20 Kasım 2012 Salı

КУРАНДЫН МАТЕМАТИКАЛЫК КЕРЕМЕТТЕРИ

КУРАНДА СӨЗДӨРДҮН КАЙТАЛАНЫШЫ
 
Курандын буга чейин каралган кереметтүү өзгөчөлүктөрүнөн тышкары «математикалык кереметтери» да бар. Бул кереметке бир мисал Курандагы кээ бир сөздөрдүн кайталанышынын барабар болушу. Бири-бири менен байланыштуу кээ бир сөздөр таң калыштуу болуп бирдей жолудан кайталанышат. Төмөндө мындай сөздөр жана Курандын ичиндеги кайталануу сандары берилген.
«Жети асман» сөзү 7 жолу колдонулган. «Асмандардын жаратылышы (халку семават)» сөзү да 7 жолу кайталанат.
«Күн (йевм)» жекелик түрдө 365 жолу кайталанса, көптүк түрдө, т.а. «күндөр (еййам жана йевмейн)» сөздөрү 30 жолу кайталанат. «Ай» сөзүнүн кайталануу саны болсо 12.
«Өсүмдүк» жана «дарак» сөздөрүнүн кайталануу саны бирдей: 26
«Жаза» сөзү 117 жолу кездешкен болсо, Курандын негизги ахлак өзгөчөлүктөрүнөн болгон «кечирүү» сөзү бул сандан эки эсе көп, т.а. 234 жолу кайталанат.
«Айт» сөздөрүн санаганыбызда чыккан жыйынтык 332. «Айтышты» сөзүн санаганыбызда да ушул эле санды алабыз.
«Дүйнө» сөзү жана «акырет» сөзүнүн кайталануу саны да бирдей: 115
«Шайтан» сөзү Куранда 88 жолу кездешет. «Периште» сөзүнүн кайталануу саны да 88.
«Ыйман» (толуктоо албастан) жана «күфүр (каапырдык)» сөздөрү болсо Куранда 25 жолу кайталанат.
«Бейиш» сөзү жана «тозок» сөзү да бирдей санда кайталанат: 77.
«Зекет» сөзү Куранда 32 жолу кайталанса, «берекет» сөзүнүн кайталануу саны да 32.
«Жакшылар (эбрар)» 6 жолу кайталанса, «жамандар (фужжар)» сөзү анын толук жарымынча, т.а. 3 жолу кездешет.
«Жай-ысык» сөздөрү менен «кыш-суук» сөздөрүнүн кайталануу саны да бирдей: 5.
«Шарап (хымр)» жана «мастык (секере)» сөздөрү да Куранда бирдей санда кайталанат: 6.
«Акыл жүгүртүү» жана «нур» сөздөрүнүн кайталануу саны да бирдей: 49.
«Тил» жана «динге чакыруу» сөздөрү бирдей санда -25 жолу- кайталанат.
«Пайда» сөзү 50, «бузуу» сөзү да 50 жолу кайталанат.
«Сооп» жана «кылмыш» сөздөрүнүн кайталануу саны да бирдей: 107.
«Сүйүү» жана «баш ийүү» сөздөрүнүн кайталанышы бирдей санда: 83.
Куранда «кайтуу» жана «түбөлүк» сөздөрү бирдей санда кездешет: 28.
«Кыйынчылык окуя (мусибет)» сөзү жана «шүгүр» сөзү Куранда бирдей санда кездешет: 75 жолу.
«Күн (шемс)» жана «нур» сөздөрү Куранда 33 жолудан кездешет.
* Бул саноодо «нур» сөзүнүн өз алдынча абалдары эсепке алынган.
«Туура жолго жеткирүүчү (Элхуда)» жана «рахмет (ырайым)» сөздөрүнүн кайталануу саны да барабар: 79.
Куранда «кыйынчылык» сөзү 13 жолу орун алса, «бейпилдик» сөзү да 13 жолу кайталанат.
«Аял» жана «эркек» сөздөрүнүн кайталануу саны да бирдей: 23.
Аял-эркек сөздөрүнүн Куранда кайталануу саны болгон 23 ошол эле учурда адам эмбрионунун пайда болушунда жумуртка жана спермадан келүүчү хромосома саны. Адамдын хромосомасынын саны эне жана атадан келген 23төн хромосоманын суммасынан туруп, 46га барабар.
«Кыянат» сөзү 16 жолу кездешсе, «зыянкеч» сөзүнүн кайталануу саны да 16.
«Адам» сөзү Куранда 65 жолу кездешет; адамдын жаратылуу баскычтарынын санынын суммасы да ошончо.
Салават сөзү бүт Куран бою 5 жолу айтылат жана Аллах адамдарга күнүнө беш жолу намаз кылууларын билдирген.
«Кургактык» сөзү Куранда 13 жолу кездешсе, «деңиз» сөзү 32 жолу кездешет. Бул сандардын суммасы бизге 45 санын берет. Эгер кургактык сөзүнүн Куранда кайталануу саны болгон 13тү 45ке бөлсөк, 28,888888888889% санын табабыз. Деңиз сөзүнүн Куранда кайталануу саны болгон 32ни 45 бөлгөндө болсо, 71,111111111111% санын табабыз. Бул катыштар болсо планетабыздагы суу жана кургактык бөлүктөрүнүн чыныгы катышы.
 
 
КУРАНДА ЭБЖЕД ЭСЕПТЕРИ
 
Арап алфавитиндеги ар бир тамганын сандык бир мааниси бар. Б.а. Арапчада ар бир тамга бир санга туура келет. Мындан пайдалануу менен ар кандай эсептөөлөр жүргүзүлөт. Мына ушул эсептөөлөр «эбжед эсеби» же болбосо «хисаб-ы жүмел» деп аталат.
Эбжед алфавит системасынын ар бир тамгасынын бир санга туура келүү өзгөчөлүгүнөн пайдаланган Мусулмандар муну ар кайсы тармактарда колдонушкан. Жифр илими да бул ыкмалардын бири.
Жифр – бул келечекте болушу ыктымалдуу болгон окуялардан кабар берүүчү илимдин аты. Символикалык сүрөттөр жана тамгаларга туура келген эбжед саны жөнүндө жасалган жоромолдор бул тармак менен алектенген адамдар колдонгон жолдордун бири. Эбжед менен жифр ыкмалары арасындагы эң маанилүү айырма – бул эбжед ишке ашкандын, ал эми жифр болсо ишке ашышы ыктымал болгондун илими болушу.
Мындай эсептөө ыкмасы абдан байыркы тарыхтарга чейин созулган жана али Куран түшүрүлө электе эле абдан кеңири колдонулган бир жазуу калыбы болгон. Арап тарыхында болгон бардык окуялар тамгаларга сандык маани берилүү менен жазылып, натыйжада ар бир окуянын датасы да жазылган болоор эле. Бул даталар (жылдар) ар бир колдонулган тамганын атайын сандык маанилеринин суммасын алуу менен табылган.
Мына ушул эбжед ыкмасы менен Курандагы кээ бир аяттар анализ кылынганда, бул аяттардын маанилерине туура келген бир катар даталарга дал келгенин көрөбүз. Жана бул аяттарда сөз кылынган окуялардын эбжед эсеби менен алынган даталарда (жылдарда) ишке ашканын көргөнүбүздө болсо, бул аяттарда окуяга байланыштуу жашыруун ишарат бар экенин түшүнөбүз. (Эң туурасын Аллах билет.)
1969-жылы айга барылышына Куранда ишарат кылынууда
 
Саат (кыямат убактысы) жакындады жана Ай жарылды. (Камер Сүрөсү, 1)
 
Аятта «жарылды» маанисине келген «иншакка» сөзү колдонулган. Бул сөз «жердин жарылышы, казылышы, көптүрүү, жерди сүртүү...» маанилеринде да колдонулган «шакка» этишинен келип чыккан.
 
Биз шексиз, сууну көп-көп агыздык, анан жерди жардык; ошентип анда данектерди өндүрдүк, жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү, зайтундарды, курмаларды, бойлору бири-бири менен жарышкан жана чырмалышкан дарактуу бакчаларды. Мөмөлөрдү жана жайсаң чөптөрдү (чыгардык). (Абаса Сүрөсү, 25-31)
 
Көрүнүп тургандай, бул аятта «шакка» сөзү «экиге бөлүнүү, жарылуу» маанисинде эмес, «жердин жарылып, ар кандай эгиндердин чыгышы» маанисинде колдонулган. «Шакка» сөзү бул мааниси жагынан каралганда (Камер Сүрөсүнүн 1-аятындагы) «Айдын жарылышы» мааниси менен бирге ошол эле учурда 1969-жылы айга баруу окуясында айдын топурагынан алуу иш-аракеттерин да түшүнүүгө болот. (Эң туурасын Аллах билет.) Бул жерде абдан маанилүү дагы бир ишарат бар. Камер Сүрөсүндөгү бул аяттын кээ бир сөздөрүнүн эбжеди бизге 1969 санын берүүдө. Бул эсептөө ыкмасында басым жасоо керек болгон бир жагдай бар: жүргүзүлгөн эсептөөлөрдө абдан чоң же такыр байланышы жок сандар чыгышы толук ыктымал. Тиешелүү сандын чыгуу ыктымалы абдан төмөн болгонуна карабастан, мынчалык так бир сандын табылышы абдан көңүл бурат.
Саат (жакындады) жана Ай жарылды.
ХИЖРИЙ: 1390;
МИЛАДИЙ (Иса (ас)дын төрөлүшүнөн башталып саналган учурдагы жыл эсеби): 1969
*Жакындады сөзү Арапчада аягында болгондуктан саноого кошулган эмес.
1969-жылы америкалык астронавттар ай бетинде изилдөөлөрдү жасашып, айдын топурагы ар кандай инструменттер менен казылып, жарылган жана жерге өрнөк алынып келинген.
Бирок муну да айта кетүү керек: албетте, айдын жарылуу окуясы Аллах Пайгамбарыбызга (сав) берген кереметтердин бири. Бир хадисте бул керемет мындайча билдирилген:
... Саид ибн Эби Арубе Катадеден; ал болсо Энес ибн Маликтен (ра) алып баяндады: Мекке тургундары Расулуллахтан аларга бир аят (бир керемет) көрсөтүшүн каалашты. Ал болсо аларга айды эки бөлүк кылып көрсөттү, болгондо да Меккеликтер Хира тоосун ал эки бөлүктүн арасында көрүштү.
Бул жерде баяндалган керемет – аятта кабар берилген айдын жарылышы окуясы. Бирок Куран бүт доорго караган бир китеп болгондуктан, бул аят аркылуу биздин доордо айдын ачылышына да көңүл бурулуп жатат деп ойлоого болот. (Эң туурасын Аллах билет.)
 

 
КУРАНДА 19 КЕРЕМЕТИ
 
Курандын математикалык кереметтеринин дагы бир тарабы болсо 19 санынын аяттардын ичине коддолгон абалда жайгаштырылган болушу. Куранда «Анын үстүндө он тогуз бар.» (Мүдессир Сүрөсү, 30) аяты менен көңүл бурулган бул сан Курандын көп жеринде коддолгон. Буга бир канча төмөнкү мисалдарды берүүгө болот:
Бисмиллах 19 тамга.
Куран 114 (19 х 6) сүрөдөн турат.
Биринчи вахий кылынган сүрө (96-сүрө) аягынан санаганда 19-сүрө.
Курандын биринчи вахий кылынган аяттары 96-сүрөнүн алгачкы 5 аяты жана бул аяттардын жалпы сөздөрүнүн саны 19.
Көрүнүп тургандай, алгачкы 5 аят жалпысы 19 сөздөн турат. Ортодогу "" бул тамга, сөз эмес. "" тамгалары да санакка кошулган эмес.
Вахий кылынган алгачкы сүрө (Алак Сүрөсү) 19 аяттан жана 285 (19 х 15) тамгадан турат.
Акыркы вахий кылынган сүрө болгон Наср жалпысынан 19 сөздөн турат.
Мындан тышкары, Наср Сүрөсүнүн Аллахтын жардамынан сөз кылган алгачкы аяты да 19 тамга.
Куранда 114 (19 х 6) бисмиллах бар. Бул сан болсо 19дун 6 эсеси.
Куранда 113 сүрө бисмиллах менен башталат. Башында бисмиллах болбогон жалгыз сүрө - бул 9-катардагы Тообо Сүрөсү. Куранда бир гана Немл Сүрөсүндө эки бисмиллах бар. Бул бисмиллахтардын бири сүрөнүн башында, экинчиси болсо 30-аятта орун алган. Бисмиллах менен башталбаган Тообо Сүрөсүнөн баштап санап баштасак, Немл Сүрөсүнүн 19-катарда орун алганын көрөбүз.
Тообо Сүрөсүнөн 19 сүрө кийин келген 27-катардагы Немл Сүрөсүнүн башында да, 30-аятында да бисмиллах бар. Ушундайча 27-сүрөдө эки бисмиллах бар. Бисмиллахтарды 114 кылып толуктаган – бул 27-сүрөнүн 30-аяты. Бул сүрө жана аят катарларын, т.а. 27 жана 30ду кошконубузда, 57 (19 х 3) санын табабыз.
Тообо Сүрөсүнөн (9) Немл Сүрөсүнө (27) чейин болгон сүрө катарларынын суммасы;
(9+10+11+12+13+14+15+16+17+18+19+20+21+22+23+24+25+26+27=) 342. Бул болсо 19дун 18 эсеси (19 х 18).
Катар номери 19 жана 19дун эсеси болгон аяттардагы Аллах ысмынын жалпы саны 133 (19 х 7).
Бир маанисине келген «вахид» (и тамгасы окулуп жатканда кошулат) сөзүнүн эбжед мааниси 19. Куранда бул сөз бир түр тамак, бир эшик ж.б. сыяктуу ар түрдүү сөздөргө колдонулган. «Бир Аллах» катары колдонулушу болсо 19 жолу.
19 жолу «вахд» сөзү кездешкен аяттардын сүрө жана аят номерлеринин суммасы: 361 (19 х 19).
Башталгыч тамгалары (хуруфу мукатта) бар болгон алгачкы сүрө менен башталгыч тамгалары бар акыркы сүрө арасында башталгыч тамгалары болбогон 38 (19 х 2) сүрө бар.
«Рахман» сөзү болсо Куранда 57 (19 х 3) жолу кездешет.
Куранда сөз болгон 30 ар башка сан бар.
Куранда кездешкен бардык бул сандарды (кайталанууларын эске албастан) кошконубузда чыккан сан 162146 болот. Бул болсо 19дун 8534 эсеси:
1+2+3+4+5+6+7+8+9+10+11+12+19+20+30+40+50+60+70+80+99+100+200+300+1000+2000+
3000+5000+50000+100000=162146 (19 x 8534)
Бул 30 түрдүү сандан тышкары Куранда 8 даана бөлчөк сандан сөз болот. Булар 1/10, 1/8, 1/6, 1/5, 1/4, 1/3, 1/2, 2/3. Ошентип, Куран 38 (19 х 2) ар башка санды камтыйт.
Курандын башынан караганда 19 аятка ээ болгон алгачкы сүрө - бул Инфитар Сүрөсү. Бул сүрөнүн дагы бир өзгөчөлүгү – бул акыркы сөзүнүн Аллах болушу. Бул ошол эле учурда Раббибиз «Аллах» деп зикир кылынган Курандагы аяк жагынан 19-ысмы.
Каф тамгасы менен башталган 50-сүрөдө 57 (19 х 3) даана Каф тамгасы бар. Башында Каф тамгасы бар 42-сүрөдө да 57 (19 х 3) даана Каф тамгасы бар. 50-сүрөнүн 45 аяты бар. Буларды кошсок, жыйынтык 95 (19 х 5) чыгат. 42-сүрөнүн 53 аяты бар. Буларды да кошсок 42+53=95 (19 х 5) чыгат.
Каф Сүрөсүнүн алгачкы аятында Куран үчүн колдонулган Межид сөзүнүн эбжед мааниси 57 (19 х 3). Жогоруда да айтылгандай, сүрөнүн ичиндеги Каф тамгаларынын суммасы да 57.
Каф Сүрөсүндөгү Каф тамгалары кездешкен аяттардын катар номерлерин кошсок, 19дун 42 эсеси болгон 798 санын алабыз. 42 саны болсо башталгыч тамгалары арасында Каф бар болгон башка бир сүрөнүн катар номери.
Нун тамгасы бир гана 68-сүрөнүн башында бар. Бул сүрөдөгү Нун тамгаларынын суммасы 133 (19 х 7).
Йа, Син тамгалары Йасин Сүрөсүнүн башында бар. Син тамгасы Йасин Сүрөсүндө 48 жолу кездешсе, Йа тамгасы 237 жолу кездешет. Бул эки тамганын суммасы 285 (19 х 15).
Бир сүрө гана (7-сүрө) «Элиф, Лам, Мим, Сад» башталгыч тамгалары менен башталат. Элиф тамгасы бул сүрөдө 2529 жолу, Лам тамгасы 1530 жолу, Мим тамгасы 1164 жолу жана Сад тамгасы 97 жолу кездешет. Натыйжада бул 4 тамга бул сүрөдө жалпысынан 2529 + 1530 + 1164 + 97 = 5320 (19 x 280) жолу кездешет.
Элиф, Лам, Мим тамгалары Арапчада эң көп колдонулган тамгалар. Бул тамгалар чогуу 6 сүрөнүн (2, 3, 29, 30, 31 жана 32-сүрөлөрдүн) башында орун алган жана бул 3 тамга 6 сүрөнүн ар биринде жалпысынан 19дун эсеси катары кездешүүдө. Катары менен [9899 (19 x 521), 5662 (19x298), 1672 (19 x 88), 1254 (19 x 66), 817 (19 x 43)]. Бул үч тамга 6 сүрөдө жалпысынан 19874 (19 х 1046) жолу кездешет.
Элиф, Лам, Ра башталгыч тамгалары 10, 11, 12, 14 жана 15-сүрөлөрдө бар. Бул тамгалар бул сүрөлөрдө жалпысынан 2489 (19 x 131), 2489 (19x131), 2375 (19 x 125), 1197 (19 x 63) жана 912 (19 x 48) жолу кездешет.
Элиф, Лам, Мим, Ра башталгыч тамгаларынын жалпы кездешкен саны 1482 (19 х 78). Элиф тамгасы 605 жолу, Лам тамгасы 480 жолу, Мим тамгасы 260 жолу жана Ра тамгасы 137 жолу кездешет.
Каф, Ха, Йа, Айн, Сад башталгыч тамгалары бир сүрөдө гана (19-сүрө) кездешет. Каф тамгасы бул сүрөдө 137 жолу, Ха тамгасы 175 жолу, Йа тамгасы 343 жолу, Айн тамгасы 117 жолу жана Сад тамгасы 26 жолу кездешет. 5 тамга жалпысынан 137 + 175 + 343 + 117 + 26 = 798 (19 x 42) жолу кездешет.
Бул жөнүндө башка төмөнкүлөр аныкталган:
Бүт Куранда;
- Этиу (баш ийгиле) сөзү 19 жолу,
- Абд (кул, пенде), абид (кулчулук кылган адам) жана ибадат сөздөрү болсо жалпысынан 152 (8 х19) жолу кездешет.
Төмөндө мисал катары берилген Аллахтын ысымдарынын кээ бирлеринин сандык эбжед мааниси да 19дун эсеси.
- Вахид (Жалгыз)                     19 (19 х 1)
- Жами (Чогултуучу)              114 (19 х 6)
 
 
 
КЕРЕМЕТТҮҮ БИР САН 19
 
Он тогуз 9 жана 10 сандарынын биринчи даражаларынын суммасы. 9 жана 10 сандарынын экинчи даражалары арасындагы айырма да 19 санын берет.
Күн, ай жана жер ар 19 жылда бир, салыштырмалуу бирдей позицияга тизилишет.
Галилей куйруктуу жылдызы ар 76 (19 х 4) жылда бир күн системасынын ичинен өтөт.
19 санынын Паскаль үч бурчтугундагы орду

  Жыйынтык:
  Алгачкы 19 цифранын суммасы 19дун эсеси.
  Алгачкы 19 сандын суммасы 19дун эсеси.
Куран аяттарынын түшүрүлүү катары боюнча, 19 кодунун Паскаль үч бурчтугу менен байланышы
Алгачкы вахий болгон 96-сүрө аяк жагынан 19-сүрө. 19 аяттан турат жана бул сүрөдө жалпы 285 (19 х 15) тамга бар. Вахийдин алгачкы 5 аятында болсо 76 (19 х 4) сөз бар.
Экинчи вахий кылынган 68-сүрөдө вахий кылынган аяттар 38 (19 х 2) сөздөн турат.
Үчүнчү вахий болгон 73-сүрө 57 (19 х 3) сөздөн турат.

1 yorum:

  1. Бул китепти толугу менен төмөнкү линктен таба аласыздар.

    http://ky.harunyahya.com/ky/works/46875/КУРАНДЫН-КЕРЕМЕТТЕРИ

    YanıtlaSil