20 Kasım 2012 Salı

КУРАНДЫН ИЛИМИЙ КЕРЕМЕТТЕРИ 8-БӨЛҮК


УКТАП ЖАТКАНДА КУЛАКТАРДЫН АКТИВДҮҮ БОЛУШУ

 

Ушундайча үңкүрдө жылдар бойу алардын кулактарына урдук (терең бир уйку бердик). (Кехф Сүрөсү, 11)

 

Бул аяттагы «кулактарына урдук» сөзүнүн Арапчасы «дарабе» этиши. Арап тилинде бул этиш өтмө мааниде «аларды уктаттык» маанисине келет. Ошондой эле, «дарабе» сөзү кулак менен бирге колдонулганда, «кулактын угушуна тоскоол болуу» маанисине да келет. Аятта уйку жөнүндө бир гана угуу сезимине көңүл бурулушу болсо негизи абдан маанилүү бир маалыматты камтууда.

Илимпоздордун аныктоолору боюнча адам уктап жатканда активдүү абалда болгон жалгыз орган – бул кулак. Ойгонуу үчүн сааттын коңгуроосуна муктаж болгонубуздун себеби да ушул. Аллах Кехф адамдары жөнүндө колдонгон «кулактарына урдук» сөзүнүн мааниси болсо бул жаштардын угуу сезимдеринин жабылганына жана ушул себептен узак жылдар бою ойгонбостон уктаганына ишарат болушу ыктымал.

 

 

УЙКУДА КЫЙМЫЛДООНУН МААНИСИ

 

Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң, бирок алар (терең уйкуда) уктап жатышат. Биз аларды оң тарапка жана сол тарапка айлантып турдук. Иттери болсо эки колун сунуп жаткан. Аларды көргөнүңдө, алардан артка бурулуп качмаксың, алардан ичиңди коркуу каптамак. (Кехф Сүрөсү, 18)

 

Бул аятта жүздөгөн жылдар бою уктаган Кехф адамдарынан сөз кылынууда. Ошондой эле, Аллах бул аятта бул адамдардын денелерин оң жана сол тараптарга айлантканын билдирүүдө. Мунун мааниси болсо жакында гана аныкталды.

Көп убакыт бою бирдей абалда жаткан адамдар олуттуу ден-соолук проблемаларына кабылышат: кан айлануусунда кыйынчылыктардын пайда болушу, териде жаралардын пайда болушу, жерге тийген тараптарда кандын уюшу сыяктуу...

Көп убакыт бою бир тарабы менен жатканда пайда болгон жаралар «басым жаралары» деп да аталат. Себеби көп убакыт бою бир тарап менен жатканда, дененин бир тарабына болгон тынымсыз басым кан-тамырлардын кысылып жабылышына себеп болушу мүмкүн. Мунун натыйжасында кан аркылуу алып жүрүлгөн кычкылтек жана башка азыктар териге жете албайт жана тери өлүп баштайт. Бул абал денеде жаралардын пайда болушуна себеп болот. Эгер бул жаралар дарыланбаса, теринин катмарлары, май жана булчуң кыртыштары да өлүшү мүмкүн.

Теринин же кыртыштын астында пайда болгон мындай жаралар дарыланбаса же инфекцияга кабылышса, ырбап кетиши мүмкүн, ал тургай өмүрдү коркунучка салышы ыктымал. Ушул себептен териге болгон басымды азайтуу үчүн 15 мүнөттө бир жатуу позициясын өзгөртүү эң туура болот. Өз алдынча кыймылдай албаган мунжу оорулуулар да ушул себептен атайын бир кароого алынышат жана 2 саатта бир башка адамдын жардамы менен кыймылдатып турулат. Жогорудагы аятта ушул кылымда аныкталган бул медициналык маалыматтарга көңүл бурулушу – албетте, Курандын дагы бир керемети.

 

 

ТҮНКҮСҮН КЫЙМЫЛДЫН АЗАЙЫШЫ

 

... Түндү бир сүкун (эс алуу), күн жана айды бир эсеп менен кылды... (Энъам Сүрөсү, 96)

 

Бул аяттагы Арапча «секенен» сөзү «тынчтык, эс алууга өтүү убагы, эс алуу убагы» маанилерине келет. Аллах Куранда көңүл бургандай, түн адамдар үчүн эс алуу убагы. Түнкүсүн денеде чыгарылган мелатонин гормону адамды уйкуга даярдайт. Бул гормон адамдын физикалык кыймылын жайлатуучу, уйкусуратып, чарчаңкы кылуучу; маанайын бейпил кылуучу табигый бир тынчтандыргыч. Уйку бою жүрөк согушу жана дем алуу ритми жай абалда болуп, кан басымы төмөндөйт. Эрте менен болсо бул гормондун өндүрүшү токтойт жана дене ойгонууга стимул кылынат.

Уйку ошол эле учурда денедеги булчуңдардын жана башка кыртыштардын оңдолушуна, улгайган же өлгөн клеткалардын жаңыланышына да мүмкүнчүлүк берет. Уйку учурунда энергия коротуу азайгандыктан, түнү бою денеде энергия кампаланат. Мындан тышкары, иммундук система үчүн маанилүү кээ бир химикаттар жана чоңойуу гормону да уйку учурунда чыгарылат.

Ошондуктан адам жетиштүү уктабаганда, мындан иммундук системасы ылдам таасирленет жана дене ооруларга туруксуз абалга келет. Бир адам эки түн уктабаганда концентрациясы оордойт, көңүл бурушу төмөндөп, ката кетириши көбөйөт. Бир адам үч күн уктабаса, галюцинация көрүп баштайт жана логикалуу ойлоно албас абалга келет.79

Түн адамдар сыяктуу эле башка жандыктар үчүн да бир эс алуу учуру. Аллах «түндүн бир тынчтык кылынышы» аяты аркылуу билдирген бул абал куралсыз көз менен мүмкүн болбогон маанилүү бир чындыкка ишарат кылат: жер бетинде күндүз ишке ашкан көп кыймыл-аракеттер түнү бою жайлап, эс алууга өтөт. Мисалы, өсүмдүктөрдө күндүн чыгышы менен бирге жалбыракта тердөө жана ушуга байланышта фотосинтез жогорулап баштайт. Түштөн кийин болсо бул процесс тескери жүрөт; б.а. фотосинтез жайлайт, дем алуу көбөйөт, себеби абанын температурасынын көтөрүлүшү менен бирге тердөө да ылдамдайт. Түнкүсүн болсо температуранын төмөндөшү менен бирге тердөө жайлайт жана өсүмдүк бейпил абалга келет. Эгер түн бир күн гана болбой койсо, өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү өлүп калмак. Демек түн адамдар сыяктуу эле өсүмдүктөр үчүн да эс алуу жана күчтөнүү маанисине келет.

Түндөлөрү молекулярдык деңгээлде да кыймылдуулук азайат. Күндүздөрү күн тараткан радиация жердин атмосферасындагы атом жана молекулаларды кыймылга келтирип, алардын жогорураак энергия деңгээлине жетишине себеп болот. Караңгы болгондо болсо, атом жана молекулалар төмөнүрөөк энергия деңгээлине түшүшөт жана радиация чыгарып башташат.

Куранда Энъам Сүрөсүнүн 96-аяты менен жогоруда биз сөз кылган ушундай илимий маалыматтарга ишарат кылынып жаткан болушу ыктымал жана бул да Курандын сансыз кереметтеринин бири. (Эң туурасын Аллах билет.)

 

 

БИЙИКТИККЕ КӨТӨРҮЛГӨН САЙЫН КӨКҮРӨКТҮН КЫСЫЛЫШЫ

 

Адам жашай алуу үчүн кычкылтек жана аба басымына муктаж. Дем алуубуз болсо абадагы кычкылтектин өпкөлөрүбүздөгү аба чөйчөктөрүнө кириши менен мүмкүн болот. Бирок жогору көтөрүлгөн сайын жердин атмосферасы ичкергендиктен, атмосфера басымы, жана натыйжада кан басымына кирген кычкылтектин саны азайат. Мунун натыйжасында дем алуу оордойт. Өпкөнүн аба чөйчөктөрү кысылып, көкүрөктө муунуп жаткан жана аба жетпеген сыяктуу бир сезим пайда болот.

Эгер кандагы кычкылтек дененин муктаждыгынан аз болсо, денеде бир катар кыйынчылыктар пайда болот. Ашыкча чарчоо, баш оору, баштын айланышы, ашказандын кыйналышы жана ой жүгүртүүнүн начарлашы сыяктуу белгилер пайда болот. Белгилүү бир бийиктикке жеткенде болсо адам үчүн дем алуу мүмкүн эмес абалга келет. Ошондуктан биз мындай бийиктикте жашай алуу үчүн кычкылтек колдоосуна жана атайын кийимдерге муктаж болобуз.

Деңиз деңгээлинен 5000-7500 метр бийиктиктеги бир адам дем алуунун оордугу себебинен эстен танып, комага кириши мүмкүн. Ошондуктан учактарда дем алуу үчүн кычкылтек жабдыгы да бар. Учактар деңиз деңгээлинен 9000-10000 метр бийиктикте учуп баратканда кабинада аба басымын жөнгө салуучу атайын системалар бар.

«Аноксия» деп аталган оору да дене кыртыштарына кычкылтектин жетпей калышынан келип чыгат. Мындай кычкылтек жетишпестиги 3000-4500 метр бийиктикте пайда болот. Кээ бир адамдар мындай чөйрөдө эс-учун жоготушу да мүмкүн, бирок ылдам кычкылтек берилсе, аларды өлүмдөн алып калууга болот.

Төмөндөгү аяттагы окшоштурууда бул физикалык чындыкка –бийиктиктин өсүшү менен бирге көкүрөктө пайда болгон өзгөрүүгө- мындайча ишарат кылынууда:

 
Аллах кимди хидаятка (туура жолго) жеткиргиси келсе, анын көкүрөгүн Исламга ачат; кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткандай тар жана машакаттуу кылат. Аллах ыйман келтирбегендердин үстүнө мына ушундай жамандыкты түшүрөт. (Энъам Сүрөсү, 125)
 
 

1 yorum:

  1. Бул китепти толугу менен төмөнкү линктен таба аласыздар.

    http://ky.harunyahya.com/ky/works/46875/КУРАНДЫН-КЕРЕМЕТТЕРИ

    YanıtlaSil