20 Kasım 2012 Salı

КУРАНДЫН ТАРЫХЫЙ КЕРЕМЕТТЕРИ


ХАМАН ЖАНА БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ ЖАЗУУЛАРЫ

 

Куранда Байыркы Египет жөнүндө берилген маалыматтардын кээ бирлери жакынкы убакка чейин жашыруун болуп келген кээ бир тарыхый чындыктарды ачыкка чыгарууда. Бул чындыктар Курандагы ар бир сөздүн белгилүү бир терең максатка ылайык колдонулганын бизге көрсөтүүдө.

Куранда Фараон менен бирге аты аталган адамдардын бири – бул «Хаман». Хаман Курандын 6-аятында Фараондун эң жакын адамдарынын бири катары эскерилет.

Ал эми Тооротто болсо Аз. Мусанын өмүрү баяндалган бөлүмдө Хамандын аты эч аталбайт. Бирок Хаман аты Байыркы Ахиттин (Ветхий Завет) кийинки бөлүмдөрүндө Аз. Мусадан болжол менен 1100 жыл кийин жашаган жана еврейлерге зулумдук кылган бир Вавилон ханынын жардамчысы катары айтылат.

Куран жөнүндө акылга сыйбас жоромолдорду жасаган Мусулман эместердин дооматтарынын жараксыз экени бир Египет иероглифинин мындан болжол менен 200 жыл мурда окулуп, байыркы Египет жазууларында «Хаман» атынын табылышы менен ортого чыкты. 18-кылымга чейин Байыркы Египет тилинде жазылган эпитафия жана жазууларды окуу мүмкүн эмес эле. Байыркы Египет тили иероглиф эле жана кылымдар бою бул тил колдонулуп келген. Бирок б.з. 2- жана 3-кылымында Христиан дининин жайылышы жана маданий таасири натыйжасында Египет дини менен кошо тилин да унутту; жазууларда иероглифти колдонуу азайды жана токтоду. Иероглиф жазуусунун акыркы колдонулушу катары билинген жыл – бул б.з. 394-жылына тиешелүү бир эпитафия. Андан соң бул тил унутулган жана бул тилде жазылган жазууларды окуй алган жана түшүнө алган адамдар калган эмес. Мындан болжол менен эки жүз жыл мурдага чейин...

Байыркы Египет иероглифи 1799-жылы Rosetta Stone деп аталган б.з.ч. 196-жылга тиешелүү бир эпитафиянын табылышы менен түшүнүктүү болуп калды. Бул тактайдын (таблетка) өзгөчөлүгү үч башка тилде жазылганы эле: иероглиф, демотика (иероглифтин кол жазма түрү) жана грекче. Грек тилиндеги тексттин жардамы менен тактайдагы байыркы Египет жазуусун түшүнүүгө аракет кылынды. Жазууну толук түшүнүү Жан-Франсуа Шамполлион (Jean-Françoise Champollion) аттуу француз тарабынан жыйынтыкталды. Натыйжада унутулган бир тил жана бул тил баяндаган тарых ачыкка чыкты. Мунун жардамы менен байыркы Египет цивилизациясы, алардын диндери жана коомдук жашоолору жөнүндө көп маалыматтар алынды.

Иероглифти түшүнүүнүн натыйжасында биздин темабыз менен байланыштуу болгон абдан маанилүү бир маалымат да алынды: «Хаман» аты чындап эле Египет жазууларында бар эле. Венадагы Хоф (Hof) музейинде турган бир эстеликтин бетинде бул ысымдан сөз кылынган. Ошол эле жазууда Хамандын Фараон менен болгон байланышы да айтылган.

Бардык жазууларга таянып даярдалган «Жаңы хандыктагы адамдар» сөздүгүндө болсо Хамандан «Таш очокторунда иштегендердин башчысы» катары сөз кылынган эле.

Алынган жыйынтык маанилүү бир чындыкты көрсөткөн. Хаман – дал Куранда айтылгандай, Аз. Муса заманында Египетте жашаган бир адам эле. Куранда айтылгандай, Фараонго абдан жакын эле жана курулуш иштери менен алектенген.

Куранда Фараондун мунара куруу жумушун Хамандан талап кылганын кабар берген аят бул археологиялык табылга менен толук дал келет:

 

Фараон: «Эй алдыңкылар (башчылар), силер үчүн менден башка кудай бар экенин билбейм. Эй Хаман, ылайдын үстүндө бир от жагып, мага бийик бир мунара курчу, балким Мусанын Кудайына чыгаармын, себеби чынында мен аны жалганчылардан деп ойлоймун» деди. (Касас Сүрөсү, 38)

 

Жыйынтыктасак, Байыркы Египет жазууларында Хамандын атынын болушу Курандын кайып кабарларын билген Аллах Кабатынан түшүрүлгөнүн дагы бир жолу ортого койду. Себеби Куранда Пайгамбар Мырзабыз жашаган доордо табылышы жана чечмелениши мүмкүн болбогон бир тарыхый маалымат кереметтүү абалда бизге берилген эле.

 

 

АЗ. МУСА ЖАНА ДЕҢИЗДИН БӨЛҮНҮШҮ

 

Фараон деп таанылган Египет хандары байыркы Египеттин көп кудайлуу батыл дининде өздөрүн кудай деп кабыл алышчу эле. Аллах Египет калкы акыйкат диндин ордуна батыл (негизсиз, жалган) бир системаны кабыл алган жана Исраил урпактары кул кылынган бир доордо Аз. Мусаны элчиси (пайгамбар) катары Египет коомуна жөнөткөн.

Бирок байыркы Египеттиктер –Фараон жана чөйрөсү баш болуп- Аз. Мусанын акыйкат динге болгон чакырыгына карабастан путпарасттык ишенимдеринен кайтпай жатышкан эле. Аз. Муса Фараонго жана анын жакын чөйрөсүнө өздөрүн тыйышы керек болгон нерселерди баяндап берип, аларды Аллахтын азабы менен эскерткен. Бирок алар баш көтөрүп, Аз. Мусаны жинди, сыйкырчы жана жалганчы деп күнөөлөшкөн. Фараон жана анын коомуна көп санда балээ берилгенине карабастан, алар Аллахка моюн сунушкан эмес; Аллахты жалгыз Кудай деп кабыл алышкан эмес. Ал тургай, баштарына келген балээлерге Аз. Мусаны айыпташып, аны Египеттен айдагылары келген. Аллах Куранда Аз. Муса жана анын жанындагы ыймандууларга мындай буюрган:

 

Мусага: «Пенделеримди түнкүсүн жолго (сапарга) алып чык, себеби силердин изиңерден куугунчулар түшүшөт» деп вахий кылдык. (Алардын качканын түшүнгөн) Фараон шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди. «Чынында алар аз сандагы бир коом. Жана албетте бизди абдан жек көрүшөт. Биз болсо сак (эстүү) бир коомбуз» (деди). Ошентип Биз аларды (Фараон менен анын коомун) бакчалардан жана булактардан сүрүп чыгардык. Казыналардан жана мурастуу макам(дар)дан да. Ошондой (болду); аларга Исраил урпактарын мураскор кылдык. Ошентип (Фараон менен аскерлери) күн чыгаарда аларды кууп жөнөштү. (Шуара Сүрөсү, 52-60)

 


Куранда кабар берилгендей, мындай кубалоодон соң эки коом кезиккен кезде Аллах деңизди экиге бөлүп, Аз. Мусаны жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди куткарып, Фараон жана анын коомун болсо кыйроого дуушар кылган. Куранда Аллахтын ыйман келтиргендерге болгон бул жардамы мындайча айтылат:

 

Анан (Биз) Мусага: «Асаң менен деңизди ур» деп вахий кылдык. (Урду жана) Деңиз ошол замат экиге бөлүндү да ар бир бөлүгү чоң бир тоодой болду. Беркилерди да ал жерге жакындаттык. Мусаны жана анын жанындагыларды куткардык. Кийин беркилерди сууда чөктүрдүк. Албетте, мында бир аят бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт. Жана эч шексиз, сенин Раббиң күчтүү жана Улуу, боорукер. (Шуара Сүрөсү, 63-68)

 

Бул жөнүндө жакында табылган, Фараон заманынан калган папирустарда мындай баяндар кездешкен:

Сарайдын ак бөлмөсүнүн кароолчусу китептеринин башчысы Аменамониден катчы Пентерхорго:

Бул кат колуңузга тийгенде жана чекити чекитине окулганда, жүрөгүңдү сыга турган кайгылуу кырсыкты, суу айлампасына кабылуу кырсыктарын угуп, жүрөгүңдү бороон алдындагы жалбырак сыяктуу эң күчтүү азапка тапшыр...

... Кырсык күчтүү жакырчылык кокустан аны кармады. Суулар ичинде уйку, жандууну айоолуу бир нерсеге айлантты... Башчылардын өлүмүн, коомдордун мырзасынын чыгыш жана батыштардын ханынын кыйрашын элестет. Сага жөнөткөн кабарымды кайсы кабарга салыштырууга болот?

Куранда өтмүш жөнүндө баяндалган окуялардын учурда тарыхый далилдер менен ачыкка чыгышы, албетте, Курандын маанилүү бир керемети. (Караңыз. Harun Yahya, Hazreti Musa (Азрети Муса), Araştırma Yayıncılık)




Аз. Муса жана Исраил урпактары Кызыл деңизден өтүп баратып баштарынан өткөргөн бул керемет бир катар изилдөөлөргө тема болгон. Жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдө Египеттен чыккан соң Кызыл деңизге чейин басып өтүлгөн жолдон тышкары, Фараон менен Аз. Муса жана коому кез келген жердин географиялык жактан тоолор менен курчалган бир жер экенин да аныктаган. (Эң туурасын Аллах билет.)

Бул маалыматтарга таянган илимпоздор бир катар изилдөө жана анализдерден соң деңиздин кандайча экиге бөлүнгөнү жөнүндө маанилүү жыйынтыктарды алышкан. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Куранда билдирилген окуяга толук дал келген эле.

Наум Вольцингер (Naum Volzinger) жана Алексей Андросов аттуу эки орус математик Аз. Мусанын Кызыл деңизди «ортодон экиге» бөлүшүнүн мүмкүн экенин математикалык жактан далилдешти. Орус математиктер бул кереметтин ыктымалдуулук эсебин жасаган илимпоздордун тескерисинче, кереметти пайда кылышы мүмкүн болгон шарттарды анализ кылышты жана бул анализдер аларды кереметти тастыктаган жыйынтыкка алып барды.

Бул илимпоздордун Россия Илимдер академиясынын бюлтениндеги сөздөрү боюнча, Кызыл деңизде ал замандарда суунун бетине жакын ири бир тоо бар эле. Буга таянып бул илимпоздор тоонун суу деңгээлинин үстүнө чыгып калышын мүмкүн кылуучу бороондун күчүн жана шамалдын ылдамдыгын эсептөөгө аракет кылышты. Жасаган эмгектери натыйжасында ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен бир шамалдын деңиздин тартылып, тоонун суу бетинин үстүнө чыгышына себеп боло алаары аныкталды. Россиянын океан изилдөө институтунан Наум Вольцингер ушундайча саны 600 миңге жеткен еврейдин 7 километр узундуктагы тоо-ташты басып, төрт саатта аркы өйүзгө өтө алаарын аныктаганын айтты. Еврейлер өткөндөн жарым сааттан соң болсо тоонун кайрадан суу астында калып, аларды кууп келаткан египеттиктердин ушундайча чөгүп кетиши мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле, Вольцингер кесиптеши Андросов менен бирге Исаак Ньютондун төмөнкү сөзүнө таянып, бул эмгегин башташканын айткан:

Аллахтын дүйнөнү физика мыйзамдары менен башкарганына ынандым.

Бир нерсени унутпаш керек, мындай табигый кубулуштун дайыма болуу ыктымалдыгы бар. Аллахтын каалоосу менен, шамалдын ылдамдыгы, орду жана убактысы сыяктуу шарттар керектүү абалда ишке ашканда бул керемет кайрадан болушу мүмкүн. Бирок бул жердеги негизги кереметтүү тарап – бул окуялардын Аз. Муса жана Исраил урпактары мына жеңилүүгө кабылат деп турган учурда ишке ашкандыгы. Дал Аз. Муса менен бирге коому өтө турган убакта суулар тартылып, Фараон жана аскерлери өтүп баратканда суулардын кайра көтөрүлүшү Аллахтын ыймандууларга болгон жардамынын апачык бир мисалы. Аз. Муса мына ушундай оор учурда Аллахка таянып, ишенүү менен абдан сонун бир ахлак мисалын көрсөткөн:

 

Эки коом бири-бирин көргөндө, Мусанын адамдары: «Чындап кармалдык» дешти. (Муса:) «Жок» деди. «Шексиз Раббим мени менен бирге; мага жол көрсөтөт.» (Шуара Сүрөсү, 61-62)

 

 

ФАРАОН ЖАНА АНЫН ЧӨЙРӨСҮНӨ КЕЛГЕН БАЛЭЭЛЕР

 

Фараон жана анын жакын чөйрөсү өздөрүнүн көп кудайлуу системаларын, путпарасттык ишенимин ушунчалык бекем тутунушкандыктан, Аз. Мусанын кереметтер менен келиши да аларды бул батыл (негизсиз, жалган) ишенимдеринен кайтара алган эмес. Болгондо да муну апачык айтышкан:

 

Алар: «Бизди сыйкырлоо үчүн эмне керемет (аят) алып келсең да, баары бир биз сага ишенбейбиз.» дешти. (Аьраф Сүрөсү, 132)

 

Мындай мамилелерине жооп катары Аллах аларга бул дүйнөдө да бир азап таттыруу үчүн аятта айтылгандай, «өз-өзүнчө кереметтер» (Аьраф Сүрөсү, 133) балээлерди жиберди. Булардын биринчиси кургакчылык жана натыйжада түшүмдүн азайышы эле. Бул жөнүндө Куран аяты төмөнкүдөй:

 

Ант болсун, Биз Фараон (үй-бүлө)сүн балким насаат алып-ойлонушат деп жылдар бою кургакчылык жана түшүм каатчылыгына туш кылдык. (Аьраф Сүрөсү, 130)

 

Египеттиктер айыл-чарба системаларын Нил дарыясына таяшкан эле жана мунун урматында табигый шарттардын өзгөрүшү аларга таасир этчү эмес. Бирок Фараон жана анын жакын чөйрөсүнүн Аллахка карата бой көтөрүшү жана Аллахтын пайгамбарларын тааныбашы себебинен аларга күтүлбөгөн бир балээ келген эле. Бирок аятта да айтылгандай, «сабак алып ойлонуунун» ордуна, болуп жаткандарды Аз. Муса жана Исраил урпактары алып келген бир бактысыздык деп кабыл алышты. Андан соң Аллах бир катар балээлерди жөнөттү. Бул балээлер Куранда мындайча билдирилген:

 

Анан өз-өзүнчө кереметтер (аяттар) катары аларга топон, чегиртке, буудай куртун, бака жана канды (баштарына) жөнөттүк. Кайра эле бой көтөрүштү жана кылмышкер-күнөөкөр бир коом болушту. (Аьраф Сүрөсү, 133)

 

Египет калкынын башына келген балээлер жөнүндө Папируста орун алган маалыматтар дал Куранда баяндалгандай эле. Куранда Египет калкынын башына келген бул балээлер жөнүндө айтылгандар 19-кылымдын башында Орто хандык доорунан калган Ипувер (Ipuwer) папирустарынын Египетте табылышы менен Куранда айтылган чындыктар дагы бир жолу тастыкталды. Бул папирус табылган соң 1909-жылы Leiden Голландия музейине алып барылып, А. Х. Гардинер (A. H. Gardiner) тарабынан которулду. Папируста Египеттеги жокчулук, кургакчылык сыяктуу балээлер жана Египеттен кулдардын качышы баяндалууда. Ошондой эле, бул папирусту жазган Ипувердин да бул окуяларга күбө болгону көрүнүп турат.

Египет калкынын башына келген балээлер тизмеги Куранда баяндалган жокчулук, кандын аралашышы сыяктуу балээлерге абдан дал келет. Аллах Куранда билдиргендей, бул балээлер жөнүндө Ипувер папирустарында мындайча сөз кылынууда:

Балээлер бүт өлкөнү каптаган эле. Бүт жерде кан бар эле.

Дарыя кан болду.

Ушундай кечээ мен көргөн бүт нерсе кыйрады. Орулган сыяктуу бүт жерлер жыпжылаңач...

Египеттин ылдый жагы кыйрады... Бүт сарай бопбош калды. Колдогу бүт нерсе: буудай жана арпа, каздар жана балыктар...

Чындап эгин бүт жерде кыйрады...

Жерлер –бүт каргашага жана ызы-чууга карабастан... Тогуз күн бою сарайдан эч бир чыгуу жолу жок эле жана эч ким ал адамдын жүзүн көрө албады... Шаарлар күчтүү агымдар тарабынан кыйрады... Жогорку Египет кыйраган эле... бүт тарапта кан бар эле... өлкөдө жугуштуу оорулар чыкты... Бүгүн чынында эч ким түндүккө Byblos'ко бара албай жатат. Мумияларыбыз үчүн эмне кылабыз?... Алтын азайууда...

Адамдар суудан коркчу болду. Суу ичкенден соң да суусашты.

Мына суубуз! Бактыбыз! Колубуздан эмне келет? Бүт жер талоондо.

Шаарлар кыйрады. Жогорку Египет куурады.

Эл жашаган жерлер бир мүнөт ичинде астын-үстүн болду.

20-кылымда биз маалымат алган бул папируста Фараон жана анын коомуна келген балээлер жөнүндө Куранга абдан окшош айтылып жатышы Курандын Кудайдан келгенин дагы бир жолу ортого койууда.

 

 

АЗ. МУСАГА СЫЙКЫРЧЫ ДООМАТЫ

 

Фараон заманынан калган папирустарда Аз. Муса жөнүндө «сыйкырчы» деп айтылууда. (Бул папирустар Англияда Бритиш Музейинде (British Museum)). Фараон жана анын жакындары бүт аракеттерине карабастан, Аз. Мусаны эч жеңе алышкан эмес.

«Бул адилеттин башкаруучусу күндүн баласы Аммондун чоң досу болгон жана атасы күн сыяктуу дайыма жашаган Рамзестин хандыгы учурунда жетинчи пайны айынын экинчи күнү жазылды... Бул катты алганыңда тур, жумушту башта айдоолорду башкарууну өз колуңа ал. Дандын баарын кыйраткан бир суу баскыны сыяктуу жаңы бир балээни алганыңда башыңды иштет. (Б.а. ойлон), Хемтон аларды ач көздүк менен жеп түгөттү, кампалар тешилди, чычкандар талааларда топ-топ абалда, биттер бороон абалында, чаяндар ач көздүк менен жеп жатышат, кичинекей чымындар пайда кылган жаралар санап бүтпөстөй көп. Жана калкты кайгыртууда... Scribe, (Scribe англис тилинде еврей аалым дегенди билдирет. Бул жерде Аз. Муса айтылып жатышы толук ыктымал.) ири санда данды кыйратуу максатына жетти... Сыйкырлар алар үчүн нандар сыяктуу. Scribe... жазуу чеберчилигинде адамдардын биринчиси.»

Аз. Муса жөнүндө «сыйкырчы» деп сөз кылынышы Куранда төмөнкү аяттарда айтылган:

 

Жана алар: «Эй сыйкырчы, сендеги убадасы (сага берген сөзү) атынан биз үчүн Раббиңе дуба кыл; чынында биз хидаятка келебиз (ыйман келтиребиз)» дешти. (Зухруф Сүрөсү, 49)

 

Алар: «Бизди сыйкырлоо үчүн эмне керемет (аят) алып келсең да, баары бир биз сага ишенбейбиз.» дешти. (Аьраф Сүрөсү, 132)

 

 

КУРАНДА ФАРАОН СӨЗҮ

 

Байыркы Ахитте (Ветхий Завет, Библия) Аз. Ибрахим менен Аз. Йусуф доорундагы Египет өкүмдарынан Фараон деп сөз кылынат. Чынында болсо Фараон деп кайрылуу эки пайгамбардан тең бир топ кийин колдонулган.

Куранда Аз. Йусуф доорундагы Египет башчысынан сөз кылынып жатып «өкүмдар, хан, султан» маанилерине келген Арапча «Эль мелик» сөзү колдонулат:

 

Өкүмдар: «Аны мага алып келгиле» деди... (Йусуф Сүрөсү, 50)

 


Аз. Муса доорундагы Египет башчысынан болсо «Фараон» сөзү менен сөз кылынат. Курандагы мындай айырмалоо Байыркы жана Жаңы Ахитте (Ветхий Завет, Новый Завет) же иудей тарыхчылар тарабынан жасалбайт; Фараон сөзү гана колдонулат.

Бирок чындап эле Египет тарыхында «Фараон» термининин колдонулушу кийинки доорго гана тиешелүү эле; Фараон деп кайрылуу алгачкы жолу б.з.ч. 14-кылымда Аменхотеп IV доорунан баштап колдонулуп баштаган. Аз. Йусуф болсо бул жылдан эң аз 200 жыл мурда жашаган.

Encylopedia Britannica'да Фараон сөзү хандыктан баштап (18-династиядан башталат; б.з.ч. 1539-1292) 22-династияга чейин (б.з.ч. 945-730) колдонулган бир урматтоо наамы экени, кийин болсо мындай кайрылуунун хандык наамына айланганы, мурдалары болсо бул наамдын эч колдонулбаганы айтылат. Бул жөнүндөгү дагы бир маалымат болсо Academic American Encyclopedia'да берилет жана Фараон наамынын Жаңы хандыктан баштап колдонулуп башталганы айтылат.

Бул жерден көрүлгөндөй, Фараон сөзү белгилүү бир жылдардан баштап колдонулган. Ошондуктан Куранда мындай айырмалоонун даана жасалышы –Аз. Йусуф доорундагы өкүмдар жөнүндө дайыма «Хан» деп сөз кылынып, Аз. Муса доорундагы өкүмдар жөнүндө болсо дайыма «Фараон» деп сөз кылынышы – Курандын Аллахтын сөзү экенин тастыктаган дагы бир далил.

 

НУХ СУУ БАСКЫНЫ

 

Ант болсун, Биз Нухту өз коомуна жөнөттүк, ал болсо (алардын) арасында элүү жылы кем миң жыл жашады. Аягында алар зулумдугун улантып жатышканда, топон суу аларды каптады. (Анкебут Сүрөсү, 14)

 

Аз. Нух Аллахтын аяттарынан алыстап, Ага шериктер кошкон коомун бир гана Аллахка ибадат кылышы жана адашуучулуктан кайтуулары үчүн эскертүү максатында жөнөтүлгөн эле. Аз. Нух коомуна Аллахтын динине моюн сунгула деп көп жолу насаат айтып, аларды Аллахтын азабы жөнүндө көп жолу эскертсе да, алар Аз. Нухту жалганчы аташкан жана шерик кошууну улантышкан. Натыйжада Аллах Аз. Нухка каапырлардын сууга чөгүп азапталаарын жана ыйман келтиргендердин кутулаарын кабар берген. Куранда Нух коомунун кыйратылышы жана ыйман келтиргендердин кутулушу бир аятта мындайча баяндалган:

 

Аны жалганга чыгарышты. Биз болсо аны жана анын жанындагы кемедегилерди куткардык, аяттарыбызды жалган дегендерди болсо сууга чөктүрдүк. Себеби алар сокур бир коом эле. (Аьраф Сүрөсү, 64)

 

Бул азаптын убактысы келгенде, жердеги суу булактары күчтүү жамгырларга кошулуп, абдан чоң бир ташкынга себеп болгон. (Эң туурасын Аллах билет.) Куранда Аллахтын Аз. Нухка кыйроодон мурда мындай вахий бергени айтылат:

 

Ошентип Биз ага: «Көз алдыбызда жана вахийибиз менен кеме жаса. Анан Биздин буйругубуз келип, тандыр кызыганда, ага ар бир жуп менен бирге, араларынан алардын зыянына сөз өткөн (өкүм кылынган)дардан башка үй-бүлөңдү да сал. Зулумдук кылгандар жөнүндө Мага кайрылба, себеби алар чөктүрүлүшөт» деп вахий кылдык. (Мүминун Сүрөсү, 27)

 

Аз. Нухтун кемесине түшкөндөрдөн башка –Аз. Нухтун жакын жердеги бир тоого чыгып кутулам деп ойлогон «уулу» да кошо- бүт коом сууга чөккөн. Топондон кийин суулар тартылганда, кеме Куранда билдирилиши боюнча, Жудиге –т.а. бийик бир жерге- токтогон:

 

«Эй жер, сууңду жут жана эй асман сен болсо карма» деп айтылды. Суу тартылды, иш бүтүрүлдү, (кеме болсо) Жуди үстүндө токтоду жана заалымдар коомуна болсо: «Алыс болушсун» деп айтылды. (Худ Сүрөсү, 44)

 

Аллах түшүргөн жана эч кошумча-алымчаланып бузулбаган жалгыз ыйык китеп болгон Куранда Топон суу окуясы Тооротто жана башка маданияттарда айтылган топон суу баяндарынан абдан айырмаланып берилген. Кошумчаланып бузулган Тооротто бул топон бүт жер жүзүн каптаган деп айтылат. Ал эми Куранда болсо топондун бүт жер жүзүн каптагандыгы жөнүндө бир да сөз жок. Тескерисинче ал жөнүндөгү аяттардан топондун аймактык болгонун жана бүт дүйнө жүзүнүн эмес, бир гана Нухту жалганга чыгарган коомдун жазаландырылганын түшүнүүгө болот. Кыйратылгандар Аз. Нухтун чакырыгынан баш тарткан жана баш көтөрүүдө кежирленген коом. Бул жөнүндө мындай аяттар бар:

 

Ант болсун, Биз Нухту коомуна жөнөттүк. (Аларга) «Мен силер үчүн бир гана апачык эскертип-коркутуучумун. Аллахтан башкага кулчулук кылбагыла. Мен силерге (келе турган) кайгылуу бир күндүн азабынан коркомун» деди. (Худ Сүрөсү, 25-26)

 

Аны жалганга чыгарышты. Биз болсо аны жана кемедеги анын жанындагыларды куткардык, аяттарыбызды жалган дегендерди болсо сууга чөктүрдүк. Себеби алар сокур бир коом эле. (Аьраф Сүрөсү, 64)

 

Ошентип аны жана анын жанындагыларды Кабатыбыздан (болгон) бир ырайым менен куткардык. Аяттарыбызды жалган деп ойлоп, ишенбегендердин болсо тамырын куруттук. (Аьраф Сүрөсү, 72)

 

Байкалгандай, Куранда бүт дүйнө жүзүнүн эмес, бир гана Нух коомунун кыйратылганы айтылууда. Бузулган Тоорот жана Инжилдеги баяндардын оңдолгон чыныгы жүзүнүн баяндалышы да Курандын толугу менен Аллах Кабатынан жөнөтүлгөн бир Китеп экенин далилдөөдө.

Топон болгон жер деп ойлогон археологиялык аймакта жасалган казуу иштери да топондун бүт дүйнөнү каптаган бир окуя эмес, Месопотамиянын бир бөлүгүн каптаган ири бир табигый кырсык экенин көрсөтүүдө.

Мындан тышкары, Куранда кеменин топондон соң «Жудиге» токтогону айтылууда. «Жуди» сөзү кээде белгилүү бир тоонун аты катары алынат, чынында болсо бул сөз Арапчада «бийик бир жер, дөбө» маанисине келет. «Жуди» сөзүнүн бул маанисинен суулардын белгилүү бир деңгээлге гана жеткени, кургактыкты толук басып калбаганы көрүнүп турат. Б.а. топондун бурмаланган Тооротто жана башка уламыштарда баяндалгандай, бүт жер жүзүн жана жер бетиндеги бардык тоолорду көмбөгөнүн, белгилүү бир аймакты гана каптаганын Курандан түшүнө алабыз.

 

Топондун археологиялык далилдери

Бир цивилизация кокустан жок болгондо –бул бир табигый кырсык, күтүлбөгөн бир көч же бир согуш натыйжасында болушу мүмкүн- бул цивилизацияга тиешелүү издер абдан жакшы сакталып калат. Адамдардын жашаган үйлөрү жана күнүмдүк жашоодо колдонгон буюмдары кыска мөөнөт ичинде жердин астына көмүлүп калат. Натыйжада алар көп убакыт бою адамдын колу тийбестен сакталат жана жер бетине чыгарылганда өтмүштөгү жашоо жөнүндө маанилүү маалыматтарды берет.

Нух топону жөнүндө көптөгөн далилдин учурда аныкталышы да мына ушунун урматында болду. Болжол менен б.з.ч. 3000-жылдары ишке ашкан деп кабыл алынган топон суу бүт цивилизацияны бир заматта жок кылган жана мунун ордуна толугу менен башка бир цивилизациянын курулушуна себеп болгон. Ошентип топондун апачык далилдери биздер сабак алышыбыз үчүн миңдеген жыл бою сакталып калган.

Месопотамия өрөөнүн каптаган топонду изилдөө үчүн жасалган бир топ казуу иштери бар. Аймакта жасалган казууларда негизги төрт шаарда чоң бир топон натыйжасында болушу мүмкүн болгон сел кырсыгынын издери аныкталган. Бул шаарлар Месопотамия өрөөнүнүн маанилүү шаарлары Ур, Урук, Киш жана Шуруппак. Бул шаарларда жүргүзүлгөн казуу иштери булардын баарынын болжолдуу б.з.ч. 3000-жылдардагы бир селге кабылышканын көрсөтүүдө.

Учурда Тел-Эль Мухайер деп аталган Ур шаарында жүргүзүлгөн казуу иштеринде табылган маданият калдыктарынын эң байыркысы б.з.ч. 7000-жылдарга чейин барууда. Адамдар алгачкы цивилизация курган жерлердин бири болгон Ур шаары тарых бою көптөгөн маданияттын биринин артынан экинчиси жашап өткөн бир отурукташуу аймагы болгон.

Ур шаарында жүргүзүлгөн казуу иштеринде табылган археологиялык табылгалар ал жердеги маданияттын абдан чоң бир сел кырсыгынын натыйжасында токтогонун, кийинчерээк убакыт өткөн соң кайра жаңы цивилизациялардын пайда болуп баштаганын көрсөтүүдө. Леонард Вулли (Leonard Woolley) British Museum жана Pennsylvania университети тарабынан ортоктошуп жасалган бир казуу иштерине башчылык кылган. Вулли мырзанын казуулары Багдад менен Басра корфезу арасындагы чөлдүн ортолорунда болгон. Reader's Digest журналында Вуллинин казуулары мындайча баяндалган:

«Казуу жүргүзүлгөн аймакта тереңге түшкөн сайын абдан маанилүү бир табылга аныкталган; бул Ур шаарынын хандар мүрзөсү эле. Изилдөөчүлөр Шумер хандары жана атактуулары көмүлгөн бул мүрзөдө көптөгөн уламышталган искусство чыгармаларына кездешкен. Шлемдер, кылычтар, музыкалык аспаптар, алтындан жана кымбат баалуу таштардан жасалган искусство буюмдары...
Месопотамия өрөөнү

Жумушчулар топуракка айланган кирпичтердин ичинен бир метрдей тереңге түшүштү жана чопо идиштерди чыгарып башташты. «Жана кийин кокустан бүт нерсе токтоду.» Вулли мындай деп жазган эле. «Эми чопо идиштер да, күл да жок эле, бир гана суу алып келген таза ылай.»

Вулли казуусун улантты, эки жарым метрдей таза чопо катмарынан өтүп тереңге түшүлдү жана андан соң кокустан жумушчулар ...ал доордун адамдары тарабынан жасалган наждак ташынан шаймандарды жана идиш сыныктарын табышты. Ылай жакшылап тазаланганда, астында калган маданият көрүндү. Бул көрүнүш аймакта чоң бир суу баскыны болгонун көрсөтүп турган эле. Мындан тышкары, микроскопиялык анализ таза чоподон калың бир катмардын байыркы Шумер цивилизациясын жок кыла турганчалык ири бир топон суу тарабынан бул жерге чогулганын көрсөтүп турду. Гылгамыш дастаны менен Нухтун баяны Месопотамия чөлүндө казылган бир кудукта орток бир булакта бириккен эле.

Ошондой эле, Макс Маллоуэн (Max Mallowan) казууну алып барган Леонард Вуллинин ой-пикирлерин мындайча баян кылган:

Вулли кыска бир убакыт ичинде пайда болгон мынчалык чоң бир чопо массасынын чоң бир сел балээсинин натыйжасы гана болушу мүмкүн экенин айтып; Шумер Уру менен Аль-Убаиддин бойолгон идиштер колдонгон калкы тарабынан курулган шаарды бөлгөн сел катмарын уламышта айтылган топон суунун калдыктары деп атады.

Бул маалыматтар топон суу таасир берген жерлердин биринин Ур шаары экенин көрсөткөн эле. Немец археолог Вернер Келлер (Werner Keller) болсо бул казуунун маанисин мындайча айткан: «Месопотамияда жасалган археологиялык казууларда балчыктуу бир катмардын астынан шаар калдыктарынын чыгышы ал жерде бир сел болгонун далилдеди.»

Топон суунун издерине ээ дагы бир Месопотамия шаары болсо учурда Тель Эль-Ухаймер деп аталган, Шумерлердин Киш шаары. Байыркы Шумер булактарында бул шаар «Ири топон суудан соң башкарууга келген алгачкы династиянын борбору» деп сыпатталган.

Учурда Тель Эль-Фара деп аталган Түштүк Месопотамиядагы Шуруппак шаары да топон суунун апачык издерине ээ. Бул шаардагы археологиялык изилдөөлөр 1920-1930-жылдары арасында Пенсильвания университетинен Эрик Шмидт (Erich Schmidt) тарабынан жасалды. Казуу иштеринде б.з.ч. 3000-2000-жылдар арасында жашаган бир цивилизациянын пайда болушу жана өнүгүшү ар кайсы катмарларда оңой гана байкалып турган эле. Оюп жазылган маалыматтардан бул аймакта б.з.ч. 3000-жылдарда маданий жактан абдан өнүккөн бир калктын жашаганы көрүнүп турган.
Месопотамия өрөөнү астындагы цивилизация

Эң маанилүүсү бул шаарда да болжол менен б.з.ч. 3000-2900-жылдары чоң бир сел кырсыгы болгону аныкталган. Шмидттин эмгектерин баяндаган Маллоуэн мындай дейт:

«Шмидт 4-5 метр тереңдикте чопо жана кум аралашкан сары топурактан бир катмарга жетти (бул катмар сел менен пайда болгон эле). Бул катмар дөңсөөгө караганда түздүк деңгээлине жакын бир деңгээлде орун алган жана дөңсөөнүн бүт тарабында көрүнүп турган эле...» Жемдет Наср доорун байыркы хандык доорунан бөлгөн чопо менен кум аралашмасы катмарын Шмидт «толугу менен дарыядан келген бир кум» деп айтып, Нух топону менен байланыштырды.

Кыскача айтканда, Шуруппак шаарында жасалган казуу иштеринде да болжол менен б.з.ч. 3000-2900-жылдарына туура келген бир селдин калдыктары аныкталган. Башка шаарлар менен бирге Шуруппак шаарынын да топон суудан таасирленген болушу толук ыктымал.

Топондон таасирленгенине байланыштуу колдо далилдер бар болгон акыркы отурукташкан аймак – бул Шуруппактын түштүгүнөн орун алган жана учурда Тель Эль-Варка деп аталган Урук шаары. Бул шаарда да берки шаарлар сыяктуу бир сел катмары табылган. Бул сел катмары да б.з.ч. 3000-2900-жылдар деп айтылууда.

Белгилүү болгондой, Дижле жана Эфрат дарыялары Месопотамияны узунунан кесип өтөт. Демек окуя учурунда бул эки дарыя жана чоң-кичине бардык суу булактары ашып, булар жамгыр сууларына кошулуп, ири бир суу баскынын пайда кылганы көрүнүп турат. Куранда бул окуя мындайча баяндалган:

 

Биз чыныдан куюлгандай аккан бир суу менен асмандын эшиктерин ачтык. Жерди болсо күчтөнгөн булактар абалында атырылттык. Ошентип суу буйрук кылынган бир жумуш үчүн бирикти. Жана аны болсо тактайлар жана мыктар (менен курулган кеме) үстүндө ташыдык. (Камер Сүрөсү, 11-13)

 

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында алынган ишараттар анализденгенде, топон суунун бүт Месопотамия өрөөнүн каптаганы көрүнүп турат. Топон суунун издерин алып жүргөн Ур, Урук, Шуруппак жана Киш шаарларынын жайгашышын анализ кылганыбызда булардын бир сызыкта жайгашканын көрөбүз. Мындан тышкары, б.з.ч. 3000-жылдары Месопотамия өрөөнүнүн географиялык түзүлүшү учурдагыдан башкача болгон. Ал доорлордо Эфрат дарыясынын орду бүгүнкү күнкүдөн чыгышыраак тарапта эле; бул агым сызыгы да Ур, Урук, Шуруппак жана Киштен өткөн бир сызыкка (линияга) туура келүүдө. Ошондуктан бул аймакта Эфрат дарыясынын ашып, бул төрт шаарды кыйратканы ортого чыгууда. (Эң туурасын Аллах билет.)

Аллах Нух топонун адамдарга бир насаат жана сабак болсун үчүн ар кайсы коомдорго жөнөткөн пайгамбарлар жана китептер аркылуу билдирген. Бирок ар бир жолу тексттер оригиналынан алыстатылган жана топон баяндарына мистикалык, мифологиялык элементтер кошулуп кеткен. Археологиялык табылгаларга туура келген жана аларды тастыктаган жалгыз булак болсо – бул Куран. Мунун себеби Аллахтын Куранды кыпындай да бир өзгөрүүгө учуратпастан коргогондугу. (Терең маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, Kavimlerin Helakı (Коомдордун кыйратылышы), Araştırma Yayıncılık)

 

 

ИРЕМ ШААРЫ

 

1990-жылдардын башында дүйнөнүн атактуу гезиттери абдан маанилүү бир археологиялык табылгага «Кереметтүү Арап шаары табылды», «Уламышта айтылып келген Арап шаары табылды», «Кумдардын атлантикасы Убар» темалары менен орун беришти. Бул кызыктуу археологиялык табылганы андан да маанилүү кылган нерсе – бул анын атынын Куранда эскерилгени эле. Ал күнгө чейин Куранда айтылган Ад коому бир уламыш же эч качан табылбайт деп ойлогон көп адамдар бул жаңы табылганы көрүп айран таң калышты. Куранда сөз кылынган бул шаарды тапкан киши – бул үйрөнчүк бир археолог Николас Клэпп (Nicholas Clapp) эле.

Бир Арап тарыхы адиси жана документалдуу тасма тартуучу Николас Клэпп Арап тарыхын изилдөө учурунда 1932-жылы англис изилдөөчү Бертрам Томас (Bertram Thomas) тарабынан жазылган Arabia Felix аттуу бир китепти көрүп калган. «Бактылуу Арабистан» маанисине келген «Arabia Felix» Римдиктер Арап жарым аралынын түштүгүндө жайгашкан жана учурда Йемен жана Оманды камтыган аймакка берген аты эле. Гректер болсо бул аймакты көк жерлери жана мелүүн климаты себеп болгон артыкчылыктардан улам «Куттуу Арабистан» маанисине келген «Eudaimon Arabia» деп аташкан эле. Ортоңку доордогу Арап аалымдары болсо бул жерлерди «Бактылуу Йемен» маанисине келген «Эль Йемен эс-Саийд» деп аташкан. Бул аттардын баары «Бактылуу Йемен» маанисине келген. Себеби байыркы доорлордо бул аймак Индия жана Түндүк Арабистан арасында жүргүзүлгөн даам кошуучу өсүмдүктөр (специи) соодасынын борбору эле. Мындан тышкары, аймакта жашаган коомдор «кехрибар» деп аталган сейрек кездешчү жана ал учурларда алтындай баалуу болгон карагай шербетин өндүрүшчү.

Китебинде бул маалыматтарга терең орун берген англис изилдөөчү Бертрам Томас Ад коому жашаган Убар шаарынын калдыктары жайгашкан аймакка бир изилдөө саякатын жасаган. Саякат учурунда чөлдө жашаган көчмөндөр Омандын жээкке жакын бир жеринде жайгашкан бул аймакта байыркы бир жалгыз аяк жолду көрсөтүшкөн жана бул жалгыз аяк жолдун Убар аттуу абдан байыркы бир шаарга тиешелүү экенин айтып беришкен.

Убарда жасалган казууларда Куранда айтылгандай көптөгөн искусство эмгектери жана жогорку маданият чыгармалары табылды. Англис изилдөөчү Убардын бар экенин далилдөө үчүн эки жолду колдонгон. Алгач көчмөндөр тарабынан бар экени айтылган жалгыз аяк жолдун издерин тапты. НАСАга кайрылып, бул аймактын сүрөттөрүн спутник менен тартылып алынышын суранды. Андан соң болсо Калифорниянын Хантингтон (Huntington) китепканасындагы байыркы жазууларды жана карталарды анализдеп баштады. Кыска бир изилдөөдөн соң Египет-грек географы Батламюс (Batlamyus) тарабынан б.з. 200-жылы тартылган бир карта табылды. Картада аймакта жайгашкан байыркы бир шаардын орду жана бул шаарга түздөн-түз барчу жолдордун сызыгы көрсөтүлгөн эле. Ал ортодо НАСА тарткан сүрөттөрдө жерден куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон, бирок асмандан бир толук абалда көрүүгө мүмкүн болгон кээ бир жолдордун издери аныкталган эле. Байыркы картада көрсөтүлгөн жолдор да, спутниктен тартылган сүрөттөрдө көрүнгөн жолдор да бири-бирине дал келген эле. Бул жолдордун бүткөн жери болсо илгери бир шаар болгону аныкталган кеңири бир аймак эле.

Ушундайча көчмөндөр сөз менен айтып берген икаялардагы уламыштуу шаардын орду табылган. Казуу учурунда кумдардын ичинен байыркы бир шаардын калдыктары чыгып баштаган. Ошондуктан бул кайып шаар «Кумдардын атлантикасы Убар» деп аталды.

Бул байыркы шаардын Куранда айтылган Ад коомунун шаары экенин далилдеген негизги далил болсо – бул шаардын калдыктары эле. Калдыктар алгач табылгандан баштап бул кыйраган шаардын Куранда айтылган Ад коому жана Иремдин мунаралары экени түшүнүлгөн эле. Себеби казууларда алып чыгылган курулуштар арасында Куранда көңүл бурулган бийик мунаралар бар эле. Казууну жүргүзгөн изилдөө тобунан Др. Юрис Заринс (Dr. Juris Zarins) да бул шаарды башка археологиялык табылгалардан айырмалаган нерсенин бийик мунаралар экенин жана ошондуктан бул шаардын Куранда айтылган Ад коомунун шаары Ирем экенин айткан эле. Куранда Ирем жөнүндө мындай сөз болот:

 

Раббиңдин Ад (коомун) эмне кылганын көргөн жоксуңбу? «Бийик мунаралар» ээси Иремди? Шаарлар арасында ага окшогон жаратылган эмес эле. (Фежр Сүрөсү, 6-8)

 


Көргөнүңүздөй, Куранда өтмүш жөнүндө берилген маалыматтардын тарыхый маалыматтарга мынчалык дал келиши Курандын Аллахтын Сөзү экендигинин дагы бир далили. (Терең маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, Kavimlerin Helakı (Коомдордун кыйратылышы), Araştırma Yayıncılık)

 

 

СОДОМ ЖАНА ГОМОРРА ШААРЛАРЫ

 

Лут пайгамбар Ибрахим пайгамбар менен бир доордо жашаган. Аз. Лут Аз. Ибрахимге кошуна коомдордун бирине элчи (пайгамбар) катары жөнөтүлгөн эле. Бул коом Куранда айтылышы боюнча, ал күнгө чейин жер бетинде эч болбогон бир бузукулукту, гомосексуалдуулукту жасашчу эле. Аз. Лут аларга бул бузукулуктан кайткыла деп айтканда жана аларга Аллахтын чакырыгын алып келгенде аны жалганга чыгарышты, Аз. Луттун пайгамбарлыгын танышты жана бузукулуктарын улантышты. Мунун натыйжасында коом коркунучтуу бир балээ менен кыйратылды.

 

Лут да коомуна мындай деген эле: «Силерден мурда ааламдардан эч ким кылбаган уятсыз-жамандыкты кылып жатасыңарбы? «Чынында силер аялдарды коюп, каалоо менен эркектерге жакындап жатасыңар. Чынында силер чектен чыккан (адашкан) бир коомсуңар.» ... Жана аларга бир (азап) жамгырын жаадырдык. Мына кылмышкер-күнөөкөрлөрдүн туш болгон натыйжасына бир кара. (Аьраф Сүрөсү, 80-84)

 

Шексиз Биз, бузукулук кылгандыгы үчүн, бул өлкө калкына асмандан жийиркеничтүү бир азап түшүрөбүз.» Ант болсун, Биз акыл жүгүртө алган бир коом үчүн ал жерде апачык бир аят калтырдык. (Анкебут Сүрөсү, 34-35)

 

Аз. Лут жашаган жана кийин кыйроого кабылган бул шаардын Байыркы Ахиттеги (Ветхий Завет) аты – бул Содом. Кызыл деңиздин түндүгүндө отурукташкан бул коомдун Куранда жазылгандай абалда кыйратылганы аныкталган. Археологиялык изилдөөлөрдөн шаардын учурдагы Израил-Иордания чек арасы бою созулган Туз Көлүнүн (Өлүк деңиз) жакын жеринде жайгашканы белгилүү болгон. Илимпоздордун табылгалары боюнча бул аймак абдан көп санда күкүрт менен капталган. Ушул себептен бүт аймакта жаныбар же өсүмдүктүн эч кандай түрү жашабайт жана бул аймак кыйроонун бир символу абалында.

Белгилүү болгондой, күкүрт вулкан атылуулары натыйжасында пайда болчу бир элемент. Куранда билдирилген кыйратуу жолунун жер титирөө жана вулкандык жарылуулар экендигинин апачык далилдери бар. Немец археолог Вернер Келлер бул аймак жөнүндө мындай дейт:

Бул аймакта бир күнү абдан чоң бир чөгүүдө жарылуулар, чагылгандар, өрттөр жана табигый газдар менен бирге коркунучтуу бир жер титирөө болгон жана Сиддим өрөөнү менен бирге Лут коомунун шаарлары жердин тереңине көмүлүшкөн эле... Бул жер титирөө учурунда жердин үстүңкү катмарынын жарылып чөгүшү үсүңкү катмардын астында тынч жаткан вулкандарга эркин жол ачкан. Шерианын жогорку өрөөнүндө бүгүнкү күндө да өчкөн кратерлер кезигет жана ал жерлерде акиташ катмарлары бетинде ири лава массалары жана базальт катмарлары орун алган.
Өлүү деңиз

Мына ушул лава жана базальт катмарлары өз учурунда бул жерде вулкандык бир жарылуу жана жер титирөө болгонун көрсөткөн эң чоң далил. Ансыз деле Лут көлү же болбосо башка бир аты менен Өлүк деңиз активдүү бир сейсмикалык аймактын, т.а. бир жер титирөө поясынын дал үстүндө жайгашкан.

Өлүк деңиздин түбү Рифт өрөөнү деп аталган тектоникалык бир чөккөн жерде жайгашкан. Бул өрөөн түндүктө Таберия көлүнөн түштүктө Арабах өрөөнүнүн ортосуна чейин 300 километрлик бир узундукта орун алат.

Лут коому кабылган балээнин техникалык тарабы геологдордун изилдөөлөрүнөн белгилүү болууда. Ал боюнча, Лут коомун жок кылган жер титирөө абдан узун бир жер жаракасынын натыйжасында пайда болгон: Шериа дарыясынын ордун түзгөн 190 километрлик аралык бою Шериа дарыясы жалпысы 180 метрге төмөндөйт. Бул абал жана Лут көлүнүн деңиз деңгээлинен 400 метр төмөн болушу бул жерде бир убактарда чоң бир геологиялык окуянын болуп өткөнүн көрсөткөн маанилүү далилдерден.

Шериа дарыясы менен Лут көлүнүн мындай кызыктуу түзүлүшү болсо жер шарынын бул аймагынан өткөн бир жараканын бир бөлүгү гана. Бул жарака Торос тоолорунун этегинен баштап түштүктү көздөй Лут көлүнүн түштүк жээктеринен жана Арап көлүнүн үстүнөн Акабе корфезун көздөй узанып, ал жерден болсо Кызыл деңизден өтүп Африкада бүтөт. Бул узун чөккөн жерлерде күчтүү вулкандык кыймылдардын бар экени белгилүү болууда. Израилдеги Желиле тоолорунда, Иорданиянын бийик жайлоо тараптарында, Акабе корфезу жана башка жакын жерлерде кара базальт жана лавалар бар.

Бардык бул калдыктар жана географиялык өзгөчөлүктөр Лут көлүндө чоң бир геологиялык окуянын болуп өткөнүн көрсөтүүдө.

National Geographic журналынын 1957-жыл декабрь айындагы санында бул жөнүндө мындай сөздөр орун алган:

Содом дөбөсү Өлүк деңизди көздөй көтөрүлөт. Эч ким бүгүнкү күнгө чейин жок болгон шаарлар Содом жана Гоморраны таба албады, бирок илимпоздордун ою боюнча бул шаарлар аска таштардын маңдайындагы Сиддим өрөөнүндө турушат. Чоң ыктымалдуулук менен, Өлүк деңиздин ашкан суулары жана жер титирөөнүн астында калышкан.

Кыйроого дуушар болгон бул шаар жөнүндө ишарат кылынган маалыматтардын бири болсо – бул Хижр Сүрөсүнүн 76-аятында айтылгандай, бул шаарлардын алигече чоң жолдун үстүндө турушу. Географтар бул аймактын Арап жарым аралынан Сирия жана Египетке чейин созулган Өлүк деңиздин түштүк чыгышындагы бир чоң жолдун үстүндө жайгашканын аныкташкан. (Терең маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, Kavimlerin Helakı (Коомдордун кыйратылышы), Araştırma Yayıncılık)

 

Заматта (мекендерин) астын-үстүн кылдык жана (алардын) үстүнө балчыктан бышырылган таш жаадырдык. Албетте, мында «терең бир аң-сезимге ээ болгондор» үчүн чынында аяттар бар. Ал (шаар да) чынында бир жол үстүндө (дагы эле) турат. Албетте, мында ыйман келтиргендер үчүн чынында аяттар бар. (Хижр Сүрөсү, 74-77)

 

 

 

САБА КАЛКЫ ЖАНА АРИМ СЕЛИ

 

Саба калкы Түштүк Арабистанда жашап өткөн төрт чоң цивилизациянын бири. Саба коомун баяндаган тарыхый булактар бул коомдун Финикиялыктар сыяктуу соода иштери менен көп алектенген бир мамлекет экенин айтышат. Сабалыктар тарыхта маданий бир коом катары белгилүү. Саба өкүмдарларынын жазууларында «оңдоо», «арноо», «куруу» сыяктуу сөздөр көп кездешет. Бул коомдун эң маанилүү эмгектеринин бири болгон Мариб дамбасы болсо алар жеткен технология деңгээлинин маанилүү көрсөткүчтөрүнөн.

Саба мамлекети аймактын эң күчтүү аскер күчтөрүнүн бирине ээ эле. Аскердик күчү урматында империалисттик бир саясат жүргүзө алчу. Өнүккөн маданияты жана аскердик күчү менен Саба мамлекети өз учурунда толугу менен ошол аймактын бир «супер күчү» эле. Саба мамлекетинин мындай күчтүү аскердик күчү жөнүндө Куранда да айтылат. Саба ордосунун башчыларынын Куранда орун алган бир сөзү бул ордонун өзүнө канчалык ишенгенин көрсөтөт. Башчылар (командирлер) Сабанын аял башкаруучусуна (Маликасына) мындай дешет:

 

... «Биз кубаттуубуз жана күчтүү аскерлербиз. Иштин бүтүмү сенин колуңда, эми сен карап көр, эмне буйрук кылсаң (биз аткарабыз).» (Немл Сүрөсү, 33)

 

Саба калкы ал доорго салыштырганда абдан алдыңкы бир технология менен курган Мариб дамбасы менен чоң бир сугат мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бул ыкма менен алган көп түшүмдүү жерлери жана соода жолдорун башкарышы аларга бай жана бардар бир жашоо тартуулаган. Бирок бүт бул жакшылыктар үчүн Ага шүгүр кылышы керек болгон Аллахтан –Куранда билдирилиши боюнча- «жүз бурушкан». Болгондо да аларга жасалган эскертүүлөргө да кулак салышпады. Мындай жаман ахлагы себебинен Аллах Кабатынан бир азапка ылайыктуу болушту жана дамбалары кыйрады; «Арим сели» бардык жерлерин жер менен жексен кылды.

Саба мамлекетинин борбору – жайгашкан аймактын артыкчылыгы себебинен абдан байыган Мариб эле. Борбор аймактагы Адхана дарыясына абдан жакын болгон. Бул дарыя Жебел Балакка кирген жер дамба курууга абдан ыңгайлуу эле; мындан пайдаланган Сабалыктар али цивилизацияларын куруп жатканда эле бул жерге бир дамба курушкан жана сугаруу ишин жасап башташкан. Бул дамба урматында жогорку жашоо деңгээлине жетишкен. Борбор Мариб ал доордун эң өнүккөн шаарларынын бири эле. Аймакты кыдырган жана бул өлкөнү абдан мактаган грек жазуучусу Плини (Pliny) бул жердин канчалык жашыл бир аймак экенин айткан.

Марибдеги бул дамбанын бийиктиги 16 метр, туурасы 60 метр жана узундугу болсо 620 метр болгон. Эсептөөлөр боюнча дамба аркылуу сугарыла алган жалпы аянт 9600 гектар эле, мунун 5300 гектары түштүк, калганы болсо түндүк өрөөнгө тиешелүү эле. Бул эки өрөөн Саба жазууларында кээде «Мариб жана эки өрөөн» деп эскерилчү. Курандагы «оңдон жана солдон эки бакча» сөзүнүн бул эки өрөөндөгү көз жоосун алган бак жана бакчаларга ишарат кылып жатышы толук ыктымал. Бул дамба жана сугат жабдыктары урматында аймак Йемендин эң жакшы сугарылган жана эң өндүрүмдүү аймагы катары атактуу болгон. Француз Ж. Галеви (J. Holevy) жана австралиялык Глазер (Glaser) Мариб тармагынын абдан байыркы доорлордон бери бар болгонун жазылуу далилдер менен далилдешти. Химер диалекти менен жазылган жазууларда бул дамбанын өлкө жерлерин өндүрүмдүү кылганы жазылган эле.

Б.з. 542-жылы бузулган дамба Куранда айтылган «Арим селине» жол ачкан жана чоң кыйроого себеп болгон. Саба калкы жүздөгөн жылдар бою өстүрүп келген бактары, бакчалары жана эгин талаалары толугу менен жок болгон. Дамба бузулган соң Саба коомунун да бат артка кеткени байкалган; дамбанын бузулушу менен башталган бул процесстин натыйжасында Саба мамлекети да жок болгон.

Жогоруда айтылган тарыхый чындыктарга таянып Куран аяттарын анализ кылганыбызда абдан даана бир дал келүү бар экенин көрөбүз. Археологиялык табылгалар жана тарыхый чындыктар Куранда айтылгандарга ишарат кылууда. Аятта кабар берилгендей, аларга жөнөтүлгөн пайгамбарлардын эскертүүлөрүнө кулак салбаган жана Раббибиздин жакшылыктарын «көрбөгөн» калк акыр аягында бир сел балээси менен жазаландырылышкан. Куранда Саба мамлекетине жөнөтүлгөн сел балээси мындайча сүрөттөлөт:

 

Ант болсун, Саба (калкы) жашаган жерлерде да бир аят бар. (Үйлөрү) Оңдон жана солдон эки бакчалуу эле. (Аларга мындай деген элек:) «Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла. Сонун бир шаар жана кечиримдүү бир Рабб(иңер бар).» Бирок алар жүз бурушту, ошентип Биз да аларга Арим селин жөнөттүк. Жана алардын эки бакчасын мөмөсү ачуу, бадалдуу жана бираз тикенектүү дарагы бар эки бакчага айланттык. Ошентип нашүгүрдүк кылганы үчүн аларды жазаландырдык. Биз (немат-жакшылыкка) нашүгүрдүк кылгандан башкасын жазаламак белек. (Саба Сүрөсү, 15-17)

 

Куранда Саба коомуна жөнөтүлгөн азаптан «Сейл-үл Арим», б.а. «Арим сели» деп сөз кылынууда. Курандагы бул сөз ошол эле учурда бул селдин пайда болуу формасын да көрсөтүүдө. Себеби «Арим» сөзүнүн мааниси дамба же дубал (тосмо). «Сейл-үл Арим» сөзү болсо тосмонун жыгылышы натыйжасында пайда болгон бир селди түшүндүрөт. Бул жөнүндө Ислам жоромолчулары да Куранда Арим селине байланыштуу колдонулган терминдерге таянып, буга туура келген жерди жана убакытты аныкташкан. Мевдуди тафсиринде мындай деп жазат:

Тексттеги (Сейл-үл Арим) сөзүндө колдонулгандай, «арим» сөзү «дамба, тосмо» маанисине келген жана Түштүк арап тилинде колдонулган «аримен» сөзүнөн келип чыккан. Йеменде жасалган казууларда табылган калдыктарда бул сөз көп жолу ушул мааниде колдонулган. Мисалы, Йемендин Эфиопиялык өкүмдары Абраха чоң Мариб дубалын оңдогон соң жаздырган б.з. 542- жана 543-жылкы бир эпитафиясында бул сөз кайра эле дамба (дубал) маанисинде колдонулган. Демек Сейл-үл Арим «бир дубал жыгылганда пайда болгон сел кырсыгы» маанисине келет. «... Жана алардын эки бакчасын мөмөсү ачуу, бадалдуу жана бираз тикенектүү дарагы бар эки бакчага айланттык» (Саба Сүрөсү, 16). Б.а. дубал (дамба) жыгылган соң пайда болгон сел натыйжасында бүт өлкө кыйрады. Сабалыктар тоолордун арасына дубалдарды куруп, казган каналдары кыйрады жана бүт сугаруу системасы бузулду. Мунун натыйжасында мурда бир бакча сыяктуу болгон өлкө жапайы чөптөр өскөн талаага айланды жана кичинекей жапыс дарактардын гиласка (черешняга) окшош жемишинен башка жегенге боло турган эч бир мөмө калган жок.


Мунаралардын бетинде Саба тилинде жазылган жазуулар бар. Ыйык Китеп чындыкты айтты (Und Die Bibel Hat Doch Recht) китебинин автору христиан археолог Вернер Келлер да Арим селинин Курандагыдай ишке ашканын кабыл алып мындай деп жазат:

«Мындай бир дамбанын болушу жана жыгылып шаарды толук кыйратышы Курандагы бакча ээлери жөнүндө берилген мисалдын чындап болуп өткөнүн далилдейт.»

Арим сели менен бирге келген балээден соң аймак чөлгө айланып баштаган жана эгин талааларынын жок болушу менен Саба калкынын эң негизги киреше булагы да колдон чыккан эле. Аллахтын аларды ыйман келтирүүгө жана шүгүр кылууга болгон чакырыгына кулак салбаган калк аягында ушундай бир балээ менен жазаландырылган. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, Kavimlerin Helakı (Коомдордун кыйратылышы), Araştırma Yayıncılık)

 

 

 

ХИЖР КАЛКЫ

 

Учурда Самуд коому – Куранда айтылган коомдор арасында алар жөнүндө эң көп маалымат алынгандардын бири. Тарыхый булактар Самуд аттуу бир коомдун чындап жашаганына ишарат кылууда. Куранда айтылган Хижр калкы жана Самуд коому түпкүрүндө бир эле коом деп божомолдонууда; себеби Самуд коомунун башка бир аты Асхабы Хижр (Хижр ээлери). Демек «Самуд» сөзү бир элдин аты, ал эми Хижр болсо бул адамдар курган шаарлардын бири болушу мүмкүн. грек географы Плининин сүрөттөлөрү да ушундай. Плини Самуд коому отурукташкан жерлердин Доматха (Domatha) жана Хегра (Hegra) экенин жазган, бул жерлер болсо бүгүнкү күндөгү Хижр шаары.

Самуд коомунан сөз кылган белгилүү эң байыркы булак – бул Вавилон ханы Sargon II'нин бул коомдун үстүнөн болгон жеңиштерин баяндаган Вавилон өлкөсүнүн жазуулары. (Б.з.ч. 8-кылым) Sargon Түндүк Арабистанда болгон бир согушта аларды жеңген эле. Гректер да бул коом жөнүндө айтышат жана Аристотель, Батламюс жана Плининин жазууларында аты «Thamudaei», б.а. «Самуддар» деп эскерилет. Пайгамбарыбыз (сав)дан мурда болжол менен б.з. 400-600-жылдары арасында болсо издери толугу менен жок болгон. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, Kavimlerin Helakı (Коомдордун кыйратылышы), Araştırma Yayıncılık)

Учурда Иорданиядагы Рум (байыркы грек, византиялык) өрөөнү же башка бир аты болгон Петрада (Petra) бул коомдун таш устачылыгынын эң сонун өрнөктөрүн көрүүгө болот. Куранда да Самуд коомунун таш устачылыгындагы чеберчилиги жөнүндөй мындай деп айтылат:
Петра калдыктары

 
(Салих коомуна мындай деди: Аллахтын) «Ад (коомунан) кийин силерди орун басарлар кылганын жана силерди жер жүзүнө жайгаштырганын эстегиле. Анын түздүктөрүндө сарайларды куруп, тоолордон үйлөр жонуп жасадыңар. Демек Аллахтын немат-жакшылыктарын эстегиле, жер бетинде бузукулардай болуп баш аламандык чыгарбагыла.» (Аьраф Сүрөсү, 74)

1 yorum:

  1. Бул китепти толугу менен төмөнкү линктен таба аласыздар.

    http://ky.harunyahya.com/ky/works/46875/КУРАНДЫН-КЕРЕМЕТТЕРИ

    YanıtlaSil