабылдагыч колдонулат. Бул кабылдагычтардын ар бири ар башка жытты кабылдай турган абалда жасалат; тандай алуу мүмкүнчүлүгү өскөн сайын өндүрүү татаалдайт жана баалары өсөт. Сенсорлор айланадан топтогон сигналдар электрондук системалар аркылуу экилик коддорго айландырылат жана бир компьютерге жөнөтүлөт. Электрондук системалар жыт сезүүгө жооптуу нерв клеткаларынын, компьютер болсо адамдын мээсинин бир копиясы деп элестетүүгө болот. Компьютер ага келген маалыматтарды анализдөөгө программаланат жана мунун жардамында ага келген экилик код системасынан турган сигналдарды жоромолдойт.

Ушундай ыкма менен иштеп чыгылган электрондук мурундар тамак-аш, парфюмерия, медицина жана химия өнөр-жайы сыяктуу ар кайсы тармактарда колдонулууда. Университеттер жана эл аралык уюмдар мындай долбоорлорго абдан колдоо көрсөтүшүүдө. Ошого карабастан, Warwick университетинен Жулиан Гарднер (Julian Gardner) айткандай, электрондук мурун технологиясы али башталгыч этапта гана.

NASA'да эмгектенген илимпоздор болсо космостук изилдөөлөр үчүн абдан сезгич жасалма мурун иштеп чыгышууда. Бул аппарат дээрлик ар түрдүү химиялык кошулманы айырмалай ала турган, адамдын мурдунан кылдатыраак өлчөөлөрдү жасай алат. Бул ыкма менен космостук станциядагы зыяндуу заттарды аныктоо мүмкүн болуп, акылдуу бир коопсуздук системасынын бөлүгү катары иштейт. Мына ушул технология үн, сүрөттөлүш сыяктуу эле жытты бир жерден бир жерге жиберүүнүн да жакынкы келечекте мүмкүн болушу ыктымал экенин көрсөтүүдө.

 

 

ЭЛЕКТРДИК ТОКТУН КОЛДОНУЛУШУ

 

... Ээриген жез металлын ага сел сыяктуу агыздык... (Себе Сүрөсү, 12)

 

Аллах Аз. Сулаймандын буйругуна берген чоң немат-жакшылыктардын бири – бул «ээриген жез металлы». Бул аятты көп түрдүү жоромолдоого болот.

Ээриген жездин колдонулушу аркылуу Аз. Сулайман доорунда электрдик ток колдонулган алдыңкы бир технологиянын бар экенине да ишарат кылынып жатышы мүмкүн. Белгилүү болгондой, жез токту жана жылуулукту эң жакшы өткөрүүчү металлдардын бири жана бул жагынан электр өнөр-жайынын негизин түзүүдө. Дүйнөдө өндүрүлгөн жездин маанилүү бөлүгү электр өнөр-жайында колдонулууда.

Аяттагы «сел сыяктуу агыздык» сүйлөмү болсо электрдик токту абдан көп тармактарда колдонууга мүмкүн экенине ишарат кылып жатышы ыктымал. (Эң туурасын Аллах билет.)

 


 

АРТЕЗИАН КУДУГУ

 

Биз аларды (Исраил урпактарын) өз-өзүнчө уруулар кылып он эки коомго (үммөткө) бөлдүк. Коому андан суу сураганда, Мусага: «Асаң менен ташты ур» деп вахий кылдык. Андан он эки булак атырылып чыкты; ошентип ар бир коом суу иче турган жерин таанышты. Үстүлөрүнө булуттан көлөкө кылдык жана аларга кудурет халвалары менен куш эттерин жаадырдык. (Анан мындай дедик:) «Силерге ырыскы катары бергендерибиздин тазаларынан жегиле.» Алар Бизге зулумдук кылышпады, өздөрүнө гана зулумдук кылышты. (Аьраф Сүрөсү, 160)

 

Бул аятта Аз. Мусанын коомунун андан суу талап кылганы, Аз. Мусанын болсо он эки коомдун ар бирин суу иче турган бир жер менен камсыз кылганы баяндалууда. Аз. Мусадан коомунун суу сурашы суудан кыйналып турушканын көрсөтүүдө. Учурда да ушундай бир көйгөй бар. Бүгүнкү күндө 1 миллиарддан ашуун адам таза сууга жете албоодо; 2,4 миллиард адам ден-соолукка толук ылайыктуу болбогон шарттардагы сууну колдонушууда. 2025-жылга жасалган божомолдор боюнча суу көйгөйүнөн жабыр тарта турган адамдардын санынын 5 миллиард болоору күтүлүүдө. Суу булактарынын жетишсиздигинен жыл сайын 12 миллион адам каза болууда. Мунун 3 миллионун суудан келип чыккан оорулардан өлгөн жаш балдар түзөт.1

Учурда дүйнө калкынын 8%ын түзгөн 31 өлкө үзгүлтүксүз таза суу көйгөйү менен жашашууда. 2025-жылга жеткенде 48 өлкөнүн ушул сыяктуу көйгөйгө кабылаары күтүлүүдө. БУУнун божомолдору боюнча, 2025-жылга жакын ичүүгө мүмкүн болгон суу мындан да тартыш бир ресурска айланат жана калктын жай өсүшүнө жараша суудан кыйналган 131 миллион адамдын саны 817 миллионго, калк бат өскөн болсо 1,079 миллиард адамга жетет.

Жер астындагы суулар жер жүзүндөгү эң ири тузсуз суу ресурсу, жана бүгүнкү күндө колдонууга мүмкүн болгон тузсуз суу резервдеринин 90%дан көбүн түзөт. Жер астындагы суулар жер бетиндеги болжол менен 2 миллиард адамдын суу муктаждыгын камсыздап, көп өлкөлөр үчүн абдан чоң мааниге ээ. Америка калкынын болжол менен 50%ынын негизги суу булагы – бул жер астындагы суулар, тоолуу аймактарда бул көрсөткүч 95%га чейин чыгат. Жер астындагы суулар эң ишенимдүү жана эң коопсуз тузсуз суу булактары болуп саналат. Ошол эле учурда бул суулар геотермалдык энергия абалында энергия өндүрүшү үчүн жана жылуулук насостору колдонулуу менен энергияны үнөмдөө максатында да колдонулууда.

Жердин астына сиңген суу жердин астында суу өткөрбөс бир катмарга жеткенде, ал жерде чогулуп бир суу ресурсун түзүүдө. Бул суу жер бетине артезиан ыкмасы менен чыгарылууда. Артезиан булактар – бул жер астындагы сууларды кампалоо максатында суу сактагыч катары кызмат кылган, майда породалар же таштардан турган түзүлүштөр.

Артезиан кудуктарынын таштуу аймактарда болушу аяттагы сүрөттөөгө дал келет. Аллахтын Аьраф Сүрөсүнүн 160-аятында Аз. Мусага ташты урушун же ташты көтөрүшүн буйрук кылышы да ушундай бир ыкмага ишарат кылып жаткан болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) Аятта «ур» деп которулган «идриб» этиши ошол эле учурда көтөрүү, ачуу маанилерине келет. Ошондуктан бул жерде сүрөттөлгөн ташты көтөрүү менен ачылган суу булагы болушу мүмкүн. Натыйжада артезиан кудуктарындагы сыяктуу басым астындагы суу аяттагы «атылып чыгуу, эркин агуу, ашуу, жерден кайнап агуу» маанилерине келген «инбежесет» сөзү менен айтылган абалда пайда болгон болушу ыктымал. Тешилип ачылган артезиан булактарында сууга алгач жеткенде басымдын таасири менен суу жер бетин көздөй атылат. Эгер жетиштүү басым пайда болсо, анда суу насостун көмөгүсүз жер бетине чыгышын улантышы мүмкүн.

Учурда –Аз. Муса суу көйгөйүн ташты көтөрүү менен чечкен сыяктуу- суу көйгөйүнө жер астындагы суулар менен чечүү жолунун изделиши жана андан пайдалануунун эң натыйжалуу ыкмасынын артезиан кудуктары болушу абдан көңүл бурат. Ошондуктан Аьраф Сүрөсүнүн 160-аятында алгачкысы Франциянын Артуа (Artois) аймагында 1126-жылы ачылган артезиан кудуктарына ишарат кылынып жаткан болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)

 

 

ТЕХНОЛОГИЯДА КУМУРСКА ОРДОСУ

 

Анан кумурска өрөөнүнө келишкенде, бир ургаачы кумурска: «Эй кумурска коому, уяларыңарга киргиле, Сулайман менен ордолору (аскерлери) байкабастан силерди эзип кетпесин» деди. (Немл Сүрөсү, 18)

 

Бул аятта «кумурска өрөөнү» деп аталган атайын бир жерге жана өзгөчө кумурскаларга көңүл бурулууда. Аз. Сулаймандын кумурскалардын өз ара маегин угушунда болсо компьютер технологиясында ишке аша турган өнүгүүлөргө карата кээ бир маанилүү ишараттар болушу мүмкүн. Учурда «силикон өрөөнү» термини технология дүйнөсүнүн борборун түшүндүрөт. Аз. Сулайман кыссасында да бир «кумурска өрөөнүнөн» сөз кылынышы абдан терең маанилүү. Аллах бул аят менен келечекте ишке аша турган алдыңкы бир технологияга көңүл буруп жаткан болушу ыктымал.

Ошондой эле, учурда кумурскалар жана кээ бир курт-кумурска түрлөрү жогорку технология тармагында кеңири колдонулууда. Бул жандыктар өрнөк алынуу менен иштеп чыгылган робот долбоорлору коргонуу индустриясынан технология тармагына чейин көп тармакта кызмат кылышы максатталууда. Аятта буларга да ишарат кылынып жатышы мүмкүн.

 

Мини технологиядагы акыркы жаңылык: робот кумурска ордосу

Кумурскалар өрнөк алынып иштеп чыгылган долбоорлордун эң атактуусу – бул көп өлкөлөрдө бири-биринен көз-карандысыз жүргүзүлүп жаткан «робот кумурска ордосу долбоорлору». Мисалы, Виржиния политехникалык институту (Virginia Polytechnic Institute) жана Виржиния мамлекеттик  университети (Virginia State University) тарабынан жүргүзүлгөн бир изилдөө кичинекей, арзан жана жөнөкөй роботторду иштеп чыгууну көздөөдө. Максат – баары бири-бирине окшош көрүнүштөгү бул роботтордон бир робот ордосун түзүү. Долбоордун жооптуулары бул роботтордун колдонууга ыңгайлуу болушунун себебин төмөнкүчө түшүндүрүшүүдө: «Группа болуп кыймыл-аракет кылышы, координация ичинде, бир команда сыяктуу физикалык жумуштарды аткарышы жана ортоктошуп чечим кабыл алышы». Мындай робот ордолорунун бардык механикалык жана электрдик долбоорлору бир кумурска коомунун кыймыл-аракеттери эске алынуу менен долбоорлонгон. Кумурскаларга окшоштугу себептүү булар «кумурска ордосу» роботтору деп аталышат.

«Кумурска ордосу» робот системасы башында бир «материал ташуу системасы» катары долбоорлонгон. Бул сценарий боюнча, бир канча робот ортоктошуп буюмдарды көтөрүп ташууга милдеттендирилмек. Кийинчерээк башка кызматтарды да аткарышсын деген чечим алынды.

Бир макалада бул роботтордун кандай максатта колдонулаары мындайча сүрөттөлгөн:

Ядролук жана кооптуу заттарды тазалоо, металлургия (материал чыгаруу жана куткаруу), мина тазалоо, кабар чогултуу жана күзөт, планеталардын изилдениши жана казуу иштери.

Кумурска робот технологиясы тармагынын адиси Израель А. Вагнер (Israel A. Wagner) тарабынан Израил парламентине сунулган бир отчетто болсо кумурска робот долбоорлору мындайча сүрөттөлүүдө:

Кумурска-роботтор – бул орток бир максатты ишке ашыруу үчүн долбоорлонгон нерселер. Булар абдан аз энергия колдонушат жана иштеген аймактарында көп издерди калтырышып байланыш курушат. Жумуштардын бул роботтор арасында бөлүнүшү же борбордук башкарууну камсыз кылган жана башка агенттерге буйрук жөнөткөн бир индивид тарабынан ишке ашырылат же болбосо индивиддерге мурдатан баш ийүү шарты менен берилген бир кызматтын жасалышы түрүндө да болушу мүмкүн.

Үчүнчү бир жол болсо жумуш убагында мындай кызматташуунун табигый түрдө, алдын ала чечим алынбастан ортого чыгышы. Буларды колдонуу максаты изилдөө, карта чыгаруу, бир үйдүн түбүн тазалоо, белгисиз бир планетаны изилдөө же бир мина талаасын тазалоо болушу мүмкүн.

Бул мисалдардан да байкалгандай, учурда кумурскалардын коомдук жашоосу көптөгөн долбоордун негизин түзүүдө жана кумурскалар өрнөк алынып жасалган робот технологиялары адамдарга пайда келтирүүдө. Мына ушул себептен Аз. Сулайман кыссасында кумурскаларга жана алар жашаган өрөөнгө көңүл бурулушу абдан маанилүү. Аяттардагы «кумурска» сөзү менен роботтордон турган бир ордого ишарат кылынып жатышы мүмкүн. Аяттарда, мындан тышкары, келечекте робот технологиясында ишке аша турган өнүгүүлөргө, роботтордун адамдардын жашоосунда маанилүү бир кызмат аткараарына, көптөгөн оор жумуштарды адамдардын ордуна жасап алардын жашоосун мындан да комфорттуу кылаарына ишарат кылышы ыктымал. Албетте, эң туурасын Аллах билет.

 

 

АТОМ ЭНЕРГИЯСЫ ЖАНА ЯДРОЛУК БӨЛҮНҮҮ
(FISSION)

 

Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүүдөн чыгарат, өлүүнү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр? (Энъам Сүрөсү, 95)

 

Энъам Сүрөсүнүн 95-аятында «данек» (элхабби) жана «урук» (эннева) сөздөрү менен атомдун жарылышы, бөлүнүшү менен байланыштуу бир абалга ишарат кылынган болушу мүмкүн. «Эннева» сөзүнүн сөздүктөгү маанилери арасында урук, борбор, ядро бар. Ошондой эле, аятта сүрөттөлгөн тирүүнүн өлүктөн чыгарылышын «өлүк болгон энергиядан Аллахтын затты жаратышы» катары жоромолдоого болот. Өлүктүн тирүүдөн чыгышы болсо заттын (материянын) атому кыймылдуу болгондуктан (тирүү), заттан энергиянын (өлүк) чыгышы болушу ыктымал. (Эң туурасын Аллах билет.) Себеби тирүү деп которулган «элхаййе» жандуу маанисинен тышкары активдүү, энергиялуу маанилерине да келет. Өлүк деп которулган «элмеййити» сөзү болсо жансыз маанисин берүү менен бирге энергияны айтып жаткан болушу ыктымал.

Энергияга илимпоздор тарабынан жумуш жасоо кубаттуулугу деп аныктама берилүүдө. Зат болсо жер бетиндеги жана ааламдын ичиндеги нерселерди түзгөн материал жана электрондук микроскоп менен көрүүгө мүмкүн болгон кыймыл абалындагы атом жана молекулалардан турат. Альберт Эйнштейн 20-кылымдын башында энергия жана заттын атом деңгээлинде бири-бири менен байланышта экенин айтып, затты энергияга айлантууга болоорун айткан.108 Бул жогоруда сүрөттөлгөн тирүүдөн өлүктүн чыгышы, т.а. атом деңгээлинде кыймылдуу заттан энергиянын алынышы болушу ыктымал. Ошондой эле, «чыгарат» деп которулган «йухрижу» сөзү сыртка чыгаруу, чачуу, сыртты көздөй чыгаруу, жайуу (мисалы электрдик толкундарды) маанилерине келет. Ошондуктан аяттагы сөздөр атомдон алынган энергия ыкмасын сүрөттөп жатышы мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)

Белгилүү болгондой, учурда атомдун ядросун жарып бөлүктөргө бөлүүгө болот. Эйнштейндин теорияларына таянган илимпоздор 1940-жылдары ядролук бөлүнүү жолу менен заттан энергия ала алышкан. Атомдордун бөлүнүшү же жарылышы менен ишке ашкан бул процесс «ядролук бөлүнүү» (fission) деп аталат. Энъам Сүрөсүнүн 95-аятында «фалику» сөзү менен айтылган «жаруу» этиши болсо «бөлүнүү» сөзүнүн сөздүк мааниси болгон (атом ядросун) жарып майдалоо процессин сүрөттөп жатышы мүмкүн. Бул процесс ишке ашырылганда кереметтүү көп өлчөмдө энергия сыртка чыгат.
Энъам Сүрөсүнүн 95-аятындагы сөздөр маанилери жагынан абдан терең мааниге ээ. Бул аятта сүрөттөлгөн кубулуштар атом энергиясын алуу жолу болгон атомдун ядросун майдалоо процессине абдан окшошот. Ошондуктан бул аятта 20-кылымдын технологиясы менен мүмкүн болгон ядролук бөлүнүү ыкмасына ишарат кылынып жатышы ыктымал. (Эң туурасын Аллах билет.)

 

93.          Keith L. Moore, Developing Human, 6. baskı, 1998.
94.          http://anatomy.med.unsw.edu.au/cbl/embryo/Notes/git4.htm
95.          http://virtual.yosemite.cc.ca.us/uyeshiros/AP50/Repro.htm
96.          Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 84.
97.          Williams P., Basic Human Embryology, 3. baskı, 1984, s. 64.
98.          http://www.ldeo.columbia.edu/dees/ees/life/lectures/lect21.html
99.          Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, ss. 96-97.
100.       Laurence Pernoud, J'attends un enfant, Pierre Horay, Paris, 1995, s. 138.
101.       Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, ss. 78-79.
102.       http://www.uuhsc.utah.edu/healthinfo/pediatric/
                Hrnewborn/bhrnb.htm
103.       http://www.uuhsc.utah.edu/healthinfo/pediatric/
                Hrnewborn/bhrnb.htm
104.       C. Billeaud, D. Bouglé, P. Sarda, N. Combe, S. Mazette, F. Babin, B. Entressangles, B. Descomps, A. Nouvelot, F. Mendy, European Journal of Clinical Nutrition, 1997, c. 51, ss. 520-526
105.       "Breast milk 'does cut heart risk'", 1 Mart 2004; http://news.bbc.co.uk/2/hi/health/3523143.stm
106.       "Breast milk helps reduce obesity", 2 Mayıs 2004; http://news.bbc.co.uk/2/hi/health/3673149.stm
107.       "Breast milk helps reduce obesity", 2 Mayıs 2004; http://news.bbc.co.uk/2/hi/health/3673149.stm
108.       http://www.genetikbilimi.com/genbilim/annesutu.htm
 

1 yorum:

  1. Бул китепти толугу менен төмөнкү линктен таба аласыздар.

    http://ky.harunyahya.com/ky/works/46875/КУРАНДЫН-КЕРЕМЕТТЕРИ

    YanıtlaSil