20 Kasım 2012 Salı

КУРАНДЫН ИЛИМИЙ КЕРЕМЕТТЕРИ 5-БӨЛҮК

ЖҮРӨКТӨРДҮН АЛЛАХТЫ ЭСТӨӨ МЕНЕН
ТЫНЧТАНЫШЫ
 
Америка ден-соолукту изилдөө улуттук борборунун кызматкери Давид Ларсон (David B. Larson) жана анын командасы тарабынан топтолгон изилдөө жыйынтыктары боюнча, америкалыктар арасынан ыймандуу (динге ишенген) жана ыймансыз (динге ишенбеген) адамдар арасында жасалган салыштыруулар абдан таң калыштуу жыйынтыктарды берген. Мисалы, ыймандуулардын динге ишенүүсү алсыз же такыр ишенбеген адамдарга салыштырмалуу жүрөк ооруларына 60%га аз кабылаары; өзүн-өзү өлтүрүү көрсөткүчүнүн 100%га төмөн экени; кан басымынын бузулушуна азыраак кабылышаары; тамеки чеккендер арасында бул катыштын 1/7 экендиги сыяктуу жыйынтыктар алынган.
Медицина чөйрөсүндөгү маанилүү илимий булактардын бири Tıpta Uluslararası Psikiyatri (Медицинада улуттук психиатрия) журналы басып чыгарган бир изилдөөдө болсо өздөрүн ыймансыз деп эсептеген адамдардын бир тараптан ооруларга көп чалдыгаары, экинчи тараптан кыска өмүр сүрөөрү айтылууда. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча ыймансыз адамдардын ашказан-ичеги ооруларына чалдыгуу ыктымалынын ыймандуу адамдарга салыштырмалуу эки эсе көп экени, дем алуу ооруларынан өлүү деңгээлинин болсо 66%га көп экени аныкталган.
Секуляр (ыймансыз) психологдор көбүнчө буга окшош жыйынтыктарды «психологиялык таасир» деп түшүндүрүшөт. Б.а. ишеним адамдардын маанайын көтөрөт жана маанай болсо ден-соолукка оң таасир берет дешет. Мындай пикир кандайдыр бир деңгээлде туура болушу мүмкүн, бирок бул тема изилденгенде андан да кызыктуу бир жыйынтык аныкталган. Аллахка болгон ишеним башка кандайдыр бир маанайдын таасиринен бир топ күчтүү. Гарвард медицина факультетинен Др. Герберт Бенсондун (Dr. Herbert Benson) диний ишеним менен ден-соолук арасындагы байланышты изилдеген терең изилдөөлөрү бул темада кызыктуу жыйынтыктарды берген. Бенсон ыймансыз бир адам болгонуна карабастан, Аллахка болгон ишенимдин жана ибадаттардын адамдын ден-соолугуна башка эч бир нерседе көрүлбөгөндөй күчтүү оң таасир берээрин аныктаган. Бенсон «башка эч бир ишенимдин Аллахка болгон ишенимдей аң-сезимге бейпилдик бербеши жөнүндөгү жыйынтыкка» барганын айткан.
Анда эмне үчүн ыйман менен адамдын руху жана денеси арасында мындай өзгөчө бир байланыш бар?... Секуляр бир изилдөөчү болгон Бенсон жеткен жыйынтык – бул, анын сөзү менен айтканда, адамдын денесинин жана аң-сезиминин «Аллахка ыйман келтирүүгө ылайыкталган» болушу.
Медицина дүйнөсү акырындап түшүнүп баштаган бул чындык Куранда «... Билип койгула, жүрөктөр Аллахты зикир кылуу (эстөө) менен гана тынчтанат» (Рад Сүрөсү, 28) аяты менен кабар берилген бир сыр. Аллахка ишенген, Ага дуба кылган, Ага таянган адамдардын башкаларга караганда руханий жактан да, денесинин да ден-соолукта болушунун себеби – бул алардын табиятына ылайык аракет кылышында. Адамдын табиятына терс болгон философия жана системалар адамдарга дайыма азап, кайгы, кыйналуу жана стресс алып келүүдө.
Заманбап медицина жогоруда кыскача айтылган табылгалардын көмөгү менен бул чындыкты түшүнүү жолуна түштү. Патрик Глинн (Patrick Glynn) айткандай, «заманбап медицина дарылоонун бир гана материалдык ыкмалардан башка тараптарынын да бар экенин кабыл алуу жолунда баратат.»
 
 
КЕЧИРИМДҮҮЛҮК ЖАНА АНЫН ДЕН-СООЛУККА
ПАЙДАЛАРЫ
 
Куранда кеңеш берилген сонун ахлак өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул «кечиримдүү болуу»:
 
Сен кечирим (же жеңилдик) жолун танда, (Исламга) ылайык болгонду буйрук кыл жана караңгы-сабатсыздардан жүзүңдү бур. (Аьраф Сүрөсү, 199)
 
Башка бир аятта Аллах «... кечиришсин жана токтоо болушсун. Аллахтын силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллах кечиримдүү, коргоочу.» (Нур Сүрөсү, 22) деп буюрууда.
Куран ахлагынан алыс жашаган адамдар үчүн кечирүү абдан оор. Себеби кандайдыр бир ката кетирилээр замат ачууланышат. Бирок Аллах ыймандууларга кечирүүнүн жакшыраак экенин билдирген:
 
Жамандыктын жообу ошону менен тең (окшош) болгон жамандык. Бирок ким кечирсе жана оңдосо (тынчтыкты орнотсо), эми анын сыйлыгы Аллахка тиешелүү... (Шура Сүрөсү, 40)
 
... Ошондо деле кечирип, токтоолук кылсаңар (кемчиликтерин бетине айтпасаңар) жана кечирсеңер, эми албетте Аллах кечиримдүү, коргоочу. (Тегабун Сүрөсү, 14)
 
Куранда «Ким сабыр кылса жана кечирсе, албетте бул улуу иштерден.» (Шура Сүрөсү, 43) аяты менен кечирүүнүн бийик бир ахлак өзгөчөлүгү экенин билдирүүдө. Ошондуктан ыймандуулар кечиримдүү, мээримдүү, токтоо (толеранттуу) адамдар жана Куранда билдирилгендей алар «ачууларын жеңгендер жана адамдар(дагы акылары)нан кечирим менен кечип коюшкандар.» (Али Имран Сүрөсү, 134)
Ыймандуулардын кечиримдүүлүк түшүнүгү Куран ахлагын жашабаган адамдардыкынан такыр башкача. Кээ бир адамдар бир адамды кечирдим деп айтса да, бул адамдардын жүрөктөрүндөгү кек жана ачуудан кутулушу көп убакыт алат. Кыймыл-аракеттери көбүнчө бул ачуусун көрсөтүп турат. Ыймандуулардын кечиримдүүлүгү болсо чын жүрөктөн. Ыймандуулар адамдын бул дүйнөдө сыналып жаткан, ката жасап үйрөнүүчү бир жандык экенин билгендиктен, толеранттуу жана боорукер болушат. Мындан тышкары, ыймандуулар толугу менен акыйкат ал тарапта болуп, берки адам толугу менен туура эмес кылганда да, эч ойлонбостон кечире алышат. Кечирүүдө каталарды чоң же кичинекей деп бөлүшпөйт. Бир адам кетирген катасы менен чоң бир жоготууга себеп болушу мүмкүн. Бирок болгон ар бир окуянын Аллахтын башкаруусунда жана бир тагдырга ылайык ишке ашканын билген ыймандуулар мындай бир окуяга кабылганда, тобокелдик кылышат жана адамдык бир ачууга алдырышпайт.
Жакында эле жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө америкалык илимпоздор кечиргенди билген адамдардын руханий жактан да, денесинин да ден-соолукта болоорун аныкташты. Стенфорд университетинде иштеген илимпоз Фредерик Лускин (Frederic Luskin) жана анын командасы Сан-Франциско шаарында жашаган 259 адамды изилдешкен. Сыналуучу катары катышкан адамдарды 6 жолу 1,5 сааттык маектерге чакырган бул илимпоздор жасаган маектеринде кечиримдүүлүктү үйрөтүүнү максат кылышты.
Экспериментке катышкан адамдар аларга зыян келтирген адамдарды кечирген соң азыраак азап чегип калышканын айтышкан. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр кечирүүнү үйрөнгөн адамдардын бир гана сезимдик эмес, физикалык жактан да өздөрүн жакшы сезип калышканын көрсөткөн. Мисалы, эксперимент жыйынтыгында стресстен келип чыккан жондун оорушу, уйкусуздук жана ашказан оорусу сыяктуу руханий жана физикалык көрсөткүчтөрдүн да бул адамдарда маанилүү санда азайганы аныкталган.
Стенфорд университетинде Жол көрсөтүү жана ден-соолук психологиясы тармагында доктор болгон Фредерик Лускин (Frederic Luskin) Forgive for Good (Жакшылык үчүн кечиргиле) аттуу китебин тааныштырууда кечирүү жөнүндө «ден-соолук жана бактылуулук үчүн далилденген бир рецепт» деген сөздөрүн айткан. Бул китепте кечирүүнүн ачуулануу, азап, депрессия жана стрессти азайтып, үмүт, сабыр жана өзүнө ишенүү сыяктуу позитивдүү маанайга жетүүгө өбөлгө болоору айтылат. Др. Лускиндин ою боюнча, көпкө ачуулануу адамдардын физикалык ден-соолугунда байкалаарлык терс натыйжаларга себеп болот. Др. Лускин бул жөнүндө мындай дейт:
Көпкө уланган ачуулануунун зыяны – бул денедеги термостатты нөлгө түшүрүшү. Эгер дайыма кичинекей ачууга өзүңүздү көндүрүп алсаңыз, эмненин нормалдуу экенин айырмалай албай каласыз. Адамдар көнүмүш адатка айланта турган бир адреналин чабуулуна жол ачышы мүмкүн. Денени азаптайт жана объективдүү, жакшылап ойлонууну татаалдаштырат, бул болсо абалды андан да жаман бир кейипке келтирет.
Мындан тышкары, Др. Лускин дене ачуулануу жана стресс учурунда белгилүү энзимдерди чыгаргандыктан, холестерол жана кан басымынын жогорулаарын, мунун болсо денеде көпкө болбошу керек болгон бир абал экенин айтат.
Healing Currents Magazine журналынын 1996-ж. сентябрь-октябрь санында жарыкка чыккан «Кечирүү» аттуу макалада болсо бир адамга же окуяга карата болгон ачуулануунун адамдарда негативдүү сезимдерге жол ачаары, руханий тең салмактуулугун, ал турган физикалык ден-соолугун бузаары айтылган. Ушул эле макалада адамдардын ачуулануудан улам башынан өткөргөн терс жагдайларды убакыттын өтүшү менен түшүнөөрү жана бузулган мамилелерин оңдоо, көйгөйдү чечүү үчүн кечирүү чечимин алышаары жөнүндө да айтылууда. Башынан өткөргөн жагдайлардан соң баалуу убакыт жана өмүрлөрүн ачуулануу менен өткөргүлөрү келбегени, ошондуктан өздөрүн жана башкаларды кечирүү жолун тандашканы айтылган.
Ошондой эле, 1500 адамды камтыган бир изилдөөдө дин тутунган адамдарда депрессия, стресс жана акыл ооруларынын аз болоору аныкталган. Изилдөөнүн жүргүзгөн Др. Герберт Бенсон (Dr. Herbert Benson) бул абалды диндердин «кечиримдүүлүккө» чыкырышына байланыштырган жана мындай деген:
Диндер адамдарды башка кишилерди кечирүүгө чакырат. Ошондуктан диний ишеними бар адамдар көйгөйлөрүн ичтеринде сакташпайт жана жашоодо жеңил жашашат. Бул болсо депрессия жана стресс сыяктуу ооруларга азыраак чалдыгышын камсыздайт.
Гарвард университетинде жарыкка чыккан «Ачуулануу жүрөгүңүздүн душманы» аттуу макалада орун алган маалыматтар боюнча, ачуулануу жүрөк оорусу жагынан абдан зыян. Медицина тармагында ассистент профессор болгон Ичиро Кавачи (Ichiro Kawachi) жана кесиптештери бул чындыкты ар кандай тест жана өлчөөлөр менен илимий далилдешкен. Жасаган изилдөөлөрү жыйынтыгында жаман кыялдуу карыялардын жоошураак өзү теңдүүлөрдөн үч эсе көп жүрөк оорусу рискине ээ экенин аныкташкан. Кавачинин ою боюнча, «катуу ачуулануу жана буюмдарды сындыруу же бир адамга урушуу учурунда залака келтирүү каалоосу мындай рисктерди жогорулатууда.»81 Себеби ачуулануу учурунда стресс гормондору көбөйүп, жүрөк булчуңдарындагы клеткалардын көбүрөөк кычкылтекке муктаж болушуна жана кандагы тромбоциттердин жабышчаактыгынын жогорулап коюлушуна жол ачышына себеп болууда. Бул болсо жүрөккө терс таасир тийгизүүдө. Мындан тышкары, ачуулануу учурунда жүрөктүн согушу норманын үстүнө чыгат жана тамырларда кан басымынын жогорулашына, ошондуктан жүрөк кризиси рискинин жогорулашына себеп болот.
Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, ачуулануу жана душмандык канда инфекция менен байланыштуу протеиндердин өндүрүлүшүнө да түрткү болушу мүмкүн. Psychosomatic Medicine (Психосоматикалык медицина) аттуу журналда ашыкча ачуулануунун инфекцияга себеп болуучу протеиндердин өндүрүлүшүн жогорулатаары, мунун болсо артериялардын катуулашына, натыйжада тромбофлебитке жана жүрөк кризисине себеп болоору айтылган. Түндүк Каролина аймагындагы Дюк (Duke) университетинен ассистент профессор Эдвард Суарездин (Edward Suarez) ою боюнча interleukin 6 (IL-6) протеини абдан ачуулуу жана маанайы жаман адамдарда кадимки деңгээлинен жогору табылган. Кандагы көп сандагы IL-6 болсо артериялардын капталдарында майдын топтолушуна, бул болсо тромбофлебитке себеп болууда. Жыйынтыктасак, Суарездин ою боюнча жүрөк оорулары тамеки чегүү, жогорку кан басымы, ашыкча салмактуулук жана жогорку холестерол сыяктуу факторлор менен бирге депрессия, ачуулануу жана душмандык сыяктуу психологиялык маанайлар менен да тыгыз байланыштуу.85
The Times'да жарык көргөн «Ачуулануу жүрөк кризиси рискин жогорулатат» аттуу макалада бат ачуулануунун жүрөк кризисине кыска бир жол экени, стресске ачуулануу менен жооп берген адамдардын жүрөк ооруларына үч эсе көп, эрте болчу жүрөк кризисине болсо беш эсе көп чалдыгуу риски астында экендиги айтылууда. Мэриланд Балтимордогу (Maryland, Baltimore) Жон Хопкинс (John Hopkins) университетинин илимпоздорунун эмгектери боюнча, бат ачууланган адамдар үй-бүлөсүндө жүрөк оорулары кездешпесе да, риск астында болушат.
Изилдөөлөрдүн баары ачуулануунун адамдын эң биринчиден ден-соолугуна олуттуу терс таасир берген бир маанай экенин көрсөтүүдө. Кечиримдүүлүк болсо адамга оор сезилсе да, ачуулануунун бардык терс натыйжаларын жок кылган, адамдын физикалык да, руханий да ден-соолукта жашашына көмөкчү болгон сонун бир кыймыл-аракет жана ахлак өзгөчөлүгү. Албетте, кечиримдүүлүк ден-соолукта болууга себепчи болгон мамилелердин бири жана бүт адамдар кылышы керек болгон бир өзгөчөлүк. Бирок кечирүүдө негизги максат – бул, бүт башка нерселердеги сыяктуу, Аллахтын ыраазычылыгына туура келген ахлакта жашоо болушу керек. Пайдалары илим тарабынан учурда аныкталган бул ахлак өзгөчөлүгүнүн Куранда көп аяттар аркылуу билдирилиши – Курандагы терең сырлардын бирөөсү гана.
 
 
ДУБАЛАРДЫН ООРУЛУУЛАРДЫН АЙЫГЫШЫН
ЫЛДАМДАТЫШЫ
 
Раббиңер айтты: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп берейин. Чынында Мага ибадат кылуудан текеберленгендер (бой көтөргөндөр) тозокко моюндары бүгүлгөн абалда киришет. (Мүмин Сүрөсү, 60)
 
«Чакыруу, үн салуу, каалоо, жардам суроо» маанилерине келген дуба – бул Куранда билдирилгендей, «адамдын чын жүрөктөн Аллахка кайрылышы, Ага муктаж бир жандык экенин билип түшүнүү менен чексиз күч-кудуреттүү, Рахман жана Рахим болгон Аллахтан жардам сурашы». Ооруган кездер адам мындай алсыздыгын даанараак сезген, Аллахка жакындаган учурлардын бири. Мындан тышкары, оорулар – бул Аллахтын каалоосу менен болгон абдан терең сырдуу бир сыноо, дүйнө жашоосунун убактылуу жана кемчиликтүү экенин эстеткен бир эскертүү, сабыр кылган жана тобокел кылгандар үчүн акыретте бир сыйлыктын себеби.
Ыймансыз адамдар болсо бир ооруга чалдыкканда аларды айыктыра турган бул докторлор, дары же оорукананын жогорку технологиялык мүмкүнчүлүктөрү деп ойлошот. Ден-соолугу жайында кезинде денелериндеги системаны иштеткендин, ооруганда шыпаа берүүчүнүн, керектүү дары, докторду жараткандын Аллах экенин ойлонушпайт. Көп адамдар доктор жана дарылар жетишсиз болуп калды деген ойго келгенде гана Аллахка кайрылат. Мындай абалдагы бир адам ал оор абалдан аны бир гана Аллах куткара алаарын түшүнүп, бир гана Аллахтан жардам сурайт. Аллах мындай мүнөздү бир аятта мындайча билдирет:
 
Адамга бир жамандык келгенде, жатып алып да, отуруп да же турганда да Бизге дуба кылат; ал жамандыкты андан алып койгонубузда болсо, ага тийген зыянга Бизди эч (жардамга) чакырбаган сыяктуу болуп бурулуп кетет. Өлчөөнү бузгандарга кылган иштери мына ушундай кооздолгон. (Йунус Сүрөсү, 12)
 
Чынында болсо адамдын ден-соолугу чың кезде да же бир кыйынчылык, азап ичинде болбогон кезде да дуба кылышы, Аллах ага берген бейпилдик, ден-соолук жана башка бардык немат-жакшылыктары үчүн шүгүр кылышы керек.
Дуба жөнүндөгү абдан маанилүү бир жагдай төмөнкүдөй: сөз менен кылган дуба менен бирге адамдын кыймыл-аракети менен да дуба катары аракет кылышы абдан маанилүү. Кыймыл-аракет дубасы – бул адамдын кандайдыр бир каалоосуна жетүү үчүн колунан келген бүт нерсени кылышы. Мисалы, оорулуу бир адам сөз менен кылган дуба менен бирге сөзсүз адис бир докторго кайрылышы, ага пайдалуу боло турган дарыларды колдонушу, керек болсо ооруканада дарыланышы, абдан жакшылап кароого алынышы керек болушу мүмкүн. Себеби Аллах бул дүйнөдө ишке ашкан бардык окуяларды белгилүү себептерге байланыштуу кылып койгон. Дүйнөдөгү жана ааламдагы бүт нерсе Аллах койгон мыйзам жана эрежелер боюнча иштейт. Ошондуктан адамдын да ушул себептерге ылайык керектүү чараларды көрүшү, бирок буларды натыйжалуу кыла тургандын Аллах экенин билип, тобокелчилик, баш ийүүчүлүк жана сабырдуулук менен жыйынтыкты Аллахтан күтүшү зарыл.
Ыймандын жана дубанын оорулууларга болгон оң таасири, дарылоо процессин ылдамдатышы докторлор да көңүлүн бурган, алар да кеңеш берген нерсе. АКШда жарык көрчү атактуу кабар журналы Newsweek 2003-жылдын 10-ноябрь санында «Аллах жана ден-соолук: дин жакшы бир дарыбы? Илим эмне үчүн ишенип баштады?» (God & Health: Is Religion Good Medicine? Why Science is Starting to Believe?) деген темада диндин айыктыруучу таасирин журналдын сырткы бетинин темасы кылган. Аллахка болгон ишенимдин адамдын маанайын көтөрүп, оорудан оңойураак айыктыраары жөнүндө сөз болгон макалада илимдин да ыймандуу адамдардын оорулардан оңой жана бат кутулаарына ишенип баштаганын билдирген. Newsweek'тин сурамжылоосу боюнча, адамдардын 72%ы дуба кылуу менен оорудан батыраак кутулаарына, дубанын айыгууну жеңилдетээрине ишенишүүдө. АКШ жана Англияда жасалган изилдөөлөрдө болсо оорулуулар үчүн дуба кылуунун оорулуулардын кыйналуу белгилерин азайтаары жана айыгуу процессин ылдамдатаары аныкталган.
Мичиган университетинин изилдөөсү боюнча, динге ишенген адамдарда депрессия жана стресс азыраак кездешсе, Чикагодогу Раш (Rush) университетинин изилдөөсү боюнча, дайыма ибадат жана дуба кылгандардын эрте өлүү деңгээлинин дин карманбагандардыкына караганда 25% аз экени аныкталган. Дюк (Duke) университетинин ангина операциясын башынан өткөргөн 750 оорулуу изилденген бир изилдөөсүндө болсо «дубанын айыктыруучу күчү» илимий тараптан далилденген. Дуба кылган жүрөк оорулууларынын операциядан соң бир канча жыл ичинде өлүм деңгээлинин 30% аз экени аныкталган.
Аллах Куранда билдирген дубалардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
 
Жана Айубду да эсте. Ал Раббисине: «Мени зыян каптады. Өзүң ырайым кылуучулардын эң ырайымдуураагысың.» деп дуба кылды. Кийин Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат ирээтинде жана (сабырдуу) ибадатчыларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик. (Анбия Сүрөсү, 83-84)
 
Зуннунду (Йунусту) да эстегин. Бир кезде ал ачууланып, (элинен ээн жерге) кетип калды. Ал Бизди өзүн тар (жана караңгы) жерде калтырбайт деп ойлогон. Ал караңгылыктарда (калып): «Өзүңдөн башка илах жок. (Оо, Раббим,) Сен Аруу-Таза Кудайсың. Мен заалымдардан болуп калдым.» деп жалбарды. Биз анын дубасын кабыл алдык жана кайгыдан куткардык. Биз момун адамдарды мына ушинтип куткарабыз. (Анбия Сүрөсү, 87-88)
 
Жана Закарияны эсте: ал Раббисине: «Оо, Раббим. Мени жалгыз (туяксыз) калтырба, Өзүң мурас алуучулардын эң жакшышысың.» деп дуба кылганда, Биз анын дубасын кабыл алып, ага Яхьяны белек кылганбыз жана туубас аялын да айыктырып койгонбуз. Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып, (жамандыктардан) коркуп, дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон. (Анбия Сүрөсү, 89-90)
 
Ант болсун, Нух Бизге дуба кылды, Биз эң жакшы жооп бердик. (Саффат Сүрөсү, 75)
 
Мурда да айтылгандай, дуба бир гана оорудан же дүнүйөлүк азап, кыйынчылыктардан кутулуу үчүн кылынбашы керек. Чын ыкластан ыйман келтирген бир адам дайыма Аллахка дуба кылышы зарыл жана Аллахтан келе турган ар кандай жоопко ыраазы болушу керек. Куранда көптөгөн аят аркылуу билдирилген дуба ибадатынын учурда илимий тараптан да пайдаларынын далилдениши Курандын кереметтүү өзгөчөлүгүн дагы бир жолу көрсөтүүдө:
 
Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин. Туура Жолго түшүп калышаар. (Бакара Сүрөсү, 186)
 
 
 
ДИНДЕН АЛЫС ЖАШООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ: СТРЕСС ЖАНА ДЕПРЕССИЯ
 
Ким Мени эстөөдөн (зикирден) баш тартса, эми ал үчүн азаптуу бир жашоо бар... (Таха Сүрөсү, 124)
 
Аллах кимди хидаятка (туура жолго) жеткиргиси келсе, анын көкүрөгүн Исламга ачат; кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткандай тар жана машакаттуу кылат. Аллах ыйман келтирбегендердин үстүнө мына ушундай жамандыкты түшүрөт. (Энъам Сүрөсү, 125)
 
Дин ахлагын жашабаган адамдардын Аллахка таянып, өздөрүн тапшырбашы алардын дайыма кайгы, капа жана стресс ичинде жашашына себеп болот. Ошондуктан психологиялык фактор себеп болгон көптөгөн ооруларга чалдыгышат, денелери абдан бат бузулуп, кыска убакытта картайып чөгүшөт. Руханий азаптардын таасири денелеринин ар бир чекитинде байкалат.
Ыймандуулар болсо психологиялык жактан бейпил болгондуктан, стресске, кайгыга, үмүтсүздүккө кабылышпагандыктан, алардын денелери да чың жана жаш көрүнүштө болот. Аллахка тобокел кылуунун, ишенип таянуунун, бүт нерседе бир жакшылык бар деген көз-карашта болуунун, Аллахтын аларга болгон сонун убада жана сүйүнүчтүү кабарларынын кубанычын дайыма ичтеринде алып жүрүүнүн оң таасири денесине да чагылат. Албетте, бул абал динди толугу менен түшүнгөн жана абийирин толук колдонуп, Куран ахлагын толук жашаган адамдарга тиешелүү. Албетте, алар да ооруларга чалдыгышат жана улгайышат, бирок бул башка адамдардагы сыяктуу психологиялык себептен келип чыккан бир чөгүү эмес.
Учурда ушул замандын оорулары деп аталган «стресс жана депрессия» адамга бир гана психологиялык жактан зыян берип тим болбостон, денесинде да ар кандай таасирлерге себеп болууда. Стресс жана депрессиянын негизинде келип чыккан оорулардын негизгилери – бул кээ бир акыл оорулары, баңгизаттан көз-каранды болуу, уйкусуздук, тери, ашказан, кан басымы оорулары, тумоо, мигрень, сөөктөр менен байланыштуу бир катар оорулар, бөйрөктүн иштешинин бузулушу, дем алуунун бузулушу, аллергиялар, жүрөк кризиси, мээде чоңойуунун пайда болушу сыяктуу көйгөйлөр. Албетте, бардык мындай оорулардын пайда болуу себеби дайыма стресс же депрессия болбошу мүмкүн. Бирок илим тарабынан далилденгендей, булардын пайда болуу тамыры көбүнчө психологиялык себептер.
Адамдарда көп кездешчү «стресс» - бул коркуу, тынчсыздануу, үмүтсүздүк, ашыкча толкундануу, кооптонуу сыяктуу сезимдер денедеги тең салмактуулукту бузуп, денеде пайда кылган жалпы бир тынчсыздануу абалы. Адамдар стресске киргенде, денелери буга реакция берет жана коңгуроо чалып баштайт. Денеде ар түрдүү биохимиялык реакциялар башталат: кандагы адреналин деңгээли көтөрүлөт; энергия коротуу жана дене реакциялары максимум деңгээлге жетет; шекер, холестерол жана май кислоталары жогорулайт, бул болсо дене үчүн коркунуч дегенди билдирет.
Өзгөчө дайыма кайталанып турган стресс дене функцияларын өзгөрткөндүктөн, абдан чоң зыяндарга себеп болушу мүмкүн. Стресс себебинен денедеги адреналин жана кортизол көлөмү ашыкча жогорулайт. Көпкө уланган стрессте кортизол гормонунун көтөрүлүшү кээ бир оорулардын -мисалы шекер оорусу, жүрөк оорулары, кан басымынын жогору болушу, рак, жара, дем алуу оорулары, экзема жана псориаз сыяктуу тери оорулары, иммундук системага байланыштуу кээ бир оорулар- жаш кезден пайда болушуна себеп болууда. Кортизолдун жогору болушунун мээдеги клеткаларды өлтүрүүгө чейин барган таасирлери бар. Стресс себеп болгон оорулар бир китепте мындайча баяндалат:
Стресс жана стресс себеп болгон тынчсыздануу менен оорунун арасында маанилүү бир байланыш бар. Стресс себеп болгон тынчсыздануу тамырлардын кысылышына, баштын белгилүү аймактарына барчу кан агымынын бузулушуна жана ал аймакка барчу кандын бир топко азайышына жол ачат. Ошондой эле, бир кыртыштын кансыз калышы түздөн-түз ооруга себеп болот. Себеби бир тараптан тынчсызданган кыртыштын көбүрөөк кычкылтекке муктаж болушу, экинчи тараптан кыртыштын ансыз деле жетишсиз кан менен азыктанышы атайын оору кабылдагычтарга сигнал берет. Ошол эле учурда адреналин жана норадреналин сыяктуу стресс учурунда нерв системасына таасир этүүчү заттар да чыгарылган болот. Булар болсо түздөн-түз же кыйыр жол менен булчуңдардын чымырканышын жогорулатат жана ылдамдатат. Натыйжада оору тынчсызданууга (чымырканууга), тынчсыздануу кайгырууга, кайгыруу болсо оорунун күчөшүнө жол ачат.
Бирок стресс себеп болгон эң олуттуу оорулардын бири – бул жүрөк кризиси. Изилдөөлөр агрессивдүү, паникалуу, тынчсызданган, сабырсыз, атаандашкан, кекчил, ачуусу чукул адамдардын жүрөк кризиси деңгээлинин мындай кыймыл-аракеттерди аз жасаган адамдарга караганда жогору экенин көрсөтүүдө. Мунун себеби төмөнкүчө:
Гипоталамус баштаган симпатикалык нерв системасына ашыкча сигнал берилиши ошол эле учурда ашыкча инсулиндин чыгарылышына жана натыйжада бул инсулиндин канда чогулушуна себеп болот. Мына ушул абал ден-соолук үчүн абдан чоң мааниге ээ. Себеби коронардык жүрөк оорусуна жол ачуучу шарттардын эч бири кандагы ашыкча сандагы инсулин сыяктуу так жана кыйратуучу бир рол ойнобойт.90
Илимпоздор стресс деңгээли канчалык жогору болсо, кандагы лейкоциттердин реакциясынын ошончолук алсыз болоорун айтышууда. Оксфорд университетинин технология которуу бөлүмүндө эмгектенген Линда Нейлор (Linda Naylor) башчылык кылган команда иштеп чыккан тесттин урматында стресс деңгээлинин иммундук системага болгон терс таасирин өлчөөгө мүмкүндүк пайда болгон.
Стресс менен иммундук система арасында да жакын бир байланыш бар. Физиологиялык стресс иммундук системага маанилүү таасир берет жана иммундук системаны кыйратууга аракет кылат. Стресс астындагы мээ денеде кортизол гормонунун өндүрүшүн жогорулатат жана иммундук системаны алсыздантат. Башкача айтканда, мээ, иммундук система жана гормондор бири-бири менен тыгыз байланышта. Бул жөнүндө адистер мындай дешүүдө:
Психологиялык же физикалык стресс темасындагы изилдөөлөр көпкө уланган бир стресске кабылганда, гормоналдык тең салмактуулукка байланыштуу иммундук реакциянын төмөндөөрүн аныктаган. Бир катар оорулардын, анын ичинде рактын да, пайда болушунун жана күчөшүнүн жашоо стресси менен байланыштуу экени белгилүү.
Кыскача айтканда, стресс адамдын табигый тең салмактуулугун бузуучу нерсе. Мындай табиятка туура келбеген абалдын дайыма кайталынышы дененин ден-соолугун бузуп, ар кандай ооруларга жол ачат. Адистер стресстин адамдын денесине болгон терс таасирлерин төмөнкүдөй негизги топторго топтошот:
Кайгыруу жана паника: иштер башкаруудан чыкты деген сезимге кабылуу
Тердөөнүн тынымсыз өсүшү
Үндүн өзгөрүшү: кекечтенүү, титиреп сүйлөө
Гиперактивдүүлүк: кокус энергия өсүшү, алсыз диабет башкаруусу
Уктоодо кыйналуу: жаман түш көрүү
Тери оорулары: бүдүр, температура, псориоз жана экзема
Ашказан-ичегидеги белгилер: тамак сиңирүүнүн начардыгы, ашказан оорусу, ашказан жарасы
Булчуң кан басымдары: кычырдаган же катуу жабышкан тиштер, жаактын оорушу, жон, моюн жана далыларда оору
Төмөнкү даражалуу инфекциялар: тумоо ж.б.
Мигрень
Жүрөктүн бат согушу, көкүрөк оорусу, кан басымынын жогору болушу
Бөйрөктүн иштөө калыбынын бузулушу, суу кармоо
Дем алуунун бузулушу, бат дем алуу
Аллергиялар
Ашыктардын оорусу
Ооз жана тамактын кургашы
Жүрөк кризиси
Иммундук системанын алсыздашы
Мээ аймагында кичирейүү
Өзүн күнөөлүү сезүү, өзүнө ишенбөө
Ойлордун чаташышы, туура жоромол жасай албоо, жакшы ойлоно албоо, эс тутумдун начарлашы
Ашыкча пессимизм, бүт нерсе жаман болот деп ойлоо
Бир жерде кыймылдабастан турганда кыйналуу, сөзсүз кыймылдап туруу
Ойду топтой албоо же ойду топтоодо кыйналуу
Бат ачуулануу, бат капалануу
Логикасыздык
Өзүн жардамсыз, үмүтсүз сезүү
Аппетиттин ачылышы же жабылышы
Дин ахлагынан алыс жашаган адамдардын «стресс» деп аталган азапта жашашы Аллах Куранда билдирген бир абал:
 
«Ким Мени эстөөдөн (зикирден) баш тартса, эми ал үчүн азаптуу бир жашоо бар...» (Таха Сүрөсү, 124)
 
Башка бир аятта болсо Аллах «... ошончо кеңдигине карабастан, жер жүзү аларга тар келген эле, напсилери да аларга тар (азаптуу) келген эле жана Андан тышкары (кайра эле) Аллахтан башка бир кайрыла тургандын жок экенин жакшылап түшүнүштү...» (Тообо Сүрөсү, 118) деп буюрууда.
Мындай азаптуу –учурдагы тил менен айтканда стресстүү- жашоо ыйман келтирбегендердин ыйман тартуулай турган сонун ахлактан алыс жашашынын бир натыйжасы. Учурда докторлор стресстин таасирлеринен коргонуу үчүн бейпил жана жоош бир мүнөзгө, бейпил, коопсуз жана тынчсыздануулардан алыс бир психологияга ээ болуу керек экенин айтышууда. Бейпил жана көңүл ток бир психология болсо бир гана Куранга ылайык жашоо менен мүмкүн болот. Куранда Аллах көп аятта ыйман келтиргендерге «ишеним сезимин жана бейпилдикти» түшүргөнүн билдирүүдө (Бакара Сүрөсү, 248; Тообо Сүрөсү, 26, 40; Фатих Сүрөсү, 4, 18). Раббибиздин ыйман келтирген пенделерине болгон убадасы болсо бир аятта мындайча билдирилүүдө:
 
Эркек болсун, аял болсун, бир момун (ыймандуу) катары ким ыкластуу бир амал (иш-аракет) жасаса, албетте, Биз аны сонун бир жашоо менен жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз. (Нахл Сүрөсү, 97)
 
 
АДАМДЫН ТӨРӨЛҮШҮ
 
Куранда адамдар ыйман келтирүүгө чакырылып жатканда, абдан башка башка нерселер жөнүндө сөз болот. Аллах кээде асмандарды, кээде жер бетин, кээде жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү адамдарга далил катары көрсөтөт. Дагы көптөгөн аяттарда адамдын түздөн-түз өз жаратылышына карашы кеңеш кылынат. Адамдын кандайча жер бетине келгени, кайсы баскычтардан өткөнү жана негизги затынын эмне экени кайра кайра эске салынат. Мисалы, төмөндөгү аяттарда мындайча буюрулууда:
 
Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы? (Жатындарга) куюлуп жаткан манини (сперманы) көрдүңөрбү? Аны силер жаратып жатасыңарбы, же Биз жаратып жатабызбы? (Вакыа Сүрөсү, 57-59)
 
Адамдын жаратылуусундагы кереметтүү тараптан дагы көптөгөн аяттарда баса айтылат. Бирок мындай басымдар арасында ушундай маалыматтар бар, аларды 7-кылымда жашаган адамдардын билиши эч мүмкүн эмес. Мына алардын кээ бирлери:
1) Адам мани (сперма) суюктугунун баарынан эмес, тескерисинче абдан кичинекей бир бөлүгүнөн (спермадан) жаратылат.
2) Наристенин жынысын эркек аныктайт.
3) Адамдын эмбриону жатынга бир сүлүк (курт) сыяктуу жабышат.
4) Адам эне жатынында үч караңгы аймак ичинде өрчүйт.
Бул маалыматтар Куран түшүрүлгөн доордо билиниши мүмкүн болбогон жана байкоо жасоого да мүмкүн болбогон маалыматтар. Буларды түшүнүү 20-кылымдын технологиясы менен гана мүмкүн болду.
Эми бул маалыматтарды катары менен анализ кылалы.
 
Маниден бир тамчы
Спермалар жумурткага жеткенге чейин эненин денесинде жолоочулук кылышат. Бул сапарда 250 миллион спермадан болгону миңге жакыны гана жумурткага жете алат. Беш мүнөттөн соң аяктай турган жарыштын аягында жарым туз даанасындай чоңдуктагы жумуртка спермалардын бирөөсүн гана кабыл алат. Б.а. адамдын маңызы манинин баары эмес, анын кичинекей бир бөлүгү гана. Куранда бул чындык Кыямат Сүрөсүндөгү аяттарда мындайча баяндалат:
 
Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган маниден бир тамчы суу эмес беле? (Кыямат Сүрөсү, 36-37)
 
Көңүл бурулган болсо Куранда адамдын манинин баарынан эмес, анын ичинен алынган кичинекей бир бөлүкчөдөн пайда болгону билдирилүүдө. Бул аяттагы атайын басымдын заманбап илим тарабынан гана ачылган бир чындыкты билдириши Курандын Аллахтын сөзү экенинин далили.
 
Манидеги аралашма
Мани деп аталган жана спермаларды алып жүрүүчү азыктандыруучу суюктук спермалардан гана турбайт. Тескерисинче мани бири-биринен айырмалуу суюктуктардын аралашмасынан турат. Мани – бул сперма каналдарынан, уруктук көбүкчөлөрдөн, простат безинен, сийдик каналдарына байланыштуу бөлүп чыгаруучу бездерден чыгарылган заттардын бир аралашмасы. Мани деп аталган суюктук терең анализ кылынса, бул суюктуктун лимон кислотасы, простоглодиндер, флавиндер, аскорбин кислотасы, эрготионеин (ergotionein), фруктоза, фосфорилхолин, холестерин, фосфолипиддер, фибринолизин, цинк, фосфатаз кислота, фосфаз, гиалуронидаз жана спермалар сыяктуу көптөгөн ар башка компоненттерден турат. Бул суюктуктардын сперма муктаж болгон энергияны камсыз кыла турган шекерге ээ болуу, эне жатынынын кире беришиндеги кислоталарды нейтралдаштыруу, сперма кыймылдай турган тайгалак чөйрөнү камсыздоо сыяктуу кызматтары бар.
Куранда мани жөнүндө сөз болуп жатканда, заманбап илим ортого койгон бул чындыкка да ишарат кылынууда жана мани «аралаш» бир суюктук катары сүрөттөлүүдө:
 
Шексиз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). (Инсан Сүрөсү, 2)
 
Башка аяттарда да манинин аралашма экенине ишарат кылынып, адамдын болсо бул аралашманын «маңызынан» жаратылганына басым жасалат:
 
Ал – жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган (Зат). Кийин анын урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган. (Сежде Сүрөсү, 7-8)
 
Бул жерде «маңыз» деп которулган Арапча «сулале» сөзү маңыз же болбосо бир нерсенин эң жакшы бөлүгү маанисине келет. Кайсы мааниси каралса да, «бир бүтүн нерсенин бир бөлүгү» маанисине келет. Бул абал Курандын адамдын жаратылуусун эң майда-чүйдөсүнө чейин билген Аллахтын сөзү экендигин апачык көрсөтүүдө.
 
Наристенин жынысы
Жакынкы жылдарга чейин эле адамдар наристенин жынысы эне клеткалары тарабынан аныкталат деп ойлошчу. Же болбосо, жок дегенде эне жана атадан келген клеткалар чогуу жынысты аныкташат деп кабыл алынчу. Бирок Куранда бул жөнүндө башкача бир маалымат берилген жана эркектик жана аялдыктын «жатынга куюлган маниден» жаратылаары билдирилген:
 
Чынында жуптарды; эркек жана аялды Ал жараткан. Бир тамчы суудан (жатынга) мани куюлганда. (Нежм Сүрөсү, 45-46)
 
Өзү куюлган маниден бир тамчы суу эмес беле? Анан бир алак (эмбрион) болду, анан (Аллах аны) жаратты жана бир «көрктүү калып берди.» Ошентип андан эркек жана аял кылып жуп жасады. (Кыямат Сүрөсү, 37-39)
 
Куранда берилген бул маалыматтын тууралыгы генетика жана микробиология илимдеринин өнүгүшү менен илимий тараптан да далилденди. Жыныстын толугу менен эркектен келген сперма клеткалары тарабынан аныкталаары, аялдын болсо бул процессте эч бир ролунун жок экени аныкталды.
Жыныстын аныкталышындагы фактор – бул хромосомалар. Адамдын түзүлүшүн аныктаган 46 хромосомадан экөөсү жыныстык хромосома деп аталат. Бул эки хромосома эркекте ХҮ, аялда болсо ХХ деп аталат. Мунун себеби бул хромосомалардын бул тамгаларга окшош болушу. Ү хромосомасы эркектик, Х хромосомасы болсо аялдык гендерди алып жүрөт.
Бир адамдын пайда болушу эркек жана аялда жуптар абалында орун алган бул хромосомалардын бир бир даанасынын биригиши менен башталат. Аялда жумурткалоо учурунда экиге бөлүнгөн жыныстык клетканын эки бөлүгү тең Х хромосомасын алып жүрөт. Ал эми эркекте болсо экиге бөлүнгөн жыныстык клетка Х жана Ү хромосомаларын камтыган эки башка сперманы пайда кылат. Аялдагы Х хромосомасы, эгер эркектеги Х хромосомасын камтыган сперма менен бириксе, анда туула турган наристе кыз болот. Эгер Ү хромосомасын камтыган сперма менен бириксе, анда туула турган наристе эркек болот.
Башкача айтканда, туула турган баланын жынысы эркектеги хромосомалардын кайсынысынын аялдын жумурткасы менен биригишинен көз-каранды.
Албетте, генетика илими пайда болгонго чейин, т.а. 20-кылымга чейин булардын эч бири белгилүү эмес болчу. Тескерисинче, көп маданиятта туула турган наристенин жынысы аялдын денеси тарабынан аныкталат деген ишеним кеңири тараган эле. Ал тургай, ушул себептен кыз төрөгөн аялдар сындалышчу.
Ал эми Куранда болсо адамдарга гендердин ачылышынан 14 кылым мурда бул батыл (негизсиз) ишенимди жокко чыгарган бир маалымат берилип, жыныстын булагынын аял эмес, эркектен келген мани экендиги билдирилген.
 
Жатынга асылып кармалып турчу «алак»
Курандын адамдын пайда болушу жөнүндө берген маалыматтарын изилдөөнү улантканыбызда, дагы кээ бир абдан маанилүү илимий кереметтерге жолугабыз.
Эркектен келген сперма жана аялдагы жумуртка кошулганда, төрөлө турган наристенин алгачкы маңызы да пайда болгон болот. Биологияда «зигота» деп аталган бул жалгыз клетка эч убакыт коротпостон бөлүнүп көбөйөт жана акырындап кичинекей бир «эт бөлүкчөсү» абалына келет.
Бирок зигота мындай чоңойушун боштукта ишке ашырбайт. Жатындын капталына асылып карманат. Бутакчалары урматында топуракка жайгашкан тамырлар сыяктуу ал жерге жабышат. Мындай байланыш урматында болсо өрчүшү үчүн муктаж болгон заттарды эненин денесинен ала алат.92
Мына ушул жерде абдан маанилүү бир Курандын керемети байкалат. Аллах Куранда эне жатынына карманып, өнүгүп баштаган зигота жөнүндө сөз кылганда, «алак» сөзүн колдонууда:
 
Жараткан Раббиңдин аты менен оку. Ал адамды бир «алактан» жаратты. Оку, Раббиң эң улуу берешен (Зат). (Алак Сүрөсү, 1-3)
 
«Алак» сөзүнүн Арап тилиндеги мааниси болсо «бир жерге асылып карманган нерсе» деген мааниге келет. Ал тургай, бул сөз негизи териге жабышып, ал жерден кан соргон сүлүктөр үчүн колдонулат.
Албетте, эненин курсагында өрчүп жаткан зиготаны мындай өзгөчөлүгү менен сүрөттөгөн бир сөздүн колдонулушу Курандын ааламдардын Рабби болгон Аллахтын сөзү экенин дагы бир жолу далилдөөдө.
 
Сөөктөрдүн эт (булчуң) менен оролушу
Куран аяттарында кабар берилген дагы бир маанилүү маалымат болсо – бул адамдын эне жатынындагы өрчүү баскычтары. Аяттарда эне курсагында алгач сөөктөрдүн пайда болоору, андан соң булчуңдар пайда болуп, бул сөөктөрдү ороору мындайча билдирилүүдө:
 
Кийин ал суу тамчысын бир алак (клетка жыйындысы) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук. (Мүминун Сүрөсү, 14)
 
Эне курсагындагы өрчүүнү изилдеген илим тармагы – бул эмбриология. Жана эмбриология тармагында жакынкы убакка чейин сөөктөр менен булчуңдар бирге пайда болуп, өрчүйт деп кабыл алынып келген эле. Бирок өнүккөн технология урматында жасалган тереңирээк микроскопиялык изилдөөлөр Куранда билдирилгендердин толугу менен туура экенин аныктады.
Бул микроскопиялык изилдөөлөр эне курсагында толугу менен аяттарда сүрөттөлгөндөй бир өрчүүнүн ишке ашаарын көрсөтүүдө. Алгач эмбриондогу тарамыш кыртышы сөөккө айланат. Андан соң болсо булчуң клеткалары сөөктөрдүн айланасындагы кыртыштан тандалып, топтолот жана бул сөөктөрдү оройт.
Бул абал Developing Human (Өрчүүчү адам) аттуу илимий бир эмгекте мындайча сүрөттөлгөн:
6-жумада тарамышташуунун уландысы катары алгачкы сөөктөшүү акырек сөөгүндө пайда болот. 7-жуманын аягында узун сөөктөрдө да сөөктөшүү башталган болот. Сөөктөр пайда болуусун улантып жатканда, булчуң клеткалары сөөктү курчаган кыртыштан тандалып булчуң жыйындысын пайда кылат. Булчуң кыртышы ушундайча сөөктүн айланасында алдыңкы жана арткы булчуң топторуна бөлүнөт.
Кыскача айтканда, Куранда сүрөттөлгөн өрчүү баскычтары заманбап эмбриологиянын табылгаларына толук дал келет.
 
Наристенин жатындагы үч караңгы баскычы
Куранда адамдын эне курсагында үч баскычтуу бир жаратылуу менен жаратылганы билдирилүүдө:
 
... Силерди энелериңердин курсактарында, үч караңгылык ичинде, бир жаратылыштан соң (башка бир) жаратылышка (айлантып) жаратууда. Мына Раббиңер болгон Аллах ушул, мүлк Ага тиешелүү. Андан башка кудай (илах) жок. Ушуга карабастан, кантип бурулуп кетүүдөсүңөр? (Зүмер Сүрөсү, 6)
 
Бул аятта кыргыз тилине «үч караңгылык ичинде», «үч кабат караңгылык ичинде» деп которулган Арап тилиндеги «фи зулуматин селасин» сүйлөмү эмбриондун өрчүү учурундагы үч караңгы аймакка ишарат кылууда. Бул аймактар катары менен:
a) Курсак тосмосунун караңгылыгы
б) Жатын тосмосунун караңгылыгы
в) Амниотикалык мембрана (тондун) караңгылыгы.
Байкалгандай, учурда заманбап биология наристенин эмбриологиялык өнүгүшүнүн жогорудагы аятта билдирилгендей үч ар башка караңгы аймакта ишке ашаарын ортого койгон. Мындан тышкары, эмбриология тармагындагы өнүгүүлөр бул аймактардын да үчтөн катмардан тураарын көрсөткөн.
Курсак тосмосу үч катмардан турат: тышкы булчуң катмарлары, ички булчуң катмарлары, кайчылаш булчуңдар.
Ошол сыяктуу жатын тосмосу да үч катмардан турат: эпиметрия, миометрия жана эндометрия.
Ошондой эле, эмбрионду курчаган тон да үч катмардан турат: амнион (жатында түйүлдүктү орогон эң ички кабыкча- amnion), хорион (ортоңку амнион кабыкчасы- chorion) жана децидуалдык кабыкча (сырткы амнион кабыкчасы- decidua).
Мындан тышкары, аятта адамдын эне курсагында бири-биринен айырмалуу үч башка баскычта өрчүшүнө ишарат кылынууда.
Чынында эле учурда заманбап биология наристенин эне курсагындагы эмбриологиялык өрчүшүнүн үч баскычта ишке ашаарын да аныктаган. Учурда медицина факультеттеринде окуу китеби катары окутулган бардык эмбриология китептеринде бул маалымат эң негизги маалыматтар арасында орун алат. Мисалы, эмбриология жөнүндөгү негизги китептердин бири болгон Basic Human Embryology (Адам эмбриологиясынын негиздери) аттуу китепте бул чындык мындайча айтылат:
Жатындагы жашоо 3 БАСКЫЧТАН турат; преэмбрионалдык (алгачкы 2,5 жума), эмбрионалдык (8-жуманын аягына чейин) жана феталдык (8-жумадан төрөлгөнгө чейин).
Бул баскычтар наристенин ар башка өрчүү баскычтарын камтыйт. Бул үч өрчүү баскычынын негизги өзгөчөлүктөрү кыскача төмөнкүдөй:
- Преэмбрионалдык баскыч:
Бул алгачкы баскычта зигота бөлүнүп көбөйөт, бир клетка жыйындысы абалына келген соң өзүн жатын капталына көмөт. Клеткалар көбөйүшүн улантып жатып, 3 катмар абалында уюшулушат.
- Эмбриондук баскыч:
Экинчи баскыч жалпысынан 5,5 жума уланат жана бул учурда жандык «эмбрион» деп аталат. Бул баскычта клетка катмарларынан дененин негизги орган жана системалары пайда болот.
- Феталдык баскыч:
Бул баскычка кирилгенде, эмбрион эми «түйүлдүк» (плод) деп аталат. Бул период кош бойлуулуктун 8-жумасынан башталат жана наристе төрөлгөнгө чейин уланат. Мурдакы баскычтан айырмасы – бул түйүлдүктүн жүзү, колдору жана буттары пайда болуп белгилүү, адамдын сырткы көрүнүшүнө ээ бир жандык болушу. Бул периоддун башында бою 3 см болгонуна карабастан, бардык органдары пайда болгон болот. Бул период 30 жумадай уланат жана өрчүү төрөлүү жумасына чейин уланат.
Эне жатынындагы өрчүү жөнүндөгү бул маалыматтар заманбап технологиялык аспаптар менен жасалган байкоолор урматында гана алына алды. Бирок байкалгандай, бул маалыматтарга да, башка дагы көптөгөн илимий чындык сыяктуу, кереметтүү абалда Куран аяттарында көңүл бурулган. Адамзат медицина темаларында эч кандай терең маалыматка ээ болбогон бир доордо Куранда мынчалык терең жана туура маалыматтардын берилген болушу – албетте, Курандын Аллахтын сөзү экенинин апачык бир далили. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, İnsanın Yaratılış Mucizesi (Адамдын жаратылуу керемети), Araştırma Yayıncılık)
 
 
АДАМДЫН СУУДАН ЖАРАТЫЛУУСУ
 
Аллах жандуулардын баарын суудан жаратты. Алардын кээ бирлери курсагы менен сойлоп жүрөт, кээ бирлери эки буту менен жүрөт, кээ бирлери болсо төрт буту менен жүрүүдө. Аллах каалаганын жаратат. Эч шексиз, Аллах – бүт нерсеге кудуреттүү. (Нур Сүрөсү, 45)
 
Ал каапырлар билишпейби, (башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышкан (бириккен) болчу, Биз аларды бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман келтиришпейби)? (Анбия Сүрөсү, 30)
 
Жана адамды бир суудан жаратып, аны тек-назил жана куда-сөөк кылып койгон Зат. Сенин Раббиң Кудуреттүү. (Фуркан Сүрөсү, 54)
 
Жандуулардын жана адамдын жаратылуусу жөнүндөгү аяттарды караганыбызда бул жаратылуулардын кереметтүү болгонун апачык көрөбүз. Мындай кереметтүү жаратылуу формаларынын бири – бул жандуулардын суудан жаратылышы. Көптөгөн аятта апачык айтылган бул маалыматка адамдардын жете алышы болсо кылымдардан соң микроскоптун табылышы менен гана мүмкүн болгон.
Учурда эң негизги энциклопедияларда «суу – жандуу нерсенин эң чоң элементи. Жандуу организмдердин салмагынын 50-90%ы суу» деген сүйлөмдөр орун алууда. Мындан тышкары, бардык биология китептеринде сөз болгон стандарттуу бир жаныбар клеткасынын цитоплазмасы (клетканын негизги заты) да 80% суудан турат. Цитоплазманын анализ кылынып, илимий булактарга жазылышы Курандын түшүрүлүшүнөн бир топ кылымдардан соң ишке ашкан. Ошондуктан, учурда илим дүйнөсү кабыл алган бул чындыктын Куран түшүрүлгөн доордо билиниши, албетте, мүмкүн эмес эле. Бирок ошого карабастан адамдардын ачылыш жасашынан 14 кылым мурда Куранда бул маалыматка көңүл бурулган.
 
 
ЫЛАЙДАН ЖАРАТЫЛУУ
 
Аллах Куранда адамдын жаратылуусунун кереметтүү бир формада болгонун билдирет. Алгачкы адам Аллахтын ылайды калыпка салып, адам денеси абалына келтириши жана андан соң бул денеге рух үйлөшү менен жаратылган:
 
Раббиң периштелерге: «Чынында Мен ылайдан бир адам жаратам» деп айткан эле. «Ага бир калып берип, ага Рухумдан үйлөгөнүмдө силер ал үчүн ылдам сажда кылгыла.» (Сад Сүрөсү, 71-72)
 
Эми алардан сурачы: аларды жаратуу кыйыныраакпы, же Биздин жараткандарыбыздыбы? Чынында Биз аларды жабышчаак бир ылайдан жараттык. (Саффат Сүрөсү, 11)
 
Учурда адамдын кыртыштары изилденгенде, жер бетинде болгон көптөгөн элементтин адамдын кыртыштарында да бар экени көрүлөт. Жандуу кыртыштардын 95%ы көмүртек (С), суутек (Н), кычкылтек (О), натрий (N), фосфор (P) жана сульфит аралашмасынан (S) турат жана жандуу кыртыштарда жалпысынан 26 элемент бар. Курандын башка бир аятында мындайча буюрулууда:
 
Ант болсун, Биз адамды сүзүлгөн бир ылайдан жараттык. (Мүминун Сүрөсү, 12)
 
Аятта «сүзүлгөн» деп которулган «сулале» сөзү «өкүл мисал, маңыз, негиз» сыяктуу маанилерге келет. Байкалгандай, Куранда 14 кылым мурда билдирилгендер заманбап илимдин айткандарын –адамдын жаратылуусундагы материал менен топурак өзүнө камтыган негизги элементтердин бир экенин- тастыктоодо.
 

 
54.          www.atnf.csiro.au/news/press/double_pulsar/
55.          http://www.star.le.ac.uk/astrosoc/whatsup/stars.html (Leicester edu dept of Physics & astronomy); http://www.site.uottawa.ca:4321/astronomy/index.html#Sirius (University of Ottowa); http://cfa-www.harvard.edu/~hrs/ay45/Fall2002/ChapterIVPart2.pdf (Harvard-Smithsonian Center for Astrophysics)
56.          Exposes Astronomiques, La troisième loi de KEPLER, http://www.astrosurf.com/eratosthene/HTML/exposetheoastro.htm
57.          http://www.dharma.com.tr/dkm/article.php?sid=87
58.          S. Waqar Ahmed Husaini, Qur'an for Astronomy and Earth Exploration from Space, 3. baskı, Goodword Books, New Delhi, 1999, ss. 175-182.
59.          Meyers Lexikon in drei Bänden Bibliographisches Institut & F.A. Brockhaus AG, Mannheim 1995, Digitale Ausgabe LexiRom.
60. http://www.islandnet.com/~see/weather/history/lenard.htm
61.          Richard A. Anthes, John J. Cahir, Alistair B. Fraser, Hans A. Panofsky, The Atmosphere, 3. baskı, Columbus, Charles E. Merrill Publishing Company, 1981, ss. 268-269; Albert Millers, Jack C. Thompson, Elements of Meteorology, 2. baskı, Columbus, Charles E. Merrill Publishing Company, 1975, s. 141.
62.          Richard A. Anthes, John J. Cahir, Alistair B. Fraser, Hans A. Panofsky, The Atmosphere, 1981, s. 269; Albert Millers, Jack C. Thompson, Elements of Meteorology, 1975, ss. 141-142.
63.          Brian J. Ford, "Brownian Movement in Clarkia Pollen: A Reprise of the First Observations", The Microscope, 1992, vol. 40, no. 4, ss. 235-241; http://www.brianjford.com/wbbrowna.htm
64.          C. Donald Ahrens, Meterology Today: An introduction to weather, climate and environment, 3. baskı, West Publishing Company, 1988, St. Paul, s. 437.
65.          http://webhome.idirect.com/~alila/Writings/Physics.htm; The Quran and Modern Physics.
66.          http://webhome.idirect.com/~alila/Writings/Physics.htm; The Quran and Modern Physics.
67.          Richard A. Davis, Principles of Oceanography, Addison-Wesley Publishing Company, Don Mills, Ontario, ss. 92-93.
68.          Danny Elder, John Pernetta, Oceans, Mitchell Beazley Publishers, London, 1991, s. 27.
69.          M. Grant Gross, Oceanography, A View of Earth, 6. baskı, Englewood Cliffs, Prentice-Hall Inc., 1993, s. 205.
70.          Rod R. Seeley, Trent D. Stephens, Philip Tate, Essentials of Anatomy & Physiology, 2. baskı, Mosby-Year Book Inc., St. Louis, 1996, s. 211; Charles R. Noback, N. L. Strominger, R. J. Demarest, The Human Nervous System, Introduction and Review, 4. baskı, Lea & Febiger, Philadelphia, 1991, ss. 410-411.
71.          Rod R. Seeley, Trent D. Stephens, Philip Tate, Essentials of Anatomy & Physiology, 2. baskı, Mosby-Year Book Inc., St. Louis, 1996, s. 211.
72.          Patrick Glynn, God: The Evidence, The Reconciliation of Faith and Reason in a Postsecular World, Prima Publishing, California, 1997, ss. 80-81.
73.          Herbert Benson, Mark Stark, Timeless Healing, Simon & Schuster, New York, 1996, s. 203.
74.          Herbert Benson, Mark Stark, Timeless Healing, Simon & Schuster, New York, 1996, s. 193.
75.          Patrick Glynn, God: The Evidence, The Reconciliation of Faith and Reason in a Postsecular World, Prima Publishing, California, 1997, s. 94.
76.          http://www.almanacnews.com/morgue/1999/1999_06_09.forgive.html; Jennifer Desai, Almanac, 9 Haziran 1999.
77.          http://www.almanacnews.com/morgue/1999/ 1999_06_09.forgive.html; Jennifer Desai, Almanac, 9 Haziran 1999.
78.          Frederic Luskin, "Forgiveness ", Healing Currents Magazine, Eylül-Ekim 1996 ; www.stanford.edu/~alexsox/4_steps_to_forgiveness.htm
79. Frederic Luskin, "Forgiveness ", Healing Currents Magazine, Eylül-Ekim 1996 ; www.stanford.edu/~alexsox/4_steps_to_forgiveness.htm
80.          "Hastalar için en iyi ilaç din mi?", Vatan Gazetesi, 4 Kasım 2003; Dr. Herbert Benson, "God&Health", Newsweek.
81.          William J. Cromie, "Anger is Hostile To Your Heart", Harvard Gazette Archieves; http://www.news.harvard.edu/gazette/1996/11.07/AngerisHostileT.html
82.          William J. Cromie, "Anger is Hostile To Your Heart", Harvard Gazette Archieves; www.news.harvard.edu/gazette/1996/11.07/AngerisHostileT.html
83.          Peter Lavelle, "Anger trigger to heart disease found?", ABC Science Online, 5 Ağustos 2003; www.abc.net.au/science/news/stories/s915243.htm
84. Peter Lavelle, "Anger trigger to heart disease found?", ABC Science Online, 5 Ağustos 2003; www.abc.net.au/science/news/stories/s915243.htm
85.          Peter Lavelle, "Anger trigger to heart disease found?", ABC Science Online, 5 Ağustos 2003; www.abc.net.au/science/news/stories/s915243.htm
86.          Mark Henderson, "Anger Raises Risk Of Heart Attack", The Times, London, 24 Nisan 2002; http://www.rense.com/general24/anger.htm
87.          Mark Henderson, "Anger Raises Risk Of Heart Attack", The Times, London, 24 Nisan 2002; http://www.rense.com/general24/anger.htm
88.          Acar Baltaş, Zuhal Baltaş, Stres ve Başa Çıkma Yolları, Remzi Kitabevi, 15. basım, s. 162.
89.          Jane E. Brody, "Tool of survival is deadly for heart", The New York Times, 23 Mayıs 2002; http://www.iht.com/articles/58687.html
90.          Acar Baltaş, Zuhal Baltaş, Stres ve Başa Çıkma Yolları, Remzi Kitabevi, 15. basım, s. 159.
91.          Acar Baltaş, Zuhal Baltaş, Stres ve Başa Çıkma Yolları, Remzi Kitabevi, 15. basım, s. 169.
92.          Keith L. Moore, E. Marshall Johnson, T. V. N. Persaud, Gerald C. Goeringer, Abdul-Majeed A. Zindani, Mustafa A. Ahmed, Human Development as Described in the Qur'an and Sunnah, Commission on Scientific Signs of the Qur'an and Sunnah, Makkah, 1992, s. 36.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder