20 Kasım 2012 Salı

КУРАНДЫН ИЛИМИЙ КЕРЕМЕТТЕРИ 4-БӨЛҮК

ЖАЛЫНСЫЗ КҮЙҮҮ
 
Аллах – асмандардын жана жердин Нуру. Анын нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак – шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы. Ал (чырак) чыгышта да эмес, батышта да эмес (ар дайым нур тийип турган) берекеттүү зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (Ал) Нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах бүт нерсени Билүүчү. (Нур Сүрөсү, 35)
 

Нур Сүрөсүнүн бул аятында жарык чыгаруучу бир нерсе жөнүндө сөз болууда. Нур чыгарган нерсе болсо бир жылдызга окшотулууда. Аятта жылдызга окшотулган нур чыгаруучу нерсенин отунунун (энергиясынын) чыгышка да, батышка да тиешелүү болбошу болсо бул нерсенин физикалык чен-өлчөмдө эмес экенине бир ишарат болушу мүмкүн. Отун булагы энергия сыпатында деп ойлосок, анда аятта сүрөттөлгөн отундун электр энергиясына, жарык берүүчү нерсенин болсо электрдик чыракка ишарат кылып жаткан болушу ыктымал.
Электрдик чырак аяттагы сүрөттөөлөргө абдан туура келген, айнек ичинде, жылдыз сыяктуу жаркыраган жана нур чачуучу бир нерсе. Электрдик чырак шам чырак, газ чырагына окшогон жарык берүүчүлөр сыяктуу май менен жанбайт жана электрдик чыракта аяттагы сүрөттөөлөргө төп келген абалда, жалынсыз бир күйүү ишке ашат. Чырактын ичиндеги ысыкка чыдамкай вольфрам зымынын атомдору арасындагы титирешүү натыйжасында 2000 0C'ден жогорку бир температура пайда болот. Башка металлдарды ээритип жиберүүчү бул температура ушунчалык жогору болгондуктан, көзгө көрүнө тургандай күчтүү бир нурдун пайда болушуна себеп болот. Бирок мындай жогорку температурага карабастан, чырактын ичинде кычкылтек жок болгондуктан, аяттагы сүрөттөөлөргө туура келген абалда күйүү ишке ашпайт. Мындан тышкары, чырактын ортосунда жаркыраган зым да жаркыраган бир жылдыздын алыстан көрүнүшүнө абдан окшошууда.
Электрдик токтун дүйнө тарыхынын эң улуу ачылыштарынын бири экенин, дүйнөнүн дээрлик бүт тарабынын электрдик энергия менен иштеген чырактар менен жарык кылынганын эске алсак, аят ушул маанилүү ачылышка ишарат кылып жатат деп ойлоого болот. (Эң туурасын Аллах билет.)
Бул жөнүндөгү дагы бир түшүндүрмө катары жылдыздардагы ядролук реакциялар натыйжасында пайда болгон нурду ойлоого болот. Жылдыздар – бул ядролук реакциялардан келип чыккан абдан чоң санда температура, нур чыгаруучу, абдан ысык, жаркыраган, айлануучу газ массалары. Жаңы пайда болгон ири жылдыздар көбүнчө өздөрүнүн тартылуу күчтөрү натыйжасында кысылып башташат. Мунун натыйжасында борборлорунун тыгыздыгы чоңураак жана температурасы жогорураак болот. Жылдыздын борборундагы заттын температурасы жетиштүү деңгээлге көтөрүлгөндө (эң аз 10 миллион oC болгондо) болсо, ядролук реакциялар башталат. Бир жылдыздын ичинде ишке ашкан кубулуш – бул суутектин ири бир энергия менен (биригүү  менен) гелийге айланышы. Жылдыздарда массанын чоңдугунан келип чыккан тартылуу күчү 4 суутек атомун 1 гелий атомун түзө турган абалда аралаштырат. Бул учурда сыртка чыккан энергия массанын бетинен нур жана температура абалында сыртка таркайт. Суутек түгөнгөндө, жылдызда ушул сыяктуу андан да оорураак элементтерди пайда кылуу үчүн гелий күйүүсүн (биригүүнү (fusion)) улантат. Мындай реакциялар жылдыздын массасы түгөнгөнгө чейин уланат.
Бирок жылдыздардагы реакцияларда кычкылтек колдонулбагандыктан, күйүп жаткан отундагы сыяктуу кадимки бир күйүү ишке ашпайт. Жылдыздарда ири жалындар абалында көрүнгөн күйүү кубулушу да чынында күйүүдөн келип чыкпайт. Аятта да ушундай бир күйүү кубулушуна ишарат кылынууда. Мындан тышкары, аятта бир жылдыз, анын отуну жана жалынсыз бир күйүшү, т.а. реакциясы, жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлосок, анда аят жылдыздардагы нурдун пайда болушуна жана күйүү абалына ишарат кылууда деп ойлоого болот. (Эң туурасын Аллах билет.)
 
 
БУЛУТТАРДЫН САЛМАГЫ
 
Булуттардын салмагы абдан таң калыштуу чоңдуктарга жетет. Мисалы, топтолгон жамгыр булуту (cumulonimbus) түрүндөгү бороон булутунда 300 000 тонна массага жеткен көлөмдө суу чогулат.
Асманда 300 000 тонналык бир масса тура ала турган бир системанын «курулган» болушу – албетте, таң калыштуу көрүнүш. Курандын кээ бир аяттарында булуттардын салмагына мындайча көңүл бурулууда:
 
Ырайымынын алдынан шамалдарды бир сүйүнчү катары Ал жөнөтөт. Булар оор булуттарды жогору көтөрүшкөндө, аларды (кургакчылыктан) өлгөн бир шаарга айдайбыз жана муну менен ал жерге суу түшүрөбүз, ушундайча бүт түшүмдөрдөн чыгарабыз... (Аьраф Сүрөсү, 57)
 
Ал – силерге чагылганды коркуу жана үмүт катары көрсөткөн, (жамгыр көтөргөн) салмактуу булуттарды (жасап) пайда кылган (Зат). (Рад Сүрөсү, 12)
 
Албетте, Куран түшүрүлгөн доордо адамдардын булуттардын салмагы жөнүндө мындай маалыматка ээ болушу мүмкүн эмес эле. Куран аяттарында көңүл бурулган жана жакынкы өтмүштө аныкталган бул маалымат Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринин дагы бирөөсү.
 
 
ЖАМГЫРДЫН КӨЛӨМҮ
 
Куранда жамгыр жөнүндө берилген дагы бир маалымат – бул жамгырдын белгилүү бир өлчөм менен жаадырылышы. Зухруф Сүрөсүндө мындайча буюрулат:
 
Ал белгилүү бир өлчөм менен асмандан суу түшүрүп, аны менен өлүк бир өлкөнү «тирилтти (жана бүт тарабына жашоо) таратты»; силер да ушундай (кабырларыңардан тирилтилип) чыгарыласыңар. (Зухруф Сүрөсү, 11)
 
Жамгырдагы мындай өлчөм да доорубуздагы изилдөөлөр натыйжасында аныкталган. Эсептөөлөр боюнча, жердин бетинен секундасына 16 миллион тонна суу бууланууда. Бир жылда бул 505 триллион тоннага жетет. Бул ошол эле учурда бир жылда жерге жааган жамгыр көлөмү. Б.а. суу дайыма бир тең салмактуулук ичинде «бир өлчөм менен» айланып турат. Жер бетиндеги жашоонун уланышы да ушундай суунун айланышы урматында камсыз болот. Адам ээ болгон бардык технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн колдонсо да, мындай айланууну жасалма жол менен эч качан ишке ашыра албайт.
Эгер бул өлчөмдө кичинекей эле бир өзгөрүү болсо, кыска убакыт ичинде чоң бир экологиялык тең салмаксыздык пайда болот жана бул болсо жерде жашоонун токтошуна себеп болот. Бирок эч качан мындай болбойт; жамгыр, Куранда билдирилгендей, жер бетине жыл сайын бирдей өлчөмдө түшүүсүн улантат.
Жамгырдагы өлчөм бир гана көлөмүндө эмес, ошол эле учурда жамгыр тамчыларынын түшүү ылдамдыгында да бар. Жамгыр тамчысы канчалык чоң болбосун, жер бетине түшүү ылдамдыгы белгилүү бир чектен (лимиттен) ашпайт.
Нобель сыйлыгынын ээси немец физик Филипп Ленард (Philipp Lenard) изилдөөлөрү натыйжасында жамгыр тамчыларынын көлөмү чоңойгон сайын түшүү ылдамдыгынын өсөөрүн аныктаган. Бирок түшүү ылдамдыгындагы мындай өсүү жамгыр тамчысынын көлөмү 4,5 мм болгонго чейин уланган. Андан чоң жамгыр тамчыларынын болсо түшүү ылдамдыктары секундасына 8 метрден ашкан эмес. Мунун себеби тамчылардын түшүп бараткандагы калыбы менен байланыштуу. Жамгыр тамчыларынын мындай өзгөчө формасы атмосферанын сүрүлүү таасирин жогорулатат жана тамчылардын белгилүү бир ылдамдык чегинен ашышынын алдын алат.
Байкалгандай, Куранда жамгырдын түшүшү жөнүндө 1400 жыл мурда билиниши мүмкүн болбогон назик бир жөнгө салууга көңүл бурулууда.
 
 
ЖАМГЫРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ
 
Жамгырдын кандайча пайда болоору көп убактан бери адамдар үчүн бир сыр эле. Бирок аба радарлары ойлоп табылган соң жамгырдын кайсы баскычтардан өтүп, пайда болоору так аныкталды. Бул жыйынтыктар боюнча, жамгыр үч баскычтан пайда болот: алгач шамал аркылуу жамгырдын «чийки заты» асманга көтөрүлөт. Андан соң булуттар жана эң аягында жамгыр тамчылары пайда болот.
Куранда жамгырдын пайда болушу жөнүндө толугу менен ушул процесстер айтылган. Бир аятта бул пайда болуу жөнүндө мындай бир маалымат берилет:
 
Аллах шамалдарды жөнөтөт, ошентип бир булутту көтөрөт да, аны кандай кааласа асманда жайып-таркатат жана аны бөлүк бөлүк кылат; анан анын арасынан жамгырдын агып чыкканын көрөсүң. Кийин Өз пенделеринен каалаганына берээр замат (алар) кубанып калышат. (Рум Сүрөсү, 48)
 
Эми аятта айтылган үч баскычты илимий анализ кылалы:
 
1-БАСКЫЧ: «Аллах шамалдарды жөнөтөт...»
Океандардагы көбүктөнүү менен пайда болгон сансыз аба көбүкчөлөрү тынымсыз пайда болуп турат жана майда суу тамчылары тынымсыз асманга чачылып турат. Тузга бай болгон бул майда тамчылар шамалдар менен учуп, атмосферада жогору көздөй жол алышат. Аэрозоль деп аталган бул кичинекей бөлүкчөлөр «суу тузагы» деп аталган бир механизм аркылуу океандардан көтөрүлгөн суу буусун өз чөйрөсүнө кичинекей тамчылар абалында топтоп булут тамчыларын пайда кылышат.
 
2-БАСКЫЧ: «... ошентип бир булутту көтөрөт да, аны кандай кааласа асманда жайып-таркатат жана аны бөлүк бөлүк кылат...»
Туз кристаллдарынын же абадагы майда чаңдардын айланасында чогулган суу буусу менен булуттар пайда болот. Булардын ичиндеги суу тамчылары абдан кичинекей болгондуктан (0,01-0,02 мм чоңдукта) абада учуп жүрө берет жана асманга таркашат. Натыйжада асман булуттар менен капталат.
 
3-БАСКЫЧ: «... анан анын арасынан жамгырдын агып чыкканын көрөсүң.»
Туз кристаллдарынын жана майда чаңдардын айланасында чогулган суу бөлүкчөлөрү жакшылап чогулушуп, жамгыр тамчыларын түзүшөт. Натыйжада абадан салмагы оорураак болуп калган тамчылар булуттан бөлүнүп жамгыр болуп, жерге түшүп башташат.
Байкалгандай, жамгырдын пайда болушунун ар бир баскычы Куран аяттарында билдирилүүдө. Болгондо да бул баскычтар туура катарга коюлуп, баяндалган. Жердеги бир катар табигый окуядагы сыяктуу, бул жерде да Аллах эң туура түшүндүрмөнү жасоодо, болгондо да бул түшүндүрмөнү илим тарабынан ачылаардан кылымдар мурда Куран аркылуу адамдарга билдирүүдө.
Жамгырдын пайда болушу жөнүндөгү башка бир аятта төмөнкү маалыматттар берилүүдө:
 
Аллахтын булуттарды айдап жатканын, кийин араларын бириктирип, андан соң аларды кабат кабат кылып жыйып жатканын көргөн жоксуңбу; ошентип жамгырдын булардын арасынан агып-чыкканын көрөсүң. Асмандан ичинде мөндүрү бар тоолор (сыяктуу булуттар) түшүрүп, аны каалаганына туш кылат, (жана) каалаганынан аны кайтарат (тосот); чагылганынын жаркыраганы көздөрдү алып көр кылчудай болот. (Нур Сүрөсү, 43)
 

Булут түрлөрүн изилдеген илимпоздор жамгырдын пайда болушу жөнүндө таң калыштуу жыйынтыктарды алышкан. Жамгыр булуттары белгилүү бир система жана баскычтар менен пайда болуп, калыптанууда. Жамгыр булуттарынын бири болгон кумулонимбус (cumulonimbus) түрүндөгү булуттардын пайда болуу баскычтары илимде төмөнкүдөй:
1-БАСКЫЧ, айдалуу: Булуттар шамалдар тарабынан турган жеринен түртүлүшөт, б.а. айдалышат.
2-БАСКЫЧ, биригүү: Шамал тарабынан түртүлгөн бул кичинекей булуттар (кумулонимбус) айдалган жерде биригип, жаңы чоң булуттарды пайда кылышат.
3-БАСКЫЧ, чогулуу: Кичинекей булуттар бириккен соң чоң булуттун ичиндеги жогору көздөй тартуу күчү жогорулайт. Булуттун борборундагы жогору тартуу күчү четтериндеги тартуу күчүнөн күчтүүрөөк. Мындай жогору тартуулар булуттун формасынын вертикалдуу чоңойушуна себеп болот. Натыйжада булуттар жогору көздөй кеңейишип, үстү-үстүнө жыйналышат. Бул тигинен чоңойгон булуттун формасынын атмосферанын салкыныраак тараптарын көздөй чоюлушуна себеп болот. Мына ошондо атмосферанын салкын аймактарында булутта суу жана мөндүр тамчылары чоңойуп баштайт.
Бул баскычтардын натыйжасында суу жана мөндүр тамчылары, жогору тартуу күчү аларды кармай албай турганчалык, оордогондо булуттардан жамгыр, мөндүр ж.б. абалында түшүп башташат.
Бир нерсени унутпаш керек, метеорологдор булуттун пайда болушу, түзүлүшү жана функциясы жөнүндөгү детальдарды өнүккөн технологиялык каражаттарды (учак, спутник, компьютер ж.б.) колдонуу менен, жакынкы убакта гана аныктай алышты. Демек, Аллах бул аяттарында да бизге 1400 жыл мурда билиниши мүмкүн болбогон бир маалыматты берген.
 

 
ТОПУРАКТЫН КЫЙМЫЛГА КЕЛИП, КӨБҮШҮ
 
... Жер бетин куураган (бир) өлүк сыяктуу көрөсүң, бирок Биз анын үстүнө сууну түшүргөнүбүздө, кыймылга келип, көбөт жана ар бир сонун жуптан (эгиндер, түшүмдөрдү) өстүрөт. (Хаж Сүрөсү, 5)
 
Бул аятта «кыймылга келип» деп которулган сөздүн Арапчасы «ихтеззет» жана бул сөз «кыймылга келүү, жандануу, титирешүү, кыймылдоо, өсүмдүктүн кыймылга келиши жана өсүшү» маанилерине келет. «Көбөт» деп которулган «ребет» сөзү болсо «көбөйүү, көбүү, чоңойуу, өнүгүү, (өсүмдүктүн) көтөрүлүшү, ырыскы берүү, шишүү, ичине аба толуу» маанилерине келет. Аяттагы бул сөздөр жамгыр учурунда топурактын молекулярдык түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөрдү эң ылайыктуу сөздөр менен сүрөттөөдө.
Аятта сүрөттөлгөн кыймыл жердин үстүңкү катмарынын жер титирөөлөр учурундагы жалпы кыймылынан айырмалуу жана топуракты түзгөн бөлүкчөлөрдүн кыймылдашы катары баяндалууда. Топурак бөлүкчөлөрү бири-биринин үстүнө жайгашкан катмарлардан турат жана суу бул катмарлардын арасына киргенде, топурак бөлүкчөлөрүнүн көлөмүнүн өсүшүнө, көбүшүнө себеп болот. Аяттагы баскычтар илимий тараптан төмөнкүдөй:
1- Топурактын кыймылга келиши: Топурак жамгырдын суусун жетиштүү көлөмдө сиңиргенде, топурак бөлүкчөлөрүнүн бетинде пайда болгон электростатикалык заряд тең салмаксыздыкка себеп болот, бул болсо бөлүкчөлөрдүн кыймылдашына жол ачат. Бул кыймыл бөлүкчөлөрдүн электрдик заряды теңделгенге чейин уланат. Топурак бөлүкчөлөрүнүн кыймылга келиши суу тамчылары менен урунушунан да келип чыгат. Суу тамчыларынын кыймылы белгилүү бир багытта эмес. Ар тараптан урунган суу топурак бөлүкчөлөрүнүн ордунан жылышына себеп болот. Бул кыймыл учурда «Броун кыймылы (Brownian movement)» деп аталган жана 1827-жылы Роберт Броун аттуу шотландиялык бир ботаник сүрөттөгөн микроскопиялык бөлүкчөлөрдүн кыймылы.63 Броун жамгыр тамчылары жерге түшкөндө, топурак молекулаларында бир силкинүү жана кыймылдоонун болоорун аныктаган.
2- Топурактын көбүшү: Жамгыр жааганда ар тараптан келген суу тамчылары топурак бөлүкчөлөрүнүн кыймылдашына, натыйжада сууну сиңирип, көлөмүнүн чоңойушуна жол ачат. Себеби суу көп санда болгондо, топурак бөлүкчөлөрүнүн арасындагы аралык өсөт. Бул боштуктар суу тамчыларынын жана ээриген иондордун топурактын ичине киришине мүмкүндүк берет. Суу жана суунун ичинде ээриген абалда жайгашкан башка азыктар катмарлар арасында таркайт. Бул болсо топурак бөлүкчөлөрүнүн көлөмүн жогорулатат. Ошондуктан бул бөлүкчөлөр топуракты жандандыруу үчүн керектүү суу кампасы функциясын аткарат. Жердин тартылуу күчүнө карабастан, суунун сиңбестен, топурак бөлүкчөлөрүнүн катмарлары арасында кампаланышы Аллахтын адамдарга болгон чексиз мээриминин мисалдарынын бири. Эгер топурактын сууну кармап калуу өзгөчөлүгү болбогондо жана топуракта бул минерал кампалары болбогондо, суу топурактын тереңине сиңип кетмек жана өсүмдүктөр кыска мөөнөттө куурап калмак. Бирок Раббибиз топуракты ар кандай түшүмдөрдүн чыгышына шарт түзө турган өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан.
3- Топурактын түшүм бериши: Топурактагы суу жетиштүү көлөмгө жеткенде, уруктар активдүү абалга келет жана жөнөкөй азык элементтерди сиңирип баштайт. Барган сайын чоңойгон өсүмдүктөр суу муктаждыгын 2-3 ай бою ушул кампалардан алышат.
Кургак топуракка жамгыр түшкөндө, ишке ашкан кубулуштар жогорудагы аятта үч баскычтуу баяндалууда: топурактын кыймылга келиши, топурактын көбүшү жана топурактын түшүм бериши. Байкалгандай, Куранда мындан 14 кылым мурда билдирилген бул баскычтар илимий түшүндүрмөлөргө толук дал келет. Башка бир аятта болсо мындай деп айтылат:
 
Өлүк топурак алар үчүн бир аят (белги); Биз аны тирилттик, андан уруктарды чыгардык, ошентип андан жеп жатышат. (Йасин Сүрөсү, 33)
 
 
ӨЛҮК БИР ЖЕРДИ ЖАНДАНДЫРУУЧУ ЖАМГЫРЛАР
 
Куранда жамгырдын «өлүк бир жерди тирилтүүчү» функциясына көп аяттарда көңүл бурулат:
 
... Биз асмандан таптаза бир суу түшүрүүдөбүз. Аны менен өлүк бир жерди (топуракты) жандандыруу жана (Аллах) жараткан жаныбарлардын жана адамдардын бир тобун аны менен сугаруу үчүн. (Фуркан Сүрөсү, 48-49)
 
Жамгырдын жандыктар үчүн эң зарыл муктаждык болгон сууну жер бетине түшүрүшүнөн тышкары уруктандыруучу өзгөчөлүгү да бар. Океандардан бууланып булуттарга жеткен жамгыр тамчылары өлүк топуракты «жандандыра турган» кээ бир элементтерге ээ. Мындай «жандандыруучу» өзгөчөлүктүү жамгыр тамчылары «беттик тартылуу тамчылары» деп аталат. Беттик тартылуу тамчылары биологдор океан бетинин микро катмары деп атаган үстүңкү тарабында пайда болушат; миллиметрдин ондо биринен да ичке болгон бул үстүңкү кабыкчада микроскопиялык балырлардын жана зоопланктондордун чиришинен пайда болгон көптөгөн органикалык калдыктар бар. Бул калдыктардын кээ бирлери океан суусунда абдан аз кездешкен фосфор, магний, калий сыяктуу элементтерди жана мындан тышкары жез, цинк, кобальт жана коргошун сыяктуу оор металлдарды бөлүп алып, өз ичине топтошот. Жер бетиндеги урук жана өсүмдүктөр өсүшү үчүн керектүү болгон көп сандагы минералдык туздарды жана элементтерди мына ушул жамгыр тамчыларынан алышат. Куранда дагы бир аятта бул кубулуш мындайча билдирилет:
 
Жана асмандан куттуу (береке жана мээримге толо) суу түшүрдүк; ошентип аны менен бакчалар жана өнө турган уруктарды өстүрдүк. (Каф Сүрөсү, 9)
 
Жамгыр менен жерге түшкөн бул туздар түшүмдү көбөйтүү үчүн колдонулган кадимки жер семирткичтердин кээ бирлеринин (кальций, магний, калий ж.б.) кичинекей мисалдары. Мындай аэрозольдордогу оор металлдар болсо өсүмдүктөрдүн өсүшүндө жана түшүмүндө түшүмдүүлүктү жогорулатуучу элементтерди түзүшөт. Кыскача айтканда, жамгыр маанилүү бир жер семирткич. Жарды бир топурак бир гана жамгыр аркылуу келген бул жер семирткичтер менен да бир кылымдык бир мөөнөт ичинде өсүмдүктөр үчүн керектүү болгон бардык элементтерге ээ боло алат. Токойлор да океандан келген ушул аэрозольдор жардамы менен өнүгөт жана азыктанат.
Бул жол менен жыл сайын кургак жерлердин жалпы аянтына 150 миллион тонна жер семирткич түшүүдө. Мындай табигый жер семирткич функциясы болбогондо, жер бетинде өсүмдүк абдан аз болмок жана жашоо тең салмактуулугу бузулмак. Аяттагы жамгырдын жандандыруучу өзгөчөлүгү жөнүндө берилген маалымат – Курандын сансыз кереметтүү өзгөчөлүгүнүн бирөөсү гана.
 
 
МӨНДҮР, ЧАГЫЛГАН ЖАНА КҮН КҮРКҮРӨӨНҮН ПАЙДА БОЛУШУ
 
... Асмандан ичинде мөндүрү бар тоолор (сыяктуу булуттар) түшүрүп, аны каалаганына туш кылат, (жана) каалаганынан аны кайтарат (тосот); чагылганынын жаркыраганы көздөрдү алып көр кылчудай болот. (Нур Сүрөсү, 43)
 
Бул аятта чагылгандын мөндүр менен болгон байланышына көңүл бурулууда. Мөндүрдүн чагылгандын пайда болушуна болгон таасири изилденгенде, аятта маанилүү бир метеорологиялык чындыкка ишарат кылынганы байкалат. Meterology Today (Учурда метеорология) аттуу китепте мөндүр жана чагылгандын пайда болушу жөнүндө мындай жоромол айтылат:
Ашыкча муздаган тамчылардан жана муз кристаллдарынан турган бир булут аймагынан мөндүр түшкөн сайын булуттарда электрдик заряд пайда болот. Суюк абалдагы тамчылар да мөндүрлөр менен сүзүшкөндө, тийүү учурунда тоңушат жана потенциалдуу жылуулуктарын жоготушат. Бул мөндүрдүн үстүңкү бетинин муз кристаллынын айланасынан ысыгыраак болушун камсыз кылат. Мөндүр муз кристаллга тийгенде болсо маанилүү бир кубулуш ишке ашат. Электрондор муздагыраактан жылуураакты көздөй жылышат. Мунун натыйжасында мөндүр терс (-) зарядга ээ болот. Ушундай эле таасир абдан муздаган суу тамчылары бир мөндүргө тийгенде жана оң (+) заряддуу абдан кичинекей муз бөлүкчөлөрү сынганда да пайда болот. Жеңилирээк жана оң заряддуу бөлүкчөлөр аба кыймылы менен булуттардын жогору тарабын көздөй кыймылдашат. Терс зарядга ээ бойдон калган мөндүр булуттун төмөнкү бөлүгүн көздөй түшөт, натыйжада булуттун ылдыйкы тарабы терс заряддалат. Бул терс заряддар чагылган катары жер бетин көздөй агып, өз зарядын жоготушат. Бул тараптан мөндүр чагылгандын пайда болушунда негизги фактор.
Төмөнкү аятта болсо жамгыр булуттарынын чагылгандар менен болгон байланышына жана булардын пайда болушунун кезегине көңүл бурулган; булар да илимий жыйынтыктарга абдан дал келет:
 
Же болбосо (алар) караңгылык, күн күркүрөө жана чагылганга толгон «асмандан (келген) күчтүү бир жамгыр добулуна кабылгандар сыяктуу, чагылгандар берген коркунучтан»; өлүм коркунучунан манжалары менен кулактарын жабышат... (Бакара Сүрөсү, 19)
 
Жамгыр булуттары 25,6 км2 - 256 км2 аянт, 9000 - 12000 м бийиктикке ээ абдан чоң массалар абалында болушат. Мындай укмуштуу калыңдыктан улам бул булуттардын төмөнкү тарабы караңгы. Күн нурлары булутту түзгөн суу жана муз бөлүкчөлөрү абдан көп болгондуктан ылдый өтө албайт. Мындай тыгыздыктан улам жер бетине бул булуттар арасынан абдан аз санда күн нуру жетет жана ошондуктан жерден караган адам булутту караңгы абалда көрөт. Булуттун үстүңкү тарабында болсо караңгылык азыраак жана жер бетине жакындаган сайын караңгылыгы жогорулайт.
Караңгылыктан соң аятта көңүл бурулган күн күркүрөө жана чагылгандын пайда болуу баскычтары болсо төмөнкүчө: жамгыр булуттарынын ичинде электрдик заряд чогулат. Булуттардагы мындай электрлешүү тоңуу, тамчылардын бөлүнүшү, тийүү учурундагы заряддалуу сыяктуу процесстер натыйжасында пайда болот. Мындай электрдик заряддын чогулушу, арасына кирген абанын аларды изоляция кыла албай турган абалга келиши натыйжасында ири бир учкун оң жана терс заряддуу аймактар арасында ортого чыгат. Карама-каршы заряддуу эки аймак арасындагы чыңалуу 1 миллиард вольтко жетиши мүмкүн. Учкун булуттун ичинде да болушу мүмкүн, оң заряддуу бир аймактан терс заряддуу бир аймакты көздөй эки булут арасында агышы мүмкүн же бир булуттан жер бетин көздөй агым жарылышы мүмкүн. Мындай учкундар көздү алчудай жаркыраган чагылгандарды пайда кылат. Чагылган линиясы боюнча пайда болгон электрдик заряддагы мындай кокус жогорулоо абдан жогорку температураларга (10 000 °C) себеп болот. Мунун натыйжасында абада кокус бир кеңейүү болот жана абдан чоң бир жарылуу добушу сыяктуу болуп күн күркүрөөсү пайда болот.
Байкалгандай, бир жамгыр булутунда катары менен караңгы катмарлар, чагылган деп аталган электрдик заряддуу учкундар жана күн күркүрөөсү деп аталган жарылуу добушу пайда болот. Заманбап илимдин булуттардын пайда болушу, күн күркүрөөсү жана чагылгандын себептери жөнүндө айткандарынын баары Куран аяттарынын бардык сүрөттөөлөрүнө абдан окшошот.
 
 
«ТӨЛДӨТҮҮЧҮ» ШАМАЛДАР
 
Курандын бир аятында шамалдардын «төлдөтүүчү» (уруктандыруучу) өзгөчөлүгүнө жана мунун натыйжасында жамгырдын пайда болооруна мындайча көңүл бурулат:
 
Жана төлдөтүүчүлөр (уруктандыруучулар) катары шамалдарды жөнөттүк, ошентип асмандан суу түшүрүп, силерди сугардык... (Хижр Сүрөсү, 22)
 
Аятта жамгырдын пайда болушундагы алгачкы баскычтын шамалдар экенине көңүл бурулууда. Бирок 20-кылымдын баштарына чейин «шамал менен жамгырдын арасындагы жалгыз байланыш – бул шамалдын булуттарды айдашы» деп айтылып келген. Заманбап метеорологиялык ачылыштар болсо шамалдардын жамгырдын пайда болушунда «төлдөтүүчү» рол ойноорун көрсөттү.
Шамалдардын мындай төлдөтүү өзгөчөлүгү мурдараак да айтылгандай мындайча ишке ашат: океандардын жана деңиздердин бетинде көбүктөнүү себебинен дайыма сансыз аба көбүкчөлөрү пайда болууда. Бул көбүкчөлөр жарылганда, миллиметрдин 100дөн бириндей чоңдукта миңдеген бөлүкчөнү абага ыргытышат. «Аэрозоль» деп аталган бул бөлүкчөлөр шамалдар урматында кургактыктардан келген чаңдарга аралашып атмосферанын үстүңкү катмарларына көтөрүлөт. Шамалдар ушундайча асманга көтөргөн бөлүкчөлөр ал жерде суунун буусуна тийет. Суу буусу болсо бул бөлүкчөлөрдүн айланасына чогулуп, жыйналат жана суу тамчыларына айланат. Бул суу тамчылары алгач чогулуп булуттарды пайда кылат, бир мөөнөттөн соң болсо жамгыр болуп жерге түшөт. Байкалгандай, шамалдар абада эркин абалда жүргөн суу буусун деңиз-океандардан алып келген бөлүкчөлөр менен «төлдөтүүдө» жана натыйжада жамгыр булуттарынын пайда болушун камсыз кылууда.
Эгер шамалдардын мындай өзгөчөлүгү болбогондо, жогорку атмосферадагы суу тамчылары эч качан пайда болмок эмес жана жамгыр деген нерсе эч болмок эмес.
Бул жердеги маанилүү жагдай болсо – шамалдардын жамгырдын пайда болушундагы мындай абдан маанилүү кызматынын кылымдар мурда Куранда билдирилген болушу. Болгондо да адамдар табигый кубулуштар жөнүндө дээрлик эч нерсе билбеген бир доордо...
Аятта шамалдардын төлдөтүүчү тарабы жөнүндө билдирилген дагы бир маалымат – бул шамалдардын өсүмдүктөрдүн төлдөнүшүндөгү ролу. Жер бетиндеги көптөгөн өсүмдүк өз түрүнүн уланышын чаңчаларын шамал аркылуу таркатуу менен камсыз кылат. Көптөгөн ачык уруктуу өсүмдүк, кайрагачтар (сосна), пальма жана башка дарактар, мындан тышкары гүл ачкан бардык уруктуу өсүмдүктөр менен чым тибиндеги чөптөрдүн баары шамалдар аркылуу төлдөнүшөт. Шамал гүл чаңчаларын өсүмдүктөрдөн алып, ошол эле түрдөгү башка өсүмдүктөргө жеткирүү аркылуу төлдөнүүнү (уруктанууну) ишке ашырат.
Шамалдардын өсүмдүктөрдү кандайча уруктантаары жакынкы убакка чейин белгилүү эмес эле. Бирок өсүмдүктөрдүн да эркек жан ургаачы болуп, жыныстык айырмаланаары белгилүү болгон соң шамалдардын уруктандыруучу таасири бар экени аныкталды. Бул чындыкка Куранда «Биз асмандан суу түшүрдүк, муну менен жерде ар бир сонун жуптан бир өсүмдүк өстүрдүк.» (Локман Сүрөсү, 10) аяты менен көңүл бурулат.
 

 
ШАМАЛДЫН ПАЙДА БОЛУУ СИСТЕМАСЫ
 
... жана шамалдарды (белгилүү бир система ичинде) башкарышында акылын колдонгон бир коом үчүн аят-белгилер бар. (Жасия Сүрөсү, 5)
 

Шамал – бул ар кайсы температура борборлору арасында пайда болгон аба агымы. Атмосферадагы ар кандай температуралар ар кандай аба басымдарын пайда кылгандыктан, аба тынымсыз жогорку басымдан төмөнкү басымды көздөй агат. Басым борборлору, т.а. атмосферадагы температуралар арасындагы айырма эгер чоң болсо, анда аба агымы, б.а. шамал күчтүү болот. Чоң кыйроолорго себеп болгон күчтүү куюндар ушундайча пайда болууда.
Бул жерде таң калыштуу жагдай – бул экватор менен уюлдар арасында температура жана басымдарда абдан чоң айырма болгонуна карабастан, Аллахтын белгилүү бир система ичинде жаратышы урматында жерибиздин абдан күчтүү шамалдарга дуушар болбошу. Эгер уюлдар менен экватор арасында боло турган абдан чоң аба агымдары жумшартылбаганда, жер үстүңкү бети дайыма күчтүү куюндар болуп турган бир өлүк планетага айланмак.
Жогорудагы аятта «тасрифир рийах» сүйлөмүндөгү «тасриф» сөзү «бир нерсени абдан айлантуу, багыттоо, бир ишке багыт берүү, башкаруу, бөлүштүрүү» маанилерине келет. Байкалгандай, шамал үчүн тандалган бул сөз шамалдардын система ичиндеги кыймылын толук сүрөттөөдө. Мындан тышкары, бул абал шамалдын өз башынча, каалагандай сокпошунун апачык бир баяны. Шамалдарды адамдардын жашоосуна ыңгайлуу кылып башкарган – бул Аллах.
 
 
ФОТОСИНТЕЗДИН ЭРТЕ МЕНЕН БАШТАЛЫШЫ
 
Жаңы карарып баштаганда, түнгө ант болсун, жана дем алып баштаганда, таңга; (Теквир Сүрөсү, 17-18)
 
Белгилүү болгондой, өсүмдүктөр фотосинтез учурунда абадагы көмүр кычкыл газын, т.а. адам колдонбогон зыяндуу газды алат жана анын ордуна атмосферага кычкылтек чыгарат. Дем алганда жуткан, негизги жашоо булагыбыз болгон кычкылтек фотосинтездин негизги түшүмү. Атмосферадагы кычкылтектин болжол менен 30%ы кургактыктагы өсүмдүктөр тарабынан өндүрүлсө, калган 70%дык бөлүгү деңиз жана океандардагы фотосинтез жасай алган өсүмдүктөр жана бир клеткалуу жаныбарлар тарабынан өндүрүлөт.
Фотосинтез – илимпоздор бүгүнкү күндө да толук түшүндүрө албаган теңдешсиз бир процесс. Бул процессти куралсыз көз менен көрө албайбыз, себеби бул механизм иштөө үчүн атомдорду жана молекулаларды колдонот. Бирок фотосинтездин натыйжаларын дем алышыбызды камсыз кылган кычкылтек жана өмүр сүрүшүбүздү камсыздаган азыктарда көрө алабыз. Фотосинтез – бул түшүнүү кыйын болгон химиялык формулалар, күнүмдүк жашоодо эч кездешпеген кичинекей сан жана салмак бирдиктерин камтыган, абдан назик тең салмактуулуктар үстүнө курулган бир система. Айланабыздагы бардык жашыл өсүмдүктөрдө бул процесс ишке ашкан химиялык лабораториялардын триллиондогону курулган. Болгондо да өсүмдүктөр миллиондогон жылдан бери эч токтобостон, биз муктаж болгон кычкылтекти, азыктарды жана энергияны өндүрүшүүдө.
Фотосинтез эң өндүрүмдүү болгон убакыт – бул кычкылтек эң көп өндүрүлгөн убакыт. Бул болсо күн нуру эң көп болгон эрте мененки убакта ишке ашат. Күндүн чыгышы менен бирге жалбыракта тердөө жана фотосинтез жогорулап баштайт. Түштөн кийин болсо бул кубулуш тескери болот; т.а. фотосинтез жайлайт, дем алуу көбөйөт, себеби температуранын жогорулашы менен бирге тердөө да ылдамдайт. Түнкүсүн болсо температуранын төмөндөшү менен бирге тердөө жайлайт жана өсүмдүк бейпилдикке кирет.
Таквир Сүрөсүндө эрте мененки убакыт менен байланыштуу көңүл бурулган «иза тенеффесе» б.а. «дем алып баштаган убак» сүйлөмү метафоралык мааниде дем алуу, терең терең дем алуу маанилерине келет. Аятта басым жасалган бул сөз эрте менен кычкылтектин өндүрүлүп башташы, дем алуунун негизги шарты болгон кычкылтектин эң көп ушул убакта алынышы жагынан абдан терең маанилүү. Аятта эрте мененки убак жөнүндө бул абалга ант ичилиши бул жагдайдын маанисине өзгөчө басым жасоодо. 20-кылымдын маанилүү ачылыштарынан саналган фотосинтез процесси – Аллах жогорудагы аятта ишарат кылган Курандын илимий кереметтеринин бири.
Төмөнкү графикте фотосинтез менен нурдун көлөмү арасындагы байланыш көрсөтүлгөн.
 
 
ДЕҢИЗДЕРДИН БИРИ-БИРИНЕ АРАЛАШПАШЫ
 
Деңиздердин изилдөөчүлөр тарабынан жакында гана аныкталган бир өзгөчөлүгү Курандын Рахман Сүрөсүндө мындайча билдирилет:
 
Бири-бири менен кездешүүсү үчүн эки деңизди коюп жиберди. Экөөсү арасында бир тосмо бар; бири-биринин чегинен өтө алышпайт. (Рахман Сүрөсү, 19-20)
 
Бири-бирине тийип турган, бирок суулары эч бири-бири менен аралашпаган деңиздердин аятта билдирилген мындай өзгөчөлүгү океан изилдөөчүлөр тарабынан жакында гана аныкталган. «Беттик тартылуу» деп аталган физикалык бир күч себебинен кошуна деңиздердин сууларынын бири-бирине аралашпай турганы аныкталган. Деңиздердин тыгыздыктарынын ар түрдүү болушунан келип чыккан беттик тартылуу бир дубал сыяктуу суулардын бири-бирине аралашышына тоскоол болот.
Албетте, адамдар физика, беттик тартылуу, океан билими жөнүндө эчтеке билбеген бир доордо бул чындыктын Куранда билдирилген болушу абдан терең сырдуу жагдай.
 

 
ДЕҢИЗДЕРДЕГИ КАРАҢГЫЛЫК ЖАНА ИЧКИ ТОЛКУНДАР
 
Же болбосо (каапырлардын кылгандары) чоң бир деңиздеги караңгылыктарга окшошот; анын үстүн бир толкун каптайт, анын үстүндө бир толкун, анын үстүндө болсо бир булут бар. Бир бөлүгү бир бөлүгүнүн үстүндө болгон караңгылыктар; колун чыгарганда аны да дээрлик эч көрө албайт. Аллах кимге нур бербеген болсо, эми ал үчүн нур жок. (Нур Сүрөсү, 40)
 
Терең океандардагы жалпы чөйрө Oceans (Океандар) аттуу китепте мындай сүрөттөлөт:
Терең деңиздердеги жана океандардагы караңгылыктын болжол менен 200 м жана тереңирээк жерлерде болоорун учурда билебиз. Мындай тереңдикте жарык дээрлик эч жок. 1000 метрден төмөнкү тереңдиктерде болсо эч кандай жарыкты көрүүгө мүмкүн эмес.
Учурда бир деңиздин жалпы географиялык түзүлүшү, ичинде жашаган жандыктардын өзгөчөлүктөрү, туздуулук деңгээли сыяктуу маалыматтар менен бирге суунун көлөмү, аянты жана тереңдиги сыяктуу маалыматтарды да алууга болот. Учурдагы технология колдонулуп өндүрүлгөн суу-асты унаалар жана ар кандай атайын аппараттар бул маалыматтарга жетүүдө колдонулган эң маанилүү кабылдагычтар.
Мындай аппараттарсыз бир адамдын 70 метрден тереңирээкке чумкушу болсо дээрлик эч мүмкүн эмес. Ошондой эле, бир адамдын эч көмөксүз океандардын 200 метр тегерегиндеги караңгы тереңдиктеринде жашашы да эч мүмкүн эмес. Ошондуктан, илимпоздор суулар жөнүндөгү терең маалыматтарды абдан жакында гана аныкташты. Ал эми Куранда болсо ири деңиздердин караңгы экендиги мындан 1400 жыл мурда кабар берилген. Эч бир технология жана ошондуктан адамдар деңиз-океандардын тереңине чумкуй турган унаалары жок болгон бир доордо мындай бир маалыматтын билдирилген болушу – албетте, Курандын кереметтеринин бири.
Ошондой эле, Нур Сүрөсүнүн 40-аятындагы «... чоң бир деңиздеги караңгылыктарга окшошот; анын үстүн бир толкун каптайт, анын үстүндө бир толкун, анын үстүндө болсо бир булут бар...»  сүйлөмү болсо Курандагы дагы бир илимий кереметке ишарат кылууда:
Илимпоздор жакында эле «ар кайсы тыгыздыктагы катмарлар арасында тыгыздык араларында пайда болгон ички толкундардын» бар экенин аныкташкан. Ички толкундар деңиз жана океандардын тереңдиктерин каптайт; себеби терең деңиздердин үстүндөгү суудан тыгыздыгы жогору. Ички толкундар беттик толкун сыяктуу кыймылдайт. Беттик толкундар сыяктуу алар да сынышы мүмкүн. Ички толкундарды көз менен көрүүгө болбойт, белгилүү бир аймактагы температура жана туздуулуктун өзгөрүшүн изилдегенде гана бул толкундарды байкоого болот.
Аяттагы маани менен бул түшүндүрмө бири-бирине толук дал келет. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр болбостон, бир адам деңиз бетиндеги толкундарды гана бар деп ойлойт. Деңиздин ичинде пайда болгон толкундарды болсо эч билиши мүмкүн эмес. Бирок Нур Сүрөсүндө Аллах деңиздердин тереңдиктериндеги экинчи бир толкун формасына ишарат кылган. Албетте, илимпоздор жакында эле аныктаган бул чындык да Курандын Аллахтын сөзү экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө.
 
 
КЫЙМЫЛ-АРАКЕТТЕРИБИЗДИ БАШКАРГАН АЙМАК
 
Жок; эгер (ал мындай мамилесин) токтотпосо, ант болсун, аны маңдай чачынан кармап (тозокко) айдайбыз; ошол жалганчы, күнөөкөр болгон маңдайынан. (Алак Сүрөсү, 15-16)
 
Бул аяттардагы «жалганчы, күнөөкөр болгон маңдайынан» сөзү абдан терең маанилүү. Себеби акыркы жылдары жасалган изилдөөлөр баштын алдыңкы маңдай аймагында мээнин кээ бир кыймыл-аракеттерди башкаруучу бөлүмүнүн бар экенин көрсөткөн. 1400 жыл мурда Куранда көңүл бурулган бул аймак жана анын кызматы жөнүндөгү маалыматтарга учурдагы илимпоздор акыркы 60 жыл ичинде гана түшүндүрмө бере алышты. Баштын ичине, баштын алдыңкы бөлүгүн караганда мээнин алдыңкы маңдай аймагын көрөбүз. Бул аймактын функциялары жөнүндө физиология тармагында жүргүзүлгөн изилдөөлөр натыйжасында алынган маалыматтар Essentials of Anatomy and Physiology (Анатомия жана физиологиянын негиздери) аттуу китепте мындайча айтылган:
Кыймылдардын мотивациясы, пландоонун башталышы маңдайларынын алдыңкы тарабы болгон алдыңкы маңдай аймагында (cerebrum) ишке ашат. Бул жер биримдик кортексинин бир аймагы...
Китепте бул аймак жөнүндө мындай маалыматтар да бар:
Кыймыл менен болгон байланышы менен бирге алдыңкы маңдай аймагы ошол эле учурда ачуулануунун (кол салуунун) да функционалдык борбору деп кабыл алынууда...
Бул түшүндүрмөлөрдөн да байкалгандай мээнин алдыңкы маңдай аймагы пландоо, мотивация жана жакшы же жаман кыймылдардын баштатылышы, калп же чындыктын айтылышы менен байланыштуу бардык кыймыл-аракеттерди жүргүзүүдө.
Байкалгандай, Алак Сүрөсүндөгү «жалганчы, күнөөкөр болгон маңдай» сөзү жогорудагы түшүндүрмөлөргө абдан окшошот. Илимпоздор акыркы алтымыш жыл ичинде аныктаган ушул сыяктуу илимий чындыктарды Аллах Куран аяттарында кылымдар мурда адамдарга билдирген.
 
 

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder