20 Kasım 2012 Salı

КУРАНДЫН АДАБИЙ КЕРЕМЕТИ

КУРАНДЫ ТУУРООГО МҮМКҮН ЭМЕС БОЛУШУ
 
Бул бөлүмгө чейин Курандын илимий жана тарыхый тараптан кереметтүү өзгөчөлүктөрүнө токтолдук. Булардан тышкары, Куран ошол эле учурда адабий тараптан да таң калтыруучу, теңдишсиз бир услупка ээ.
Эң биринчиден белгилей турган жагдай – бул Курандын ар бир доордо, ар кандай адам топторуна кайрылган бир услупта болушу. Окуган адамдын илимий жана маданий деңгээли кандай гана болбосун, Куран бүт адамдар түшүнө ала турган ачык, түшүнүктүү бир услупка ээ. Бир аятта Аллах Куран жөнүндө мындай кабар берет:
 
Ант болсун, Биз Куранды зикир (насаат алып ойлонуу) үчүн жеңил кылдык... (Камер Сүрөсү, 22)
 
Куранда мынчалык оңой түшүнө турган бир услуп болгонуна карабастан, эч бир тараптан Куранда тууроо мүмкүн болгон эмес. Аллах Курандын теңдешсиздигине көңүл бурган аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
 
Эгер пендебизге түшүргөн (Куран)дан шектенип жатсаңар, анда силер да ушуга окшогон бир сүрө алып келгиле. Жана эгер чынчыл болсоңор, Аллахтан башка күбөлөрүңөрдү (ишенген жардамчыларыңарды) чакыргыла. (Бакара Сүрөсү, 23)
 
Же болбосо: «Муну өзү жалгандан ойлоп тапты» деп жатышабы? Айткын: «Ушуга окшогон бир сүрө алып келгиле жана эгер чынчыл болсоңор, Аллахтан башка чакыра алганыңарды(н баарын) чакыргыла.» (Йунус Сүрөсү, 38)
 
Курандын керемет сөзү менен сыпатталышынын себептеринин бири, жогорудагы аяттарда басым жасалгандай, адамдын аракети менен ага окшошунун жазыла албашынан келип чыгат. Тууроо, окшошун жазуу канчалык мүмкүн эмес болсо, керемет да ошончолук улуу болот. Ошондуктан, Курандын услубунун кылымдар бою миллиарддаган адамдардын арасынан бир адам тарабынан да тууроого мүмкүн болбогону кереметтүү тараптарынын далилдеринин бири. Ф. Ф. Арбутнот (F. F. Arbuthnot) The Construction of the Bible and the Koran (Инжил жана Курандын түзүлүшү) аттуу китебинде Куран жөнүндө мындай жоромолун жасаган:
«Адабий тараптан караганда, Куран жарым ыр сабы жарым түз текст абалында жазылган эң таза Арапчага өрнөк. Тил адистери кээде Куранда колдонулган белгилүү калып жана сөз айкаштарына туура келе турган эрежелерди колдоноору жана Куранга тең келчү бир эмгек жаратуу үчүн көп жолу аракет кылышканына карабастан, али эч кимисинин ийгиликке жете албаганы айтылган.»
Курандын услубунда колдонулган сөздөр маани жагынан да, услуптун шыр болушу жана таасири жагынан да абдан өзгөчө. Бирок Курандын Аллахтын буйрук жана тыюуларын кабар берген ыйык бир китеп экенине ишенгиси келбегендер, ар кандай шылтоолорду айтышып, андан баш тартышкан. Аллах ыйман келтирбегендердин Куран жөнүндөгү сыпаттоолоруна карата төмөнкү аяттарда мындайча билдирет:
 
Биз ага (пайгамбарга) ыр саптарын үйрөткөн жокпуз; (бул) ага жарашпайт дагы. Ал (ага түшүрүлгөн Китеп) – болгону бир насаат жана апачык бир Куран. (Куран) Тирүүлөрдү эскертип-коркутуу жана каапырларга болгон убаданын акыйкат болушу үчүн (түшүрүлгөн). (Йасин Сүрөсү, 69-70)
 
Курандын рифма (уйкаштык) системасындагы улуулук
Куранды тууроого мүмкүн эмес кылган элементтеринин дагы бири болсо Курандын адабий түзүлүшүнөн келип чыгат. Куран Арапча болгонуна карабастан, Арап адабиятында колдонулган калыптардын эч бирине окшошпойт.
Курандагы рифма системасы «сежи» деп аталат жана тил адистери Курандагы мындай рифма колдонулушун да керемет деп айтышууда. Атактуу англис илимпоз Проф. Адель М. А. Аббас (Adel M. A. Abbas) Курандын лингвистика жагынан бир керемет экенин далилдөө үчүн даярдаган Science Miracles (Илимий кереметтер) аттуу китебинде Куранда колдонулган тамгаларды, рифма системасын график жана сүрөттөр жардамы менен терең изилдеген. Бул китепте Курандагы рифма системасы жөнүндө абдан маанилүү жыйынтыктар айтылган.
Белгилүү болгондой, Куранда 29 сүрө 1 же 1ден көп символикалык тамга менен башталат. «Мукатта тамгалары (хуруфу мукатта)» деп аталган бул тамгалар башталгыч тамгалар деп да аталышат. Арап тилиндеги 29 тамганын 14 даанасы мукатта тамгаларын түзөт: Айн, Син, Каф, Нун, Ра, Йа, Та, Ха, Элиф, Лам, Мим, Хе, Сад, Кеф.
Бул тамгалардан «Нун» тамгасынын Калем Сүрөсүндөгү колдонулушу изилденгенде, аяттардын 88,8%ында «Нун» тамгасы менен рифма болгону байкалат. Шуара Сүрөсүнүн 84,6%ы, Немл Сүрөсүнүн 90,32%ы, Касас Сүрөсүнүн 92,05%ы «Нун» тамгасы менен рифмаланган (уйкаштырылган).
Курандын баары каралганда болсо, 50,08%ында «Нун» тамгасы менен рифма жасалганы аныкталат. Башкача айтканда, Курандагы аяттардын жарымынан көбү «Нун» тамгасы менен аяктайт. Ушундай чоңдуктагы эч бир адабий эмгекте тексттин жарымынан көбүндө жалгыз тыбыш менен рифма (уйкаштык) жасоо мүмкүн болгон эмес. Бул бир гана Арап тилине эмес, бүт тилдерге тиешелүү.
Куран уйкаштык жагынан жалпы анализ кылынганда болсо, уйкаштыктардын болжол менен 80%ынын Элиф, Мим, Йа жана Нун тамгалары тарабынан турган үч тыбыштан (н, м, а) тураары аныкталган. «Нун» тамгасынан башка аяттардын 30%ы «Мим», «Элиф» же болбосо «Йа» менен рифмаланган.
Төмөндөгү сүрөлөрдө болсо бул төрт тамга менен жасалган көптөгөн рифмадан болгону бир канча мисал орун алган.
Эки жүз-үч жүз саптык бир ыр сабында рифманын эки үч тыбыш менен жасалышы бул чыгармага шедевр деп атай турганчалык өзгөчөлүк бере алышы мүмкүн. Бирок Курандын узундугу, ичиндеги маалыматтар жана хикматтуу (терең маанилүү) баяны эске алынганда, мындай бир рифма колдонуунун канчалык кереметтүү бир абал экени жакшыраак көрүнөт. Себеби Куран адамдарга жол көрсөтүүчү болгон ыймандык бир китеп катары бардык адабий артыкчылыктары, социалдык жана психологиялык темаларынан тышкары, физика илими менен байланыштуу көп теманы да камтыйт. Ошондуктан ушунчалык ар түрдүү жана илимий темаларды камтыган Куранда мынча аз тыбыш менен рифма жасалышы адамдын аракети менен ишке ашыруу мүмкүн эмес болгон нерсе. Бул жагынан Арап тилинин адистери Куранды «эч тууроого мүмкүн болбогон Китеп» деп сыпатташууда.

1 yorum:

  1. Бул китепти толугу менен төмөнкү линктен таба аласыздар.

    http://ky.harunyahya.com/ky/works/46875/КУРАНДЫН-КЕРЕМЕТТЕРИ

    YanıtlaSil