20 Kasım 2012 Salı

КУРАНДЫН ИЛИМИЙ КЕРЕМЕТТЕРИ 7-БӨЛҮК


ЧОЧКОНУН ЭТИ ЖАНА ДЕН-СООЛУККА ЗЫЯНДАРЫ

 

Ал силерге өлүмтүктү, канды, чочконун этин жана Аллахтан башканын аты менен (башкага аталып) союлган (жандык)ты толук арам кылды. Бирок ким эч башка жолсуз муктаж абалда калса, чегинен чыкпай, сугалактык кылбай (жесе), ага бир күнөө жок. Чынында Аллах кечиримдүү, коргоочу. (Бакара Сүрөсү, 173)

 

Чочконун этинин ден-соолукка көптөгөн зыяндары бар. Мындай зыяндар өтмүштө болгон сыяктуу, ар кандай чаралар көрүлгөнүнө карабастан учурда да бар. Биринчиден, чочко фермаларда, жакшылап каралган жерлерде багылса да, баары бир өзүнүн заңдарын жечү бир жандык. Мындай жаман нерселер менен азыктангандыктан жана биологиялык түзүлүшү себебинен чочконун денеси башка жандыктарга салыштырмалуу бир топ көп антитело өндүрөт. Ошондой эле чочконун денесинде башка жандыктарга жана адамга салыштырмалуу абдан жогору дозада чоңойуу гормону өндүрүлөт. Мындай көп дозадагы антителолор жана чоңойуу гормону сөзсүз түрдө кан айлануу аркылуу чочконун булчуң кыртышына да өтүп чогулат. Ошондой эле, чочконун этинде абдан көп өлчөмдө холестерол жана липид бар. Натыйжада бардык мындай жогорку дозадагы антителолор, гормондор, холестерол жана липиддерди камтыган чочконун этинин адамдын ден-соолугуна маанилүү бир коркунуч экени илимий далилденди.

Учурда чочконун эти көп керектелген АКШ, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн калкынын маанилүү бөлүгүн түзгөн ашыкча семиз адамдардын болушу эми табигый бир көрүнүшкө айланды. Чочконун этине таянган бир тамактануу натыйжасында ашыкча чоңойуу гормонун алган адамдын денеси алгач абдан семирүүдө, андан соң дене деформацияга –формасынын бузулушуна- кабылууда.

Мындан тышкары, чочконун этиндеги ден-соолукка зыяндуу заттардын бири – бул «трихина» паразити. Адамдын денесине киргенде, түздөн-түз жүрөк булчуңдарына жайгашып, өлүмчүл кооптуулук жаратуучу трихина паразити чочконун этинде көп кездешет. Учурдагы технология менен трихиналуу чочколорду аныктоо мүмкүн болсо да, мурдакы кылымдарда мындай ыкма белгисиз эле. Ошондуктан, чочконун этин жеген бүт адамдар үчүн трихина паразитине кабылуу жана өлүмгө чалдыгуу риски бар эле.

Байкалгандай, бул себептердин баары Раббибиздин чочконун этине тыюу салышынын себептеринин бир бөлүгү. Мындан тышкары, Раббибиздин бул буйругу ар кандай шартта ден-соолукка зыяндуу таасирлери бар болгон, контрольсуз өндүрүлгөн учурда болсо өлүмгө да себеп болушу мүмкүн болгон чочконун этин жештен толук коргойт.

20-кылымга чейин чочко этинин адамдын ден-соолугуна түздөн-түз коркунуч жараткан зыяндары бар экенин билүү мүмкүн эмес эле. Учурдагы медициналык аппараттар, биологиялык тесттер менен даана аныкталган бул зыянга карата али эч ким микроп, бактерия, трихина, гормон, антитело сыяктуу түшүнүктөрдү билбеген кезде 14-кылымда түшүрүлгөн Куранда так бир чара көрүлүшү да Курандын Улуу илимдүү Раббибиздин вахийи экенин көрсөткөн кереметтердин бири. Бүгүнкү күндө да чочкону өндүрүүдө алынган ар кандай чара жана контрольго карабастан, чочконун этинин физиологиялык жактан адамдын денесине ыңгайлуу бир азык эмес экени, адамдын ден-соолугуна зыян берүүчү бир эт түрү экени өзгөрбөгөн бойдон калды.

 

 

ШЫПАА БУЛАГЫ БИР ӨСҮМДҮК: ЗАЙТУН

 

Куранда көңүл бурулган азыктардын бири – бул зайтун. Акыркы жылдарда жасалган изилдөөлөр зайтундун бир гана даамдуу бир азык эле эмес, ошондой эле ден-соолукка да абдан пайдалуу экенин аныктады. Зайтун жана зайтундун майы да абдан жакшы азык. Куранда зайтун дарагынын майына болсо төмөнкү аятта көңүл бурулган:

 

Аллах – асмандардын жана жердин Нуру. Анын нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак – шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы. Ал (чырак) чыгышта да эмес, батышта да эмес (ар дайым нур тийип турган) берекеттүү зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (Ал) Нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах бүт нерсени Билүүчү. (Нур Сүрөсү, 35)

 

Бул аятта «мубарекетин зейтунетин» сөзү менен зайтун «берекелүү, куттуу, сансыз пайда берүүчү» маанилерине келген мубарек сыпаты менен сыпатталган. «Зейтуха» сөзү менен билдирилген зайтун майы, башка катуу майлардын тескерисинче, бардык адистер тарабынан эң биринчиден жүрөк жана кан-тамырдын чың болушу үчүн жана башка себептерден улам эң көп сунушталган май түрү катары белгилүү. Зайтун майынын ден-соолукка пайдаларын мындайча саноого болот:

 

Жүрөк жана кан-тамырдын чың болушуна пайдалуу болушу

Зайтун жана зайтун майынын ичиндеги май кислоталарынын көпчүлүгү «моно тойбогон майлар». Моно тойбогон майларда холестерол жок. Ошондуктан зайтун майы кандагы холестеролду жогорулатпайт, тескерисинче контрольдоп турат. Зайтун майы мындан тышкары, денеге абдан керек болгон (EFA: essential fatty asit) омега-6 май кислотасына (линолеикалык кислота) ээ. Мындай өзгөчөлүгү үчүн ден-соолук уюму да (Дүйнөлүк ден-соолук уюму/WHO) тамыр катуулугу, шекер оорулары көп кездешчү коомдордо колдонулган майлардын ичиндеги май кислотасынын эң аз 30%ынын омега-6 май кислотасы (линолеикалык кислота) болушун сунушташууда; бул болсо зайтундун баалуулугун өстүрүүдө.

Бул темадагы изилдөөлөр 1 жума бою күн сайын 25 миллилитр –болжол менен 2 аш кашык- табигый зайтун майын керектеген адамдардын азыраак LDL (жаман холестерол) жана көбүрөөк антиоксидант деңгээлин көрсөткөнүн аныктаган.35 Антиоксиданттар «эркин радикалдар» деп аталган денебиздеги зыяндуу заттарды таасирсиз кылышы жана клетканын кыйрашына тоскоол болушу жагынан абдан маанилүү заттар. Мындан тышкары, зайтун майын колдонуунун холестерол деңгээлин төмөндөтөөрү жана жүрөк ооруларынын алдын алаары көптөгөн изилдөөлөр тарабынан тастыкталган.

Зайтун майы канда айлануучу LDL аттуу зыяндуу холестерол деңгээлин төмөндөтүп, ошол эле учурда HDL аттуу пайдалуу холестерол деңгээлин болсо жогорулаткандыктан, жүрөк жана кан-тамыр ооруларына дары катары сунушталууда. Жүрөк жана кан-тамыр оорулары көп кездешкен өлкөлөрдө көбүнчө көп холестеролго ээ «тойгон майлар» керектелүүдө.

Ошондой эле, зайтун майы денедеги омега-6 май кислотасынын омега-3 май кислотасына болгон катышын да бузбай сактайт. Омега-3 жана омега-6 май кислоталарынын денеге белгилүү бир көлөмдө алынышы абдан маанилүү. Себеби бул катыштарда тең салмаксыздык болгондо, жүрөк, иммундук система менен байланыштуу оорулар жана рак да кошо көптөгөн оору пайда болууда. Ушул себептерден улам көп адамдар зайтун майы менен ден-соолугун чыңап келишүүдө. Америка жүрөк коомчулугу жүрөк ооруларынын рискин төмөндөтүү үчүн көп сандагы «моно тойбогон майлар» диетасынын 30% аз майлуу диетага бир альтернатива боло алаарын айтууда.

 

Рактын алдын алышы

The Archives of Internal Medicine'де жарык көргөн бир эмгек көп санда «моно тойбогон май» керектеген аялдардын көкүрөк рагына кабылуу рискинин төмөнүрөөк экенин көрсөткөн.40 Нью-Йоркто Буффало университетинин изилдөөчүлөрү жүргүзгөн башка бир изилдөөдө болсо зайтун майы сыяктуу өсүмдүк майларында кездешчү бир май болгон B-ситостериндин простат рагы клеткаларынын пайда болушуна тоскоол болууда көмөкчү болоору айтылган. Изилдөөчүлөр B-ситостерин клеткаларга «бөлүнбө» буйругун берүүчү клетка ичиндеги байланыш системасын күчтөндүрөт, натыйжада, клетка чоңойушу контрольсуз абалга келбестен мурун, ракка тоскоол болууга мүмкүн болот деген жыйынтыкка барышкан.

Оксфорд университетиндеги докторлор тарабынан жасалган акыркы бир изилдөөдө болсо зайтун майынын ичеги рагынан коргоочу өзгөчөлүккө ээ экени аныкталган. Докторлор зайтун майынын ичеги рагынын башталышына тоскоол болуу үчүн ашказандагы кислота менен реакцияга кирээрин аныкташкан. Оксфорд изилдөөчүлөрү, ошондой эле, зайтун майынын өт суюктугун азайтып, DAO (диаминоксидаз аттуу энзим) деңгээлин жогорулатып, анормалдуу клеткалардын көбөйүшүнөн жана рактан коргоочу экенин аныкташкан.41

 

Артриттин (тарамыш инфекциясы) алдын алышы

Изилдөөчүлөрдүн жыйынтыктары боюнча, көп санда зайтун майы жана бышкан жашылча жеген адамдарда тарамыштардагы хроникалык инфекциялык оору болгон ревматизмалык артрит болуу риски төмөндөшү мүмкүн.

 

Сөөктүн өрчүшүнө көмөкчү болушу

Зайтун майындагы E, A, D, жана K витаминдери жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн сөөктөрүнүн өрчүшүнө көмөкчү болуу, кальцийди турукташтырып, сөөктөрдү күчтөндүрүшү жагынан абдан маанилүү. Ошондой эле, улгайгандарга да өзгөчө сунушталууда, себеби сиңиши оңой жана минералдар менен витаминдердин денеде колдонулушуна көмөкчү болот. Мындан тышкары, сөөк минерализациясын (минералдардын сөөктөрдө чөгүшү) кыймылга келтирип, кальций жоготууга тоскоол болот.42 Сөөктөр организмдин минералдык түзүлүшүнүн кампасын түзөт жана сөөктөрдө минерал топтолбосо сөөктүн жумшарышы сыяктуу олуттуу оорулар пайда болот. Бул жагынан зайтун майынын скелет түзүлүшүнө абдан оң пайдасы бар.

 

Улгайуунун алдын алышы

Зайтун майындагы витаминдер клетка жаңылоочу өзгөчөлүктөргө ээ болгондуктан, улгайууну дарылоодо да колдонулат, терини азыктандырышат жана коргошот. Азыктар денебизде энергияга айлантылып жатканда, оксидант деп аталган кээ бир заттарды чыгарат. Зайтун майы ичиндеги көп сандагы антиоксидант заты менен зыяндуу заттардын зыянынын алдын алат, клеткаларды жаңылайт, кыртыш жана органдарыбыздын улгайышын кечеңдетет. Ошондой эле, зайтун майы денебизде клеткаларды кыйратуучу, улгайтуучу «эркин радикалдарды» басып туруучу Е витаминине да бай.

 

Жаш балдардын чоңойушуна салым кошушу

Зайтун жана зайтун майы ичиндеги линол кислотасынан (омега-6 май кислотасы) улам жаңы төрөлгөн наристелер, чоңойуп жаткан балдар үчүн абдан пайдалуу бир азык. Линол кислотасынын жетишсиздиги наристенин өрчүшүнүн жайлашына жана бир катар тери ооруларынын пайда болушуна себеп болот.

Зайтун майы денебиздеги зыяндуу заттардын зыянынын алдын алуучу антиоксидант элементтерди жана адам үчүн абдан маанилүү болгон май кислоталарын камтыйт. Булар болсо гормондорго жардам берет жана клетка кабыкчасынын пайда болушуна көмөкчү болушат.

Зайтун майы адамдын сүтүндөгү май кислотасынын катышына окшош, тең салмактуу бир курамга ээ. Адамдын денеси тарабынан өндүрүлө албаган, ошол эле учурда дене үчүн сөзсүз керек болгон мындай негизги май кислоталарга зайтун майы жетиштүү бир булак болот. Бул факторлор зайтун майын жаңы төрөлгөн наристелер үчүн абдан пайдалуу кылууда.

Төрөттөн мурда жана кийин наристе мээсинин жана нерв системасынын табигый өрчүшүнө салым кошкондуктан, адистер тарабынан энелерге бир гана зайтун майы сунушталууда. Эне сүтүнө жакын көлөмдө линол кислотасын камтуу менен бирге майсыз уй сүтүнө зайтун майы кошулганда, эне сүтүндөй табигый бир азык булагына айланат.

 

Кан басымын түшүрүүчү таасири:

Archives of Internal Medicine журналынын 2000-жылдын 27-мартындагы санында жарыяланган бир эмгек зайтун майынын жогорку кан басымын төмөндөтөөрүнө дагы бир жолу басым жасаган. Мындан тышкары, зайтун дарагынын жалбырагынан кан басымын төмөндөтүүчү дарылар жасалууда.

 

Ички органдарга пайдалары:

Ысык же муздак болсун, кандай абалда керектелсе да, зайтун майы ашказан кислотасын азайтып, ашказанды гастрит жана ашказан жарасы (язва) сыяктуу оорулардан коргойт. Мындан тышкары, өт суюктугун иштетип, эч кемчиликсиз абалга келишин камсыздайт. Өттүн тазалануу процессин жөнгө салат жана өт ташы рискин азайтат. Ошондой эле, ичиндеги хлор урматында боордун иштешине көмөкчү болот жана натыйжада дененин калдыктардан тазаланышын жеңилдетет. Мындан тышкары, мээ артерияларынын чың болушуна да жардам берет.

Ушундай көптөгөн өзгөчөлүктөрүнөн улам зайтун майы акыркы жылдарда адистердин көңүлүн абдан бурууда. Адистердин жоромолдорунун кээ бирлери төмөнкүдөй:

Ден-соолук жана тамактануу тармагында алдыңкы авторитеттердин бири, CNN'дин сыйлыктуу корреспонденти The Food Pharmacy (Азыктануу фармацевтикасы) жана Food-Your Miracle Medicine (Тамак-аштар – кереметтүү дарыларыңыз) китептеринин автору жана ошол эле учурда эл аралык бир журналист Jean Carper:

Жаңы Италия изилдөөсү зайтун майынын LDL холестеролунун артерияларды тосуп калуу өзгөчөлүгү да кошо кээ бир оору процесстери менен согушкан... антиоксиданттарга ээ экенин аныктаган.

Диетолог жана тамактануу адиси Pat Baird:

Зайтун майынын көп тараптуулугу... анын ден-соолукка болгон пайдасы жөнүндө али биле элек көп нерсе бар.

Гарвард университетинин Элдин ден-соолугу мектебинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Dr. Dimitrios Trichopoulos:

Америкалык аялдар тойгон майлардын ордуна көбүрөөк зайтун майы керектешкенде, көкүрөк рагы рискинде 50%га чейин төмөндөө болушу мүмкүн эле.

... Зайтун майы кээ бир жаман шишик түрлөрүнөн коргоочу таасирге ээ: простатит, көкүрөк, ичеги, шапкалуу клетка жана тамак шишиктери.

Майами университетинин медицина факультетинен D. Peck:

Зайтун майынын чычкандардын иммундук системасын күчтөндүрөөрү аныкталган...

Милан фармацевтика факультетинен Bruno Berra:

... табигый сызма зайтун майынын кичинекей полярдык элементтери LDL'дин кычкылданууга болгон тирешүүсүн маанилүү көлөмдө жогорулатат.

II. Federico университети терапия жана метаболизма оорулары бөлүмүнөн A. A. Rivellese жана G. Riccardi, M. Mancini:

Зайтун майы инсулин каршылыгына тоскоол болот жана кандагы глюкозанын жакшыраак башкарылышын камсыз кылат.

Napoli университетинин медицина жана химия факультетинен Patrizia Galletti:
Зайтун майы полифенолдорунун азык катары алынышы реактивдүү кычкылтек метаболиттер менен байланыштуу оорулардын рискин төмөндөтүшү мүмкүн –ашказан жана ичегилер менен байланыштуу кээ бир оорулар жана сосуддардын тосулуп калышы сыяктуу. Зайтун майы гидрокситирозолду адам эритроциттерин кычкылдануу коркунучунан коргойт.

Гарвард университетинин элдин ден-соолугу мектебинен Frank Sacks:

Зайтун майына бай бир диета ашыкча салмактуулукту башкарууда жана дарылоодо аз майлуу бир диетадан натыйжалуураак. Мындан тышкары, көбүрөөк убакка салмак жоготууга себеп болот жана салмакты башкаруу жеңилирээк...

Байкалгандай, учурда көптөгөн илимпоздор зайтун майына негизделген бир азыктануу моделин эң идеалдуу деп айтышууда. Ушундай өзгөчөлүктөрүнөн улам күнүмдүк тамактануу рационунда дайыма болушу керек болгон эң негизги азыктар катары зайтун жана зайтун майы айтылууда. Аллах көп аятта көңүл бурган зайтун өсүмдүгүнүн пайдалары медицина илиминин өнүгүшү менен бирге аныкталды.

 

Ал силерге асмандан суу түшүрөт. Ичер сууңар да ошондон, дарак да ошондон. Жана андан (жаныбарларды) сугарасыңар. (Аллах) ал суу менен силердин пайдаңар үчүн өсүмдүктөрдү, зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана түрдүү мөмөлөрдү өстүрөт. Шексиз буларда пикир кылган элдер үчүн аят-далилдер бар. (Нахл Сүрөсү, 10-11)

 

 

КОРОНЕР BY-PASS ОПЕРАЦИЯСЫ

 

Биз сенин көкүрөгүңдү ачып-кеңейтпедикпи? Жана жүгүңдү азайтып-алып салбадыкпы? Ал (жүк) сенин белиңди бүккөн эле; Сенин зикириңди (атак-даңкыңды) көтөрбөдүкпү? Демек, чындыгында кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. Чындыгында, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. (Инширах Сүрөсү, 1-6)

 

Белгилүү болгондой, бүт органдар өмүрүн улантуу жана кызматын аткаруу үчүн кан аркылуу азыктанууга муктаж. Кан жүрөк булчуңубузга болсо «коронер артерия» деп аталган артериялар аркылуу келет. Атеросклероз учурунда бул кан-тамырларда кысылуу жана пробкалар пайда болушу мүмкүн. Бул абал күчөгөндө болсо кандын агымына тоскоол болунат жана жүрөк жетиштүү азыктана албай калат. Бул болсо жүрөктүн өз милдетин аткара албаганын көрсөткөн көкүрөк оорусуна жана жүрөк кризисине себеп болууда.

Жогорудагы аяттарда «Биз сенин көкүрөгүңдү ачып-кеңейтпедикпи» деп которулган «Э лем нешрах леке садреке» сүйлөмү ушундай бир жүрөк оорусуна жана бүгүнкү күндө жасалуучу коронер by-pass операцияларына бир ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) Себеби аяттагы «лем нешрах» сөзү биринчи мааниси боюнча этти жана ушул сыяктуу нерселерди ачуу (жаруу) этишин билдирүүдө. Мындай операцияларда да көкүрөк сөөк узунунан экиге бөлүнүп, ичине кирилүүдө. Жасалган операция натыйжасында кан агымы кайрадан камсыз кылынууда жана көкүрөк оорусу жоголууда. Аяттагы кеңейүү сөзү ушул кан-тамырлардагы кысылуунун жок кылынышына ишарат болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, бул сүрөнүн артынан эле Аллахтын жүрөктүн чың болушуна пайдалуу бир өсүмдүк болгон «зайтунга» ант ичиши да (Тин Сүрөсү, 1) абдан терең мааниге ээ.

 

КЫЙМЫЛДООНУН, ЖУУНУУНУН ЖАНА СУУ ИЧҮҮНҮН ДЕН-СООЛУККА ПАЙДАЛАРЫ

 

Куранда көңүл бурулган кыймыл-аракеттердин бири Аз. Айубка келген бир вахийди баяндаган аяттарда билдирилет:

 

Пендебиз Айубду да эстегин. Ал: «Шайтан мага оор бир кыйноо жана азап жеткирди окшойт» деп Раббисине кайрылган эле. «Бутуңду кыймылдат. Мына жууна турган жана иче турган муздак (суу» деп вахий кылдык). (Сад Сүрөсү, 41-42)

 

Аз. Айубка шайтан берген кыйынчылык жана тынчсызданууга карата Аллах билдирген кеңештердин бири – бул «бутун кыймылдатышы». Аяттагы бул сөз кыймылдоонун, спорт менен машыгуунун пайдаларына ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) «Бутуңду кыймылдат, жерди теп» деп которулган «уркуд» сөзү Анбия Сүрөсүнүн 12- жана 13-аяттарында «чуркоо» маанисинде колдонулууда. Бул болсо бул жерде айтылган кыймыл-аракеттин «чуркоо» же «ылдам басуу» маанисинде болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Спорт учурунда өзгөчө бут булчуңдары сыяктуу узун булчуңдардын кыймылдатылышы (изометрикалык кыймыл-аракеттер) менен кан айлануу ылдамдайт, клеткаларга баруучу кычкылтек көбөйөт. Натыйжада адамдын чарчоосу жоголот, уулуу заттардын денеден чыгышы натыйжасында болсо адам энергиялуу абалга келет. Ошол эле учурда дене микропторго карата бир топ чыдамкай абалга келет. Үзбөстөн көнүгүү жасап жүргөн адамдардын кан-тамырлары кенен жана таза болот. Бул болсо тамырлардын тосулушунун, жана натыйжада жүрөк ооруларынын алдын алат.50 Мындан тышкары, үзбөстөн, дайыма жасалган көнүгүүлөр кандагы шекердин тең салмактуулугун камсыздап, шекер оорусунун алдын алуучу рол ойнойт. Спорттун боорго болгон оң таасири – бул «жакшы холестерол» деп атоого мүмкүн болгон холестерол көлөмүн жогорулатышы. Ошондой эле, жылаң аяк жерде басуу денеде чогулган туруктуу электрдик зарядды жок кылууда эң мыкты ыкма болуп саналат. Бул ыкма дене үчүн бир зарядды жерге өткөрүү кызматын аткарат.

Мындан тышкары, аятта көңүл бурулгандай, жуунуунун да денедеги статикалык токту чыгарууда эң жакшы ыкма экени белгилүү. Жуунганда денеде чогулган кирден тышкары адамдын үстүндөгү капалануу жана кыйынчылык да азайат. Ошондуктан, жуунуу стресс жана температура оорулары кошо көптөгөн физикалык жана психологиялык ооруларды айыктыруучу таасирге ээ.

Аятта жуунуудан тышкары суу ичүү да сунушталган. Суунун дененин ар бир органына болгон пайдалары абдан көп. Тер бездери, ашказан, ичегилер, бөйрөктөр, тери жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн органдын чың болушу суунун жетиштүү көлөмдө ичилишинен көз-каранды. Бул багытта кандайдыр бир оору же кыйынчылыкты да кайра эле суу ичүү менен кетирүүгө болот. Чарчоону жана уйкусуроону жоюу үчүн да денедеги суунун көлөмүн жогорулатып, натыйжада уулуу заттардан тазалануу керек болот.

Ар бири дене жана рухубуздун чың болушу үчүн абдан чоң мааниге ээ болгон бул кеңештердин чогуу жасалышы болсо эң идеалдуу натыйжаны берет. Бул кеңештердин баары Аллахтын «Куранда ыймандуулар үчүн шыпаа жана рахмат (мээрим) болгон нерселерди түшүрүүдөбүз...» (Исра Сүрөсү, 82) аятынын бир көрүнүшү.

 


 

МИКРОСКОПИЯЛЫК ЖАШООНУН БАР БОЛУШУ

 

Жерде өскөндөрдөн, алардын напсилеринен жана али билбеген канча нерселерден бардык жуптарды жараткан (Аллах абдан) Улук. (Йасин Сүрөсү, 36)

 

... дагы силер билбеген эмнелерди жаратууда? (Нахл Сүрөсү, 8)

 

Бул аяттарда Куран түшүрүлгөн учурда адамдар билбеген жашоо түрлөрүнүн бар экенине ишарат кылынууда. Микроскоптун табылышы менен бирге адамдын көзүнө көрүнбөгөн кичинекей жаңы жандыктар аныкталган. Ушундайча Куранда көңүл бурулган мындай жандыктардын бар экени жөнүндө адамдар маалыматка ээ боло башташты. Куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон жана көбүнчө бир гана клеткадан турган микро жандыктардын бар экенине ишарат кылган башка аяттар болсо төмөнкүлөр:

 

... Асмандарда жана жерде кыпындай (атомдой) оордуктагы эч нерсе Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, баары сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).» (Себе Сүрөсү, 3)

 

... Жерде жана асманда кыпындай (атом салмагында) болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)

 

Жер бетинин бүт тарабына таркаган мындай жашыруун дүйнөнүн мүчөлөрү, т.а. микроорганизмдер жер бетиндеги жаныбарлардан 20 эсе көп. Көзгө көрүнбөгөн кичинекей мындай микроорганизмдер тобу бактериялар, вирустар, козу карындар, суу балырлары жана мителерден турат. Бул микро жандыктар жер бетиндеги жашоо тең салмактуулугунун маанилүү бир элементи. Мисалы, жер бетинде жашоонун пайда болушун камсыздаган негизги элементтердин бири болгон азоттун айланышы бактериялар тарабынан камсыз кылынат. Өсүмдүктөрдүн топурактагы минералдарды ала алышын камсыз кылган эң маанилүү элемент болсо – бул тамыр козу карындары. Салат же эт сыяктуу нитраты бар азыктардан ууланып калышыбыздан болсо тилибиздеги бактериялар коргойт. Ошол эле учурда кээ бир бактериялар жана балырлар дүйнөдө жандуулуктун бар болушунун негизги элементи болгон фотосинтез кыла алуу жөндөмүнө ээ жана бул кызматты өсүмдүктөр менен бөлүшүшөт. Кээ бир мите түрлөрү органикалык заттарды майдалап, азыктарды өсүмдүктөр колдоно ала турган абалга айланта алышат. Байкалгандай, биз технологиялык аспаптар менен гана алар жөнүндө маалымат ала алган бул кичинекей жандыктар адамдын жашоосу үчүн орду толгус мааниге ээ.

Куранда кылымдар мурда биздин көзүбүзгө көрүнгөн ааламдардан башка да жандыктар бар экенине көңүл бурулган болушу – бул албетте Курандын дагы бир керемети. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, Mikrodünya Mucizesi (Микродүйнө керемети), Araştırma Yayıncılık)

 

 

ЖАНЫБАР КООМДОРУНУН БАР БОЛУШУ

 

Жер бетиндеги жандык жана эки канаты менен учкан канаттуулардын бүт баары силер сыяктуу үммөттөр... (Энъам Сүрөсү, 38)

 

Учурда жаныбар жана канаттууларга жасалган байкоолор натыйжасында бардык жаныбарлардын жана канаттуулардын өзүнчө коомдор абалында жашашаары аныкталды. Көпкө созулган, кеңири масштабдуу изилдөөлөр натыйжасында жаныбарлар жөнүндө алынган маалыматтар жаныбарлар арасында абдан системалуу бир социалдык түзүлүштүн бар экенин аныктады.

Мисалы, коомдук жашоосу менен илимпоздорду таң калтырган бал аарылар колониялар абалында дарак коңулдарында же ошол сыяктуу жерлерде өздөрүнө уюк жасашат. Бир аары колониясы бир ханыша, бир канча жүз эркек жана 10-80 миң жумушчу аарыдан турат. Мурда да айтылгандай, аары колонияларынын ар биринде бир гана ханыша болот жана ханышанын негизги кызматы – бул жумурткалоо. Мындан тышкары, колониянын биримдигин жана уюктагы системанын иштешин камсыз кылуучу маанилүү заттарды да чыгарат. Эркектердин болсо жалгыз кызматы – бул ханышаны төлдөтүү (уруктандыруу). Уюкту жасоо, азык чогултуу, аары сүтүн өндүрүү, уюктун жылуулугун жөнгө салуу, тазалык, коргонуу сыяктуу акылга келген бардык иштерди болсо жумушчу аарылар жасашат. Аары уюгундагы жашоонун ар бир баскычында бир система бар. Личинкаларды кароодон баштап уюктун жалпы муктаждыктарын камсыз кылууга чейинки бүт иштер эч кемчиликсиз жасалат.

Кумурскалар да дүйнөнүн эң көп калкына ээ болушканына карабастан, технология, коллективдик иштөө, аскердик стратегия, өнүккөн байланыш тармагы, иерархиялык система, дисциплина, кемчиликсиз бир шаар пландоо сыяктуу көптөгөн тармакта адамдарга мисал боло тургандай бир тартипти көрсөтүшөт. «Колониялар» деп аталган коомдор абалында жашаган кумурскалар ушунчалык өнүккөн бир тартипте болушкандыктан, бул жагынан адамдардыкына окшош бир цивилизацияга ээ деп айтууга болот.

Кумурскалар азыктарын өндүрүп кампалашат, балдарын кайтарышат, колонияларын коргошот жана согушушат. Ал тургай, «тигүүчүлүк» кылышып, «айыл-чарба» менен алектенген, «айбан баккан» колониялар да бар. Араларында абдан күчтүү бир байланыш тармагы бар болгон бул жандыктар коомдук уюшуу жана адистешүү жагынан караганда, эч бир жаныбарга салыштырууга мүмкүн болбогондой жогору. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз Harun Yahya, Karınca Mucizesi (Кумурска керемети), Araştırma Yayıncılık)

Топ-топ болуп жашаган жандыктар системалуу жашоо менен бирге коркунучтарга да чогуу каршы турушат. Мисалы, кичинекей канаттуулар бүркүт же бай уулу сыяктуу жырткыч канаттуулар алардын аймагына киргенде, чогуулап бул жандыктарды орошот. Ошол эле учурда айланадагы башка канаттууларды да аймакка чакыруу үчүн атайын бир үн чыгарышат. Кичинекей канаттуулардын чогуулап кол салышы жырткыч канаттууларды көбүнчө ал аймактан качууга мажбур кылат.

Топ болуп учкан бир канаттуу үйүрү да ошол сыяктуу бардык үйүр мүчөлөрү үчүн калкан болот. Мисалы, үйүр болуп учкан чыйырчыктар араларында кенен бир аралык калтырып учушат. Бирок бир бүркүт көрүшкөндө, араларындагы боштукту жабышат. Натыйжада бүркүттүн үйүрдүн арасына киришин оор кылышат, бүркүт кол салса да канаттарын майып кылып алат жана аңчылык кыла албайт.53 Сүт эмүүчү жаныбарлар да үйүрлөрүнө бир кол салуу болгондо, чогуу аракет кылышат. Мисалы, зебралар душмандарынан качып баратышып, балдарын үйүрдүн ортосуна алышат. Дельфиндер болсо дайыма топ-топ болуп жүрүшөт жана эң чоң душмандары болгон акулалардан тобу менен коргонушат.

Жаныбарлардын коомдук жашоосу жөнүндө сансыз мисал жана көптөгөн детальдарды айтып берүүгө болот. Жаныбарлар жөнүндө алынган бул маалыматтар көп жылдар бою жасалган терең изилдөөлөр натыйжасында алынган. Байкалгандай, башка тармактардагы сыяктуу эле жаныбарлар жөнүндө Куранда берилген маалыматтар да анын Аллахтын сөзү экенин көрсөтүүдө.

 

 

БИОМИМЕТИКА: ЖАНДЫКТАРДАГЫ ДОЛБООРЛОРДУ ӨРНӨК АЛУУ

 

Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар, силерге алардын курсактарындагы ферс (жарым сиңген азыктар) менен кандын арасынан, ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз. (Нахл сүрөсү, 66)

 

Чындыгында жаныбарларда да силер үчүн бир сабак (насаат) бар; курсактарынын ичиндегилерден силерге ичирүүдөбүз жана аларда силер үчүн дагы көптөгөн пайдалар бар. Силер аларды жейсиңер. Алардын үстүндө жана кемелерде жол жүрөсүңөр. (Мүминун Сүрөсү, 21-22)

 biyomimetik

Учурда көптөгөн илимпоз жана изилдөө-өнүктүрүү (R&D) адиси долбоорун баштоодон мурда мунун жаныбарлардагы өрнөктөрүн изилдөөдө жана алардагы система жана долбоорлорду тууроодо. Башкача айтканда, илимпоздор Аллах табиятта жараткан долбоорлорду көрүп изилдешүүдө жана алардан илхам алышып, жаңы технологияларды иштеп чыгышууда.

Бул жаңы бир илим тармагын пайда кылды: «биомиметика». «Табияттагы жандууларды тууроо» маанисине келген бул илим тармагы өзгөчө акыркы убактарда технология дүйнөсүндө кеңири таркады. Куранда Мүминун Сүрөсүнүн 21-аятында жана Нахл Сүрөсүнүн 66-аятында «сабак алуу, маани, маанилүү нерсе, өрнөк» маанилерине келген «ибретен» сөзүнүн колдонулушу бул жагынан абдан терең мааниге ээ.

Биомиметика – бул адамдар табияттагы системаларды туурап жасаган буюмдардын, аспаптардын, механизм жана системалардын баарын камтыган бир термин. Табияттагы долбоорлор өрнөк алынып жасалган аспаптарга өзгөчө нанотехнология, робот технологиясы, жасалма мээ (AI), медицина индустриясы жана аскердик жабдыктар сыяктуу тармактарда колдонулуу үчүн муктаждык болууда.

Биомиметика (биомимикрия) – алгачкы жолу Монтаналык бир автор жана илим изилдөөчү Жанин М. Бенюз (Janine M. Benyus) тарабынан чыгарылган бир түшүнүк. Кыргызча «био-тууроо» маанисине келген бул түшүнүк буга чейин көп адамдар тарабынан жоромолдонуп, ишке ашырылды. Биомиметика жөнүндө жасалган жоромолдордун бири төмөнкүдөй:

Биомимикрия табияттан модел, критерий жана акыл катары өрнөк ала турган көп нерсебиз бар экенин көрсөтөт. Мындай изилдөөлөрдүн орток чекити – бул табияттагы долбоорлорго урмат көрсөтүшү жана адамдардын кабылган көйгөйлөрдү чечүүдө буларды колдонуп илхам алышы.

Продукттун сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда табияттан пайдаланган фирмалардын бири болгон Интерфейстин продукт стратеги Давид Оаклей (David Oakley) биомиметика жөнүндө мындай дейт:

Табият менин жумуш жана долбоор темаларында акыл мугалимим, жашоо стилим үчүн бир модел. Табияттын системасы миллиондогон жылдан бери иштөөдө... Биотууроо табияттан үйрөнүүнүн бир жолу.

Акыркы жылдары илимпоздор ылдам тараган бул көз-карашты кабыл алышты; алдыларындагы теңдешсиз жана кемчиликсиз моделдерди өрнөк алышып, иштерине ылдамдык кошушту. Табияттагы долбоорлор эң аз каражат жана энергия менен эң көп натыйжа алышы, өзүн-өзү оңдоо өзгөчөлүгү, кайра иштетүүгө мүмкүн болгон жана табият-досу болушу, үнсүз тынч иштеши, кооз, чыдамкай жана узун өмүрлүү болушу жагынан технологиялык эмгектерге өрнөк болушат. High Country News аттуу бир гезитте биомиметикага илимий бир кыймыл катары аныктама берилген жана мындай бир жоромол жасалган:

Табигый системаларды модел алып, учурда биз колдонуп жатканыбыздан бир топ узун мөөнөттүү технологияларды жасоого болот.

Табиятта көргөн кемчиликсиз системалар жөнүндө ойлонуп, табияттагы моделдерди тууроо керек деп ойлогон Жанин М. Бенюз Biomimicry (Биомимикрия) аттуу китебинде берген мисалдарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:

* Аары жегич канаттуунун 10 граммдан аз бир күйүүчү май менен Мексика Корфезунан өтө алышы,

* Ийнеликтердин эң мыкты вертолеттордон да жакшыраак маневр жасай алышы,

*Термит мунараларында жайгашкан температураны жөнгө салуу жана желдетүү системаларынын каражат жана энергия колдонушу жагынан адамдардын жасагандарынан жакшы болушу,

* Жарганаттын көп-жыштыктуу кабар жөнөтүүчүсүнүн адамдар жасаган радарлардан ийгиликтүү жана сезгичирээк иштеши,

* Жарык чыгарган балырлардын дене чырактарын күйгүзүү үчүн ар кандай химикаттарды бириктириши,

* Уюл балыктары жана бакалардын тоңгондон кийин кайрадан жашоого кайтуулары жана органдарынын муздан жабыркабашы,

* Хамелеондун жана сыя балыгынын жашаган чөйрөлөрүнө толук окшош абалга келе турган негизде терилеринин өңдөрүн, «саймаларын» заматта өзгөртүшү,

* Аарылардын, ташбакалардын жана чымчыктардын колдорунда карталары болбостон, алыс жолго сапар кылуулары,

* Киттердин жана пингвиндердин кычкылтек түтүгүн колдонбостон сууга чөмүлүүлөрү.

Бул жерде бир канча гана мисалы берилген табияттагы таң калтырган ушул сыяктуу механизм жана долбоорлор технологиянын көптөгөн тармагын байытуу потенциалына ээ. Маалыматыбыздын көбөйүшү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен бирге бул потенциал күн сайын улам жакшыраак көрүнүүдө.

Жаныбарлардын ар бири адамдарды таң калтырган көптөгөн жаратылуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Кээ бирлери сууда кыймылдоосун камсыз кылуучу эң идеалдуу формага (гидродинамикага) ээ болсо, кээ бирлери биз үчүн абдан жат болгон сезүү органдарын колдонушат. Булардын көпчүлүгү адамдар алгачкы жолу көргөн, тагыраак айтканда, эми байкаган өзгөчөлүктөр. Кээде бир жандыктын бир эле өзгөчөлүгүн тууроо үчүн компьютер, механика, электроника, математика, физика, химия жана биология сыяктуу илим тармактарынын алдыңкы илимпоздорунун чогулушу керек болууда.

Илимпоздор күн сайын табиятта байкаган теңдешсиз түзүлүштөр жана системалар алдында айраң калышууда жана буларга болгон таң калууларын адамзаттын пайдасына жаңы технологияларды өндүрүү үчүн колдонуу аркылуу көрсөтүшүүдө. Табияттагы кемчиликсиз системалардын, колдонулган кереметтүү ыкмалардын илимпоздордун илими жана акылынан бир топ жогору экенин, көйгөйлөргө теңдешсиз чечүү жолдорду сунганын түшүнгөн илимпоздор эми жылдар бою алектенип чече албаган көп темада табияттагы долбоорлордон жардам алышууда. Мунун натыйжасында кыска мөөнөттө ийгиликтүү натыйжаларга жетүү мүмкүн болууда. Мындан тышкары, табиятты тууроо менен илимпоздор убакыт, эмгек күчү жана ошондой эле материалдык булактарды натыйжалуу пайдалануу жагынан маанилүү ийгиликтерге жетишүүдө.

Учурда өнүккөн технологиянын жаратылуу кереметтерин бир-бирден ачып көрсөтүп жатканын жана «биомиметика» илиминдеги сыяктуу жандыктардагы кереметтүү долбоорлорду өрнөк алып адамзатка кызмат кылып жатканын көрүүдөбүз. Жанин М. Бенюз да табиятты туурасак, тамак-аш жана энергия өндүрүшү, маалымат жыйноо, саламаттыкты сактоо сыяктуу көп тармактарда өзүбүздү оңой гана өнүктүрө алаарыбызды айткан. Бул темаларды колго алган көптөгөн илимий макалалардын бир канчасы төмөнкүлөр:

Илим табиятты тууроодо

Жашоонун долбоордогу сабактары

Биомимикрия: көз алдыбызда жашырылган сырлар

Биомимикрия: табият илхам берген ачылыштар

Биомимикрия: бизди курчаган жогорку талант

Биомиметика: табияттан жакшы дизайндар чыгаруу

Биомиметика: табияттагы долбоорлордон материалдарды жасоо

Инженерлер долбоор үчүн табияттан өрнөк алышууда

19-кылымда табиятты тууроо бир гана кооздук чөйрөсүндө жасалчу. Ошол доордун сүрөтчү жана архитекторлору табияттагы кооздуктардан таасирленип, жасаган эмгектеринде бул түзүлүштөрдүн сырткы көрүнүштөрүн өрнөк алышкан эле. Бирок табияттагы долбоорлордун кереметтүүлүгү жана аларды тууроо адамдарга пайда алып келээри табияттагы механизмдердин молекулярдык деңгээлде изилденип башташы менен гана -20-кылымда- башталган. Учурда илимпоздор жана изилдөөчүлөр, Куранда болжол менен 1400 жыл мурда билдирилгендей, жандыктардан «сабак (өрнөк)» алышууда. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Харун Яхья - Аднан Октар, Биомиметика, технология табиятты өрнөк алууда).

 

 

ТОП-ТОП БОЛУП ЖҮРҮҮЧҮ ЧЕГИРТКЕЛЕР

 

Көздөрү «басмырлангандан жана коркуудан жер карап», «жайылган» чегирткелер сыяктуу кабырларынан чыгышат. (Камер Сүрөсү, 7)

 

Бул аятта ыйман кылбагандардын акыреттеги абалдары сүрөттөлүүдө. Жашап өткөн бардык миллиарддаган адамдардын тобу менен тирилиши жайылган чегирткелерге окшотулууда. Албетте, Аллахтын бул мисалды беришинин көп терең маанилери бар.

20-кылымда чегирткелерге микро камералар менен жасалган терең изилдөөлөр учурунда көп маалыматтар алынган. Чегиртке топтору абдан коюу, жыш болушат, бирок бир дене сыяктуу кыймылдашат. Миллиарддаган чегиртке чогулушуп, узундугу жана туурасы киллометрлерге созулган капкара бир жамгыр булуту сыяктуу болуп калышат. Бул топтордун кээ бирлеринин туурасынын 3-5 киллометр жана тереңдигинин бир канча метрге чейин жетээри аныкталган. Чегиртке топтору мынчалык жыштыктан улам абанын карарып булут баскан сыяктуу көрүнүшүнө себеп болушат.

Бул жандыктар жөнүндө алынган дагы бир маалымат болсо – бул алардын жумурткаларын топурактын ичине урук сыяктуу жайгаштырышы жана чегиртке личинкаларынын бир топ мөөнөт жердин астында жаткан соң жер бетине тобу менен чыгышы. Ургаачы чегирткелер топурактын астына 10-15 сантиметрлик бир туннель казган соң бир жолкуда 95-158 личинка ташташат. Бир чегиртке бул процессти болжол менен үч жолу кайталайт. Личинкалар жетилгенде –абанын температурасына жараша 10-65 күн ичинде- чогуу жердин астынан чыгышат. 1 м2'тык бир аянтта 1000 жумуртка чуңкуру болушу мүмкүн. Чегиртке топтору бир канча жүз км2'тык аянтты каптай турганчалык көп. Бир км2ка туура келген чегиртке саны болсо 40-80 миллионго чейин болот. Чегирткелердин жердин астында болушу, бир топ убакыт бою ал жерде жаткан соң тобу менен жана абдан жыш абалда жер бетине чыгышы кыямат күнү адамдардын тирилишине окшош көрүнүштө болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)

Учурда чегирткелерди изилдөө үчүн атайын бөлүмдөр курулган жана бул изилдөөлөрдүн кээ бирлеринде алыстан башкарылуучу камера системалары колдонулууда. Ал тургай НАСАнын спутниктик маалыматтары да Африкада чөл чегиртке топтору жашаган аймактарды аныктоо максатында колдонулууда. Спутник маалыматтары жардамында 18 миллион км2'тык аянттарда жерден жана абадан терең изилдөөлөрдү жасоо мүмкүн болууда.

Байкалгандай, чегирткелер жөнүндө мындай маалыматтарды алуу үчүн колдонулган бул технологиялар жок бир доордо мындай бир окшоштуруунун жасалышы Курандын бүт нерсени билген Аллахтын вахийи экендигинин далилдеринин бири.

 

 

КУМУРСКАЛАРДЫН БАЙЛАНЫШ КУРУШУ

 

Куранда Аз. Сулаймандын аскерлери жөнүндө айтылып жатып, кумурскалар арасында бир «байланыш системасынын бар экенине ишарат кылынууда:

 

Анан кумурска өрөөнүнө келишкенде, бир ургаачы кумурска: «Эй кумурска коому, уяларыңарга киргиле, Сулайман менен ордолору (аскерлери) байкабастан силерди эзип кетпесин» деди. (Немл Сүрөсү, 18)

 

20-кылымда кумурскаларга жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр бул кичинекей жандыктардын абдан уюшумдуу бир коомдук жашоосу бар экенин жана мындай уюшумдуулуктун бир талабы катары өз ара абдан комплекстүү бир байланыш тармагына ээ экенин аныктаган. National Geographic журналында жарык көргөн бир макалада бул жөнүндө мындайча айтылат:

Чоң же кичине кандайдыр бир кумурска башындагы татаал сезүү органдары аркылуу миллиондогон, ал тургай андан да көп химиялык жана көрүү сигналдарын кармайт. Мээ 500000 нерв клеткасын камтыйт; көздөр бириккен; антеналар адамдагы мурун жана манжа учу сыяктуу кыймылдайт. Ооздун астындагы проекциялар даамды кабылдайт, кылдар тийүүгө жооп берет.

Биз байкабасак да, кумурскалар назик сезүү органдары жардамында абдан көп түрдүү байланыш ыкмаларын колдонушат. Олжосун табуудан бири-бирин ээрчүүгө, уяларын куруудан согушууга чейин жашоолорунун ар бир көз ирмеминде бул сезүү органдарынан пайдаланышат. 2-3 миллиметр квадраттык денелеринин ичине батырылган 500000 нерв клеткалары менен адамдарды таң калтыра турган бир байланыш системасына ээ.

Бул жандыктардын байланыштарындагы реакциялар белгилүү категорияларга бөлүнгөн: сигнал берүү, чогулуу, азыктын ордун кабар берүү, тазалануу, суюк азык алмашуусу, топтошуу, таануу, максат аныктоо...

Системалуу бир коомду түзгөн кумурскалардын бул реакциялар аркылуу бири-бирине кабар жөнөтүү системасына таянган бир жашоолору бар. Кумурскалар маалымат алып-берүүдө кээде адамдар сүйлөшүп чече албаган багыттарда (чогулуу, бөлүшүү, тазалык, коргонуу сыяктуу) бир топ жакшы байланыш курушат.

Кумурскалар көбүнчө химиялык бир байланыш курушат. Кумурскалар байланыш куруу максатында колдонгон химиялык заттар – бул жарым-химикаттар (semiochemicals) катары белгилүү болгон «феромендер». Жыт катары кабылданган жана ички бездер тарабынан чыгарылган бир суюктук болгон «феромендер» кумурска топторунун уюшуусунда эң маанилүү ролду аткарат. Бир кумурска сигнал катары бул суюктукту чыгарганда, башкалары жыт же даам сезүү органы аркылуу кабарды алышат жана жооп беришет. Кумурска феромендери жөнүндө жасалган изилдөөлөр бардык сигналдардын кумурска тобунун муктаждыктарына жараша чыгарылаарын аныктаган. Ошондой эле, кумурскалар чыгарган феромендин көлөмү абалдын канчалык зарыл экенине жараша өзгөрүүдө.

Байкалгандай, кумурскалар кылган иштерди кыла алуу үчүн терең бир химия илимине муктаждык бар. 14 кылым мурда, кумурскалар жөнүндө мынчалык терең маалымат болбогон бир доордо, кумурскалардын байланыш системасына көңүл бурулушу Курандын илимий кереметтеринин бири. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, Karınca Mucizesi (Кумурска керемети), Araştırma Yayıncılık)

 

 

АЗЫКТЫН АЙЛАНЫШЫ

 

Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүктөн чыгарат, өлүктү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр? (Энъам Сүрөсү, 95)

 

Бул аятта Куран түшүрүлгөн доордо билүү мүмкүн болбогон бир азык айлануусуна көңүл бурулган.

Бир жандык өлгөндө, микроорганизмдер аны абдан бат майдалашат. Натыйжада өлүү дене органикалык молекулаларга айланган болот. Бул молекулалар топуракка аралашып, өсүмдүк жана жаныбарлардын, жана натыйжада адамдардын негизги азык булагы болот. Эгер мындай айлануу болбосо, жашоо да мүмкүн болбой калмак.

Бактериялар болсо жандыктардын муктаждыгы болгон минерал жана азыктарды даярдоо милдетин аткарышат. Кыш бою дээрлик өлүк абалда болгон өсүмдүк жана кээ бир жаныбарлар жазында кайрадан жанданып жатканда муктаж болгон бардык азык жана минералдар кышындагы бактериялардын иш-аракеттери менен камсыз кылынат. Кыш бою бактериялар органикалык калдыктарды, б.а. жаныбар жана өсүмдүк өлүктөрүн майдалап, минералдарга айландырышат.71 Натыйжада жандыктар жазында ойгонушканда азыктары даяр болгон болот. Бактериялар урматында бир тараптан алар жашаган чөйрөдө бир «жаз тазалыгы» жасалган болсо, экинчи тараптан жазда кайрадан жанданган табият үчүн жетиштүү көлөмдө азык даярдалган болот.
Байкалгандай, өлгөн жандыктар жаңы жандыктардын жашашында биринчи даражадагы ролго ээ. Ошентип Аллах аятта «тирүүнү өлүктөн чыгарат, өлүктү болсо тирүүдөн чыгарат» сүйлөмү менен көңүл бурган бул айлануу эч кемчиликсиз ишке ашкан болот. Куранда мынчалык детальдуу бир маалыматка кылымдар мурда көңүл бурулушу – Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринин бири.
 
 

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder